Бишкек, "Саясат.kg". Демек, бул көйгөй кечээ же бүгүнкү эмес, эки жылдан берки эки анжы түйүн болгон.
Жакында эле сот депутат Өмүрбек Бакировду добуш сатып алган деген жүйө менен мандатынан ажыратты. Мындан улам, № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылды. Эмнеге? Бүгүн коомчулуктун айрым катмары дал ушул сурооого жооп алгысы келет.
Бакировдун мандаты башынан күмөн болгонбу?
Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2021-жылдын 28-ноябрында жалпы Кыргызстан боюнча парламенттик шайлоо өтүп, Көк-Жар округунан Бакиров утту делинген. Бирок, атаандашы “добуш сатып алган” деп округдагы мыйзам бузуулар боюнча ишти кайрадан кароо үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган. Ошонун негизинде иш кайра жандандырылган. Демек, бул көйгөй кечээ же бүгүнкү эмес, эки жылдан берки эки анжы түйүн болгон.
Демек эмне кылуу керек?
Сөздүн ток этээрине токтолоордун мурун маселени терең чечмелеп, болуп өткөн окуяларга (хроника) жана фактыларга көз чаптыралы! Ошондо гана чындык чыркырап, коомчулуктагы түпөйүл суроолордун түйүнү чечилип, картина толук ачылат...
Баштапкы баян. Же окуя кандай нукта өнүккөн?
Ноокат районунун бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча 8-талапкер катталып, депутаттыкка ат салышышкан. БШКда өткөрүлгөн чучу кулак кармоонун натыйжасында Равшан Рыспаев аттуу талапкер №1, ал эми Өмүрбек Бакиров №2, калган калган талапкерлер башка сандар менен бюллете́нге жайгашкан. Кеп санда эмес. Окуяны тизмектөө үчүн гана! Ошентип, мыйзам аныктаган мөөнөттө үгүт иштери башталып, дээрлик баардык талаперлер эл алдына чыгып, өз программалары менен тааныштырышып, үгүт иштерин жүргүзүп башташат.
Үгүт соодага айланганбы?
Үгүт иштери учурунда Ноокат районуна караштуу Дөң-Кыштак айылына караштуу Тескей участкасында талапкер Ө.Бакиров жергиликтуу тургундар менен 7-ноябрда жолугушуу өткөрүп, таза сууга жана жолдорду оңдоого жардам берээрин айтат. Арадан эки күн өткөндөн кийин Бакировдун штаб башчысымын деп жүргөн Хабибулло Гаипов жана №5573 Тескей шайлоо участкасынын төрагасы Фохридин Нарматовтор менен бирге Бакировдун атынан айылга 30 тонна цемент келгенин вотсап группа аркылуу билдиришип, түшүргөнгө жардам берүүнү жарнамалашат. Ошентип, Ө. Бакиров “Синжи прим” цемент заводунан чыккан 30 тонна цементти Н. Сулайманкулов аттуу айдоочу аркылуу Тескей айылына алып келген болот. Цемент түшүп бүтүп калган маалда Хабибулло Гаиыпов бюллетендеги №2 санга добуш берип койгула деп ошол жердеги чогулган элди үгүттөйт. Маселенин башы ушул жерден башталат. Себеби, мыйзамда шайлоо белгиленген учурдан тарта, шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине, белек-бечкек же башка материалдык баалуулуктарды тартуу кылууга болбойт деп бакырайып жазылып турат.
Маселеге дароо маани берилгенби?
Ооба, түшүрүлүп жаткан цемент боюнча укук коргоо органдарына маалымат түшүп, милиция кызматкерлеринен турган топ, жеринен барып териштирүү иштерин башташат. Бул шайлоочуларды сатып алуу үчүн алып келинген цемент экени билинип, окуя кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, (№0340-2021-001536 сандуу) кылмыш иши козголуп, Х.Гаипов жана Ф.Нарматовтордун үстүнөн териштирүү иштери башталат. Териштирүү учурунда көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен цемент Бакировдуку экени далилденип, 30 тонна цемент 149 500 сомго бааланат. Ушул жерден “Башкаларга эмне бергендигиңиз эмес, кандай бергендигиңиз маанилүү” деген Пьер Корнел аттуу франциялык драматургдун сөзү эске түшөт экен.
Шибегени капка катууга болбойт
Эң кызыгы талапкер Ө.Бакировдун кылмышка тиешеси бар же жок экенин тергөөчү эмнегедир өзүнчө өндүрүшкө бөлүп, №03-040-2021-1548 саны менен каттоодон өткөрөт. Окуя катталаардан мурун жергиликтүү ПОМдун начальнигинин атына 7-ноябрда Тескей айылына талапкер Бакировдун жолугушуусу болору жөнүндө кат жолдонот. Катка Х. Гаипов штаб башчысы деп өз колун койгону тастыкталган. Шайлоого бир күн калганда 27-ноябрда тергөөчү Х.Гаипов жана Ф.Нарматовтордун үстүнөн козголгон кылмыш ишти сотко өткөрөт. Ал эми өндүрүштөн бөлүнгөн Бакировдун ишин тергөө амалдарын жүргүзбөй туруп, кылмыш ишти жашырып коюшат.
