Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 22748

Бишкек, "Саясат.kg". Ташиев үчүн ӨЗ АДАМДАР — бул Кыргыз Республикасынын жалпы жумурай журту.

30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо  УКМК төрагасынын иниси Шаирбек Ташиев  абсолюттук лидер болду. Аны шайлоочулардын эң көп катмары колдоду. Скептиктер каалашынча “бурмалоо”, “административдик ресурс” жөнүндө айта беришсин, бирок факт факт бойдон калууда: бүгүнкү күндө “Ташиев” деген фамилия кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү үчүн сапаттын, ишенимдин белгиси болуп калды.

Эгер Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев өзү депутаттыкка талапкер болуп чыкса, анын рейтинги андан да жогору болмок. Аны ушунчалык көп шайлоочу колдомок экени айныгыс чындык. Балким, андай  колдоону буга чейин бир да депутаттыкка талапкер түшүндө  да көрмөк эмес. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого олуттуу көңүл буруп жатат. Ал эми Камчыбек Ташиев ошол эле учурда өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун ийгиликтүү бекемдөөдө. Беш жылдын ичинде ал элдин чексиз ишенимине ээ болуп, жалпы элдик колдоого жетише алды. Кыргызстандын элине кимдини ким экенин, ким эмнеге татыктуу экенин, кимге добуш бериш керектигин түшүнүү үчүн көп убакыт талап кылынган жок.

2019-жылы эле саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын мурдагы лидери Алмазбек Атамбаевдин азыркы коомдогу орду тууралуу ой жүгүртүп жатып мындай деген:

“Азыр мурдагы президент өзүнүн саясий потенциалын жоготуп жатканын ачык айтууга болот. Мурда ири саясатчылар кармалганда эл митингдерге чыгып, нааразылык акциялары өтчү. Ал эми Алмазбек Атамбаев кармалганда, Чүй облусунда да массалык элдик нааразылык болгон жок. Бул анын электоратын жоготконунан кабар берет”.

Чындыгында эле бүгүнкү күндө бийликке ким жана эмне менен каршы тура алат? Азыркы президентке же азыркы “ экинчи” деп аталган генерал Ташиевге ким реалдуу атаандаш боло алат? Бул жерде сөз ойдон чыгарылган саясий куугунтук же атаандаштарды жок кылуу жөнүндө эмес. Маселе башкада: Кыргызстан элине  азыркы бийликке ар кандай “альтернатива” "Кокон  тыйынга" да татыбай турганы айкын болуп калды.

Акаев саясаттан эбак кетип, Россияда тынч жашап жатат. Бакиев кандайдыр бир реванш жөнүндө ойлошу мүмкүн, бирок мекени аны кабыл албай турганын жакшы түшүнөт жана Беларусь жергесинде күн кечирүүдө. Жээнбеков Кыргызстанда жөнөкөй пенсионердин тынч жашоосун өткөрүп, ашыкча амбициядан оолак… Жакынкы убакка чейин бир гана Атамбаев калган, ал чет өлкөдөн туруп алып, салтанаттуу түрдө Кыргызстанга кайтып келүүнү — ак боз ат минип, башкы дарбазадан кирүүнү — кыялданган.

Атамбаевди жактагандар бийлик андан өч алып жатат, аны коркуп жатат, атайын кайтып келбеши үчүн шарт түздү деп ишендирүүгө аракет кылышат. Бирок чындыгында ал өзү эле өзүнө ушундай ыңгайсыз, айрым учурда  жан чыдагыс шарттарды түзүп алган.  Испаниядан  жатып  алып, мурунку санаалаштарын куурчактай башкарган, аларды соккуга жана кылмыш жоопкерчилигине такаган  бир гана өзү.  Коркпой эле  келип, соттун өкүмүн угуп коюунун ордуна, чет жерде тынчтыкта отуруп, ыңгайлуу учурду күтүү менен убара . 

Кезинде өзү деле анча аңдап билбей аны колдогондорго “I’ll be back” деген урааны алысты көрбө билбеген элге эсептелген фарс гана экени айтпаса да түшүнүктүү.

