Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 12578

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстан үчүн эң керектүү нерсе — саясий сабыр, лидерлердин акылга чакырган үнү жана элдин биримдиги

Акыркы кезде өлкөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ортосундагы кайым айтышуу күчөп, коом дүрбөлөңгө түшүүдө. Социалдык тармактарда эл жаат-жаатка  бөлүнүп, сөзгө келбей айтыша баштады. Кызыгы, эки президенттин бирин эл кечээ жакында эле жапырт колдосо, экинчисин да мындан бир нече жыл мурда ошол эле эл өлкө башчылыгына шайлаган. 

Мен өмүр жолумда өлкөбүздүн 5 президенти менен иштештим. Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин учурунда президенттик аппаратта үч жыл, Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Президентик архивдин башчысы кызматында 2 жыл иштедим. Анын үстүнө 2021-жылкы президенттик шайлоонун алдында Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушууларында сүйлөгөн сөздөрүнүн долбоорлорун даярдоого түздөн-түз катыштым. Ошондуктан бул журт атасы даражасына жеткен чыгаан инсандардын ишмердигине кайдыгер карай албайм.

Мындан 3 жыл мурда президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын мурдагы президенттеринин башын бириктирип, Дубайда жолугуп, ал өзү айткандай, «ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок... баарынын башын бириктирүү менен жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!», — деген бир бүтүмгө келишкени мага эле эмес, жалпы журтубузга жаккан. 

Ал эми быйыл күзүндө өлкө башчыбыз "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде мурдагы президенттер менен Дубайдагы жолугушуу максатына жеткенин билдирген эле. "Дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык. Дүйнөлүк ММКлар дагы өз өлкөлөрүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери бир столго олтуруп, ынтымакка келишти деп жаңылык кылып жазышты.

Мына ошондон кийин инвесторлор агылып келе башташты. Бүгүнкү күндө тикелей келген инвестициянын көлөмү эле миллиард долларга жетип жатат. Экономикалык өсүш башталды", - деген С.Жапаров анда.

Ошондуктан азыркы кайым айтышуунун от алганы көпчүлүккө күтүүсүз болду. Ага өлкөнүн энергетика тармагындагы көйгөйлөр себеп болду.  Бирок эгемендик жылдарында Аскар Акаев менен Роза Отунбаевадан башка президенттердин баарынын баш оорусу болгон бул проблема бүгүн же кечээ пайда болгон жок. Ал — союздан калган оор мурас. 1950–1980-жылдары кыргыз энергетикасынын пайдубалы түптөлүп, ал кезде курулган гидроэлектр станцияларынын  өмүрү ашып кетсе 50 жылга эсептелген, а биз аларды азыркы күнгө чейин пайдаланып келебиз. 

Бул — бир күндө оңдой койчу маселе эмес. Узак жылдык, тамыры терең кеткен структуралык көйгөй. Чынын айтсак, өлкөдө энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча кадамдар Алмазбек Атамбаевдин тушунда  башталды. Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого багытталган жаңы подстанциялар курулду, бийик тоолуу катаал шарттарда жүздөгөн чакырым электр чубалгылары тартылды, Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттарын жаңылоо боюнча алгачкы кадамдар жасалды ж.б.. Булардын баары оңой иштер эмес болчу. Аларды эл унуткан жок, жакшы билет. Анан албетте, элибиз кетирилген каталарды да унуткан жок.  

Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен энергетика тармагын реформалоо башталып, тармакты кризистен чыгаруу, структуралык өзгөрүүлөргө жаңы дем берүү колго алынды. Бир катар станциялардын реконструкциясы башталды, чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор иштей баштады. Ошондой эле энергетика менен чектелбей, жолдорду, чек ара аймактарын, экономикалык мыйзамдарды жаңылоо сыяктуу өлкөнүн келечегине түз таасир этчү иш-аракеттер жасалып жатат. Эл аралык долбоорлорго жаңыча карап, саясатты мамлекеттик кызыкчылыкка ыңгайлаштыруу аракети бар. Муну да элибиз жакшы билет.

