УКМК «кийин» эмес, «чейин» иштейт: бул — системалуу профилактика
Генералдык директору кармалган «Долпран» алтын кенинин окуясы жөн гана укуктук эпизод эмес. Бул — бүтүндөй кен казуу тармагы баштан өткөрүп жаткан терең трансформациянын көрсөткүчү. Кыргызстан акыркы бир нече жылда жаратылыш ресурстарын башкаруунун жаңы моделин түзүп келе жатат. Бул моделде жабык схемаларга, «өзгөчө» шарттарга же айрым компаниялардын кол тийбестигине орун жок. Бул өзгөрүүлөрдө УКМКнын принципиалдуу позициясы негизги роль ойноп жатат.
Эмне үчүн дал ушул Долпран бурулуш чекитине айланды?
Текшерүү кеңири жана системалуу мыйзам бузуууларды аныктады: геологиялык маалыматтарды бурмалоо, жер кыртышына олуттуу зыян келтирүү, техникалык документтерге ылайык келбөө, жер казынасы жана өнөр жай коопсуздугу тууралуу мыйзамдарды бузуу. Мурда мындай учурлар көбүнчө ведомстволордун ичинде эле чечилип, формалдуу айыптар менен аяктачу.
Бүгүн реалдуулук башка. Ар бир олуттуу мыйзам бузуу принципиалдуу иликтөөнүн предметине айланат. Рынокко маанилүү сигнал берилди: мамлекет системалуу көйгөйлөргө көз жумбайт — ири долбоорлор боюнча да.
Жаңы принцип: мыйзам баарына бирдей
Камчыбек Ташиев бир нече ирет «өзгөчө шарттардын доору бүттү» деп айткан. Долпран иши бул сөздөрдүн түз далили болду. Чет элдик капитал, инвестициянын көлөмү, эл аралык байланыштар — мунун баары компания жетекчилигине калкан боло алган жок. Текшерүү жана камакка алуу эң негизги нерсени көрсөттү: тармак «кол тийбестер» жана «калгандар» деп бөлүнбөйт. Ушундайча жаңы укуктук чөйрө түзүлүп жатат — алдын ала божомолдоого мүмкүн, ачык жана баарына бирдей талаптарга негизделген.
Рынок так сигнал алды
Кен казуу тармагы салттуу түрдө татаал жана карама-каршылыктуу. Бирок бүгүн жоопкерчиликтүү инвесторлор акыркы көп жылда болбогондой өздөрүн коопсуз сезип жатышат. Катуу көзөмөл ак ниет иштегендерге тоскоол болбойт. Ал көмүскө схемага көнүп калгандарга тоскоол болот.
Көптөгөн чет элдик компаниялар мыйзамдарды так сактап, ачык отчет берип, социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы да маанилүү. Бул мисал жаңы система дал ошол олуттуу иштөөнү каалагандар үчүн пайдалуу экенин көрсөтөт.
УКМК «кийин» эмес, «чейин» иштейт: бул — системалуу профилактика
Маанилүү жагдай: УКМКнын иши кармоо менен эле чектелбейт.
Бузуууларды алдын алуу — толук кандуу механизмге айланды:
• регулярдуу текшерүүлөр;
• ведомстволор аралык комиссиялар;
• геологиялык жана экологиялык маалыматтарды талдоо;
• отчеттуулукту салыштырып текшерүү;
• социалдык пакет боюнча милдеттенмелерди көзөмөлдөө.
Ушундайча жоопкерчиликтин жаңы маданияты калыптанууда. Мыйзам коркутуу эмес, технологияга айланууда — мамлекеттин ресурстарын коргоо технологиясына.
Кытай фактору: мамлекеттик чечимдердин бышкандыгы
Кыргызстан көп жылдан бери кытайлык компаниялар менен кызматташып келет. Алар геология жана курулушта маанилүү үлүшкө ээ. Бирок бүгүн мамлекеттин позициясы бышкандыгын көрсөтүүдө: өнөктөштүк бар, бирок артыкчылык берүү жок.
Мамилелер тең укуктуу форматка өтүүдө.
Бул өлкөнүн суверенитетин бекемдеп, эл аралык аренада урмат-сыйды арттырат.
Экология — «кошумча» эмес, башкы критерий
Чоң-Кеминдеги экологиялык зыян тергөөнүн негизги предметине айланды. Жүз миңдеген чарчы метр жердин бузулушу, дарыяга коркунуч, мөңгүлөрдүн ээрип кетүү коркунучу, сейсмикалык тобокелдиктер — бул жөн гана аргумент эмес. Бул — улуттук коопсуздук факторлору.
Экологиялык маселелерге күч түзүмдөрү аралашканда, бул табият маселелери экинчи планда эмес экенин көрсөтөт. Бул — бышкан мамлекеттик саясаттын белгиси.
Ташиев жашоочуларды иш козголгонго чейин эле уккан
Маанилүү жагдай: Долпранга көңүл буруу камактан кийин пайда болгон жок. Октябрдын аягында Ташиев Чоң-Кеминге барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, маалыматты түз жерден чогулткан. Адамдар сейсмикалык коркунучтар, дарыя, токой, мөңгүлөргө тийиши мүмкүн болгон кесепеттер тууралуу айтышкан. Ошондо эле негизги убада айтылган:
• эч бир иш жергиликтүү элдин макулдугусуз башталбайт;
• экологиялык корутундулар кайра текшерилет;
• лицензиялар кайра каралат;
• башкы артыкчылык — адамдардын коопсуздугу.
Бул жолугушуу мамлекет инвесторлорду гана эмес, аймактын жашоочуларын да угууга даяр экенин көрсөттү.
Президенттин позициясы: прагматикалык башкаруучулук баланс
Долпран темасы жана чет элдик жумушчулардын катышуусунун айланасында эмоциялык фон күчөдү. Жакында болгон интервьюда президент Садыр Жапаров кээ бир топтор чет элдик жумушчулар — өзгөчө кытайлыктар — темасын саясий басым жана шайлоо алдындагы провокация катары колдонуп жатканын айтты.
Президент муну менен бирге маанилүү нерсени белгиледи: мамлекет чет элдик адистердин катышуусун толук көзөмөлдөйт жана зарыл болсо, мыйзам бузгандар дароо өлкөдөн чыгарылат. Ошону менен бирге ал стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор биздин компанияларда азырынча жок технологияларды талап кыларын баса белгиледи. Чет элдик адистерди тартуу — прагматикалык жана убактылуу чара.
Бул айкалыш — катуу көзөмөл + прагматизм — мамлекеттик саясатты туруктуу кылат.
Деструктивдүү күчтөр маалыматтык абалды кантип колдонуп жатат
Акыркы айларда социалдык тармактарда коомду туруксуздаштыруу аракеттери күч алды. Эки назик темада:
• энергетика;
• «кытай маселеси».
Эмоционалдуу эпизоддорду системалуу коркунуч катары көрсөтүшүүдө. Чет элдик жумушчулар «өздөрүн жазасыз сезишет» деген өңдүү билдирүүлөр тарап жатат. Фактылар көбүнчө тастыкталбайт, бирок маалыматтык толкун тынчсыздануу жаратат.
Мына ушундай шартта мамлекеттик органдардын эмоцияга эмес, экспертизаларга, мыйзамдарга жана ачык чечимдерге таянышы өзгөчө маанилүү.
Булак: vb.kg