Бишкек, "Саясат.kg". Исаков а биздин өлкөбүздү кандай карыз чуңкуруна түшүрдү?
Автор: Айтурган Назарова
Бир убактардагы эл аралык иштер боюнча адис Исаковдун бул идеясы алыскы 2008-жылдан башталган.
Ал убакта өкмөттүн тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеп, чыгыш өлкөлөрүнө жана Кытайга кураторлук кылган Исаков капысынан эле Эксимбанктын "жеңил" акчаларына көзүн кызартып баштаган...
Жеке кызыкчылыгына мүнөздүү арканды алыс таштаган Исаков Кыргызстандын бийлигин чет өлкөлүк банк менен келишим түзүүгө 2008-жылдан тартып көндүрүүгө жан үрөгөн.
Ал убакта Максим Бакиевдин командасында болчу, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча Борбордук Агенттигинин жетекчилигине келген дагы, (бул агенттик калк арасында ЦАРИИ катары таанымал) ошол жылы Максимди насыя алууга көндүргөн. Бирок Максим кредитке жарым миллиард доллар алууга макул болбогон, тескерисинче, аны азайтып, 150 миллион доллар кылган.
Ошондо Сапар Исаков бул ишке өзгөчө активдүүлүк менен киришти.
Бир катар жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, кат алышуулар, андан кийин келишимдердин алдын ала пакетин даярдоо жана “перспективдүү” окуялар, Исаковдун мына ушундай "түйшүгү" 2010-жылдын январында ийгилик алып келди.
Тагыраак айтканда, 2010-жылдын 15-январында Максим Бакиев жетектеген расмий делегация Кытайга расмий сапар менен барышат.
Бул сапардын жыйынтыгында долбоорлук наркы 342 миллион долларга бааланган «ЛЭП 500 кВ Датка - Кеминди» «Тибиан Электрик Компани» (TBEA) менен биргеликте куруу боюнча келишимге кол коюлган. Ошондой эле расмий Бишкек Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо жана модернизациялоого Кытайдан көмөк көрсөтүүсүн суранган.
Андан соң Бакиев бийлиги кулады.
Бирок биздин амалкөй Сапар Исаков өзүнүн - Бишкектин энергетикалык жүрөгү болгон - ЖЭБге кытайдын көп миллиондогон кредитин салуу идеясынан баш тарткан жок.
Аны Атамбаевдин тушунда ишке ашырды. Кыргыз өкмөтү TBEA менен көптөн күткөн келишимге кол коет. Бирок бул жолу мурдагы келишимдердеги көрсөтүлгөн 150 миллион доллар эки эсе көбөйтүлгөн, ал каражат ЖЭБди модернизациялоого бөлүнө турган болот.
Башка айтканда Атамбаев "балашка" Исаковдун шыкактоосу менен кредиттин суммасын 386 миллион долларга көбөйтүүгө макулдугун берет.
386 миллион доллар - борбордук ЖЭБди оңдоо иштеринин "кызылдай" баасы, тараптар акыры ушундай макулдашууга келишкен.
Жалпысынан "сүйлөшүү жүргүзчү" Исаков Кытай менен чек араны 40 (!) жолу кесип өткөн. Багыты алмашылган эмес, дайыма - Пекит. «Тибиан Электрик Компанинин» башкы офиси.
Депутаттык делегациянын Кытайга болгон көптөгөн сапарларын да баары билишет.
"Парадды" ошол эле Сапар Исаков жетектеген.
Баса, Кытайдын аэрокосмикалык илимдер жана өндүрүш корпорациясы тарабынан иштелип чыгып жана бир нече жыл мурда Пекинде ишке ашырылган "Коопсуз шаар" системасы менен Исаков так ошол Кытайга болгон расмий сапарларында таанышкан.
Эми кубаттуу кытай гиганты менен жогорку мамлекеттик деңгээлде баштаган "оюнунун" кесепеттери тууралуу бир нече кубандырбай турган сөз.
Чындыгында кесепеттери өтө начар.
Окшош окуялар бар. Коңшу Тажикстан Кытайга Мургаб районундагы жана Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы жеринин бир бөлүгүн Кытайга берди.
Бул аймактарды Душанбе Кытайга сырткы карызынан кутулуу иретинде карматты.
Исаков а биздин өлкөбүздү кандай карыз чуңкуруна түшүрдү? 2018-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 2 миллиард долларды түзгөн. Убакыттын өтүшү менен бул сумма көбөйгөндөн көбөйүп жүрүп отурду...
Кредиттин суммасы негизсиз өсүп жатканын Исаковдун бетине Алмамбет Шыкмаматов ЖК депутаты болуп турган парламент трибунасынан айткан.
Эмнеге көбөйтүштү? Кийин кычкачты 600 долларга сатылып алынды деп көрсөтүп коюу үчүнбү?
Өлкөнү карыз чуңкуруна түртүү менен ким байыды?
Оңдоо иштери толук кандуу жүргүзүлбөгөн ЖЭБдин от казандарын иштен чыгаруудан ким пайда тапты?
Сапар Исаков көз боемочулук жайы бардыгын айгинелеп койгон иштери үчүн ушул убакка чейин жооп бере элек.
А жөнөкөй жумушчулар 20 жыл мурда катардан чыккан жабдыктарга толгон ЖЭБдин аймагында болуу менен өмүрүн тобокелге салууну улантышууда...
Бир атактуу мультимиллионер өстүргөн, учурда Испаниянын курортторунда күнгө какталып жаткан "балашканын" кыргыз элине тийгизген зыяны ушундай...