Энергетика — бул жөн гана жарык же тариф эмес. Бул — улуттук коопсуздук, экономиканын каны, социалдык стабилдүүлүктүн негизи экени белгилүү. Эки президент бири-бирин коом алдында айыптап жатканы менен экөө тең тармактын өнүгүшү үчүн опол тоодой эмгек кылган адамдар. Бирок алардын ортодогу түшүнбөстүктөрдү саясий айтышка айландырганы коомдү бөлөт. Тарапташтары чатакташат. Тынчтык бузулат. Эң негизгиси — мамлекет үчүн жасалып жаткан иштер кыйындай баштайт. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөдө бул — эң чоң жоготуу. Биздин мамлекет үчүн эң керектүү нерсе — саясий сабыр, лидерлердин акылга чакырган үнү жана элдин биримдиги.

Башталган улуу иштердин улантылышы үчүн өлкөдө туруктуу абал болушу керек. Тынчтык болбосо — эч бир стратегия ишке ашпайт. Биримдиксиз — эч бир жаңылануу болбойт. Кыргыз эли биримдиги менен гана күчтүү. Тарыхта нечен ирет бөлүнгөндө жеңилгенбиз, бириккенде көтөрүлгөнбүз. Бүгүн да ошол эле мыйзам иштейт.

Байыртан кыргыз журтунун философиясы жөнөкөй болгон: эл аман болсун, журт ичи тынч болсун. Кыргыз элинин дүйнөтаанымында ушул түшүнүк ар дайым биринчи орунда турган. 

Биздин ата-бабалар “Чындык сөздү чырсыз айт” дешчү. Бул жөн эле сөз эмес – бул кыргыз коомунун руханий кодекси. Улуттук тынчтык дегенде мен биринчи кезекте жүрөктүн тынчтыгын түшүнөм. Эгер ар бир адамдын жан дүйнөсүндө тынчтык болсо, ал элди да, мамлекетти да жаңжалдан сактайт. 

Кыргыз элинин тарыхында чоң кагылыштар да, оор сыноолор болгон. Бирок биздин эл дайыма жарашууга, сабырдуулукка, ымалага умтулган. 

Элибизде элди бириктирүү – эң жогорку өнөр деп бааланат.

Жаңжалсыз өнүгүү – бул жогорку руханий деңгээл. Бул – ар ким өз оюн айтсын, бирок, бири-биринин кадырын жоготпосун деген ой. Кыргыздын “Айтышса да ажырашпайт” деген сөзү – ошол маданияттын элдик формуласы

Көп элдер тынчтыкты согуштан кийин издейт, биз болсо аны жоготпой сактап келдик. Бул – биздин элибиздин улуу жетишкендиги. Биздин улуттук мүнөз – кек сактабоо, кечиримдүү болуу, меймандостук менен жарашууга даяр болуу.

Эл тынч болсо, экономика да, билим да, маданият да өнүгөт. Тынчтык – бардык өзгөрүүнүн негизи жана шарты. Ал эми чыр чыккан коомдо өнүгүү эмес, бөлүнүү болот. Тынчтыктын пайдубалы – адилеттик, сабыр жана ыйман. Кыргыз эли, биздин мурдагы жана азыркы лидерлер ушул үч касиетти аздектеп сактап кала алса, эч качан элибиз жоголбойт.

Кыргыз элинин келечеги ушул: өзүнүн салттык ымала маданиятын сактап, аны жаңы доордун лидерлик моделине айлантуу. Биз дүйнөгө “кыргызча тынчтык модели” деген түшүнүктү тартуулай алабыз – бул элдик акылмандык менен ыймандуулуктун, сабыр менен жарашуунун айкалышы.

Элдин бир күндүк эмес, миң жылдык тагдыры тынчтыкка байланыштуу.

Кыргыз эли кечиримдүү эл. Кечиримдүүлүк – алсыздык эмес.

Эгер биз ошол сапатты сактап калсак, элибиздин жүзүн жарык кылган улуттук тынчтык келечек муундар үчүн улуу мурас болуп калат.

Мелис Айдаркулов, мамлекеттик ишмер