Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1249

Бишкек, "Саясат.kg". Бул чынында сонун жаңылык!

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары, тагыраагы, эки өлкө ортосунда кол койгон документтер жакты. Иш сапардын жыйынтыгы биз күткөндөн да жакшы болду дегенге негиз бар.

Ал документтердин баарына токтолбоюн. Айрымдары боюнча сөз кылгым келип туру. Документтердин дээрлик жарымы энергетика тармагы боюнча экен. Мисалы, кытайлык «China Power International Delelopment Limited» компаниясы менен кыргыз өкмөтү биргеликте Ысык-Көлдүн жээгинде 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Үч жылда курулуп бүткөрүлөт. Бул чынында сонун жаңылык! Долбоордун баасы 700 млн. доллардан ашык. Бул долбоор ишке ашырылса, Токтогул ГЭСи өндүргөн электр энергиянын 70 %ы өндүрүлө баштайт.

Мындан сырткары, Кытайдын энергетика министрлиги менен 3 макулдашууга кол коюлуптур. Анын ичинде Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча документ да бар. Буга чейин МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга электр энергиясы экспорттоло турганын айтканда, өзүбүзгө жетпей жатса, кайсыны экспорттойбуз деп ойлодум эле. Көрсө, Акылбек мырза жөн жерден айтпаган тура.

Кол коюлган документтердин арасында таштандыларды өрттөөчү, жер семирткичтерди чыгаруучу, оор жүк ташуучу автоунааларды чыгаруучу завод куруу боюнча да макулдашуулар бар. Азыр Кытай элетромобилдерди чыгаруу жагынан дүйнөдө лидер болуп атканын эске алсак, келечекте Кытайдын электромобилдери Кыргызстанда чыгара башталышы да толук мүмкүн.

Кыргызстан тарап талап, шарттарды убагында аткарса эле, жогорудагы кол коюлган документтердин ишке ашырыларына ишенсек болот. Анткени, Кытайдын өкмөтү Си Цзиньпиндин катышуусундагы макулдашуу, документтерди аягына чейин аткарат.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист