Бишкек, “Саясат.kg”. Өзбекстандык криматалыкка жүгүнүп барган ары жок “азаматтарыбыз” четинен жазалана баштады...

Бүгүн КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыялангандыгы белгилүү болду.

Нургазы Айдаров эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде “Салимбай байбача” (Борбордук Азия өлкөлөрүндө баңги каражаттарын ташуу каналынын негизги уюштуруучуларынын бири ) катары белгилүү болгон Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери С.Абдувалиевдин ишмердигин каржылап келгендиги айтылууда. Белгилүү болгондой, Н.Айдаров Салимбай байбачанын укукка каршы ишмердигин жана “мыйзамдагы ууру” Камчы Асанбек менен болгон тыгыз байланыштарын билип туруп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөтүп жүргөн. Салимбай Абдувалиев өз кезегинде Н.Айдаровдун саясий, ишкердик ж.б. иштерине колдоо көрсөткөн.

Учурда  Н.Айдаровго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Салим Абдувалиев.

Өткөн жумада криматалык Салимбай байбачага жүгүнүп, кызматын кылып жүргөн айрым адамдардын камакка алынгандыгын жарыя кылганбыз. Алардын бири – оштук жеке ишкер, мурдагы милиция кызматы Жалил Атамбаев. Көпчүлүгү катардагы адамдын Оштогу эң таасирдүү жана бай адамга кантип айлангандыгына таң калышкан. Көрсө, бул арсыз эргул акча үчүн туулган мекенин дагы “сатып”, өзбекстандык кримавторитетке кызмат кылып, анын колдоосу менен ушул деңгээлге жеткен экен. Аны менен кошо Салимбай байбачага чогуу барып, колуна суу куюп кызмат кылган экс-депутат Салайдин Айдаров дагы колго түшкөн болчу. Бул экөө тең азыр издөө жарыяланган Нургазы Айдаровдукуна окшош беренелер боюнча айыпталып жатат.

Сөз болуп жаткан Салимбай Абдувалиевдин өзгөчө коркунучтуу кылмыш дүйнөсүнүн лидери экендигин кимдер билбейт! Дал ошондуктан да, өзүнүн өлкөсүндө мыйзамсыз курал жүгүртүүгө айыпталып, 6 жылга эркинен ажыратылган Өзбекстандык кримтөбөлгө биздин коопсуздук органдары издөө жарыялаган.

Салимбай байбачанын таасири бүт Борбордук Азияда, атүгүл мурунку советтик мамлекеттерде күчтүү экендигин маселеден кабары бар адамдар жакшы билишет. Атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев кандай империя түзүп алгандыгын жакындан билген соң оозубуз Ошту карап калды го. Салыштырып айтканда, Салимбай байбачанын криминалдык империясы Камчы Асанбектен ондогон эсе чоң, бекеринен кыргыз кылмыш дүйнөсүнүн аталыктары баш болуп, ары жок айрым саясатчыларыбызга чейин өзбекстандык кримлидерге барып, жүгүнүп турбаса керек...

Кыргызстандын отуз жыл тынымсыз таланып, тонолуп келишине Салимбай Абдувалиевдин кошкон салымы чоң. Айрыкча,  түштүктөгү таасирдүү саясатчылар, ишкерлер арам байлыкка дал ошол Салимбай байбача менен кызматташтыктын арты менен жетишкен. 2010-жылдагы түштүктө орун алган кандуу калаба тарыхта жууса кетпес кара так бойдон калды. Мына ошондо өзбек туугандарга дух берип, көчөгө чыгуусуна түрткү болгондордун катарында Салимбай дагы тургандыгы айтылып келет.

Кыскасын айтканда, Салимбай байбача Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы көп иштерди жасап келе жатат. Ошондуктан, өтө коркунучтуу кылмышкер катары Кыргызстардын бийлиги издөөгө берди. Мына ошонун дагы таасири тийип, ээн-эркин, чекесине дагы черттирбеген криматалык учурда колонияда жатат. Арийне, ачыгын айтканда, Кыргызстанда башталган кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштөн улам, кошуна өлкөлөрдүн бийликтери дагы айла жок, биздин жолго түшкөнүн ырахаттануу менен белгилеп кеткибиз келет.

КР УКМК тарабынан Салимбай байбача менен кызматташып келген адамдардын жоон тобу такталды. Катарда түштүктө аты чыккан айтылуу “азааматтар” бар. Бирок, өлкөдө жүз берип жаткан кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн эпкинин байкап көрсөңөр, булардын бири дагы ырайым күтпөй эле койсо болот. Өзгөчө “шустрыйлар” болсо Нургазы Айдаровго окшоп, эчак качып чыгып кетишкен. Кантсе да, уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде Салимбай байбачанын кримимпериясына каршы күрөш эми кызыды. Алдыда бизди дагы далай кызыктар күтүп турат.