Ташманбет Кененсариев
 
Кыргыз Республикасынын
билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору, профессор:
 
  
 эгемендүү кыргызстандын  суверендүүлүгүнүн маселелери
(Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата)
 
1-макала
 
Алгач суверендүүлүк деген терминге токтололу. Суверенитет термини[1] (немисче Souveranitat, французча souverainete) бийликтин үстөмдүгү жана көз карандысыздыгы деген маанини берет. Термин саясат илимине алгач XVII к. француз юристи Жиден тарабынан киргизилип, ал суверенитет термини мамлекеттин толук көз карандысыз бийлигин билгизет деп аныктаган. Кийинчерээк жаңы доордо Т.Гоббс жана Ж.Ж-Руссо суверенитет терминин жалпы элдин эркинин чагылышы катары маанини да кошушкан.
 
Тарыхый тажрыйбада суверенитеттин бир нече тиби бар: 1) мамлекеттик суверенитет (ички саясаттагы толук бийлик жана тышкы саясаттагы көз карандысыздык). Эл аралык мааниде бул БУУнун Уставында да бар. 2) Улуттук суверенитет – улуттун реалдуу толук бийлиги жана өз жашоосунун мүнөзүн, тагдырын аныктоо боюнча толук эркин билдирет. 3) Элдик суверенитет – элдик бийлик жана анын өкүлдөрүнүн социалдык-экономикалык, саясий каражаттар менен коомду башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгү. Суверенитетти абсолюттук бийлик деп саноого мүмкүн эмес, ал “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендикке жатпайт. Суверенитет эл аралык документтердин, келишимдердин, улуттук конституциялардын жана башка маанилүү документтердин принциптерине катышы бар, дүйнөлүк бардык кызыкчылыктарды да эсепке алуусу шарт.
 
Кыргыз эли ушул маанидеги суверенитетке жетүү үчүн миңдеген жылдар бою күрөшүп келген. Бирде өз алдынча мамлекет куруп, көп учурда башка империялардын, мамлекеттердин курамында болуп, азаттык үчүн жанын берген жүздөгөн эр-азаматтарын аракети менен гана 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүккө жете алды. Бирок жогор жакта белгиленгендей, анын 3 түрү боюнча толук кандуу суверендүүлүккө жетүү үчүн дагы да көптөгөн күрөштөр керек. 1991-жылы суверендүүлүктүн юридикалык жактан гана өбөлгөсүнө жеттик. Толук кандуу суверендүүлүккө жетүү үчүн бир нече этаптан турган күрөштөрдү, 2 “түстүү революцияны” басып өттүк. Али да ошол жолдо кетип бара жатабыз.
 
Кыргыз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык тарыхый тажрыйбасынын фактыларына негиздеп мамлекеттин суверендүүлүгү, анын багыттары жана милдеттери жөнүндө азыноолак талдоо жүргүзүп көрөлү. Биздин пикирибизче кыргыз мамлекетинин, өлкөсүнүн суверендүүлүгүнүн бир нече принципиалдуу багыттары бар. Аларды биз “жетинин бири кызыр” деген сөзгө ылайык төмөнкү жети багытка бөлдүк:
 
1.        Бийликтин маңызы жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө.
2.        Өлкөнүн коомдук өнүгүшү, демократиялуулугу жөнүндө.
3.        Мамлекеттин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө.
4.        Жарандык коом жөнүндө.
5.        Этникалык саясат жөнүндө.
6.        Мамлекеттин жалпы ички саясатынын багыттары жөнүндө.
7.        Тышкы саясаттагы негизги багыттар жөнүндө.
 
Бул багыттардын ар биринин ички мазмунун аңдап, аны аткаруунун милдеттерин айкын билүү зарыл. Макалабыздын биринчи бөлүгүндө алгачкы төрт багыт жөнүндө сөз кылалы.
 
Биринчи, бийликтин маңызы жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө.
 
Кыргызстан өткөөл мезгилде жашап жаткан өлкө катары өзүнүн эгемендүү тарыхында алгач, 1993-жылдын 5-майында “легендарлуу парламент” кабыл алган Баш мыйзамга ылайык[2] парламенттик-президенттик мамлекеттик башкаруу системасында жашап келгендиги маалым. Бирок, ал бир нече жолку оңдоодон кийин “суперпрезиденттик” баш мыйзамга айланып кетти[3]. Анын негизги кесепети бийликти бир адамдын (Кыргызстандын шартында президенттин) колуна чогултуу болгонун тана албайбыз.
 
Демек, Кыргызстан сыяктуу өткөөл мезгилде жашап жаткан өлкөлөр үчүн чечкиндүү саясий эрки бар жана тез арада мобилдүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк жараткан лидердин мамлекеттик башкарууга келиши тарыхый жактан туура болсо да[4], “үй-бүлөлүк башкаруу” калыптана түшкөн биздин мамлекетте мындай системаны кадимден элдик демократиянын тарыхый элементтери бар менталитетибиз көтөрө албады. Андыктан, 2 жолку “түстүү ыңкылаптын” шарданында 2010-жылы парламенттик башкарууга бел байладык[5]. Бул жол албетте татаал жана узак жол. Тагдыр чеччү маселелер узак талкууланып, жай баракат кабыл алынат. Идея үчүн күрөш жүрүп, ар бир маселеде альтернативдүү пикирлер айтылат. Бирок, эң негизгиси көп партиялуулук менен түзүлгөн альтернативдүү идеяларды туу тутушкан фракцияларды камтыган парламент бир адамдын колуна бардык бийликти топтоого мүмкүндүк бербей, ар бир лидердин жасаган ишине көзөмөл салып, алардын “ашынган напсисин тыйып” турат. Мына ушундай жолду Кыргызстан Борбор Азия гана эмес, постсоветтик КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп тандап алды.
 
Парламенттик жол жаш кыргыз мамлекети үчүн азаптуу изденүүлөрдү талап кылат, эл аралык каршылыктарга дуушар болот, оор сынактарды башынан өткөрөт. Анын үстүнө былтыркы июнь айындагы Ош, Жалал-Абад жергесиндеги улуттар аралык каргашалуу окуянын кесепеттери биздин мамлекеттин алдына зор жоопкерчиликти койду. Ошондуктан, ички, тышкы, оң, сол багыттардан болгон коркунучтар менен глобализмдин, мезгилдин чакырыктарына (вызовы времени) салабаттуу жооп таап, аалам айдыңындагы тар жол, тайгак кечүүдөн чыгып кетүү үчүн кыргыз улутунун менталитетине жат батыштын либералдык демократиясынын принциптерин көчүрүп албастан, же ойлонбой туруп кыргыз турмушуна эсперименттебестен байыркы тарыхыбыздан бери келе жаткан элдик уңгу, салт-санаа менен азыркы цивилизациянын жаңылыктарына негизделген моделденген технологияларды (коомдук-саясий инновацияларды) акылга сыярлык баланстоо аркылуу алдыга жылышыбыз абзел.
 
Кыргызстандын эли кечээ жакында эле мындан 20-30 жыл мурун советтик-тоталитардык системада жашап, мамлекет түзүп берет деген иждивенциялык өнөкөт менен жашап келгендиги маалым. Демек, биздин элде, коомдук турмушта жана мамлекеттик башкарууда али эски шаблондор, мурунку стеретотиптер жашап келе жатат. Бул “эскилерди” жаңы” менен алмаштырууга кеминде 3-5 муун өтүүсү шарт. Ошондой болсо да бул “өткөөл мезгилди” өлкөбүз гиганттык кадамдар менен аттоосу зарыл. Ошондуктан, тарыхый тастыкталган салттуулук менен инновациялуулуктун, эски шаблон менен жаңы ой жүгүртүүнүн, Батыш менен Чыгыштын, дүйнө жетишкендиктери менен нукура кыргыздын коомдук жашоосундагы жана мамлекеттик башкаруусундагы элементтеринин диалектикалык айкашкан моделин издешибиз керек.
 
Экинчи, өлкөнүн коомдук өнүгүшү, демократиялуулугу жөнүндө.
 
Кыргызстан чыгыш өлкөсү болуп эсептелет. Кыргыз коомчулугу илгертеден эле салттуу коомдук жашоонун, жүрүм-турумдун жана менталитеттин принциптерин сактап келген. Мындай өзгөчөлүк Батыштын кайрадан өздөштүрүлгөн (модернизацияланган) либералдык демократиясына альтернатива катары турат[6]. Мындай салттуулуктун алып жүрүүчүлөрү негизинен айыл жергесинде жашаган элеттиктер. Айылдарда кыргыздын элдик демократиясынын салттары жакшы сакталган. Көчмөн турмушту миңдеген жылдар бою башынан өткөргөн кыргыз эли XIX-XX кылымдарда гана олтурукташууга өтүп, аларда жамааттыктын (коллективизм), өз ара жардамдашуунун (круговая порука) принциптери дагы эле жандуу. Бул улуу Чыңгызхандын ясаларындагы “баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген принципке да окшош. Албетте, мында азыркы жашоого туура келбеген элементтер бар, бирок, кантсе да Батыштын “моделдешкен либералдык демократиясынан” алда канча артык. Батыштын мындай демократиясы чынында “баарын эсептеп турган рационалдуу эгоисттердин” тобунун демократиясыго. Анткени, байыркы гректердин элдик демократиясынын элементтери азыркы Батыштын жашоосунда таптакыр эстен чыккандыгын далилдөө кыйын эмес.
 
Биздин көптөгөн саясатчыларыбыз демократия жөнүндө кеп кылышып, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “демократия” деген сөздүн мааниси башкача болуп калгандыгын эске алышпайт. Карап көрөлү. 1933-жылкы Германиядагы демократиялык шайлоодо фашисттердин башчысы А.Гитлер бийликке келген. Ага чейин 1921-жылы эле Италияда Б.Муссолининин бийликке келиши да ошондой болгон. Ушундай сабактардын натыйжасында Европа элдин бардык катмарынын, жеке инсандарынын тең укук жана добуш менен демократиялык кыймылга катышуусун («демократии участия»[7]) четке кагып, “элитардык демократияны” практикага киргизишкен. “Элитардык демократиянын” өкүлдөрү саясатка каныккан, эл үчүн кызмат кылган адамдардан туруп, алар парламентаризм жолу менен бийликке таасир этишет. Бирок, Кыргызстанда булардан аша чаап, батыштын демократиясын ашкере туурап, көп учурда там-туң баскан ымыркай демократиябыз “охлократияга” айланып кетип жаткандыгын кантип тана алабыз. Байыркы грек окумуштуусу Аристотель б.з.ч. IV кылымда эле “демократия — бул туруксуз режим”. Аны туура колдонбосо сөзсүз алгач кайсыл бир топтун бийлигине (олигархия), ал эми андан ары жеке диктатурага (тирания) алып келээрин эскертип кеткен.
 
Кыргызстан чыгыш өлкөсү, байыркы цивилизациянын башаттарынын бири болгон Орто Азиянын тарыхый салттарынын улантуучусу болуп туруп, негедир, көп учурда коомдук жашоодо чыккан татаал суроолорго жоопту XVII-XVIII кылымдарда жашап өткөн батыштын ойчулдарынын эмгектеринен издейбиз. Жапан, Малайзия, Корей сыяктуу чыгыш өлкөлөрү мындай кылбай эле жоопту өздөрүнүн салттарынан эле таба жатышпайбы. Алардын коомдук жашоосу батыштан да алдыга озуп кетпедиби.
 
Кыргызстандын эгемендүү жылдарында болуп өткөн эки ыңкылап (туурараагы экинчиси биринчисин толуктаган түстүү “жоогазын” ыңкылаптары[8]) экөө тең кыргыз элинин абалтан келаткан салттуу демократиясынын аракетинин негизинде болуп өткөндүгүн тарых далилдеди. Анткени, аталган окуялардын башында батыштагыдай тигил же бул партия турган жок, тек, диктатураны каалабаган калктын салттуу элдик бийликке умтулуусунун жемиши болду. Ыңкылаптардын кыймылдаткыч күчтөрү катары эл массасы, аларды алга сүрөгөн “харизматтуу” элдик лидерлер болушту. Бул жерде азыркы бийликте олтурган чоң чиновниктер аталган кыймылдарды жетектеп беришти деген ойдон таптакыр алысмын. Эл арасындагы чыныгы элдик лидерлер бийликке жеткен да жок. Алар бийликти азыркы саясий элитага алып гана беришти. Демек, ыңкылаптын демилгеси айылдардан, кадимден келе жаткан элдик демократияны орнотууну каалагандардан чыкты жана аны өздөрү аткарышты.
 
Ошондуктан Кыргызстанда толук кандуу суверендүү коомду куруу үчүн биз негизги тагдыр чеччү принциптерди өзүбүздүн тарыхыбыздан, ата-бабаларыбыздын жамаатчылык (коллективизм), азчылыктын көпчүлүккө, жаштардын улууларга баш ийиши, элдик, улуттук нарк-насилди сактоо сыяктуу коомдук салттардан издеп, ал принциптерди Батыштын либералдык жашоосунун сөз эркиндиги, дин жана кулк-мүнөз (совест) эркиндиги, басма сөз эркиндиги, жыйналыш, митинг эркиндиги сыяктуу демократиялык укуктардын ХХ кылымда өздөштүрүлгөн укук-милдеттин заң-мыйзам базасына, анын технологияларына айкалыштыра билүүбүз зарыл. Мына ошондо гана биз Кыргызстандын келечегине “кыргыз” кейпин бере алабыз[9].
 
Үчүнчү, мамлекеттин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө[10].
 
Мамлекеттин биримдиги- бул өлкөнүн бүтүндүгүболуп эсептелет. Ал белгилүү бир чөлкөмдө жашаган, административдик-башкаруу системасы калыптанган, бардык жеринде борбордук жана жергиликтүү бийлик структуралары иштеген биримдик. Регионализмдик бөлүнүп-жарылуу жок. Чегара проблемалары чечилген, так жана бүтүн. Ал эми өлкөнүн бүтүндүгү бул элдин биримдиги. Анткени өлкө деген түшүнүктө негизги белги - бул эл. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. анда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Ар бир улуттун бири-биринен артыкчылыгы жок, укук-милдеттери бирдей, баш мыйзам аркылуу корголуп турат. Жашоо формасы, деңгээли, кул-мүнөзү, тили, дини башка болушу мүмкүн. Бирок, алардын биримдигине тескери таасирин тийгизе албайт. Демек, бул көп түрдүүлүктүн биримдиги (единство разновидностей) болуп саналат.
 
Элдин биримдигижөнүндө кеп кылганда бир мамлекетте жашап жаткан элдердин, улуттардын же этникалык топтордун биримдиги жөнүндө гана эмес, эл арасындагы саясий көз караштардын, турмушка, бийликке, мамлекеттеги тигил же бул орчундуу окуяларга карата болгон түрдүү мамилелердин биримдигин да көңүлгө алышыбыз абзел. Айрым учурларда бир мамлекеттеги элдердин, этникалык топтордун ажырымынан да бир улуттун ичиндеги саясий көз караштардын ажырымы коркунучтуу болушу мүмкүн. Мындай ажырымдарды көп учурда саясатчылар жаратышат. Кыргызстандын мисалында бул процессти эгемендүүлүк мезгилинде, айрыкча 2005-2007, 2009-2011-жылдардагы окуялардан көрүүгө болот.
 
Элдин саясий биримдиги дайыма стабилдүүлүктү камсыз кылып турат.Стабилдүүлүк болсо бул өнүгүү. 2002-жылдардан башталган системдик саясий кризистин жылдарында тынымсыз минтингдерден, атуулдук моюн сунбоолордон, саясий бейстабилдүүлүктөн өлкө канчалаган зыян тартты. Экономиканын өнүгүүсүнө зыян келди, инвестицияны тартуу солгундады. Өлкөнүн имиджине доо кетти. Адамдардын бейпилдиги бузулду, психологиялык травма алып жатышты.
 
