Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяны изилдеген Эл аралык бейтарап комиссиянын (IIC) отчетуна карата жообу
 
 Жакында Эл аралык бейтарап комиссия (The Independent International Commission - IIC) 2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдын чыгыш себептерин изилдеп, өз жыйынтыгын чыгарды.
 
Чынында былтыркы кандуу коогалаңдан эң көп жабыр тарткан Ош шаарынын көп улуттуу калкы Эл аралык комиссиядан окуянын себептерин дыккат иликтеп, мындан ары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган бейтарап билдирүүнү күткөн эле. Тилекке каршы, отчет үстүртөн даярдалып, улуттар аралык конфликтинин ички себептери жана чыныгы күнөөкөрлөрү так ачылып берилген эмес.
 
Отчеттун авторлору Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүнүн этникалык жана конфессиялык өзгөчөлүктөрүн, анда жашаган көп улуттуу калктар ортосундагы мамиленин тарыхын жана учурдагы өнүгүшүн жеткиликтүү билбестиги көрүнүп турат. Маселен, отчеттун «Саясый контекст» аттуу бөлүмүнүн 79-пунктунда «Түштүк Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн абалтан өзбектер түзүп келген» деп жазылып турат. Мындай калпыс факт Эл аралык комиссиянын ишине карата башка улуттардын ишенимин кетирип, кыжырын келтирет. Муну мен Комиссиянын эч качан чындыкка дал келбеген, улуттар аралык мамиленин курчушуна багытталган жеке бүтүмү деп түшүнөм.
 
 Комиссия кандуу коогалаңдын чыгышынын бирден бир себеби катары Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагылардын жогорку бийлик эшелонунда, сот, прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук, армия жана билим берүү системасында аз болгондугу менен байланыштырат. Ошондой эле, отчеттун авторлору өзбектер тууралуу маалыматтар Кыргызстандын тарыхый жана маданий булактарында аз камтылган, Оштогу музейлерде өзбектердин турмушу чагылдырылбаган деп жыйынтык чыгарат. Комиссиянын пикири боюнча, 2004-жылы «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алынган соң өзбек тили олуттуу кысымга учурап, бул өзбектердин нааразылыгын жараткан. Отчетто кыргыз жана өзбек мектептеринин саны тизмектеп саналып, өзбек мектептеринде кыргыз тил боюнча сааттын көбөйүшү, «Кыргыз Республикасы» деген расмий аталыштын «Республика Кыргызстан» деп аталбашы, «өзбек диаспорасы» деген сөздүн колдонулушу улуттар аралык жаңжалга өбөлгө түздү деп жыйынтык чыгарылган. Жаңжалга тийешеси бар тараптын таламын талашкан мындай бүтүм келечекте улуттар аралык араздашуунун чырагына май тамызышы толук мүмкүн. Эгерде Эл аралык комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өз алдынча этникалык саясат жүргүзүшүн каалашса, анда мага эч качан «улутчул» деген жарлык такмак эмес.
 
Отчетто мени улутчул катары көрсөтүү менен Эл аралык комиссия көчөдөгү ушактарды да кошо камтый кетиптир. Мисалы, Отчеттун 391-пунктунда «Июнь окуялары мезгилинде мэр айылдык кыргыздарды мобилизациялап, аларга курал таратты деген ар кандай ушак кептер IICнин (Комиссиянын) көңүлүн бурду, бирок IICнин колунда буга далил жок» деп жазылган. Мындай көчө деңгээлиндеги ушактарды отчетко кошуп жазуу, мен тууралуу далилсиз куру сөздөрдү таратуу Эл аралык комиссига эч качан аброй алып келбейт.
Ошондой эле, отчеттун 392- пунктунда «Азырынча IICде (Комиссияда) мэрдин кыргыз бандиттери менен биргеликтеги иш-аракети тууралуу жетиштүү далили жок, бирок анын улутчул риторикасы (маанайдагы сөздөрү) улуттар аралык чыңалуунун азайышына алып келбейт» деп айтылган.
 
Бул жерде Эл аралык комиссиянын урматтуу мүчөлөрү этикалык норманы такыр эле унутуп калганы көрүнүп турат. Менин шаар башчылык ишмердүүлүгүмдү эч кандай далили жок бандиттер менен байланыштыруу жалгыз гана менин талапкерлеримдин эмес, Ошто жашаган көп улуттуу элдин кыжырын келтирүүдө. Комиссиянын «кыргыз бандиттери» деген сөзү эки улутту кайрадан бири-бирине каршы койгонго барабар. Анткени бандиттердин улуту болбойт! Улуту ким экенине карабай Ош окуясында колу канга боелгон бандиттер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш! Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү колдонуу менен отчетто кайсы тараптын кызыкчылыгын жогору коюп жатканын ачыкка чыгарып койду. Бир улутту бандиттер деп кемсинтүү өтө орой, кечиримсиз ката. Мен мэр катары мыйзам бузгандарды улутуна карап бөлгөнгө жол берген эмесмин жана эч качан жол бербеймин.
 
Ал эми отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн Р.23-пунктунда «Мамлекет Оштогу кылмыштарды иликтөөдө кылмышкерлердин улутуна (этникалык өзгөчөлүктөрүнө) карабай дыккат, бейтарап жана калыс териштирип, эл аралык стандарттарга туура келген акыйкат сот жүргүзүшү керек» деп жазылган. Бул жерде Комиссия өзү айткан бүтүмгө өзү каршы келүүдө. Анткени отчеттун мага арналган бөлүмүндө Комиссия «кыргыз бандиттери» деген сөздү кеңири колдонуп, ал эми «Сунуштарда» мамлекеттик органдар кылмышкерлерди улутуна карап бөлбөө керектигин билдирген. Отчет менен таанышкан окурмандар Комиссиянын эки жүздүү мындай иш аракетине өз пикирлерин билдирет деп ишенем.
 
      Эл аралык комиссия отчеттогу мага арналган бөлүмдүн 389-пунктунда «Улутчул саясатчы катары Мырзакматов өз элин сүйөрүн, анын татыктуу жашоосу үчүн колдон келген бардык нерсени жасоого даяр экендигин ачык айтты» деп жазган. Мунун эмнеси аларга жакпайт, мен түшүнбөйм. Ооба, комиссия мүчөлөрү менен жолукканда мен бул тууралуу ачык айткам. Андан танбайм. Өз элимди сүйөрүмдү мен эч кимден жашырбайм. Бирок менин өз элимди сүйүүм башка улуттарды душман саноо дегендикке жатпайт. Ошто жашаган бардык улуттар мен үчүн тегиз бирдей! Мен шаардагы ар бир тургундун, улутуна карабай баарынын укугун бирдей коргоого даярмын.
 
      Отчеттун 389-пунктунда ошондой эле «Июнь окуясынан кийинки интервьюсунда мэр өзбектер Кыргыз Республикасынын эгемендигине коркунуч келтирди, бирок биз аларга татыктуу жооп бердик деген. IIC менен жолугушууда ал өзбек сепаратизми келтирген коркунуч тууралуу айтып, бирок ага далил келтирген эмес» деп жазылган. Мен ал позициямдан азыр да танбайм: Оштогу кандуу кагылыштын чыгышына Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын лидерлеринин сепаратисттик чакырыктары негизги себеп болду.
 
Мамлекетибиздин утурумдук кыйынчылыгынан пайдалангысы келген Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева сыяктуу өзбек диаспорасынын лидерлери Ошто, Жалал-Абадда чоң чоң жыйындарды уюштуруп, өз улутташтарын активдүү болууга козутуп жатышты. Алар өзбек тили, маданияты, бийликке өзбектерди тартуу боюнча маселелерди гана коюшпастан, тар чөйрөдө көп жылдардан бери калыптанып калган улуттар аралык мамилеге доо кетирген кыймыл-аракеттери тууралуу элде жетиштүү маалымат бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, аталган улутчул лидерлер Жалал-Абадда өз улутташтарын козутуп кан төгүлүүсүнө чоң өбөлгө түзүп, 47 адам жарадар болуп, 4 адам, анын ичинде өспүрүм наристе көз жумган. Албетте, алардын бул иш-аракеттери Ош шаарындагы кандуу коогалаңдын башталышына түздөн-түз түрткү болгон. Кадыржан Батыровдун: «Биз бул күндү 20 жыл күткөнбүз» деген сөзү баарыбыздын эсибизде. 20 жыл илгери, 1990-жылкы тополоңдун алдында Оштогу өзбектер өз автономиясын куруу тууралуу СССР Жогорку Советине койгон талаптарын Комиссия кантип эле «унутуп» калсын. Убактылуу Өкмөттөгү айрым «кожоюндарына» таянып, сепаратизмдин желегин көтөргөн өзбек диаспорасынын лидерлери ордолуу Ош жергесине от коюп жиберишкени бүгүн ашкере болуп отурат. Комиссиянын отчетунда Кадыржан Батыровдун мындай сепаратисттик чакырыктары, тилекке каршы, «унутулуп» калыптыр.
 
2010-жылдын апрель-май айларында Ош шаардык мэриясы улуттар аралык араздашууну болтурбоо тууралуу конкреттүү пландарды иштеп чыккан. Өткөн жылдын апрель-май айларында биз өзбектер жашаган аймактарда ири жыйындарды өткөрүп, элди улут ынтымагын ыдыраткан сепаратисттерди ээрчибөөгө үндөп жүрдүк. Кооптуу абалды алдын алуу тууралуу Убактылуу Өкмөт башчысы Р.Отунбаевага кат менен кайрылып, чукул чара көрүүсүн суранганбыз. Бирок, Убактылуу Өкмөт өзбек диаспорасынын сепаратист жетекчилерине таянып, жалпы түштүктөгү кыргыздардын кыжырдануусунун пайда болуусуна өбөлгө түздү. Натыйжада Бишкектеги «убактылуу» жетекчилер Ош шаардык мэриясынын сунуштарына ишенбөөчүлүк мамиле жасап, биздин улут аралык араздашууну алдын алуу тууралуу сунуштарыбыз жоопсуз калды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын кеңири отчету даярдалган. Аны менен биз кийинчерээк жалпы окурмандарды тааныштырабыз деген оюбуз бар.
 
 Акыйкат үчүн айта кеткен оң, Эл аралык комиссия отчеттун 103, 104-пункттарында «Убактылуу Өкмөт өзбек лидерлерине жардамга кайрылды; Убактылуу Өкмөт Кадыржан Батыровго дем берип, аны менен бир канча өкмөт мүчөсү өтө жакын мамиледе болуп, аны талаптар менен чыгууга үндөп жатты» деп жаңжалдын чыгыш себептерине чыныгы баасын берген.
 
Белгилеп кетүүчү нерсе, ошол коогалаң күндөрү Ош шаарынын аймагында жайгашкан көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар кол салууга учурап, өрттөнүп, таланып-тонолуп кеткендиги жөнүндө Эл аралык комиссиянын отчетунда бир дагы сөз камтылган эмес жана алар тараптан эч кандай иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн. Атап кетсек, Р.Абдыкадыров атындагы Улуттук филармония, шаардык МАИнин кеңсеси, МАИнин курулуш монтаждоо эксплуатациялык башкармалыгы, транспорттук инспекциянын Ош шаардык башкармалыгы, муниципалдык суу чарба башкармалыгы, шаардык муниципалдык транспорттук автобаза, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттиги, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалык, Ош райондук электр тармактар ишканасы (ОшРЭС), электр энергиясын сатуу ишканасы, жолдор башкармалыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты, «Атайын автобаза» муниципалдык мекемеси, жарыктандыруу мекемеси, шаардык газчарба башкармалыгы, Жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишкана жана башка ушул сыяктуу калкты тейлөөчү коммуналдык кызматтардын кеңселери жабыркап, жалпысынан 16073094,0 миң сомдук чыгымга дуушар болгон.
 
Ошондой эле, өзбек кварталдарында «КАМАЗ» маркасындагы жүк ташуучу автоунаалар ок өткөрбөөчү темир менен капталып, кайрадан өзгөртүлүп, атайын ок атуу үчүн даярдалган айнекчелер жасалгандыгы, алардын согушка даярдангандыктарынын ачык белгиси экендиги жалпы журтка маалым болду. Албетте, мындай даярдыктар көп убакытты талап кылаары айтпаса да түшүнүктүү. Тилекке каршы, Эл аралык комиссиянын отчетунда конфликтке алып келген даярдыктардын алдын ала болгондугу жөнүндө эч кандай тыянак чыгарылган эмес.
 
Мени өкүнткөн бир жагдай: отчетто Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримовдун улуттар аралык жаңжалдын турукташуусуна кошкон зор салымы айтылбай калган. И.Каримовдун биздин ички ишибизге кийлигишпеген акылман саясаты, эки мамлекет ортосундагы чек аранын бекем жабылышы жана качкындарга гумманитардык көмөк көрсөтүшү Ошту жана жалпы Борбордук Азияны чоң апааттан сактап калды. Көп улуттуу ордолуу Оштун калкы анын Кыргызстанга карата жасаган боордоштук мамилесин ар дайым жогору баалайт.
 
Жалпыбызды өкүнткөн дагы бир нерсе, Эл аралык комиссия отчеттун «Сунуштар» бөлүмүнүн 402, 403, 404, 408, 409-пункттарында Кыргыз Республикасын «Республика Кыргызстан» деп атоону, өзбек тилине муниципалдык жана аймактык деңгээлде атайын статус берүүнү, мамлекеттик радио-телеберүүлөрдөн өзбекче берүүлөрдү уюштурууну, өзбек тилиндеги университет, мектептерди ачууну, коопсуздук күчтөрүнө өзбектерди тартууну Өкмөткө сунуштаптыр. Учурунда өзбек диаспорасынын лидерлери койгон бул талаптар, тилекке каршы, бара-бара улуттук сепаратизмди күчөтүп жибергени белгилүү. Дал ушул талаптар 1990-жылы жана былтыр июнда Оштогу каргашага себеп болгон. Бир диаспоранын таламын талашкан бул талаптардын Эл аралык комиссия тарабынан күн тартибине кайрадан коюлушу улуттар аралык ынтымакты эч качан бекемдебейт. Тескерисинче, ыдыратат. Биз улут аралык араздашууга алып келген кандуу калабадан туура жыйынтык чыгармайынча ордолуу Ошто түбөлүк тынчтык орното албайбыз.
 
 Мен мурда бир канча ирет белгилегендей, Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү экени дал ушул жаңжалда ачык билинди. Бул кандуу жаңжалдын чыгышына ордолуу Ошту өз үй, өлөң төшөгүндөй көргөн кыргыз менен өзбек элинин эч бир тиешеси жок. Акылман калкыбыз колу канга боёлгон сепаратисттерге өзүнүн татыктуу баасын берди, аларды саясый аренадан гана эмес, өлкөбүздөн да кууп чыгарды. Өз элинен, өз жеринен качып, бозгунда безип жүргөн ошол сепаратисттер, алардын парда артындагы демөөрчүлөрү сөзсүз түрдө мыйзам алдында жазаланышы керек. Алардын жасаган кылмышын ордолуу Оштун эли эч качан кечирбейт!
 
Кыргызстанда улуттар аралык кандуу коогалаңды экинчи болтурбоо үчүн мен Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгууну сунуштайм. Концепция үч негизги суроого жооп бериши керек.
Биринчи суроо – улуттук биримдик деп биз эмнени түшүнөбүз? Бул Кыргызстанда жашаган ар кайсы этникалык жана диний топтордун бирдиктүү коомчулугу. Мисалы, Америкада жүздөгөн этностор жашайт, бирок аларды биз улуту боюнча америкалыктар деп билебиз. Биз да ушул жол менен өнүгүшүбүз керек. Кыргызстанда жашаган бардык этностор өздөрүн Кыргызстандын бирдиктүү элибиз деп түшүнүшү зарыл. Бул турмуш мыйзамы.
 
Экинчи маанилүү суроо – эмне үчүн биз улуттук биримдикти бекемдешибиз керек? Буга баарыбыз бирдей жооп беребиз – мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо башкы милдет! Коопсуздук сакталганда гана өлкө алдыга жылат. Өлкө өнүккөндө гана жарандардын турмушу жакшырат.
 
Үчүнчү суроо – улуттук биримдиктин негизи эмнеде? Кыргызстан калкынын биримдиги бардык этностордун жалпы тарыхында, алар туу туткан баалуулуктарда жана бирдиктүү келечекте.
 
Биз кандуу окуядан туура жыйынтык чыгарып, этникалык саясатты акыйкат жүргүзгөндө гана жергебизде тынчтык болот. Ошол себептен азыр Улуттук биримдиктин концепциясын иштеп чыгуу мезгили келди. Улуттук биримдикти чыңдоо кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу экенин унутпайлы! Улуттук аң-сезим ашкере улутчулдукту эмес, этностор аралык толеранттуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталганда гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот. Ошол эле кезде биздин өлкөдө жашаган башка улуттар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын биринчи планга коюп, ажайып Ала-Тоону өз мекеним деп түшүнгөндө жана түпкү улуттун тегерегине баш кошкондо гана улуттар аралык ынтымак орнойт. Келгиле, баарыбыз «өткөн ишке салабат» деп, коңшу коңшуга, аркы көчөдө жашагандар берки көчөдөгүлөргө кек сактабай, мамлекеттин бүтүндүгү жана улуттардын биримдиги үчүн күч үрөйлү!
 

Кабар