Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 5272

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев генерал-лейтенант К.Ташиев жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы жөнүндө

(К.Ташиевдин соңку кайрылуусунан улам)

Коррупциянын, кылымыштуулуктун “шишиги” өлкөбүздүн жүрөгүнө чаап баратканда оңдой берди болуп, журтубуздун башына 2020-жылы жаңы бийлик келип, оор илдеттердин шишигин таратуу үчүн чечкиндүү күрөш башталды.

Эгемендүүлүктүн жылдарында мекенибиз эмне үчүн экономикалык кризистин сазына батып, очорулду? Төмөнкүдөй символикалуу салыштырууну жана образдуу метафораны алдыңарга тартайын. Сыналгыдагы “Киносаякат клубунан” төмөнкүдөй картинаны баарыбыз тең эле көргөнбүз. Африканын сованнасында жапайы эң зор буйвол-уй же бука куйругун көтөрө бардык күчү менен жанталаша чуркап, кичинекей жапайы иттердин куугунунан качып баратат. Бир маалда жапайы иттердин бирөө уйга жетип, арткы такымынан тиштеп, сүйрөлүп алат. Экинчи ит да жете келип, курсактан тиштеп, а дагы сүйрөлүп жөнөйт. Аңгыча үчүнчү ит уйдун алкымынан тиштеп, салаңдап калат: Бечара уйдун арышы жайлайт. Иттерге кудай берет. Дагы бири уйдун курсагынан буурдап, жанагынтип  сүйрөлүп жөнөйт. Дагы бири жонуна секирип чыгып, кежигеден аткыйт. “Амалыңдын кеткени, ажалыңдын жеткени” дегендей, баягы ашып-ташкан жапайы күчүнө салып, атырыла чуркаган буйвол бара, бара буттары чалыштап, дабдыраңдай баштайт.

Мен жакырчылыктын сазына батып, кыйналган мекенемди Африка талаасындагы дал ушул уйдун абалында көрүп турам. Эгер мекенибизди уй эмес, “аргымак” деп образдуу элестетсек, анда ар кандай уурулар, кылмышкерлер, мафиялык топтор, криминалдар, казына тонугучтар, жемкорлор, алкы бузук аткаминерлер, алдым-жуттум жетекчилер, абыке-көбөштөр, көзкамандар, көмүскө экономиканын келемиштери республиканын аргымагынын денесине жанагы иттер сыяктуу чапкенедей жабышып, канын соруп турушат. Ал “иттер” ата-журтубуздун аргымагынын көкүрөк-көөдөнүнөн, тамагынан, чатынан, жонунан, жалынан, кабыргасынан, курсагынан тиштеп, талап-тоноп жатканынан улам аргымагыбыздын арыш кере албай, мүдүрүлүп-мүчүп, очорулуп-оңолбой турганы ушундан. Бизге бүгүн республиканын тулпарынын тулкусуна тиштерин матырып, күлүгүбүзү чуркатпай сүйрөлүп алышкан “иттерди” бирден терип, мыйзамдуулуктун союлу менен тумшука чаап жыгуу, жок кылуу аба менен суудай керек болуп турат. Өлкөбүздү коррупция, кылмыштуулук деген балээден арылтуу – бул социалдык адилетсиздиктен, өлкөнү өзүмчүл башкаруудан тажаган элдин социалдык заказы. Дал ушул элдик социалдык заказдын талабынан чыккан К.Ташиевдин кайрылуусу кош колдоп колдоого татыктуу жана бул жаңы бийликтин саясий эркинин күчтүүлүгүн  айгинелейт.

Ырас, К.Ташиев кайрылуусунда айткандай, коррупция менен күрөшүү айтканга жеңил болгон менен иш жүзүнө келгенде абдан татаал, кыйын-кезеңдүү. Коррупционер көп учурда жогору жактагы даражалуу, мансаптуу үлкөндөр, ылдый жактагы ымалалаштар, туура жактагы туугандар менен чырмалышып турат. Бул “желелерди” кыркуу, кыя чабуу кызылдай кыйынчылыктарды жаратат. Маселен, өкмөт жактан келген эсептөө палатасынын текшерүүчүсү кээде текшерген мекеменин же ишкананын ишинен көптөгөн финансалык майзам бузууларды таап, бирок мекеменин жетекчилигинен ири сумманы “белекке” алып, кемчиликтерди кайра жаап, справканы жеңилдетип жазып, чөнтөгүн толтуруп кете бергени эл ичинде көп айтылат. Өкмөттө иштеген байланыштары көп мындай жемкор кайырмакка түшсө, анын туйлаганынан укуругуң сынып кетиши да мүмкүн.

Дегеле коррупция деген нерсе, түркүн түстүү, кубулма социалдык феномен. Анан дагы адам мына момундай философия менен тымызын ичинен куралданып алса эмне кыласың? Мисалы, анын ой жүгүртүү образы момундай: Бу дүйнө жалган, сен бу жарыкка аз күнгө гана келген коноксуң. Колуңдан келсе убагында ойноп-күлүп кал. Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин. Калат го бир күн алтын баш, карарган көрдүн түбүндө. Дүйнөгө түркүк болмой жок. Дүйнөгө түркүк болом деген Чыңгызхандар, Темирландар, Напелеондор кана? Бүгүн алардын сайда саны, кумда изи жок. Акыры акыр заман да келээр. Дүйнөнү жакшыртам деп нервиңди короткондон не опаа? Атасынын көрү, жебеген жердин алдында. Аз күнчөлүк өмүрдө көрөр күнүңдү көрүп кал, аларыңды алып кал, жуларыңды жулуп кал. Алты күн атан болгуча, бир күнү буура болуп зиркилде. Адам ичинен ушинтип ойлонсо, ушундай позицияда болсо, анын ичин мамлекет көзөмөл кыла албайт. Адамдын ички органдарын рентген көрөт. Бирок адамдын өйдөкүдөй ичтен тутунган философиясын, жүрүм-турумунун ушундай мотивациясын эч ким, эч нерсе, эч бир аппарат көрө албайт. Бул “философ” сыртынан сыпаа, тартиптүү, талап кылынган процедураларды, нормаларды сактап, тышкы түрүн мыйзамга ылайыктап коет. Бирок ичинен жырткыч. Ыңгайлуу учурду күткөн желмогуз. Бул үчүн ыйык нерсе жок. Паракорлук ал үчүн аба менен дем алгандай эле демейки көрүнүш. Пара алууну ал өтө кылдат жолдор менен камырдан кыл сууругандай кылып ишке ашырат.

Ох, оңбогурдуку ай! Ырасында эле, “жырткычтар” менен күрөштүн жолу кандай татаал. Кээде К.Ташиевди аяп да кетесиң. Бирок да К.Ташиев чечкиндүү, коррупцияга таштай катуу, кайра артка кайтаар түрү жок. Ал амалды табат, капканды салчу жерге салып, көзгө көрүнбөгөн механизмдерди иштетет. “Же мени коррупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын”,- деп ортого  ат ойнотуп чыгып, оозуна “кыл чайнап” турбайбы, кайран азамат.

Кылмыштуулуктун, жемкорлуктун ар кандай түрлөрү менен күрөшүү алардын тамырын кыркуу “бул, өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, башка менде жол жок. Жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда да, бала, бир тууган, дос, жолдоштор, туугандардан”-  деп айтты К.Ташиев өзүнүн кайрылуусунда. Ушуга байланыштуу элдин өткөн тарыхынан бир мисалды келтиргим келет. Кечээ Октябрь төнкөрүшүнө чейинки заманда Жумгалда бүтүндөй кыргызга белгилүү Байзак Тооке уулу аттуу даанышман, калыс, чынчыл, элим, жерим деп күйгөн адам жашаган. Аны атактуу Куйручук “жумгалдагы карк алтын, жумурай-журтка баркы алтын” деп даңазалаган. Ошо киши 1877-1889-жылдар аралыгында волостук башкаруучу, андан кийин бий болгон. Байзактын Төмөнкү сөзү эл ичинде ооздон оозго көчүп жүрүп, кийин кагаз бетине түшүрүлгөн, окуйлу:

“Туугандын турпагы алтын” дегени менен да мен бийлик ээси болуп турганда өзүм гана элдин сынында эмес, туугандарым да элдин сынында. Алардын шарияттын, мыйзамдын жолун катуу сакташы – туугандык парзы. Алар “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген сөздү менен наамыма айттырса, анын туугандыгына карабай, эл безер тетирлерин теске салыш шарыят жолунда да, мыйзам жолунда да бийлик үчүн артык иш. Мен тууганымдын болушу эмес, элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган, элге калыс боло албайт. Байзак Байзак болуп турганда бир тууган агасынын балдарын абакка салган деп айрымдар кеп кылышаар. Очо менен Төрөгө болгон элдин көңүлүндөгү ызасын, көкү­рөгүндөгү дартын гана кетирдим…”.

