Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 5690

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Президент өз сөздөрүнүн биринде мигранттарды кайтарабыз деген. Эми убакыт келди.

11-августта Нарындагы атайын техникаларды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев мигранттардын мекенине кайтып келүү убактысы келгенин билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда эле 127 объект курулуп жатат, аларга быйыл 15 млрд сом бөлүнгөн.

"Бул каражаттарды өздөштүрүп, курулушту аягына чыгаруу үчүн техника жана көп сандаган жумушчу күч керек. Биздин жарандар акча табуу үчүн кетип, бөтөн жерде мигрант болуп жүрүшөт. Алар кайтып келиши керек. Президент өз сөздөрүнүн биринде мигранттарды кайтарабыз деген. Эми убакыт келди. Мигранттар курулуштарда иштеп, атайын техниканы башкарып, элге кызмат кыла алышат. Биздин жарандар аткара ала турган жумуш абдан көп. Жумушчулар жетишпейт", - деп белгилеген Ташиев.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип жатып, инаугурация аземинде: «Мен президент катары милдетим деп миңдеген мекендеш-мигранттарымды кайтарууну эсептейм», - деп айткан.

Өткөн жылы эле президенттик администрация Россияда тигүү жана курулуш тармагында иштеген кыргыз мигранттарын мекенине кайтууга чакырган. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына эмгек мигранттарына кайрылуу жарыялап, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктарды мекенине кайтууга чакырган.

«Россиядагы тигүү тармагында иштеген эже-карындаштарыбыз, курулуш тармагында иштеген ага-инилерибиз, сиздерди мекенге – Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам. Азыркы учурда Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчүнө муктаждык бар. Албетте, айлык акылары Россиядагы тапкан акчаңыздар менен тең болот. Эң негизгиси, өз үй-бүлөңүздөрдүн жанында, мекениңизде иштеген жакшырак да. Келиңиздер, өз жериңиздерде иштеңиздер», – деп жазган ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-августуна карата жумуш менен камсыз кылуу кызматтарына берилген бош жумуш орундарынын саны 17 577 бирдикти түздү. Алардын ичинен жумушчу кесиптерге болгон суроо-талап басымдуулук кылат. Бирок бул маалыматтар республикада талап кылынган жумушчу күчтөрдүн так санын чагылдыра албайт, анткени көптөгөн компаниялар бош орундар жөнүндө маалымат бербейт, деп билдиришти ведомстводон.

«Эл аралык миграция уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, акыркы үч жылда мекенине кайтып келген кыргызстандыктардын саны көбөйдү. 2022-жылдан бери Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын саны туруктуу өсүүдө. 2022-жылы 29 миң адам, 2023-жылы – 33 миң, ал эми 2024-жылдын октябрь айына карата – 48 миң кыргызстандык кайтып келди», - дейт саясий илимдердин кандидаты Алина Молдобекова.

Эксперт белгилегендей, ошол эле учурда Кыргызстандын өзүндө да чет элдик жумушчу күчү тартыла баштады. Пакистандык курьерлер, курулуштарда жана тигүү цехтеринде иштеген Бангладештин жарандары курулуштарда иштеп, нан бышырган өзбекстандыктар Бишкек үчүн кадимки көрүнүшкө айланды.

“Жыл сайын Кыргызстанда тигүү тармагына чет элдик жумушчу күчүн тартуу үчүн 4 миңге жакын квота бөлүнөт. Биздин жарандардын айлыгы жогору болгон жакынкы чет өлкөлөргө агылып кетиши эмгек ресурстарынын тынымсыз өсүп жаткан жетишсиздигине алып келет. Демек, чет элдик жумушчуларды издөөгө туура келет.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, тартылган чет элдик адистердин көпчүлүгү өнөр жай, курулуш, энергетика, геологиялык чалгындоо, тоо-кен жана газ өнөр жайы, ошондой эле соода жана коомдук тамактануу тармактарында эмгектенишет",- деп маалымат берди Алина Молдокеева.

Миграция тууралуу сөз кылып жатып, эксперт анын психологиялык аспектисине да токтолду.

"Чет өлкөгө кетүүнү каалагандардын айлыгынын көптүгүнөн тышкары, үй-бүлөсүнөн алыс өз алдынча жашоо мүмкүнчүлүгү, өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү сыяктуу көптөгөн себептер бар. Бул албетте, шыктандырарлык угулат. Бирок бул абдан маанилүү. Анткени чет жака чыгып жаткандардын көпчүлүгү өлкөнүн алыскы аймактарынан. Ал жакта салттуу жашоо мүнөзү күчтүү, улуулардын психологиялык кысымы бар, эрежелер менен үрп-адаттарды сактоо талап кылынат»,- дейт Алина Молдокеева.

Экономика илимдеринин кандидаты Кеңешбек Алимбеков Камчыбек Ташиевдин сөздөрүндө түшүндүрмө бар экенин айтат.

"Азыр Кыргызстанда эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүүсү үчүн эң ыңгайлуу учур. Албетте, баарын бир эле учурда кабыл алып, жумуш менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Бирок муну этап-этабы менен ишке ашырса болот. Бул үчүн бийлик тиешелүү чараларды көрүп, кабыл алышы керек.

Учурда Кыргызстандын экономикасы өсүп-өнүгүүдө. Буга байланыштуу эмгек акы да кыйла жогорулады. Жумушчу күчүнө суроо-талап пайда болгондуктан, чет өлкөдөн келген эмгек мигранттарынын саны да өсүүдө. Мисалы: пакистандыктар жана бангладештиктер жолдорду куруп жатышат, коңшу Өзбекстандын жарандары сезондук талаа жумуштарына жалдануу үчүн келишет”, - дейт Кеңешбек Алимбеков.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде бүгүнкү күндө Россияда мекендештерибиздин саны азайып жатканын белгиледи.

“Кыргызстанда чоң секирик, экономикалык өсүш байкалууда. Өлкө тездик менен өнүгүп жатат жана биз өлкөбүзгө жумушчу күчү керек экенин түшүнүшүбүз керек. Кыргызстан бүгүн абдан динамикалуу өнүгүүнү көрсөтүүдө. Мамлекет башчысы тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат бүгүн өз жемишин берүүдө. Өлкө тез темп менен өнүгүп жатат, муну биздин жарандар да көрүп жатышат”,-деди ал.

Булак: Кабар