Акыйкаттында бул адам элдин сүйүүсүнө жана урматына татыктуу болуу үчүн эмне жасады? Эч нерсе жасаган жок. “Ойдун гиганты”, “элдин атасы” болуп көрүнүүгө аракет кылып, болгон күчү менен  кайра бийликке келүүгө жанталашты. Бирок мындай жол иштебейт. Кооз сөздөрдү сүйлөө, гитара чертип, өз чыгармаларын ырдоо, аткарылбай турган убадаларды берүү элдин сый урматына арзуу үчүн жетишсиз. Эл мунун баарынан тажаган жана мындан ары мындай арзан "бөйрөктөн шыйрак чыгарган"  жоруктарга алданбайт.

Эл кимдир бирөөнү колдошу, артынан ээрчиши үчүн — шайлоодо болобу же андан да олуттуу учурдабы — ишеним керек.
Эл көзү жетип  так билиши керек: "бул адам алдабайт. Элдин эсебинен өз чөнтөгүн толтурбайт. Кыйын учурда ага атадай кайрылса болот жана ал сөзсүз жардам берет" деп.

Декабрдын ортосунда кыргыз соцтармактарында ӨКМдин подполковниги Адиль Молдоевдин өмүрүн  кыйын кезеңде сактап калган окуя кеңири тарады. Кара-Көл шаарында ал инсультка кабылып, шал болуп калган. Ар бир мүнөт баалуу эле — Бишкекке шашылыш жеткирүү талап кылынган.

“Чечим ошол замат кабыл алынды”, — деп жазат соцтармактарда Ассоль Молдокматова.

“Биз ошол учурда Баткенге жолго камданып жатканбыз. Мен губернатор Абдикарим Алимбаевге чалдым, ал генерал Ташиевдин жанында болчу. Анын көрсөтмөсү менен тик учак дароо учуп чыкты. Шашылыш эвакуация, операция жана реабилитация Адиль Молдоевдин өмүрүн сактап калды. Бул окуя генерал Камчыбек Ташиевдин бир гана телефон чалуусу жана жоопкерчилиги куткаруучу-аскердин өмүрүн сактап калганын далилдейт”.

Бул бир эле эпизод, бирок абдан маанилүү. Ташиев тууралуу “кайрымдуулук кылат” деп көп айтышат: мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге, жалгыз бой энелерге, турмуштун оор кырдаалына туш болгондорго жардам берет дешет. Бирок бул жөн гана кайрымдуулук эмес. Бул — андан да кенен түшүнүк. Бул генерал-полковник Ташиевдин жашоо принциби, анын коомдук-саясий программасы десек болот. “Өз адамдарды таштабайбыз” — бул Молдоев тууралуу гана эмес. Ташиев үчүн ӨЗ АДАМДАР — бул Кыргыз Республикасынын жалпы жумурай журту. Күн сайын өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жөнөкөй эмгекчилер, патриоттор.

Генерал дал ушул адамдар үчүн жашап, "каруусун казык кылып"  иштеп жатат. Ал Атамбаев сыяктуу өзүн пиар кылбайт, өзүн мактагандардын  бал тилине ээрибейт . Элге ар бир кадамы боюнча ачык отчет берет. Уюшкан кылмыштуулук биротоло  жеңилди, коррупция менен күрөш  дале жүрүп жатат. Баары тегиз эмес. Баары эле ойдогудай боло бербейт. Бирок аракет кылып жатабыз. Ишенгиле, эл!

Жана эл ишенип жатат.

Алыскы 2010-жылдын октябрында Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата-Журт” партиясы ишенимдүү түрдө алдыга чыккан. Ошол кезде эле көпчүлүк кыргызстандыктар бул партия өлкөнү узакка созулган кризистен чыгара аларын түшүнгөн.

2020-жылдары генерал-полковник Ташиев өзүнүн фамилиясы менен байланышкан партия мындан ары эч кандай шайлоого катышпай турганын билдирген. Бул — чынчыл жана принципиалдуу чечим. Бирок фактыларды өзгөртө албайт: Камчыбек Ташиев да, анын жакын санаалаштары да өз электоратын жоготкон жок. Тескерисинче, электорат кеңейип, бир нече эсеге өстү. Ташиев көптөгөн мурунку саясатчылар жасай албаган нерсеге жетишти — эл үчүн “кагаздагы” эмес, чыныгы лидер болууга, эл чындап сыйлаган жана артынан ойлонбой ээрчиген инсанга айланды.

vb.kg сайтынан алынып которулду