Бишкек, "САЯСАТ.KG". 2027-жылы өтө турган 2-Глобалдык тоо саммитине чоң үмүт бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарындагы ШКУ саммитиндеги сүйлөгөн сөзүндө өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туш болуп жатканын, бул абстрактуу коркунуч эмес, реалдуулук экенин айтып, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттери глобалдык жылуулукту кармап турууда маанилүү ролду ойной турганын баса белгилеген.
«Буга байланыштуу биз ШКУга мүчө мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана «жашыл» экономика жаатында биргелешкен «жашыл» долбоорлорду көбөйтүү жана демилгелерди илгерилетүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү сунуштайбыз», - деди Садыр Жапаров.
Буга чейин саммиттин алдында Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгында "ШКУга мүчө мамлекеттердеги экологиялык коопсуздук" темасында тегерек стол өткөрүлгөн. Кыргызстандын өкүлдөрү катышуучуларга Кыргызстандын туруктуу тоолуу өнүгүү, тоолуу экосистемаларды коргоо маселелери боюнча аракеттери, ошондой эле өлкө ичинде да, эл аралык аренада да климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришкен.
Иш-чарада Кыргызстандын гидроэнергетикалык дарамети жана кыргыз тараптын жашыл экономика, кайра жаралуучу энергия булактары жаатында чет элдик инвесторлор менен биргелешип иштөөгө даярдыгы жөнүндө маалымат берилди.
Тегерек столдо "Тоолуу беш жылдыктын" жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылып жатканы белгиленди. Иш-чаранын алкагында дүйнөнүн бардык тоолуу өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн чогултуу пландаштырылууда.
Эскерте кетсек, биринчи саммит 2002-жылы Бишкек шаарында Эл аралык тоолор жылынын алкагында өткөн. Ал эми 20 жылдан кийин гана 2022-жылдын башында Садыр Жапаров "2022-жылды тоолуу экосистемаларды коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ошондо 2-Глобалдык тоо саммитин өткөрүү дагы пландаштырылган.
Ал эми быйыл, 2025-жылдын 24-апрелде Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай жол» аттуу эл аралык конференция өткөрүлгөн. Кыргызстандын борборуна ондогон өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана экологиялык демилгелердин өкүлдөрү климаттын өзгөрүшү жана экосистемалардын деградациясынын фонунда тоолуу аймактардын келечегин талкуулоо үчүн келишкен.
Конференцияны ачып жатып, президент Садыр Жапаров Бишкек жалпы тилектери жана үмүттөрү бириктирген өлкөлөрдүн жана эл аралык структуралардын консолидация борбору болуп кайрадан калыптанып жатканын белгиледи. Ал мындан 20 жылдан ашык убакыт мурда Ала-Тоонун этегинде тоо күн тартиби боюнча глобалдык диалог башталганын эске салды.
Мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана климаттык тобокелдиктердин күчөшүнүн фонунда мамлекет башчысы бир катар демилгелерди сунуштады:
- Долбоорлорду туруктуу каржылоо үчүн тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү;
- Тышкы карызды экологиялык демилгелерге алмаштыруу;
- Климат жана тоолор боюнча эл аралык изилдөөлөрдү кеңейтүү;
- БУУнун алдында "БУУ-Тоолор" координациялык механизмин түзүү жана "Тоолуу жаштар, аялдар жана климат" эл аралык платформасын түзүү.
Кыргызстан ошондой эле Туруктуу тоо өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында конкреттүү аракеттер тууралуу отчет берген. Анда эки жылдын ичинде өлкөдө 14 чакан ГЭС курулганын, жылына 8 миллионго чейин дарак отургузулганын, тоолуу райондорго жолдор салынып жана эл аралык каржылоого ээ болгон телемедицина боюнча долбоор ишке ашырылганы жөнүндө айтылган.
Садыр Жапаров 2027-жылы өтө турган Бишкек+25 саммити беш жылдык иштин жыйынтыгы гана болбостон, глобалдык кызматташтыктын жаңы этабынын башталышы болушу керектигин баса белгилеген.
«Кыргызстан – тоолуу өлкө. Биздин үн бардыгынын кызыкчылыгы үчүн жаңырат», - деген президент эл аралык коомчулукту Глобалдык тоо диалогун колдоого чакырган.
Талдоочу, экология тармагындагы эксперт Бактыбек Саипбаевдин белгилешинче, Кыргызстандын климаттын өзгөрүшү боюнча масштабдуу эл аралык форумду өткөрүү демилгесин көтөргөнү дүйнөлүк коомчулуктун жана баарынан мурда бизге достук мамиледе болгон өлкөлөрдүн да бул көйгөй менен тынчсызданып жатканын, алар сыртта калбай, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартууга салым кошорун айгинелейт.
"Биздеги жылуулук дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу кыйла тездик менен өсүүдө. Орто Азияда абанын орточо температурасы 2 градуска көтөрүлгөн, ал эми планетанын башка бөлүктөрүндө болжол менен 1,3 градуска көтөрүлдү. Климат өзгөрүп жатат, биз буга күбө болуп жатабыз, Бишкекте ысык, ал эми Ташкентте термометрлер +50 жана 55 градуска чейин көтөрүлгөн.
Тоолуу өлкөлөрдө экологиялык көйгөйлөрдү изилдөө абдан маанилүү. Бул жерде трансчек аралык дарыялардын суулары пайда болуп, бул суу чоң аймактарды камсыз кылат. Эгерде Кыргызстан менен Тажикстан мөңгүлөрдөн ажыраса, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда нымдын жетишсиздиги кадимкидей сезилет. Ошондуктан комплекстүү иш-чаралар, олуттуу эл аралык аракеттер жана каржылык колдоо керек. Кардын эришин жайлатуу үчүн карлуу беттерге дарактарды отургузууга, мөңгүлөрдүн этектеринин жылышын жана эришин жайлатуу үчүн кар замбиректерин сатып алууга олуттуу ресурстар керек.
Температуранын өзгөрүүлөрүн жөнгө салуучу көлөмдүү суу сактагычтары бар чоң ГЭСтерди куруу керек. Бизди каптаган көйгөйлөрдү кичи энергетика чечпейт. Климаттык тузактан чыгуу үчүн масштабдуу долбоорлор, көп тараптуу аракеттер керек экенин кайталай берүүдөн тажабайм”,- дейт Бактыбек Саипбаев.
ШКУ саммитинде Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүшү абстрактуу коркунуч эмес, бул реалдуулук деген сөздөрүн дүйнөлүк коомчулук бул маселеге кайдыгер болбой, азыртадан аракет кылыш керек деген билдирүү катары кабыл алышы зарыл. Эгер бүгүн чара көрүлбөсө, кайдыгерликтин кесепети биз ойлогондон да коркунучтуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, 2027-жылы өтө турган 2-Глобалдык тоо саммитине чоң үмүт бар. Анын чечимдеринин негизиндеги жасала турган аракеттер глобалдык жылуулукту азыркы деңгээлде кармап турууга дарамети жетээр.
Булак: Кабар


