Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 7910

Бишкек, "Саясат.kg". Олжобай Шакир кармалса, ага да дароо саясий түс берип, «оюн эркин айткандар кармалып, камала баштады» деп жазып чыгышты.

Ашкере саясатташып кеттик. Эмнени айтсак, жазсак боло берет, ал үчүн жооп бербешибиз керек деп калдык. Сөз, ой эркиндигинен кыянат пайдаланчу болдук. Көрүнгөн нерселерге мурдубузду тыкканды адат тургай милдет кылып алдык. Айтор, чаржайыт, башаламан коомго айландык…

Бир кримлөктүн бир камактан экинчи камакка которулганына чейин кийлигишип, аны ардактап, кастарлап алганыбызга, башка көйгөйлөр куурулуп калгансып, аны негизи жаңылыкка, окуяга айлантып алганыбызга жол болсун!

Журналист, жазуучу Олжобай Шакир кармалса, ага да дароо саясий түс берип, «оюн эркин айткандар кармалып, камала баштады» деп жазып чыгышты. Олжобай Шакир оюн эркин, каалаганын каалашынча айтып келатат. Мүлдө кыргызды шылдыңдап, бийликке жан тарткандарды мазактап да келатат. Ага унчуккан эч ким жок. ЛГБТ бул маданият деп даңазалап, Батыштын кыргыз элинин кулк-мүнөзүнө, менталитетине жат көрүнүштөрүн, баалуулуктарын таңуулап да келатат. Анан эле 31-августта элди митингге чакырганы үчүн УКМК суракка алса, айгай салган өтө эле аша чапкандык. Кечирип койгула, бирок мында маселе бар. Мында саясый жаңжал чыгарып, туруктуулукту бузуу аракети бар. Митинг кылбасын деген эч ким жок. Бирок эмнеге өлкөнүн башкы майрам күнү 31-августта? ЛГБТны колдогонбу, бийликке кыр көрсөткөнбү, сын айтканбы иши кылып митинг, акцияларын 31-августтан кийин уюштурса болбойбу? Бийликке атайылап тийишип, а түгүл эрегишип, колуңардан эмне келет дегенсип жатабы? Ооба, ошондой эле болуп атат.

УКМК мында өз ишин кылып атат. Өлкөнүн, элдин тынчтыгына доо келтирген деструктивдүү чакырыктарга, аракеттерге реакция кылууга, чара көрүүгө милдеттүү. Улуттук майрамда мыйзамсыз нерселерге жол бербөө анын уставдык милдети. Андыктан Олжобай мырзанын кармалганынан саясат жасоонун кереги жок! Суракка алынат, эскертүү берилет, анан үйүнө чыгарылат. Менимче, андан ашыкча (эгерде ал дагы тартип бузбаса) эч нерсе деле болбойт. Айтарым, мында “чымындан пил жасаганга аракеттенип” кыйналуунун кереги жок. Жөн эле материалдын сапаты ага ылайык келбейт.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист