Бишкек, "Саясат.kg". Кеп генерал Ташиев жетектеген мекеме Кыргызстандагы "улуттук" аталган жалгыз мекеме экенинде.

УКМК төрагасы генерал Ташиев Душанбеде Тажикстандын президенти Рахмон менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы бардык талаш маселелерди талкуулады. ММКлардагы маалыматтарга таянсак, сүйлөшүүлөр абдан татаал өттү, бирок тараптар баары бир жалпы пикирге келе алышты, анын ичинде чек ара маселеси боюнча дагы... 

Медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камчыбек Ташиев тарабынан жарыяланган коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Бул этап колу таза эместердин баарына - алардын кесибине, ээлеген кызматына жана башка "жеңилдиктерине" карабастан бирдей тийиштүү болот. 

Июнь айынын соңунда УКМК Ош шаарынын ИИБи менен биргеликте Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом опузалап алып, андан кийин аны ай сайын 15 миң сомдон төлөп турууга милдеттендирген кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармады. 

Ооба, сумма анчалык деле көп эмес, мындай майда бандиттерди милиция кызматкерлери өздөрү укмкчылардын жардамысыз деле кармап коюшса болмок... Бирок кыязы, күчтөрү жетпеди окшойт. 

Соцтармактардагы жаңылыктарды комментарийлеп жатып айрым жарандарыбыз "УКМК эмнеге бардык ишке - жөнөкөйдөн тартып мамлекеттик маанидеги ири кылмыштарды ачыкка чыгарууга - аралаша берет" деген суроону жаадырышат. "Ташиев тынч отура албай калганбы - коррупционер-милиционерлерди акырын кармап, анан чек ара маселеси менен алектене бербейби" дегендер да жок эмес. 

Кеп генерал Ташиев жетектеген мекеме Кыргызстандагы "улуттук" аталган жалгыз мекеме экенинде. "Мамлекеттик" мекемелер көп, а "улуттук" бирөө гана - УКМК. Бул сөздөрдүн ортосунда көпчүлүк аңдай бербеген айырма бар. 

"Мамлекеттик" деген кошумча сөз анын кайсы бир мамлекетке таандык экенин билдирет, биздин абалда Кыргызстанга. "Улуттук" - бул элге таандык болгон нерсе. "Мамлекеттик" - саясий түшүнүк, бийликке, башкарууга байланышкан нерсенин баарына кетет. "Улуттук" термини эл кызыкчылыгын коргоого көбүрөөк ыктайт. Бардык деңгээлде. 

Так мына, ушул менен Камчыбек Ташиев алектенет. Майда да, чоң да иштерде эл үчүн күрөшөт, анын кызыкчылыгын коргойт. Мамлекет үчүн президент жооп берсе, улуттук маселелердин жоопкерчилиги УКМК төрагасында. Кыргызстандын тарыхында буга чейин жетекчилик түзүмүндө ушундай биримдик жана ушундай айырмачылык болгон эмес. 

Президент Жапаров глобалдуу сырткы саясий маселелерди чечип жаткан маалда генерал Ташиев бардык кыргызстандыктарда чек арага, коррупционерлерге, уюшкан кылмыштуу топторго байланышкан маселе жаралбашына кам көрөт. А бул эң жакшы жыйынтыгын берип жатат. Ал - биздин тарыхтагы биринчи генерал, парадоксалдуу түрдө дүйнө генералы деп атасак жарашат. 

 Булак: vb.kg