Бишкек, "Саясат.kg". Эгер кимдир бирөө дагы деле Ташиевдин элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканына күмөнсүнүп жаткан болсо...
Жыл соңу- жыйынтык чыгара турган убак. Азырынча жыйынтыктар толук кандуу эмес, анткени өлкөдөгү кайра куруу жаңыдан гана башталды. “Жөжөнү күзүндө санайт” деп коет, ошондуктан глобалдуу жыйынтыкты сегиз жылдан кийин чыгарабыз. Так ошондо Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү соңуна чыгат (алгач ал алты жыл мөөнөткө шайланган, анын үч жылы кетти, а жаңы Конституцияга ылайык дагы беш жылга шайланууга укуктуу), УКМК төрагасы айткандай “Кыргызстанда балким Жапаров сыяктуу эл үчүн күйгөн дагы бирөө чыгат”.
А Ташиев өзүчү? Президент дагы, ал өзү дагы ортолорунда эч кандай атаандаштык жоктугун, Камчыбек Кыдыршаевич бийлик үчүн күрөшпөгөнүн айтышууда. Ал “тынчтык, бактылуу эл жана өлкөнүн жаркын келечеги үчүн” күрөшүп жатат. Бул күрөштө ал белгилүү натыйжаларга да жетишти.
Криминалга жарыяланган согуш өзүнүн апогейине жетти. “Мыйзамдагы ууру”, “криминалдык авторитет” ж.б. түшүнүктөр Кыргызстанда жакында колдонулбай калат. Генерал Ташиев ондогон жылдар бою мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрүнө жүгүнгөндөрдүн баарын орток пикирге алып келди. “Же силер, бандиттер, өткөнүңөрдөн кол үзүп, элге таза кызмат кылууну баштайсыңар же силердин башыңардан эч ким сылабайт”. Ташиевге чейин баштарынан сылап келишкен. Ар бир таажылуу ууру кол тийбестик макамы бар падыша же кудайга айланган. Садыр Жапаровдун аркасы (Камчыбек Ташиевдин дагы) менен бул макам жок кылынды. Көрсө, мыйзамдагы уурулардын катардагы уурулардан эч кандай айырмасы деле жок экен, аларды жөн эле кармап, камап салууга болот.
Же камабай деле койсо болот. Эгер душман баш ийбесе – аны жок кылат. Көрсө, мамлекет өзгөчө коркунучтуу “белгилүү” кылмышкерлерди жок кылуу жоопкерчилигин уялбай эле, “криминалдык тирешүүлөрдүн” артына жашынбай эле өзүнө алат экен.
Кетип бараткан жылда УКМК кызматкерлери ак ниет ишкерлерге жашоо бербеген канча деген “урматтуу бандиттерди” жок кылды, санап бүтпөйсүң. Колуңдун манжалары жетпейт. Канча деген уурдалган акчалар бюджетке кайтарылды – өтө көп. Бул тууралуу кийинчерээк сөз кылабыз.
Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинин алдындагы УКМК аеосуз күрөштү коррупцияга жарыялады. Так ошол отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, элдик менталитеттин бир бөлүгүндөй орноп калган коррупцияга.
Коррупция деген эмне? Жөнөкөй сөз менен айтканда – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзү каалагандай башкаруу, ыйгарым укуктарынан ашепке кетүү жана бийликтин аракетсиздиги... Көз карандысыздык колго тийгенден баштап Кыргызстанда гүлдөп-өнүккөн бир гана коррупция болду. Кыргыз чиновниктеринин арасындагы коррупция криминал түшүнүгү менен тыгыз байланышта. Кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу жана бийликтин аракетсиздиги – кеп ушул жөнүндө. Бийликтегилер канча жолу кылмышкерлер менен тил табышып, эң карасанатай уурулардын кылыктарын коргоп, жазасыз эле эмес, “белгисиз” да калган... УКМКнын учурдагы жетекчилиги кандайдыр бир себептер менен бандитизмге аралашып кеткендердин баарын көмүскөдөн ачыкка алып чыгууда. Баары бир принциптин негизинде: иштегиң келеби – таза иште. Кокус таза эмес иштер болуп кетсе, Кудай эле сактасын... Мындай кытайлык эскертүү жүз пайыз иштейт: түшүнбөдү, укпады, криминалдык түзүмдөрдүн жардамы менен элге зыянын тийгизип, олигархка айлангысы келди – оңой кутулам деп ойлобо, мыйзам чегинде толук кандуу жооп бересиң.
Буга чейин эч убакта чек ара маселелери мынчалык тез чечилчү эмес. Мынчалык жеңил чечилчү эмес дегиң келет, бирок... Жеңилдик – көзгө көрүнгөн тарабы. Анын артында ойлоп, шектенүүлөр, сүйлөшүү сааттары жана талкуулоолор жатат. Кыргызстан жакын, ынтымактуу сезилген коңшулары менен канча жылдан бери демаркациясыз, делимитациясыз жашап келди, эки тарапка тең ыңгайлуу кызматташууга даяр болчу, бирок дагы деле бирогу бар... Ушул “бирок” тынч уктатпады, айрыкча Тажикстан менен чектешкен аймактардын элин. Эми гана чек ара боюнча коңшулар менен сүйлөшүүлөр финишке түз чыкты. Аны ким чыгарды? Так ошол Ташиев. Көптөрү сындаган, жактырбаган Ташиев.
Кетип бараткан жылы жаңы элитасы, жаңы салттары жана жаңы символикасы бар жаңы коомдун пайдубалы түптөлдү. Кыргызстандын жакшыртылган туусу жаңы бийликтин максаты жана ниетине толук жооп берет – нурлары түз, ачык жана курч.
Мамлекеттин бюджети толууда. Негизинен коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгынан. Жапаров менен Ташиевге чейинки бийликтегилер дагы ушундай эле ыкма менен бюджетти толтуруп жатышкандай болгон. ал турмак коррупционерлерден алынган каражатка мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди кура турган атайын фонд да түзүшкөн. Андай мектептердин канчоосу курулду? Кептин баары ушунда да. Учурда Кыргызстанда мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды куруу иштери активдүү жүрүп жатканын эске алсак – коррупционерлерди жакшы эле кустурушуптур. “2020-жылы коррупция менен күрөштөн түшкөн акча 200 миллионго араң жеткен. А эки жылда биз 11 миллиард сомдон ашуун каражат чогулттук...” – деген Ташиев.
Байкаганыбыздай, акчаны өз чөнтөктөрү үчүн эмес (мурда ошондой көрүнүштөр да болгонун айтып коюу күнөө эместир), жарым жартылай урап калган мамлекетти калыбына келтирүү үчүн чогултушту.
Эгер кимдир бирөө дагы деле Ташиевдин элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканына күмөнсүнүп жаткан болсо... Эзелтен эле элдин башкы душманы – ломбарддар болуп келген. Канча деген ажырашкан үй-бүлө, канча деген талкаланган тагдырлар ломбарддар менен байланышкан! Элдин терисинен кайыш тилген пайыздар адамдарды үйсүз, мүлксүз калтырган... Жыл аяктап баратканда УКМК жетекчиси ломбарддарга көңүлүн бурду. Алардын ишмердүүлүгүн, лицензиясын, пайыздык ставкасын текшерүүгө көрсөтмө берди...
Анысы менен жөнөкөй элге бүгүнкү бийлик бүтүн бойдон эл тарабында экенин түшүндүрдү. Ошол эле учурда өздөрү да элдин колдоосуна муктаж экенин.
Булак: vb.kg