Бишкек, “Саясат.kg”. Журналисттик иликтөө
Учурда криминалга жана коррупцияга каршы күрөш кызуу жүрүп, ичип-жеген жана кылмышкерлер менен табакташ болгон чиновниктер жазага тартылып жаткан маалы. Эң башкысы кымырган мүлктөрү мамлекетке кайтарылууда. Президент С.Жапаров менен УКМК төрагасы К.Ташиевдин бул аракети колдоого татыктуу иш экенин баса белгилеп, ыраазычылык билдирип коюшубуз керек. Бул күрөштү жалпыбыз колдоого милдеттүүбүз! Күрөштү жөн гана колдобостон, коррупциялык фактыларды алып чыгып, жакындан жардамдам көрсөтүүбүз зарыл. Биз ушул жатта бир жемкорлуктун тегерегинде атайын журналисттик иликтөө жасадык...
Сөздүн ток этээрин айтсак, 2000-жылы качкын Данияр Үсөнов менен аялы Динара Исаева өздөрүнө таандык «Прайм строй» компаниясы менен Абдрахманов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен алыс эмес жерде жайгашкан 20 гектар жерди Таш-Дөбө айылынын ошол кездеги башчысы Жолдош Турусбековдун кылмыштуу токтомунун негизинде мыйзамсыз ээлеп алышкан. Бир нече жылга созулган соттук иштер жүрүп, алар Жогорку Сотко бир нече ирет жетип, акыры баары бийликтин башында отурган, анан дагы акчалуу болгон эрли-зайып Үсөнөв менен Исаеванын тапшырмасынын негизинде талкаланган.
Апрель революциясынан кийин да “алакан майламай” оюнунун негизинде соттук иштер уланган эмес. Уланса дагы Үсөнөв менен Исаеванын пайдасына чечилген. Анткени, Убактылуу өкмөттүн баары элди ойлобогон “шумпай” экени бүгүн ачыкка чыгып отурат. Көрсө, булар кан төгүп кеткен Д.Үсөнов менен да табакташ болуп, аны калкалап келишиптир. Бүгүн К.Ташиевдин капсалаң күрөшү жалпы калайыкка жагып, колдоого татып турат. Демек, Д.Үсөнов менен Д.Исаева басып алган 20 гектар жер да токтоосуз түрдө кайтарылышы керек. Ал гана эмес, экөөсүнүн мыйзамсыз ээлеген мүлктөрү дыкат текшерилиши кажет.
Бакиевдер качкандан кийин тегерегиндегилердин мүлкү конфискацияланган. Бирок, Д.Үсөнов менен Д.Исаеванын мүлктөрү неге териштирилген эмес? Бүгүн өлкөдөгү эң бай аялдын бири болуп отурушуна ким жол берген? Учурунда Д.Үсөновдун криминалга байланышы кеңири айтылып келген. Ал эмне үчүн азыр териштирилбеши керек? Кыскасы, Урицскийдин аялынын мүлкүндө чоң суроолор бар, бул тез арада териштирилиши кажет. Биз азыр 20 гектар жер боюнча далилдүү маалыматтарды кыскача бере кетелик.
2000-жылдын март айында токойчу Акылбек Иманкулов 11 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Ал учурда мамлекет өзүнүн токойлорун сактай албагандыктан президенттин 1998-жылдын 6-октябрындагы «Республиканын жаңы улуттук токой саясаты жөнүндөгү» указынын негизинде участоктокту алып, Фрунзе токой чарбасы менен келишим түзүп, убактылуу пайдалануу укугу Аламүдүн мамлекеттик реестринде катталган.
Көп өтпөй престиждүү аймакта (түштүк кичирайондорунун үстүндө) жайгашкан участокко Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновдун көзү түшүп, дароо Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдош Турусбековдун “алаканын майлайт” да, жалган токтом түздүргөн. Жыйынтыгында, «Прайм-Строй» ЖЧКсына 20 гектар жер тилкесин бөлүп берген. Токойчу Иманкуловдун жери да Үсөновго өтүп кеткен. Аткаминерлер анын ижара келишимин бир жактуу түрдө, жада калса ээсине билдирбестен бузушкан.
«Прайм-Стройдун» кызматкерлери мамлекеттик коттоодогу документтерин бүтүргөндөн кийин токойчуну өз жеринен кууп чыгып, 2005-жылы «Прайм-Строй» ЖЧКсына 20 гектар жер бөлүп берүү боюнча айыл өкмөттүн токтомуна кол коюлган. Шаарды өнүктүрүүнүн башкы планындагы жер экенине, дал ушул 20 гектар жерге ипотекалык курулуш мерчемделгенин карап да койбой, өкмөт башчы Николай Танаев кол койгон. Жеринен айрылган токойчунун айтуусу боюнча, жер кодексин бузган Танаев эч кандай аукцион өткөрбөстөн Данияр Үсөновдун жеке менчигине бекер берген.
Прокуратура Таш-Дөбө айыл аймагынан "Прайм-Строй" ЖЧКсына мыйзамсыз берилген 20 га жер тилкеси боюнча №158-10-485 кылмыш иштин негизинде иликтөө жүргүзүлгөн. Анда төмөнкүдөй фактылар жазылган:
“2000-жылдын 24-мартында Фрунзе мехлесхозуна таандык 32,4 га болгон жер участогун Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн чегинен 24 га жер участогун бак-дарак бакчасын өнүктүрүү жана жашылдандыруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижара келишими боюнча төмөндөгү адамдарга бөлүп берген:
1. Иманкулов А.Д. 11 га аянты менен укуктар катталган райондук мамлекеттик реестр 2002-жылдын 18-мартында (каттоо № 4728);
2. Султанбекова С.У. Аянты 5,4 га, укуктары катталган райондук мамлекеттик реестр 2002-жылдын 26-декабрында (каттоо №699);
3. Эсентаев Д.К. 7 га аянты менен, укуктар катталган райондук мамлекеттик реестр 2003-жылдын 20-январында (каттоо № 716);
Өкмөттүн 2004-жылдын 9-декабрындагы токтому менен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы токой чарбасынын муктаждыктары үчүн берилген «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулган.
2005-жылдын 18-январындагы №2 буйругу менен Фрунзе атындагы мехлесхоздун (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2004-жылдын 28-декабрындагы № 18-33/18 буйругуна ылайык) жогоруда көрсөтүлгөн бардык ижара келишимдери жокко чыгарылган.
Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан өкмөттүн аталган токтомунун 2-пунктуна ылайык жер каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер тилкеси Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген. Бирок, Таш-Дөбө айыл өкмөт башчысы Ж.Турусбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында, Жер кодексинин талаптарын бузуу менен 2005-жылдын 19-январында Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын 5-жыйынында мыйзамсыз кадамга барып, мыйзамда каралган тендерлерди өткөрбөстөн, айыл өкмөтүнүн №20 токтому менен ипотекалык турак жай курулушун өнүктүрүү үчүн бөлүнө турган 20 га жер тилкесин жеке менчиккее берген. Ал жер экс-премьер-министр Д.Үсөнов менен анын жубайы, Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Исаевага тиешелүү болгон «Прайм-Строй» ЖЧКсынын жеке менчигине өткөн.
2005-жылдан азыркы мезгилге чейинки аралыкта жогоруда аталган жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары боюнча прокуратура тарабынан Чүй облусунда төмөнкүдөй кылмыш иштери козголгон.
1. 2006-жылдын 17-февралында Чүй облусунун прокурору К.Джунушалиев тарабынан мурдагы айыл өкмөтү Ж.Турусбеков жасалма документтердин негизинде «Прайм-Строй» ЖЧКсынын жер тилкесин жеке турак жай курулушун өнүктүрүү үчүн мыйзамсыз бөлүп бергендиги жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-2, 315-беренелеринин негизинде No173-06-15 сандуу кылмыш иши козголгон.
2006-жылдын 17-апрелинде Ж.Турусбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 305-2 жана 315-беренелери боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
2006-жылдын 26-июнунда Аламүдүн райондук соту Ж.Турусбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде актаган.