Көрүнүп тургандай, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн эл-журттун таламдары жана кызыкчылыгы үчүн Байзак болуш өзүнүн бир тууган агасынын балдары Очо менен Төрөнүн кылмыш-күнөөсүн аныктап, абакка салдырган, каматкан. Мынакей, бийликтин тууралыгы үчүн туугандан да баш тарткан эрдик. Ким улуттун жогорку кызыкчылыктары үчүн К.Ташиев кайрылуусунда жазгандай, өжөрлүк, чынчылдык, чыдамкайлык менен иштеп, натыйжага жетишсе, анын аты элдин эсинде түбөлүккө калат жана ысымы тарыхка алтын тамгалар менен жазылат. Ашыначылык байланыштар унутулат. Эрдик калат. Мамлекеттин, элдин стратегиялык мүдөөлөрүнүн багытында иштеп жаткан бийлик адамы өзгөчолөнгөн тагдыр күтөт. К.Ташиевдин ишеними да ушундай экендиги көрүнүп турат.

Ушул контексте алганда, Камчыбек Кыдыршаевичтин “урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, суранамын: мыйзамды бузбай, ишиңерди так аткаргыла” деген кеңеш-чакырыгы да актуалдуу жана баалуу. Ушул жерден жанагы Байзак даанышмандын дагы бир сөзүн келтирүү ылайыктуу. Байзак мындай дейт:

“Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү менен башкар. Калыстыктын күчү менен эл башкарсаң, бийлигиң бүткөн күнү да эл менен кала бересиң… Дүнүйөлүү киши оома келет, карапайым элге жак, мен калысмын деп өзүң айтпагын, сени калыс эле деп эл издесин. Эл жакшысы карапайымдыгын жоготсо, мансап кууса, дүнүйө ээрчисе, өзүнө көнүмүш байкалбай жатканы менен анын паска түшкөнү ошол. Дүнүйөнүн чордону алтын го, дал ошол алтын жылтылдап адамды азезилдей ээрчиткени менен ак эмгектин алтыны болбосо азапка салат. Адам алтын таппай азап табат”. (А.Молдалиев “Байзак баатыр”. – Бишкек, 1993, 67-68-беттер).

Байзактын мындай оюна анын замандашы - атактуу “акындардын булбулу” Арстанбек Буйлаш уулунун көз карашы да таламдаш.

Эл ичинен адилет, калыс, акылгөй башчыларды көрсө, Арстанбек чын ниетинен кубанган жана өзүнүн этикалык чен-өлчөмдөрүнө туура келгендиги үчүн андайларды урматтап, ырга салып даңаза кылган. Ошондой калыс, оор басырыктуу, элге караштуу даанышман башчылардын бири 19-кылымда көлдөгү Хан Боромбай болгон экен. Хан Боромбайды “Калыс сөздү айтайын, көлдө сүзчү кеме элең, калк коргогон эр элең. Саябандуу бак элең, салтанаттуу жан элең” деп даңазалаган акын. Арстанбектин ою боюнча мыкты башчы эли үчүн саябандуу бакка окшош. Ал өзү мыкты башчы жөнүндөгү оюн дагы  минтип ырастаган:

“Баркташып эл менен  жүргөндүн,

Байсалдуу өмүр сүргөндүн,

Таажысы түшпөйт башынан,

Тактысы кетпейт астынан”.

Мына ушинтип, элдик казынабыздагы нускалар бүгүнкү мамлекеттик кызматкерлерге эл кызматында турганда кадыр-баркка, атак-даңка кантип ээ болуунун жолдорун көрсөтүп турат. Камчыбек Ташиевдин “мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла” деген эскертүүсү дал ушундай элдик коломтобуздагы даанышман насыйкаттардын духунда айтылып жатат.