Демек, суверендүүлүктүн камсыз болушу үчүн мамлекеттин биримдиги жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу зор маселе[11]. Бул жараяндын антиподдору төмөнкүлөр:
 
1) Өлкөнүн региондорго бөлүнүп, ыдырашы, регионализм. Башкача айтканда, түндүк-түштүк маселеси. Түндүк-түштүк маселеси негизинен георафиялык гана түшүнүк болуп келсе да, советтик доордун 60-жылдарынан, айрыкча Кыргызстандын эгемендигинин акыркы жылдарында саясатчылар тарабынан көбүртүлүп-жабыртылып, саясатка айланып кеткендигин жашырууга болбойт. Раззаков-Усубалиев, Масалиев-Акаев, Бакиев-Отунбаева схемасындагы мамлекет башчыларынын алмашышы ушул маселенин айынан “реванш алуу” сыяктуу туюлуп, элдин биримдигине зыян келтирүүдө. Бул маселе кыргыз коомчулугунда көпкө чейин улана бериши мүмкүн. Бирок, туура кадрдык, регионалдык саясаттын натыйжасында акырындык менен аны жоюу зарыл.
 
2)   Өлкө калкынын уруулук кландарга бөлүнүшү, башкача айтканда уруучулук (трайбализм). Бул түндүк-түштүк маселесине да, жердешчиликке да, уруучулукка да, корпорациялык кызыкчылыктардын негизинде пайда болуучу ажырымга алып барат. Көчмөн турмушка байланыштуу өнүгүп келген уруучулуктан өткөн кылымдын акыркы жылдарына чейин ажырабаган кыргыз эли үчүн бул оору дагы да көпкө чейин зыяндуу антипод катары сакталып, мамлекеттик биримдикке айрыкча кадр саясаты аркылуу зыян алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн туура өнүгүшү, турмуштун жакшырышы, экономиканын, маданияттын жана элдин интеллектуалдык деңгээлинин жогорулашынын негизинде бул илдеттен арылууга болот.
 
3)   Саясый ажырым. Бул процесс радикалдуу оппозициячыл күчтөрдүн расмий бийликке болгон мамилесине байланыштуу. Оппозиция, албетте, ар кандай демократиялуу өлкөнүн адаттагы көрүнүшү[12]. Бирок, оппозиция конструктивдүүлүктүн чегинен өтүп, охлократиялык жол менен мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн максат коюп, экстремисстик жолго түшсө, бул мамлекеттин биримдигине олуттуу доо кетирет. Демек, Кыргызстандын парламенттик башкарууга жана көп партиялуулук системага багыт алуусу менен 2010-жылдын аягынан баштап түзүлгөн Парламенттеги, Өкмөттөгү жана коомдогу азыркы абал кооптонууну бир топ алыстата алды. Мындай өнүгүүнү сактап калуу Кыргызстандын суверендүүлүгүнүн бекемделишинин бирден бир кепили.
 
4)   Этникалык ажырым. Бул маселенин курчуп кетиши, албетте, мамлекеттин биримдигине чоң коркунуч туугузушу мүмкүн. 1990-жылкы кыргыз-өзбек кагылышы же Ош окуялары этникалык ажырымды эң жогорку деңгээлге көтөргөндүгүн жакшы билебиз. Ал эми 2010-жылкы июнь окуялары анын канчалык коркунучтуу экендигин дагы бир жолу эскертти. Атүгүл, дүйнөлүк коомчулукка мамлекеттин имиджи төмөндөп, мамлекеттин пайдубалынын жакында бузулушу (несостоявщееся государство) жөнүндө кеп-сөз жүрө баштагандыгын кантип тана алабыз[13]. Бирок, ал кудайга шүгүр токтоп калды жана этнос аралык ажырымдын жаралары акырындап айыга баштады. Ошондуктан, бул маселеге дайыма деликаттуу мамиле жасап, өлкө башчылары туура улуттук саясат алып баруусу зарыл.
 
5)    Идеологиялык ажырым. Бул коркунуч саясий ажырымга жакын. Себеби, мындай ажырымдын түпкү себептери саясий көз караштардын, партиялык идеялардын атаандашуусунан, интернационалдуулук менен мекенчилдиктин карама-каршылыгынын шовинизм менен түркөй улутчулдукка чейин өсүп кетишине байланыштуу болот. Демек, идеологиялык ажырымды конструктивдүү нукка салып, аны идеялардын “интеллигентүү жарышы” катары калыптандырууга аракет болбосо, мындай ажырым, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү кармаштарга айланып кетиши мүмкүн.
 
6) Диндик ажырым. Бул маселе Кыргызстандын шартында өлкөдө бир нече диндердин, конфессиялардын жанаша жашашына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. Өлкөдө кийинки учурларда активдешкен диний экстремисттик топтордун, сепаратисттик кыймылдардын, террордукка жакын «Хизбутчулардын” аракеттери так ушул диндик, конфессиялык ажырымды күчөтүдө. Мамлекеттик деңгээлде бул коркунучтун алдын алуу кечиктирилгис маселе. Өлкө башчылары сабаттуу, кылдат саясат жүргүзүп, толеранттуулукту калыптандыруу олуттуу милдет болуп калышы керек.
 
7) Мамлекеттин чегаралык бүтүндүгүнүн коопсуздугу. Бул маселе көбүнчө Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чегара мамилелерге байланыштуу. Азыркы цивилизациялуу заманда мындан өтө кооптонуунун зарылчылыгы жок. Ошондой болсо да, коңшу өлкөлөрдө саясий стабилдүүлүк бузулса белгилүү деңгээлде мамлекеттин чегара бүтүндүгүндө кыйынчылык туулушу мүмкүн. Демек, демаркациялык иштерди токтотпостон, колдон келишинче тезинен чегара маселелерин чечүү суверендүүлүктү чыңдоонун ири маселелеринин бири болуп эсептелет.
 
Төртүнчү, жарандык коом жөнүндө.
 
Кыргызстанда жарандык коомдун өнүгүү темпи башка КМШ өлкөлөрүнө караганда алда канча ыкчам жүрүп келе жаткандыгы маалым. Албетте, жарандык коомдун өнүгүшү эл катмарынын социалдык-экономикалык, руханий талаптарын канааттандырып гана тим болбостон мамлекеттик башкарууга да таасирин тийгизип жаткандыгы жакшы деңизчи. Бирок, өлкөдөгү мындай демократиялык институттардын өсүүсүндө кандайдыр бир жагымсыз, кайсы бир деңгээлде кооптуу жагдай (негативный крен) сезилүүдө. Сөз Кыргызстанда аракеттенип жаткан эл аралык, жергиликтүү жарандык уюмдардын ондогон өкүлдөрү “модерндешкен батыштык либералдык демократиянын” салттуу кыргыз коомчулугуна жат элементтерин кээде байкоостон, айрымдары атайылап эле киргизүүгө аракеттенгендиги жөнүндө болуп жатат[14]. Эмне үчүн мындай болууда? Эмне үчүн Кыргызстанда түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын, түрдүү коомдордун, фонддордун саны Борбор Азиядагы ушундай эле уюмдардын санынан да ашып түшүүдө? Аңдап көрөлүчү. Саясий партиялардын саны акыркы мезгилде 120га чукулдап калды. Алардын айрымдарынын гана аты белгилүү болбосо, көпчүлүгүн коом тааныбайт. Кай бир партиялар, мүчөлөрүнүн саны жагынан “бир дивандык” гана. Түрлүү өкмөттүк эмес уюмдардын басымдуу көпчүлүгү Бишкекте, калгандары Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда жайгашкан. Ал эми башка элдүү пункттарда жокко эсе. 
 
Чын-чынына келгенде, алар коомдо чын эле “жарандык коом” деп аталган миссиясын актап жатабы? Биздин пикирибизче андай эмес. Партияларыбыздын басымдуу көпчүлүгүнүн али социалдык платформалары түгүл, туу тутунган өзгөчө идеялары да жок. Уставдары коёндой окшош. Ал эми ӨЭУдар болсо аларды түзгөн тигил же бул инсандардын жеке финансылык кызыкчылыктарын гана коргойт. Түрлүү партиялар, коомдук уюмдар, фонддор эптеп эле тигил же бул майда барат максат менен түзүлгөн. Же болбосо депутаттыкка ат салышууга, мүлкүн сактоого, мүмкүн гранттык жол менен эптеп акча каражатын табууга болгон аракеттин жыйынтыгы. Демек, Кыргызстанда али толук кандуу жарандык коом түзүлө элек деген корутунду чыгарууга болот[15].
 
Ошондой болсо да, 2005-жылдан кийин, айрыкча 2010-2011-жылдардагы саясий окуялардын мезгилинде, жарандык уюмдардын айрым өкүлдөрү мамлекеттик саясатка, коомдук турмушка таасир этип, активдүүлүгүн көрсөтө баштагандыгы кубанарлык нерсе. Парламенттик башкарууга кирген өлкө катары Кыргызстан жарандык коом өз миссиясына жооп берерлик абалга көтөрүү үчүн ММК жана интернет айдыңы менен айкалышкан олуттуу концептуалдуу программаларды кабыл алып, ишти концептуалдуу жөнгө салуу зарыл экендигин мезгил тастыктоодо.
 
Уландысы бар.
 
 
Эскертүүлөр:
 
1. Суверенитет термини жөнүндө толугураак караңыз: http://www.onlinedics.ru/slovar/pol/.
2. Осмонов О.Дж. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней): Учебник для вузов.-Б.,2005.-497-б.
3. Кененсариев Т. Бизге кайсыл формадагы башкаруу ылайыктуу.// Жаны кылым. 13.10.2006.
4. Мындан үч жыл мурун биз да Россия жана Казахстандын тажрыйбасындай “башында акылдуу, көсөм лидер турган мамлекеттик башкарууну” туура деген элек. Толугураак карап алыңыз: Кененсариев Т. Сейчас кыргызстанцам стоит прислушаться к «разумному авторитаризму».// Судебная экспертиза. 29.11.2008. http://209.85.129.132/search?q=cache:t__4eVtfnvQJ:www.forensicsciences.ru/news/news.aspx.Такжевwww.kyrgyznews.com/readarticle. php?article_id=1559. 29.11.2008.
5. Кененсариев Т. 7-апрель революциясы тагдыр чеччү тарыхый окуя.//http://kyr.kabar.kg. 07/04/11; Ошол эле автор. 24-март жана 7-апрель: Окумуштуу ой бөлүшөт.// http:/akipress.org.// БАРАКЕЛДЕ (05.04.2011);  www.azattyk.kg.12.04.2011.
6. Толугураак караңыз: Кененсариев Т. Продвижение демократии в Кыргызстане: достижение и проблемы.// Госагентство «Кабар», 19 мая 2006 г.
7.Укушев М. Какое государство мы строим: О демократии и свободе в смутное время. //Общественный рейтинг. 20.07.2006.
8. Кененсариев Т. 7-апрель революциясы тагдыр чеччү тарыхый окуя.//http://kyr.kabar.kg.07/04/11; Ошол эле автор. 24-март жана 7-апрель: Окумуштуу ой бөлүшөт.// http:/akipress.org.// БАРАКЕЛДЕ (05.04.2011); www.azattyk.kg.12.04.2011
9. Кененсариев Т. Степная демократия: сложный опыт: Опыт демократии в Кыргызстане: история, реалии и перспективы.// Prudent Soliions//Аналитический центр "Разумные Решения"Wednesday, 21.02. 2007. 
10. Кененсариев Т. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо улуттук милдет.//Эркиндик газетасы.2007.5.12.
11. Бул маселенин олуттуу мааниси бар экендиги жөнүндө мурунку макалаларда да айтылган. Караңыз: Кененсариев Т. Эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө – ар бирибиздин мекенчилдик парзыбыз, тарыхый милдетибиз.// Кыргыз Туусу, 31.08.-3.09.2007.
12. Оппозиция жөнүндө толугураак караңыз: Кененсариев Т. Нужна ли оппозиция Кыргызстану?// Ориентир. Анал. бюллетень № 1 (13) 2006.- - С.66-75.
13. Мигранян А. Жесткий бархат (интервью) 18.09.2005 http://www.centrasia.ru/news;  Князев А. Кыргызстан - страна без государства  04.02.2006 http://www.analitika.org; Грозин А. «Пост-постреволюционная» Киргизия – несостоявшееся государство //Интернет газета - Белый Парус.26 июня 2010 г. Ошол эле автор. Псевдогосударство Киргизия. 07.10.2010. Сайт “journal-neo_com”// Электронный журнал “Новое восточное обозрение” жана башкалар.
14. Толугураак караңыз: Кененсариев Т. Продвижение демократии в Кыргызстане: достижение и проблемы.// Госагентство «Кабар», 19 мая 2006 г.
15. Кененсариев Т. Суверенитет Кыргызстана:вчера, сегодня, завтра. Первая и вторая части.// Госагентство KABAR, 2006.07.09.