Бишкек, "Саясат.kg". Бул эркиндиктер, көз карандысыздыктар жөн гана жалган, жөн эле өзүн өзү жана коомду алдоо.
Карап көрсөңүз, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы “Эркин медиа, Көз карандысыз ЖМК, эркин ТВ, эркин радио, эркин сайт… деп аталып жүргөндөр аз эмес. Бирок бул “эркиндик, көз карандысыздык” реалдуубу же жөн гана мифпи?
Менимче, бул эркиндиктер, көз карандысыздыктар жөн гана жалган, жөн эле өзүн өзү жана коомду алдоо. Эч кимден көз каранды эмес, эркин деген СМИ же медиа ресурс болбогон сөз.
Эми негиздеп көрөлү.
Мисалы, Кыргызстандагы "якобы" “көз карандысыз, эркин” медиалар, СМИлерди талдап чыксаңыз, баары накта көз каранды, накта бирөөнүн жеке менчиги, мүлкү, ресурсу экенин ачык даана көрөсүз. Эң эле супер эркин, тим эле эч кимге баш ийбеген “Азаттык” баш болгон прозападный медиалардын баары (24.кж., кактус медиа, политклиника, клооп ж.б.) иш жүзүндө толугу менен батыш бийлигине же алардын уюмдарына көз каранды. Ошолордун саясатына дал келген рамкада иштөөгө милдеттүү, мажбур. Башкача болушу мүмкүн дагы эмес. Кожоюндары көрсөткөн багытта, планда, программада иштеп жаткан, кадимкидей эле көз каранды медиалар. Анткени, акчаны ошолор төлөйт, ошолор камсыз кылат. Демек, бул СМИ медиалардын биз “эркинбиз, көз каранды эмеспиз” дегени - жумшак айтканда, болгону бир калп. Кыргызстандын мамлекеттик СМИлеринен айырмасы - болгону булардын кожоюндары Кыргыз бийлиги эмес, башка өлкөнүн бийлиги. Андыктан булар “биз эркин, көз каранды эмеспиз, бейтараппыз” дегенде, артынан “биз болгону Кыргызстан бийлигинен көз каранды эмеспиз, бирок башка өлкөгө көз карандыбыз” деп сөзүн толуктап коюшу керек. Болду, ошону менен булардын сөзү чындап “чын” болот жана алып барып жаткан иштеринин мааниси да, себеби да, саясатынын багыты да түшүнүктүү болот.
Дал ушулардай эле, Орусиянын (спутник., комсомольская правда…), Кытайдын же дагы кайсыл кызыктар тараптардын дагы Кыргызстанда “көз карандысыз, эркин” СМИ медиалары бар. Дагы бир жолу кайталап коёлу, эч кандай эркин, көз карандысыз СМИ Медиа ресурс болгон эмес, по факту болушу мүмкүн дагы эмес. Сөзсүз кимдир бирөөгө көз каранды гана ресурс болот. Эч кимге көз каранды эмес болуш үчүн СМИлер, Медиа ресурстар асмандан кар болуп же жамгыр болуп жаашы керек. Жаабайт. Демек, көз карандысыз болбойт. Ким жөндөн жөн эле отуруп алып, зериккенинен СМИ ачат? Ошончо акча коротуп, ошончо адамды жалдап иштетип, күн сайын чыгым кетирип кимге зарыл? Болгондо дагы, азыр базар экономикасында ар бир тыйынын эсептеп отурган заманда, кимге кереги бар жөн эле чыгаша кылып?
Жеке менчик СМИ болгону менен белгилүү бир рамкадан чыкпай иштөөгө, белгилүү саясий багытта иш алып барууга баары милдеттүү экенин моюнга алыш керек. "Эркинмин эле эркинмин, мен бейтарапмын, менден өткөн калыс жок" деп калп эле өзүңдү өзүң алдай бергениң менен эл журт баарын көрүп, билип, түшүнүп турат да.
“Эркин журналист”, “эркин блогер” деген түшүнүктөр дагы көп айтылып жатат. Интернетке кирсең, элдин жарымы эркин журналист, экинчи жарымы эркин блогер болуп алгандай сезилет кээде. Эми бул жарандарыбыз деле “эркин” деген сулуу, кулакка жагымдуу “сыпатты” колдонгусу келип жатканы үчүн атына кошуп айтып жүрсө керек. Бирок, по факту алып караганда, булар деле “эркин, көз карандысыз” эмес да. Туура. Мамлекеттик бийликтен көз каранды эмес болушу мүмкүн, бирок баары бир кайсыл бир тарапка сөзсүз көз каранды.
Мисалы, кайсыл бир өздөрү айтымакчы “иликтөө” материалын тартып жаткан болсо, бирөө арызданып, ошонун негизинде экинчи бир тарапты “шываш” керек болуп жатса, демек бул заказ материалды тартып, ал обьектинин бүт жаман жактарын таап чыгып, аны камера алдына салып алып кууп, каралап, маскаралап, иштин майын болушунча чыгарыш үчүн берки арызданган (заказчик деп коёлу) тарап төлөйт да. Демек, баягы “эркин, көз карандысыз журналист” бул жерден эркиндигин, көз карандысыздыгын дароо жоготот. Ал толугу менен эми заказчике көз каранды. Ошонун сөзүн сүйлөөгө мажбур, мындайча айтканда “Кто платит, тот и заказывает музыку”. Болгону ушул.
Анан жөн эле чыгып алып, мен эркинмин дей бергендин канчалык чеги бар билбедим.
Туура, кээ бир темаларда чындап эле эркин, көз карандысыз материалдар жасала берет. Бирок, жалпылап мен эркинмин, мен эч кимден көз карандысыз, ушундай жылтыраган алтынмын деген мифтин дагы чеги болушу керек го дейм. Жөн эле микрофон менен камераны көтөрүп алып, бекерден бекер эле ар кимдин артынан түшүп, элге кино коё бере тургандар жок болсо керек деп ойлойм.
Демек, баарыбыз кадимкидей эле, кимдир бирөөлөрдөн көз карандыбыз. Качан бул СМИ линиясынан кетесин, башка жумуш кыласын, башка иш менен акча таап, үй-бүлөңдү багасын, ошондо көз карандысызмын десең болот. Же курсагың ушунчалык ток, дүйнөң ашып ташып, бирөөнүн бир сомуна муктаж эмес болсоң, анда жөн эле зериккениңен же хобби катары эркин журналист болуп албасаң , билбедим. Андай жашоо шартың болсо, кыйналып, ар кимге жаман көрүнүп, микрофон көтөрүп салпактап ары бери чуркап не кереги бар эле. “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу?” дегендей эле кеп. Болгону өзүбүздү дагы, коомду дагы каяктагы “эркин, көз карандысыз…” деген жалгандар менен алдаганды токтотсок деген эле пикир. Көз карандымын деп эле иштей берсек деле элдин баары туура түшүнөт да…
Өткүрбек Рахманов