Бир жылдын жүзү болду түштүктөгү кыргынга. Ошондон бери бийликте турган Роза Отунбаева баш болгон саясий элита элдин башын айлантып, саясий чайкоочулук менен алектеништи. Ошентип убакытты созушса, күндөр өтө берсе, баары унутуларын түшүндө кыялданышканын да билебиз. Эмне үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөт, ошондой олку-солкулуктардан пайдаланып президенттикке жеткен Роза Отунбаева күнөөлүүлөөрдү таап, жазалоого бир да аракет жасаган жок?

 

 

Бул суроо ар бир Кыргызстандын атуулунун оюнда турат. Дал ушул маселе коогалаңдан жабыркаган миңдеген адамдардын ый-арманы болуп калууда. Ошондуктан, макала башында так кесе айтып коюушубуз керек: бийликтин мындай чечкиндисиздиги, мажирөөлүгү, коркоктугунун артында бир гана нерсе жатат: өз күнөөлөрүн билгизбөө, колдон келсе садагага башка күчтөрдү сары улактай чабуу саясаты.
 
Ош кыргынын башаты. Батыровду жактаган бийлик төбөлдөрү
Эсиңиздерде болсо, 1990-жылдагы кыргыз-өзбек кыргыны да ошо кездеги бийликтин кайдыгерлигинен чыккан. Совет бийлигинин тушундагы адилетсиз саясаттын жыйынтыгында, кыргыздардын көптөгөн социалдык көйгөйлөру чечилбей кала берген. Чоң шаарларда кафе-ресторанда жакшы тамак ичип олтура албай калышкан. Эң башкы көйгөй – кыргыз жаштарынын турак-жайга муктаждыгы болгон. Ошондо түзүлгөн “Ош аймагы”, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” жаштардын бул талабын бийликке коюп, канча ирет жаңы демократия шарты менен митинг өткөзсө да, бийлик көңүлкош кала берген. Дал ошол тапта өзбек улутундагылар өзүнчө автономия, жакшынакай шартта жашап жатышканына карабай өзгөчө мамиле, өз тилдерине расмий макам талап кылып чыккан. Жалал-Абаддагы өзбек аксакалдарынын ушул өңүттөгү кайрылуусу Москвага чейин жеткизилген. Бир да бийлик адамы Кыргызстанда оор кырдаал түзүлө баштаганын түшүнгүсү келген эмес. Окуянын башаты Ленин совхозунда болгон. 1,5 миң кыргыз жаштары жер талашып чыкканда, 10 миңдей агрессивдүү маанайдагы өзбек улутундагылар топтолушуп, “автономия үчүн” деген ураан менен, кол салышкан. Бул чатак саат сайын курчуп, бүт түштүктү чулгаган. Жүздөгөн адамдын өмүрүн алган бул окуянын советтик спецназ баскан. А бирок, Ош окуясына эч кандай баа берилген эмес. Атүгүл, кандуу согушту баштаган бир да адам жоопкерчиликке тартылган эмес. Күнөөкөрлөр жоопко тартылбаган соң, жүрөктөгү жараат да айыкпай, 20 жыл эл ичинде кандайдыр бир басым орун алып келди. Эксперттер, мунун арты кооптуу, демек, андагы кандуу окуялар кайра кайталанышы турган иш экенин канча жолу айтты, ким укту дейсиз?
 
Акаев да, Бакиев да өзбек лидерлерине көп таянып, аларды көтөрмолөп келгенин билебиз. Туңгуч президент түштүккө барган сайын, алардын кадырлуу адамдарына жолугуп, үйлөрүндө конок болуп, аш жеген болсо, Бакиев борбордук аянтта өзбек бийине бийлегенин калың калк мыкты билет. Бул катаны Отунбаева бийлиги кайталады. Бүгүн 2010-жылдагы Ош окуясына Убактылуу өкмөт түрткү бергенин жашырыштын кереги жок. Кайсы комиссия болбосун, УӨтүн өзбек лидерлеринин башынан сылап, колдогонун ачык далилдеп бере алды. Былтыркы окуялардын башаты биз каалайбызбы, жокпу, 7-апрелге барып такалат. Көпчүлүк эксперттер, “эгерде 7-апрелдеги окуялар болбосо, Ош окуясы дагы кайталанмак эмес”,- деген пикирде. Депутат Камчыбек Ташиев ошол себептүү, апрель окуясынын толук хронологиясын түзүүнү талап кылууда. Ошондо билинет баары, 86 адамдын эмнеден улам атылганы, Отунбаева, Атамбаев, Сариев, Бекназаров, дагы башкасынын кайда жүргөнү.
 
