Бишкек, “Саясат.kg”. Фонддун тегерегиндеги ызы-чуу боюнча
Белгилүү журналист Зулпукар Сапанов диний агартуу жаатында түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишмердигинин тегерегинде чыккан чырдан улам, ФБ баракчасы аркылуу: “Ыйман” фондундагы 5 миллион долларды Нуржигит Кадырбеков сугунуп койгонбу?”- деген маселени кабыргасынан койду. Себеп дегенде, бул уюмду 2019-жылга чейин азыркы депутат Н.Кадырбеков жетектеп келген жана финансылык мыйзам бузуулардын көп бөлүгү анын иштеген учуруна туура келген.
“Ыйман” фондунун ишмердүүлүгү УКМК акыркы кезде катуу күрөш жүргүзө баштаган диний экстремизм, адаттан тыш билим берген медреселердин жабылышынын фонунда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген уюм катары шек жараткан. Ошондуктан, УКМКнын кайрылуусунун негизинде 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган.
Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн. 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын көпчүлүк бөлүгүн, дээрлик 5 млн. долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн. 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.
Бирок, аудит учурунда бул каражаттар чынында кайда, эмне максатта коротулганын тастыктаган документтер жок болуп чыккан. Ушунун өзү эле өтө шектүү көрүнүш эмей эмне? Бул миллиондор диний билим берүүгө жумшалбай эле, текскерисинче, динбузарларды даярдоого жумшалган болсо, биз кайда барабыз?
Сөз болуп жаткан “Ыйман” фондун 2015-жылдан 2019-жылга чейин жетектеген Нуржигит Кадырбеков азыр актанып, баарын Атамбаевге шылтап жатат. “Бул иштер боюнча кабарым бар... Кандай ниетте текшерип жатканын билбейм. “Ыйман” фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында түзүлүп, каражатты да өзү таап келген. Ал атайын байкоочу, аткаруучу кеңеш түзгөн. Атамбаев өзү “абдан таза иштеп бердиңер” деген баасын берген”,- дейт ал “Азаттыкка” берген комментарийинде.
Азырынча, “Ыймандан” дайынсыз кеткен миллиондордун иши боюнча фонддун муррдагы эсепчиси Динара Аширова эки айга камакка алынды. Бирок, маселе ушуну менен эле бүтүп калбасы анык. Бирок, Нуржигит Кадырбеков эсепчинин камалганын “абдан өкүнүчтүү” окуя катары сыпаттап, коргоп алуу аракетине өттү: “ Ал президент өзү дайындап берген кызматкер эле. Түшкө чейин “Ыйман” фондунда, андан кийин президенттин кабылдамасында иштечү. Мындайча айтканда, ар бир тыйын боюнча президентке маалымат берилип турган. 5 миллион долларды 3 миңдей имамга үч жыл бою стипендия кылып жеткириштин өзү канча? Андан тышкары окуу материалдарын иштеп чыкканбыз. Абдан сарамжалдуу иштеткенбиз...”.
Ачыгын айтканда, Нуржигит Кадырбеков ал миллиондор кантип, кайда жумшалгандыгын абдан жакшы билет. Дал ошол себептен, ал маселени азыртан “эмне максатта текшерип жатканын ким билет?”- деп арканды алыска таштап, саясий өңүткө бурууга киришти. Мунун бир мисалы катары, учурда батыштын акырынан жем жеп, бүгүнкү бийликти жаманатты көрсөтүүгө шылтоо таппай турган медиа-ресурстардын айгай салып чыкканын айтсак болот. Алар кайра эле батыштын күмөндүү социологиялык сурамжылоолорун алып чыгышып, “Нуржигит Кадырбеков популярдуулугу боюнча кыргыз саясатыларынын сап башындагы үчилтикке кирген, “Ыйман” фондунун тегерегиндеги чырдын саясий себеби бар”- деген ырды созуп киришти.
Бирок, бүгүнкү күндө эч ким жоопкерчиликтен саясатты шылтоо кылып, кутула албайт. Микрофондо даваат айткандан башканы билбеген Нуржигит Кадырбековдун колдоочулары анын чыныгы жүзүн дагы билиши кажет. Ыймандуу көрүнгөн адамдын баарына эле ишене бербеш керектигин элибиз эчак түшүнүп калган, бул сапар ал саясатка байлап, сүттөн ак болуп чыгып кете албай калды окшойт. Калганын көрө жатаарбыз...