Андан ары карай
Сотко келип түшкөн материалдар боюнча Ноокат райондук соту биринчи териштирүүнү 16- декабрга белгилейт. 28-ноябрь күнү шайлоо өтүп, шайлоонун жүрүшүндө 5365,5366,5367,5368 шайлоо участкаларында көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнү жөнүндө актылар түзүлүп, Ноокат райондук округдук комиссияга арыздар берилет. Окружной комиссия арыздарды албай көптөгөн тоскоолуктарды жаратат. Равшан Рыспаевге агитатор болуп иштеген жарандар түнү менен Бишкек шаарына келип, 30-ноябрда жогоруда көрсөтүлгөн 4 участокто массалык бюллетень салуу, чет жерде жүргөн жарандардын атынан добуш беруу, жана көптөгөн мыйзам бузуулар боюнча арыз жазышат.
Эми Бакиров айткан 3 күн маселеси боюнча
Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар 3 күн ичинде каралышы керек болчу деген Ө. Бакировдун билдирүүлөрү боюнча кеп кылалы. Так ошол мезгилде, шайлоо болуп жатканда Төө-Моюн айыл аймагына караштуу Жеке-Мисте участкасында күндүз эле дезинвекция кылабыз деген шылтоо менен шайлоо өтүп жаткан жерден баардык комиссияны жана байкоочуларды чыгарып жиберишет. Ак халат кийип беттеринде маска тагынган белгисиз адамдар менен комиссия башчысы жарым сааттай эч кимди киргизишпей коюшат. Бул боюнча укук коргоо органдарына жазылган арыз да жоопсуз калат. БШКга берилген арыздарда бюллетендерди кайра саноо суралганына карабай, ар кайсы шылтоолор менен БШК да баш тартат. БШК Көк-Жар шайлоо округунда шайлоонун жүрүшүн аныктоо боюнча отурумду 12- декабрга койгонун белгилейт. Р.Рыспаевдин өкүлү А.Жумалиев 12-декабрь күнкү жыйында Ноокат районунда козголгон кылмыш иш 16-декабрга белгиленди ,кылмыш иш каралып бүткүчө Көк-Жар шайлоо округунун жыйынтыгын карабай тургула деп сөз сүйлөп, кошумча арыз да тапшырат. Цемент окуясы катталганда милициядан келип түшкөн маалыматтын негизинде 27-ноябрда координациялык группа тарабынан кеңешме өтөт. Координациялык кенешмеде Ноокат районундагы козголгон № 040-2021-001536, сандуу кылмыш иштердин жүрүшүн карашат. Бирок, жыйындын протоколунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө башка эле №02-040-2021-001755-001-000001 тиешеси жок ишти карап жазып коюшат. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иш фейсбука чыккан фейк материал боюнча болгон. Ошол күндөн баштап БШК “Подкуп” боюнча козголгон кылмыш ишин бурмалоого өтөт. 2021-жылдын 12-декабрындагы БШКнын кезектеги отурумунда ИИМден келген №1/7137 сандуу справканын жообу каралат. Ал справкада козголгон номери № 040-2021-001536, сандуу кылмыш ишине Ө. Бакировдун тиешеси жок деп маалымдалат. Ал эми Ө.Бакировдун үстүнөн козголгон №03-040-2021-001548 сандуу кылмыш иши боюнча сөз болбойт. Мына бул көз боемочулуктун өзү эле ачыкка чыкса, бул ишти будамайлаган бир топ киши сот жообуна тартылып кетээри анык.
Соттун акыркы чечими чыга электе ИИМ Ө.Бакиров күнөөлү деп айта албайт эле. Ал эми Р.Рыспаевдин өкүлү А. Жумалиевдин “подкуп” (пара берүү) боюнча козголгон кылмыш иши бүткөнчө мандат берилбей турсун деген арызы, БШК тарабынан “Эске алынсын!” деп бир пунктуна жазуу менен Ө.Бакировго мандат берилип калат. Ошол учурда БШК бир нерсени эске алгылары келбептир. А.Жумалиев “эске алгыла” деп арыз берген эмес, “кылмыш иш аягына чыккыча токтотуп тургула”- деп берген. БШК өздөрү карап жаткан протоколдун экинчи барагына А. Жумалиев каралып жаткан кылмыш ишке “көнүл бурулсун”-деп суранды деп жазып коюшкан. Ал эми А. Жумалиев “токтотуп тургула” деп суранган. БШК нын чечимдери Бишкек шаардык административдик сотуна берилип, 17-декабрда сот тарабынан БШКнын чечимдери туура деген аныктама чыгат. Козголгон кылмыш иштерге эч ким көңүл бурбайт. 12-декабрда эптеп мандат алып калыш үчүн Ноокат райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иштерге “жактоочулар ооруп жатат” деген шылтоо менен сот отурумдарын атайлап создуртуп турушкан. Ошентип Ноокат райондук соту тарабынан 2022-жылдын 13- январь № УД-09/22-05 өкүм чыгат. Райондон чыккан өкүм апелляциялык тартипте Ош облустук Соту тарабынан 2022-жылдын 31-мартында № АО-04-140/22КИ каралып, Х.Гаипоб жана Ф.Нарматов кодекстин 196-беренесинин 1-бөлугү менен күнөлүү деп табылышып, 60 000 (алтымыш миң) сомдон айыпка жыгылышат. Ошондой эле, келген цемент Бакировдуку экендиги белгилүү болгон. Соттун күчүнө кирген өкүмдөрү ЖПКнын 421-беренесинин негизинде Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, токтому, аныктамалары мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү бийлик органдары, кызмат адамдары, физикалык жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү түрдө жана кыйшаюусуз аткарылышы керек деп жазылып турат. Мыйзамдын көзөмөл органы болгон прокуратура тарабынан 31-мартта күчүнө кирген өкүм кароо үчүн БШК жиберилиш керек эле. Белгисиз себептер менен “Подкуп” боюнча чыккан өкүм жашырылып эч жерде каралбай келген. Демек, шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар 3 күн ичинде каралышы керек болчу деген Ө. Бакировдун билдирүүлөрү теңирден тескери чыгып жатпайбы.
