Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2934


 

 
Ташманбет Кененсариев
 
Кыргыз Республикасынын
билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор:
 
эгемендүү кыргызстандын
суверендүүлүгүнүн маселелери
(Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата)
 
2-макала
 
Бешинчи, этникалык саясат жөнүндө
 
1990-жылкы Ош окуяларын 20 жылдан кийин Жалал-Абад, Ош аймактарында кайталанган июнь окуялары этникалык коопсуздук Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу мамлекетте дайым көңүл чордонунда болуучу олуттуу маселе экендигин тастыктады. Кыргыз коомчулугуна “кадимден туугандык менен ыстыкоомат кылып келген кыргыздар менен өзбектердин ортосунда” 20 жылдан кийин эмне үчүн мындай кайгылуу окуя кайталанды? деген суроо коюлду. Мунун негизги себептеринин бири катары убагында 1990-жылкы этникалык араздашуунун түпкү тереңин толук изилдебей, анын негизинде концептуалдуу этникалык саясат – программа кабыл алынбай, 1991-жылы келген эгемендүүлүктүн шарданы менен бул кайгылуу окуя унутулуп калган эле. 2010-жылы болсо кайрадан кайталанган жаңжалдын тарыхый тамырларын анализдөө менен өлкөдө заманбап этникалык саясат иштеп чыгуу зарылдыгы туулду.
 
2010-жылдын июнь айынан бери аталган кайгылуу окуяны териштирүү боюнча бери эле дегенде онго жакын комиссия иштеди. Анын ичинен эл аралык деген статусу бар комиссия 2011-жылдын 3-майында өзүнүн корутундусун чыгарып, басма сөзгө жарыялады. Анда бир катар жакшы сунуштар менен катар эле кай бир принципиалдуу маселелердин бир жактуу каралгандыгы, окуянын кыргыз жаштары жасаган айрым бир эпизоддору комиссия тарабынан “адамзатка каршы” деп баалангандыгы[1] кыргыз коомчулугун олуттуу кооптондурду жана ызалантты[2]. Демек, учурда КР Президентинин алдындагы этникалык саясат бөлүмү даярдап жаткан “Кыргыз Республикасынын этникалык саясат жана коомдук биригүү боюнча Концепциясы” төмөнкү принципиалдуу маселелерди камтуусу зарыл деп ойлойбуз[3].
 
Биринчиден, учурдагы иштелип чыгып жаткан концепция акыркы жыйырма жылда болуп өткөнкайгылуу этнос аралык араздашуулардын: Ош (1990), Искра (2006), Петровка (2007), Көк-Жаңак (2009), Маевка (2010), Оша, Жалал-Абад, Базар-Коргон (2010) тарыхый тамырларын терең анализдеп, анын натыйжасында олуттуу саясий сабактарды аңдоосу зарыл. Концепция азыркы ааламдашуу жараянынын чакырыктарынан келип чыккан жаңы методологияларга негизделген заманбап этно-өнүгүү концепциясы болууга тийиш[4].
 
Экинчиден, Кыргызстанда жашаган көп улуттуу калктарды бузулбас ынтымакка бириктирүү - өлкө бүтүндүгүн жана мамлекеттин биримдигин камсыз кылуучу өбөлгө болуп саналат. Бул принцип мамлекеттин атын берген улуттун (кыргыз элинин) баштоочу ордун приоритет катары туюнуу аркылуу гана аткарылышы зарыл. Ал аракет кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолунда “ким элек, ким болдук?”, “бул заманга кимдер менен чогуу келдик жана кимдер менен келечек коом курабыз?” деген суроолорго так жооп берүү менен башталышы зарыл. Биригүү процесси этно-көп түрдүүлүктүн ичиндеги бардык саясий көз караштар, конфессиялар, менталитеттер, этно-баалуулуктар, тилдер, кулк-мүнөздөр – баары биригип бир улуттук идеянын, маселен Кыргызстан деген өлкөнүн өнүгүү болочогуна байланышкан “тагдырдын бир болуу” идеясынын алдында жүрүшү керек. Кайсы бир чектелген этноцентризм идеясы көп улуттуу жамаатын өнүгүшүн токтотуп коюшу ыктымал.
 
Үчүнчүдөн, коомдук биригүү өлкөдө жашаган бардык этностордун “Кыргызстан” деп аталган мекенинин алдындагы жалпы атуулдук жоопкерчиликке негизделиши керек. Өлкөнүн бардык атуулдарынын бир гана мекени – Кыргызстан болуп эсептелип, анын алдындагы жоопкерчилик этномаданий көп түрдүүлүктүн баарына бирдей болушу шарт. Бирок, бул жоопкерчиликте этно-көп түрдүүлүк жөнүндөгү мурунку стереотипке жооп берген “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз”, “Кыргызстандын күнүнүн алдында баары өсөт” деп аталчу концепциялар четке кагылышы зарыл. Чынында, ушул убакка чейин “ээси жок үйдө (Кыргызстанда) агы да карасы да, сарысы да күрөңү да, досу да душманы да” – баары бирдей өсүп келишкен. Азыркы, айрыкча 2010-жылдан кийинки шартта этносаясий абал кыргыз коомчулугунун биригүүсүнө карата мезгилдин жаңы чакырыктарын, башка методологияны, концепцияны талап кылууда.
 
Төртүнчүдөн, “жалпы үй” концепциясын четке кагуу менен, Кыргызстандын бардык этно-көп түрдүү атуулдары ал үйдүн ээси болгон кыргыз элинин айланасына акырындык менен биригүүсү керек. Мамлекет түптөөчү улуттун айланасына биригүү гана тигил же бул өлкөдө бекем коомдук атуулдук биримдикти түзүп, жаңы саясий улутту калыптандыра алат. Цивилизациялуу дүйнө өлкөлөрүнүн баарында (Америка Кошмо штаттарынан башкасында) так ушундай болгон. Аталган жол менен түзүлгөн мындай жаңы этно-саясий улуттун бириктирүүчү ядросу катары биздин өлкөдө кыргыз этносунун тарыхый социо-маданий баалуулуктары эсептелиниши абзел. Бул баалуулуктар байыртадан элибизде сакталып келген “гумандуулук”, “меймандостук”, “толеранттуулук”, “кечиримдүүлүк” сыяктуу белгилер менен камсыздалып, “ийкемдүүлүк” менен өлкөдөгү этно-көп түрдүүлүктү бириктирүүнү камсыз кылышы шарт. Ошол эле учурда атуулдук коомдун ичинде жашаган этно-көп түрдүүлүктүн кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү мамлекетке атын берген улуттун кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен “акылга сыярлык” баланста болушу улут биримдигин калыптандырууга зарыл өбөлгө.
 
Бешинчиден, “Кыргыз Республикасы” деп аталган өлкөгө атын берип, мамлекет түптөгөн кыргыз эли мамлекеттин суверендүүлүгүн, өлкөдөгү бардык атуулдардын бейпилдигин, демократиялык укуктарын, өлкө биримдигин, чегара бүтүндүгүн камсыз кылууда жетектөөчү ролго ээ жана негизги жоопкер. Мисалы 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча териштирген эл аралык комиссиянын Корутундусундагы “кыргыздар адамзатка каршы иш жасады” деген айыптоо чындыкка жатпаса да, анын эл аралык уюмдар тарабынан расмий түрдө кабыл алынышы так ушул “улуттук жоопкерчиликтин” кайсыл бир түрдөгү көрүнүшү. Бул жыйынтыктын туура эмес эскендигин эл аралык деңгээлде ашкерелөө зарыл, бирок, аны каалайбызбы, каалабайбызбы, чыдап, көтөрө билүү, керектүү чечимдерди ала билүү кыргыз элинин башындагы улуу милдет.
 
Алтынчы, мамлекеттин жалпы ички саясатынын багыттары жөнүндө
 
Өнүгүп-өсөм деген ар кандай эгемендүү өлкөнүн ички саясатында экономика, социалдык мамилелер, руханий өнүгүү өзөктүү багыттар болуп эсептелет. Ошол эле учурда айрым бир Кыргызстан сыяктуу өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө туура кадр саясатын жүргүзүү, башкарууну, күч жана сот органдарын реформалоо, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелер учурдун актуалдуу маселелери катары кошумча каралышы мүмкүн. Аталган негизги жана кошумча багыттар“Улуттук идеология” деп аталган башкы принципте биригип тургандыгын танууга болбойт[5].
 
Идеология деп жарандардын бул же тигил тобунун көз караштарынын, элестетүүлөрүнүн системага келтирилген жыйындысын айтабыз. Идеология термининин XVIII кылымда илимий, саясий чөйрөгө кириши менен ал идеялар жөнүндөгү окууну (илимди) пайда кылган. Идеологиянын мазмунун төмөнкүлөр түзөт:
 
Биринчиден, идеология кең жана тар мааниде кабыл алынуучу руханий категория. Кең мааниде ал тигил же бул улуттун, элдин, тигил же бул өлкөнүн же мамлекеттин бүтүндөй саясатын, ой-пикирлерин, кулк-мүнөзүн, руханий байлыгын камтыган идеялардын жыйындысы. Ал эми идеология тар мааниде, тигил же бул улуттун же мамлекеттин дүйнө алкагындагы ордун, келечектеги өнүгүүсүн аныктап, ага жетүүгө жол көрсөтүүчү платформасы, концепциясы же конкреттүү программасы. Ал документ түрүндө да кабыл алынышы мүмкүн. Мамлекеттин баш мыйзамы – Конституция, өлкөнүн келечек өнүгүүсүн аныктаган стратегиялык концепциялар, улуттук программалар да идеологиянын тар маанидеги кызматын аткарышы мүмкүн.
 
Экинчиден, идеология тарыхый категория (Орусча айтканда категория историчная). Анткени, идеология бардык мезгилде бир калыпта болгон  туруктуу ой-пикир эмес, тарыхтын жүрүшүндө, анын ар бир өнүгүү этабында коомдун тигил же бул керектөөлөрүнө жараша өзгөрүлүп туруучу система, категория.
 
Үчүнчүдөн, ар бир мамлекеттин, улуттун башкалардан таптакыр өзгөчөлөнгөн, башкалар менен байланышы жок идеологиясы болушу мүмкүн эмес. Анткени, азыркы дүйнө бири-бирине диалектикалык байланышта турган, бири-бирин толуктаган «миңдеген-жүздөгөн айырмачылыктардын биримдиги» болгондуктан, алардан башкачаланып, теңирден тескери кайсы бир идеологияны түзөм деп ойлоо логикага туура келбеген пикир. Ошондуктан, Кыргызстан дүйнө системасынын ажырагыс бир элементи болгондуктан, анын идеологиясынын калыптанышына ички жана тышкы факторлор бирдей эле таасир берип турат.
 
Төртүнчүдөн, улуттук идеологияны “жогортон” (мамлекеттик уюмдар тарабынан) иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Аны улуттун же мамлекеттин идеологиялык кызматкерлери, же элитардык, интеллектуалдык катмары ойлоп таап, жарата албайт. Ал мамлекеттин, улуттун алдында турган конкреттүү милдеттерди ишке ашыруу үчүн, өтмүштүн сабактарынын негизинде азыркыны түшүнүү аркылуу улуттун менталитетин, жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен калыптануучу улуттук милдеттердин комплекси. Идеология, тигил же бул мамлекеттин, улуттун тарыхый өнүгүүсүндөгү керектөөлөргө байланыштуу мыйзам ченемдүү калыптанат. Албетте мындай объективдүү факторго, субъект катары өз өлкөсүнүн тарыхый зарылдыгын таасын сезе билген интеллектуалдуу жарандарынын активдүү жаратман позициясы да чоң көмөк көрсөтүүсү керек. Ошентип, өлкөнүн ар бир кадамы, өнүгүүгө карай болгон ар бир изденүүсү, коюлган максаттарды аткаруудагы ар бир тажрыйбасы улуттук идеологиянын тигил же бул элементтерин таап, анын мазмунун кеңейте берет. Ал процесс акыр аягында өлкөнүн, улуттук жашоо программасын – улуттук идеологиясын калыптандырат.
 
Демек, качан гана өлкө, мамлекет, мамлекеттин атын берген улут өзүнүн идеологиясын, өнүгүү концепциясын таба да, жаза да, аткара да алса, анын болочогу гарантияланган. Демек, улуттук идеологиянын тагдыр чеччү мааниси зор[6]. Улуттук идеология Кыргызстан үчүн этно-көп түрдүү жамааттын болочок жашоосунун назарияттык (теориялык) программасы жана ал мамлекеттин экономикалык, саясий жана маданий институттарынын функцияларын координациялап турат. Кыргызстандын 20 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде улуттук идеологияны иштеп чыгуу үчүн жыйынтыксыз аракеттер болгондугун, атайын комиссиялар тарабынан бир нече хартиялар, концепциялар кабыл алынгандыгын жакшы билебиз. Бирок, тийешелүү улуттук идеология түзүлгөн жок. Себеби, улуттук идеологиянын принциптери биздин көп улуттуу мамлекетибиздин реалдуу жашоо турмушунун улам алдыга жылуусу менен объективдүү түрдө акырындык менен эми гана калыптанып келе жатат. Ал эми ал принциптерди идеологиялык программа катары калпып чыгуу алдыдагы маселе.
 
Жетинчи, тышкы саясат жөнүндө
 
Тышкы саясат айдыңындагы багыт Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында эле такталган. Бул багыттын негизин тышкы саясаттагы көп вектордуулук принциби түзгөн болучу. Көп вектордуулук Чыгыш менен Батыштын, АКШ жана Европа менен Орусия жана Кытайдын, КМШнын, Борбордук Азиянын, Түркиянын жана башка жакынкы, алыскы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын баланстоо аркылуу иш алып баруу болуп саналат. Чынында мындай принцип негизинен Кыргызстан үчүн өзүн актап келди. Айрым бир иш-чараларга же окуяларга байланыштуу тактикалык ката кетсе да, 20 жылдын ичинде стратегиялык ката болбогондугу кубандырат.
 
Бирок, тышкы саясат, чынында, ички саясаттын уландысы. Демек, ички саясаттагы суверендүүлүккө умтулуу аракеттеринин жемиши, экономикадагы, социалдык маселелердеги, руханий жааттагы ийгиликтер, тышкы саясаттын эффективдүүлүгүн камсыз кылуусу керек. Демек, ички жана тышкы саясатты диалектикалык биримдикте кароо зарыл. Андыктан ички саясаттагы суверендүүлүктү камсыз кылуучу реалдуу иш аракеттер жана прагматтык көз караштар тышкы саясатта да приоритеттүү принциптер болуп калуусу шарт.
 
Азыркы учурда Кыргызстандын тышкы саясаты, 20 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде анын басып өткөн тарыхый тажрыйбасынын негизинде аныктала бериши зарыл. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
  1. Көп вектордуулук – тышкы саясаттагы негизги багыт.
  2.  
  3. Бирок, көп вектордуулукта Кыргызстан дипломатиялык мамиледе турган бардык мамлекеттерди бирдей тегиздикте карашы тактикалык ката кетирүүгө шарт түзүүсү мүмкүн.
  4. Ошондуктан, Кыргызстан мамиледе турган өлкөлөрдү “боордош бир тууган”, “стратегиялык өнөктөш”, “жакшы мамиледеги кызматташ” жана “кызматташ” деген баскычтарга бөлүп мамиле кылуусу туура натыйжаларды алып келет. Анткени, Кыргыз Республикасынын БУУнун мүчөсү экендиги дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен бирдей мамиледе болуусун шарттаса, анын ШОС, ЕврАзЭС, ОДКБ сыяктуу уюмдардын мүчөсү экендиги бул уюмдардагы мамлекеттер менен тыгызыраак мамилени шарттап турат. Ошол эле учурда Борбордук Азия, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен өзгөчө туугандык, кошуналык мамиледе болсо, АКШ, Европа, Япония, Индия, Иран сыяктуу бир катар өлкөлөр менен болгон мамиле конкреттүү экономикалык кызыкчылыктарды көздөгөн мамилени алдыңкы орунга коёт.
  5. Тышкы саясатты камсыз кылган бардык мамиледе Кыргызстан “жакшы оюнчу” болушу керек. Анткени, Кыргызстан чакан мамлекет. Анын экономикалык, аскердик, илимий-инновациялык, руханий, спорттук же рекламалык таасир-күчү аз. Демек, эл аралык түрдүү татаал шарттарда тапкычтык менен иш алып барган, ар дайым улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, бирок, өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын да билгичтик менен эсепке алган саясат жүргүзүшү абзел.
  6. Ааламдашуунун шарттарында Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүн бекемдөө -Кыргызстандын тышкы саясатынын эң башкы приоритеттик максаты болуп кала бериши зарыл.
 
Эскертүүлөр:
 
1.      Караңыз: http://www.fergananews.com/.04.05.2011. kic_report_russian_final.pdf.Отчет международной независимой комиссии по иследованию событий на юге Кыргызстана в июне 2010 года.
2.      Караңыз: http://www.fergananews.com/. 04.05.2011. Комментарии правительства Кыргызстана к Отчету Международной Независимой Комиссии по исследованию событий на юге Кыргызстана в июне 2010 года.
3.      Биз тарабынан ал долбоорго бир катар сунуштар берилген.
4.      Бул жагдайда биз тарабынан да бир катар аналитикалык ой жүгүртүүлөр жана сунуштар массалык маалымат каражаттарына жарыялангандыгын айта кетмекчибиз. Караңыз: Кененсариев Т. Странички истории: У истоков добрососедства.// Ленинский путь. 1990 г. 17, 18 августа; Ошол эле автор. Элдин тамыры анын тарыхында.// Саясий трибуна (жур)—1991 . 2; Ошол эле автор. Жаңжалдын тарыхый тамыры.//Кыргызстан маданияты-жумалык 7.1991; Ошол эле автор. Жанжолнинг тарихий йилдизи (өзбек тилинде).// Ленин йули.27-28-февраль,1991; Ошол эле автор. Некоторые причины возникновения межнационального конфликта и возможные пути его устранения (На материалах юга Кыргызстана ХVIII—ХIХ вв.).// Ренессанс или регресс”/Центр исследования мира Кыргызстана.—Б.,1996.-178-185-бб.; Ошол эле автор. Этнополитические взаимоотношения народов Ферганской долины и их особенности.// Тюрко-согдийский синтез: процессы культурогенеза и политогенеза в зоне Великого Шелкового пути // Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жарчысы. Серия 1.Вып. 4.Гуманитарные науки. История. Регионоведение. Этнография. Религиоведение.-Бишкек,2004.- 96-101-бб.; Ошол эле автор. Ош окуяларынын кайталануусу опурталдуу.// KABAR агентствосу, кыргыз бөлүмү, 2006-жыл, 23-июнь.
5.      Ички саясаттын аталган багыттары жөнүндө кеп кылып олтуруу макалабыздын максаты эмес. Анын үстүнө алар көп убакытты, аналитикалык изилдөөнү талап кылар эле.
6.      Идеология улуттук, мамлекеттик, таптык, партиялык, сословиялык, кландык, корпоративдик (фирмалык) болушу мүмкүн. Өткөндү карасак, тигил же бул тарыхый доордо, кырдаалда, тигил же бул топтун өзгөчө максат-милдеттери алгач идея катары жаралып, ал топ өлкөнүн тагдырын чече ала турган абалга жеткенде мамлекеттик бийликтин идеологиясына айланган. Так ушундай идеологиянын айланасында топтолуп, коюлган максатты ишке ашырууга чечкиндүү бел байлаган өлкөнүн атуулдары «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу»  менен аракеттенгенде гана мамлекеттик максаттар, түпкүрүндө «мамлекеттик идеология»  ишке ашкан. Мындай мисалдарды Байыркы жана кийинки тарыхта, мисалы, Искендер Зулкарнайдын, Ю.Цезардын, Аттиланын, Чыңгыз-хандын, Петр I нин, В.И.Лениндин, А.Гитлердин, И.В.Сталиндин жеке идея менен мамлекеттик идеяны айкалыштырган ишмердигинен, же болбосо бүтүндөй өлкө атуулдарынын дүйнө айдыңындагы ордун аныктап, глобалдуу цивилизациядагы максат-милдетин бир идеянын алдына топтоо менен улуттук идеология жараткан Япония, Кытай сыяктуу мамлекеттердин ишмердигинен көрө алабыз.