Айтор, апрель төңкөрүшүнөн кийин бийликти алган Убактылуу өкмөт мамлекетти башкарып кете албастыгын толук көрсөткөн. Түштүк Отунбаева бийлигин тааныган эмес. Баарынан коркунучтуусу Бакиевдин мекени – Жалал-Абад болуп турган. Убактылуу өкмөт май айында бул областты Бакиевдин жактоочулары өз көзөмөлүнө ала баштаганда айла жоктон, башка арга табылбагандыктан, өз бийлигин сактап калуу камында, тар кызыкчылыгынан Кадыржан Батыровго кайрылышкан. Албетте, Кадыржан өзбек улутуна кандайдыр бир жеңилдиктерди сураган. Убактылуу өкмөт Батыровдун бардык талаптарын кабыл алганын ал өзү кийинчирээк өзбектерди чогултуп өткөзгөн митингдеринде ачык айткан. УӨ макул болгондон кийин Батыровдун жактоочулары “Ата-Мекен” партиясынын активисттери менен биргелешип, бакиевчилерди Жалал-Абаддан кууп чыгышкан. Көп узабай, булар Тейит айылына чейин барышып, Бакиевдин ата үйүн өрткө чулгашкан. Кыргызстандын желеги өрттөлгөн. Кыргыз калкынын кыжырын келтирген бул окуядан кийин Батыровдун университетин эми түпкү улут өкүлдөрү талкалай баштаган. Бирок, Бектур Асанов, Асылбек Текебаев бут күч түзүмдөрүн алып келип, Батыровдун университетин өз үйүнөн бетер коргошкон. Бул да кыргыздарды нааразы кылган. Жалал-Абад ипподромунда ошон үчүн Бектур Асанов “чыккынчы” аталып, аны катуу сабашкан.
 
Мындан кийин Батыров күүсүнө кирип, башка өзбек лидерлери Ж.Салахутдинов, К.Абдуллаева, И.Абдрасулов ж.б. катышуусунда, Ош менен Жалал-Абадда өзбектерди чогултуп, чоң митингдерди өткөзгөн. Бул жолугушуулардын бир тобуна губернатор Б.Асанов, “Ата-Мекен” лидеринин иниси А.Текебаев катышканын бүт эл билет.
 
Митингдерде Батыров өзбектердин 20 жылдан бери кыйналып келгенин, эми баш көтөрө турган учур пайда болгонун, бул боюнча Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөру менен жолугуп, колдоо тапканын билдирген. Мындай талаптар коюлган: өзбек тилине расмий макам, күч түзүмдөрүнүн 30 пайызын алардан тартуу, анан албетте, автономия. 1990-жылы да ушундай талаптар бар болчу. Батыровдун сөзүн ошондо ОшТВ, “Мезон ТВ” комментарийсиз 48 саат бою көрсөткөн. Бул кандуу кагылышуунун учкуну болчу. Анда “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Убактылуу өкмөткө кайрылып, түштүктө сеператисттик маанай күчөгөнүн, Батыровго окшогондорду тизгиндөө зарылдыгын билдириптир. Муну бир эле Ташиев эмес, ондогон жергиликтүү калк айтып чыккан. Эми билингендей, Убактылуу өкмөт Батыровдун “барымтасында” тура. Камамак, токтотмок турсун, бир да сөзүнөн чыга албай калышкан экен. Өзбек лидерлери муну сопсонун билишкен да, чоң чатакка ачык эле даярдык көрүшкөн. Алдын-ала курал таркатылган, Батыров өз университетинин ректору аркылуу Ошко 100 миң доллар таркаткан. “Кыргыз зона”, “өзбек зона”, “SOS” деген жазуулар бир түн ичинде пайда болгон. Анын баары адашып кетпес үчүн жазылган. Видеокамера, фотокамералар даярдыкта турган. Ошон үчүн 10-июнда тополоң башталганына саналуу сааттар болгондон кийин интернетте “кыргыздар өзбектерди тукумкурут кылууда” таризинде маалыматтар сүрөт, видеолору менен жайнап кеткен.
 
Демек, бийликте тургандарга күнөөлүүлөрдү издеп, Эл аралык көз карандысыз комиссия түзүүсүнө эч кандай негиз жок болчу. Ансыз деле кыргынды кимдер уюштурганы дайын болчу. Эми билинип тургандай, бул комиссиялардын түпкү максаты – Отунбаева бийлигинен күнөөнү кайдагы , безип, алапайын таппай жүргөн бакиевчилерге жана “үчүнчү күчтөргө” оодаруу болгон.
 
(Уландысы бар)