Чындык ачуу, бирок-ал чындык
Качан кана Р.Рыспаевдин өкүлү А.Жумалиев маселенин чоо жайын толук билгенден кийин пайда болгон жаңы жагдайлар менен мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн сотко берет. Административдик, апелляциялык, кассациялык тартипте соттук териштирүүлөр жүрүп, мөөнөтүн калыбына келтирилгенден кийин гана иш боюнча тиешелүү тартипте каралып баштайт. Бишкек шаардык административдик соту тарабынан 2023-жылдын 07-июнунда БШКнын Ө.Бакировдун депутат деп тапкан токтому жокко чыгарылат. БШК тарабынан Бишкек шаарынын административдик соттук коллегиясына апелляциялык тартипте арыз жазылат. Бишкек шаарынын Административдик соттук коллегиясы 26-июлда биринчи инстанциядагы соттун аныктамасын күчүндө калтырат. Андан кийин БШК кассациялык тартипте Жогорку сотко кайрылат. Жогорку сот болсо, Биринчи жана Экинчи инстанциядагы соттордун аныктамаларын күчүндө калтырат. Ошентип узака созулган соттук териштирүүлөр аягына чыгат. Атайылап бурмаланып, жашырылып келген иш кеч болсо да Соттор тарабынан адилеттүү, кылдат каралып чындык чыгат. Ошол себептен, иш созулуп, 2 жылдык убакытты жеген.
Ленин районундагыдай эмнеге ал округдан кайра шайлоо өткөн жок?
Мыйзам боюнча бир мандаттуу округдарда өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын үчтөн бири, тагыраагы, 33% дан ашыгы жокко чыгарылган учурда кайра шайлоо дайындалат. Тактап айтканда, БШК Ленин шайлоо округунда эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын жеңишин жокко чыгарган. Себеби, тергөөдө талапкер добуш сатып алганы тастыкталган. Добуш сатып алуу аракети кылмыш жаза кодексинин 196-беренесинде каралган. Анда талапкер, талапкердин жубайы жакын туугандары жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен ишенимдүү адамдарынын добуш сатып алуу аракети аракети аныкталса, 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин айып салынат. Же 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүндө эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК “шайлоонун жыйынтыгы анык эмес” деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт. Ниязалиевага берилген добуштар 35,86 пайызды түзгөн. Ошол себептен Ленин районунда кайра шайлоо өткөн. Ал эми жокко чыккан добуш андан аз болсо, мандат добуштардын саны боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет. Мисалы, буга чейин Бишкектин Свердлов району боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, талапкер Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылган. Эгер ага чейин алдыга чыккан Абдурахманхажи Муртазалиев жалпы добуштардын үчтөн бирин алган болсо, кайра шайлоо жарыяланмак. Бирок андай болгон жок, демек андан кийин келе жаткан Атазовго мандат берилген. БШКнын маалыматы боюнча, №29 Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. Бирок 9-мартта БШК анын каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген. Бул чечимди соттун бардык инстанциясы туура деп тапкан. Эми Көк Жар шайлоо округун мисалга тарталы: Бул округда болсо, Свердлов районундагыдай окуя орун алган. Бакиров Өмүрбек 32, 42 добуш деп саналса, Равшан Рыспаевдики 30, 26 % деп табылган. Бирок, Ө.Бакировдун добуш сатып алуу фактылары аныкталып, андан кийинки талапкер Равшан Рыспаевге мандат берилген. Бул мыйзамда ушундай белгиленген. Болгон маселе эле ушул.
Мыйзам жолу кең болот, бардыгына тең болот
Андыктан, Ө.Бакировдун Жогорку Кеңештеги кээ бир санаалаштары ал кишинин таламын талашаардан мурда, шайлоо кодекстерин, мыйзамдарды дагы бир сыйра окуп, окуяга саясий боек сыйпаардан алдын, “мыйзам жолу кең болоорун, бардыгына тең болоорун түшүнүүлөрү керек.