2006-жылдын 24-августундагы Чүй облустук сотунда Аламүдүн райондук прокурорунун сунушу канааттандырылбай, Аламүдүн райондук сотунун 2006-жылдын 26-июнундагы актоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
2006-жылдын 14-ноябрында Жогорку сот эки инстанциядагы соттук чечимдерди жокко чыгарып, кылмыш иши жаңыдан кароого Аламүдүн райондук сотуна жөнөткөн.
Аламүдүн райондук соту 2007-жылдын 12-февралында Ж.Турусбеков кайрадан актаган.
2007-жылдын 24-апрелинде Чүй облустук соту Аламүдүн райондук сотунун 2007-жылдын 12-февралындагы актоо өкүмү күчүндө калтырган.
Бул чечимдер Жогорку сот тарабынан тарабынан жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн.
2007-жылдын 19-ноябрында Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен Ж.Турусбеков кайра акталган.
2008-жылдын 1-апрелинде Чүй облустук соту Аламүдүн райондук сотунун 2007-жылдын 19-ноябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылган.
2008-жылдын 30-октябрында Жогорку сот Аламүдүн райондук сотунун 2007-жылдын 19-ноябрындагы актоо өкүмүн жана Чүй облустук сотунун 2008-жылдын 1-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырган.
2. 2010-жылдын 22-июлунда Аламүдүн районунун прокурору А.Бакачиев «Прайм-Строй» ЖЧКсына жеке турак-жай курулушун өнүктүрүү үчүн мыйзамсыз жер тилкеси берүү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде №158-10-485 сандуу кылмыш иши козголгон.
3. 2011-жылдын 26-январында Аламүдүн районунун прокурору У.Ишенбеков тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 304-бөлүгүнүн 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, №158-11- 69 сан менен райондук прокуратуранын тергөөчүсү Н.Сулайманов өндүрүшкө кабыл алган. Ал иш кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аламүдүн райондук башкармалыгынын кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана «Прайм-Строй» ЖЧКсына 20 га жер тилкеге укуктарды мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча козголгон.
2012-жылдын 10-январында жогорудагы кылмыш иштери №158-10-485 бир өндүрүш бириктирилген.
2012-жылдын 14-январында Аламүдүн РИИБ тарабынан 28-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде No158-10-485 кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган.
2012-жылдын 15-февралында Аламүдүн районунун прокурору Т.Атабаев «Прайм-Строй» ЖЧКсынын жеке менчигиндеги 20 гектар жер тилкеси боюнча №158-10-485 кылмыш ишинин токтотулушуна байланыштуу, Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик администрациясына райондук прокуратуранын 2010-жылдын 26-июлундагы чектөөсүн алып салуу жөнүндө кат жолдогон.
Ошондой эле, жер тилкелерин мурдагы ижарачылар сотко доо арыз менен кайрылышкан.
1. 2006-жылдын 25-апрелиндеги Чүй райондор аралык сотунун чечими менен Таш-Дөбө айыл аймагынын доо арызы канааттандыруусуз калтырылган.
А.Иманкуловдун доосу боюнча: 2005-жылдын 1-июлундагы Чүй райондор аралык сотунун чечими менен А.Иманкуловдун (жер участогун мурдагы ижарачы) жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы канааттандыруусуз калтырылган.
С.Султанбековдун доосу боюнча: 2008-жылдын 7-февралында Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен С.Султанбековдун (жер участогун мурдагы ижарачы) жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы канааттандырылган.
2008-жылдын 21-майында Бишкек шаардык сотунун токтому менен С.Султанбековдун доо арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 7-февралындагы чечими жокко чыгарылып, жаңы чечим чыгарылган.
2008-жылдын 18-сентябрында Чүй райондор аралык сотунун чечими менен жер участогун мурдагы ижарачы С.Султанбековдун чечимди жараксыз деп табуу жөнүндөгү доосун четке каккан.
2008-жылдын 9-декабрындагы Чүй облустук сотунун чечими менен Чүй райондор аралык сотунун 2008-жылдын 18-сентябрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
2009-жылдын 11-февралында Жогорку сотунун чечими менен Бишкек шаардык сотунун 2008-жылдын 21-майындагы токтому күчүндө калган.
2009-жылдын 18-ноябрында Жогорку соттун чечими менен Чүй райондор аралык сотунун 2008-жылдын 18-сентябрындагы токтому жана аныктамасы Чүй областынын 2008-жылдын 9-декабрында кабыл алынган жана дооматтар жокко чыгарылган С.Султанбекова толугу менен канааттандырат.
2009-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту «Прайм-Строй» ЖЧКсынын жана «Интеринвестмент» ААКнын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндө арыздарын канааттандырып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 18-ноябрындагы токтомун жокко чыгарган.
2010-жылдын 14-январында Жогорку соттун чечими менен Чүй райондор аралык сотунун 2008-жылдын 18-сентябрындагы аныктамасы жана Чүй облустук сотунун 2008-жылдын 9-декабрындагы аныктамасы күчүндө калтырылып, С.Султанбековдун көзөмөл даттануусу канааттандырылган эмес.
«Темирбанк» ААКтын доо арызы боюнча: 2011-жылдын 1-декабрында Чүй райондор аралык сотунун чечими менен «Темирбанк» ААКсы «Прайм-Строй» ЖЧКсынан өндүрүп алуу үчүн (өкүлү Р. Саитова) жана күрөө берүүчү Ж.Жунушев (Өкүлү М.Байышбаева) жана «Проспект KG» ЖЧКсы (директор А. Байышбаева) 2006-жылы 15-сентябрдагы Башкы кредиттик келишим боюнча 57,2 млн сом кредитордук карызды жоюу боюнча макулдашуу келишими бекитилип, күрөөгө коюлган мүлктү (Таш-Дөбө айылынын Орто-Сай айылынан төмөн жайгашкан 11,2 га жер участогун) кайра каттоодон өткөргөн.
Жогорудагы материалдарды изилдөөдө Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан, реалдуу орточо рыноктук баасы 20 миллион АКШ долларын түзгөн 20 гектар жер тилкеси экс-премьер-министрге Д.Үсөнов жана анын жубайы Д.Исаевага таандык «Прайм-Строй» ЖЧКсына мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Мындан тышкары, No158-10-453 кылмыш ишинин бир жактуу, сапатсыз жана үстүртөн иликтөөнүн, ошондой эле мыйзамсыз сот чечимдеринин натыйжасында Д.Үсөнов жана анын жубайы Д.Исаева кайра кайтарууну кыйындатуу максатында жер участогун Казакстандын «Темирбанк» ААКсынын менчигине атайылап күрөөгө койгон” деп иликтеген прократура ишти кайра козгоо өтүнүчүн келтирген.
Бир жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов ошол Абдрахманов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен алыс эмес жерде жайгашкан 20 гектар жер «Прайм стройго» мыйзамсыз берилгенин айтып чыгып, айыл өкмөттүн буйругун жокко чыгаруу керектигин билдирген.
«Бул 20 гектар жер негизи мамлекеттики болчу. 2000-жылдардын башталышында бул жер Чүй токой чарбасына карачу. Кийин 49 жылга ижарага берилип, бирок ошол боюнча бүткөн жок. 2005-жылы айыл өкмөт ошол 20 гектар жерди жеке компанияга бекер эле берип койду. Жеке компаниянын аталышы “Прайм строй”. Ошол учурда Данияр Үсөновго тийиштүү болчу. Канча жолу УКМК, Башкы прокуратура, бул жерде парламентте депутаттар ошол маселени көтөрүшкөн. Бирок чындыгында бул жер ушундай эле калып калды да. Жеке менчик компания жөн эле алып салды, бир тыйынды төлөгөн жок. Данияр Үсөнов ошол жерди, 20 гектар жерди алып алды. 2021-жылдын март айында Башкы прокуратура ошол ишти казып баштап сотко берген. Бирок сотто кайра өзү [Башкы прокуратура] колдобой баш тартты. Ошентип соттун чечимине эч ким даттанган жок. Ошол жерди кайтаруу боюнча президент Башкы прокуратурага катуу тапшырма берип, көзөмөлгө алсын. Азыр Бишкекте бош жерлер дээрлик жок. Мына 20 гектарды тапса болот» деген Д.Бекешов.
Мундузбек Тайлаков