Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1201

Бишкек, "Саясат.kg". АКШнын акыркы жылдагы бюджеттик дефицитинин көлөмү эле 96 %га өссө, акыркы 20 жылда мамлекеттик карызынын көлөмү 400 %га өскөн.

«Байдын чыгашасы да, карызы да көп болот» деген чын. Кээде биз өлкөбүздүн карызы көп экенин айтып, жазып, ыйлактап калабыз. Ар бир мамлекеттин ички, тышкы карызы бар. Карызга батпаган бир да өлкө жок. Мамлекеттин экономикалык абалына, чыгаша, кирешелерине жараша карыздары бар.

Акыркы учурларда АКШнын бюджети дефолтко учурашы мүмкүн деген божомолдор жөн жерден эмес тура. Көрсө, дүйнө өлкөлөрүнө насыялык, гранттык каражаттарды берген АКШнын деле карызы баштан ашып кетиптир. АКШнын геосаясаттагы гегемониясына коротулган каражаттар миллиарддардын башын чапчып, анын натыйжасында АКШнын акыркы жылдагы бюджеттик дефицитинин көлөмү эле 96 %га өссө, акыркы 20 жылда мамлекеттик карызынын көлөмү 400 %га өсүптүр. 2023-жылы карыздарынын пайызык төлөмдөрү үчүн эле 900 млрд. доллар жумшалат экен. Акыркы жылдары болсо АКШнын бюджетинин чыгашасы кирешесинен кыйла көп болууда. Мамлекеттик карыз көлөмү ИДПга салыштырганда эчак эле 100 %дан ашып кетсе, сырттан алынган айрым карыздар маалында кайтарылбай жаткандыктан, АКШнын насыялык рейтинги да түшүп кеткен.

Албетте, биздин өлкөнүн деле мамлекеттик карызы аз эмес. Ушул жылдын 1-кварталына карата 5 млрд. 598 млн. долларга жетти. Анын 4,5 млрд. долларга жакынын тышкы карыздар түзөт. Бирок кудайга шүгүр, айрым карыздардын реструктуризация болгонун эске албаганда, карыздык төлөмдөр убагында аткарылууда. Быйылкы жылы тышкы карызга 48,6 млрд. сом, 2024-жылы 64,7 млрд., ал эми 2025-жылы 75,1 млрд. сом төлөнөт.

АКШдан айырмаланып, мамлекеттик карыздын ИДПга карата деңгээли төмөн. Тагыраагы, ал көрсөткүч 50 %дын тегерегинде. 1999-жылы бул көрсөткүч 133 %га жеткен учур болгон. Азыр ИДПнын көлөмү 1 трлн. сом болсо, 2027-жылы 2 трлн. сомдон ашары күтүлүүдө. Бул максаттар ишке ашырылса, анда экономикалык абалыбыз кыйла жакшырат.

Көрүнүп тургандай, мамлекеттик карыздар, анын ичинде тышкы карыздар боюнча абалыбыз андай деле жаман эмес. Башкысы, карыздык төлөмдөр убагында аткарылып, карыздардын негизги суммасы көбөйтүлбөсө. Анан да АКШнын экономикасында долларды кагаздай эле басып чыгаруу менен коштолгон жасалмалуулук болсо, Кыргызстандын экономикасы реалдуулук менен бекемделген. Бул да болсо акыбалыбыздын жаман эместигинен кабар берет.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист