Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстан азыр советтик билим берүү системасынын базасынан чыга албай келүүдө.
Ушул жылдан тартып Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өткөн. Ага ылайык, кембридж системасынын негизинде чыгарылган окуу куралдары сатып алынып, аталган система жалпы мамлекеттин алкагында ишке ашырыла баштай турганын КР билим берүү министри Догдуркүл Кендирбева билдирген.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 150 өлкөсүндө иштеп, дүйнөдөгү эң мыкты билим берүү системасы деп эсептелген кембридж билим берүү системасын Кыргызстандын мектептерине жайылтуу менен өлкөбүз утуш алып, билим берүү системабыздын деңгээли кески жогорулап, окуучулардын дүйнөнүн эң абройлуу делген ЖОЖдорунда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. Анткени, аталган билим берүү системасы биринчи кезекте баланын ой жүгүртүүсүн, ойлонуу, анализдөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, дүйнөтаанымын кеңейтүүгө, өз алдынча чечим кабыл ала билүүгө үйрөтүүгө багытталган.
Кыргызстан азыр советтик билим берүү системасынын базасынан чыга албай келүүдө. Бирок тилекке каршы, советтик билим берүү системасы бүгүнкү глобализациянын, атаандаштыктын доорунда натыйжасыз болуп баратат. Бүгүн Кыргызстанда билим берүүдө кардиналдуу реформа ишке ашырылып, анын натыйжасында кембридж системасына өтүү мезгил талабына айланууда. Бүгүн өтө баштабасак, эртең кеч болот.
КР билим берүү системасынын бул багытта кандай иштерди алып барып жатканы белгисиз. Бирок бизде кембридж системасына өтүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Дегенибиз, Кыргызстанда “Сапат “ эл аралык билим берүү мекемеси көп жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келатат. “Сапатка” тиешелүү 10 лицей кембридж системасынын сертификатын алса, “Сапаттын” базасында Кембридж мектеби курулуп, иштей баштады. Кембридж системасына өткөндөн кийин аталган лицейлерде билим берүүнүн сапаты андан бетер жогорулап, эл аралык олимпиадалардагы көрсөткүчтөр дагы да жакшырууда.
Бул КР билим берүү министрлиги кембридж системасын жайылтуу үчүн Англия, Сингапур, Малайзияга, Индия, Германия, Японияга баруунун кереги жок экенин билдирет. “Сапат” менен тыгыз иштешип, системанын өзгөчөлүктөрү менен тереңден таанышып, лицейлерге барып тажрыйба алмашып турушса, кембридж системасына өтүү ыкчам, эффективдүү, үнөмдүү да болору бышык. Андыктан билим берүү министрлиги кандай программа, долбоор кабыл алып, анын алкагында “Сапаттын” кембридж билим берүү системасындагы тажрыйбасын пайдалануусу эң туура болмок.
Мирлан Дүйшөнбаев