К.Ташиевдин кайрылуусундагы дагы бир нерсени баса белгилейли. Генерал Ташиев күрөштүн экинчи этабында бандиттер, каракчылар, контрабандистер, мамлекетти алдаган шылуундар, мыйзам бузгандар, коррупционерлер мыйзам чегинде катуу жазаланарын, күрөш аёсуз болорлугун, президент Садыр Нургожоевичтин койгон чечкиндүү тапшырмасы ушундай экендигин жарыя кылды. Мунун баары ачык-айкындуулуктун шартында мамлекетибиздин алдыга карай өсүп-өркүндөө кызыкчылыгы үчүн иштелмекчи. Мамлекетибиздин “саан уюн” төрт эмчегинен тиштеп сүйрөлүп алган “иттерден” кутулмайын, ташыбыз өйдө карай кулабайт. Кыргыздын элдик аң сезиминде, этикасында да илгертен келе жаткан нарк-насилге каршы келген терс жорук-жосундар катуу айыпталып келген. Ушул мааниде акын бабабыз Арстанбектин тутунган адептик-ыймандык позициясы элдешкис. Арстанбектин калк башында турган башчылардын, атка минерлердин, байлыгы, бийлиги бар үлкөндөрдүн адеп-ахлагына койгон талаптары да бийик. Акындын адеп-ахлак позициясы боюнча, башкаруучулар элдин үмүт тилектери, мүдөө-кызыкчылыктары менен болгон тыгыз байланышына, алардын элге жакшылык иш кылгандыктарына, катардагы букара калкка жана коңшу элге жасаган мээримдүү, адилеттүү мамилесине, журттун турмуш-тиричилигин оңоого карата болгон ак ниет эмгегине жараша бааланууга тийиш. Эгерде эл башкаруучулардын жүрүм-туруму мындай асыл сапаттарга карама-каршы чыкса, тескери болсо, анда андай жетекчилердин баа-баркы, аброю болмок эмес жана мындай башчылар, аткаминерлер элдик эң оор жазага татыктуу. Мына ошондуктан өз заманында андай төбөлдөрдүн “адеп-ахлагына” карата Арстанбек өзүнүн төмөндөгүдөй элдешпес айыптоо бүтүмүн чыгарган:

Зорлугу өтсө жакырга,

Зомбулук кылса бакырга,

Зордун түбү – кара жер.

Катарлаш элге кан чачса,

Канкорлорго жан тартса,

Кандын жайы - кара жер.

Кара өзгөй болсо калкына,

Калктын жетпей баркына,

Жакырдык жанды кыйнаса,

Акимдин жайы – кара жер.

Арстанбектин нравалык өкүмү ушундай, калайыкка мээрими, жакшылыгы жок, зордукчул, кара өзгөй, “калк камын ойлобой, казына чачкан” өзүмчүл жетекчилердин эл башында турганынан көрө, чым жазданып кара жер алдында калганы жакшы. Мындай башчылар - калайыктын шору, элдин чекесине чыккан чыйкан.       

Демек, калайык-журттун шоруна айлангандар, “элдин чекесине чыккан чыйкандар” менен аёсуз күрөшүү илгертен биздин салтыбызда болуп келген жана бул социалдык илдеттерге Манас Атанын “ач албарсын” кесеп турган бүгүнкү биздин мамлекет жетекчилерибиздин элдешкис позициясы түздөн-түз жактырууга арзыйт.

Акырында айтар сөз, К.Ташиев эл-журтка кайрылса, мен Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылгым келет. Качыбек Кыдыршаевич, бардык тармактарда анархияга учураган Кыргызстан башкаруунун парламенттик формасынан президенттик бийликке эмне үчүн өттү эле? Башкаруунун президенттик формасы бизге эмне үчүн керек болду? Күчтүү президенттик бийлик кыргыз коомундагы тартипке, стабилдүүлүккө, мыйзамдуулукка гарант болуп турушу үчүн, жетиле элек гражданиндин мамлекеттин негизин кыйрата турган эгоизмин жана анархизмин, соттордун беймыйзамчылыгын, чиновниктердин бюрократиясын, коррупциясын, криминалдуу дүйнөнү, мафиялык топтордун араанын ооздуктоо, коомдогу социалдык жана экономикалык процесстерди регулировкалоо үчүн, улуттук турмушту тыштан жана ичтен бүлдүрүүчү факторлорго каршы туруу үчүн зарыл болгон. Көптөгөн мамлекеттер кризистен күчтүү тартиптин жана бийликтин жардамы менен чыгып кетишкендиги тарыхый тажырыйбадан белгилүү го.

Демек, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, эл кызыкчылыгы үчүн президенттик бийликтин күч-кубатына таянып, кайрылуудагы койгон максаттарыңызга жетүүгө сиздин толук акыңыз бар. Эл, мамлекет Сизден ушуну күтөт.

Советбек Байгазиев,

Кыргыз эл жазуучусу

 

Тема: