Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1007

Бишкек, "Саясат.kg". Башкы маскатыбыз – ишкерлерди колдоо жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Жакында салыкка байланышкан бир катар нормативдик документтер өзгөртүлдү жана ал 4-апрелден тартып күчүнө кирди. Өткөн жылы жаңы Салык кодекси кабыл алынган. Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде кайрадан салык жаатына өзгөртүүлөрдүн зарыл болуп калгандыгын тийиштүү тараптар мамлекеттин ишкерчилик менен компромисске баруусу катары түшүндүрүшүүдө. Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты боюнча башкармалыгынын Кубанычбек Ысабеков мамлекеттин башкы максаты бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү жана анын өнүгүшүнө өбөлгө болуу экенин белгиледи.

“Буга чейин ишкерлерге жана жарандарыбызга салык боюнча көп маалыматтар берилди. Башкы маскатыбыз – ишкерлерди колдоо жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү. Мында, белгилеп кетиш керек, буга чейинки болуп жаткан окуяларга, ишкерлердин нааразычылыгына байланыштуу көп ишкерлер менен жолуктук. Эмне себептен нааразычылык болуп жатканын түшүнүүгө аракеттендик. Биринчи себеби, ишкерлердин көбү патент менен иштеп келишкен. Негизи Эски салык кодексинде деле патент менен жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерчилик иштей алат деген талап бар болчу. Бул эреже жаңы кирген жок. Бирок тилекке каршы, эрежени бузуп, патент менен иштеп жаткандар көп экен. Былтыр Салык кызматы тарабынан административдик көзөмөлдөө күчөтүлгөндөн кийин анын баары аныкталды. Ишкерлер менен жолугушканда, алар деле “жылдык товар жүгүртүүбүз 8 миллион сомдон ашат” деп моюндарына алышты. 8 миллион сомдон ашкандан кийин жалпы режимге же бирдиктүү салык режимине өтүш керек. Жалпы салык режиминде салыктын үч түрү бар: кошумча нарк салыгы, сатуудан алынган салык жана пайдадан алынган салык. Мында толук кандуу бухгалтерия болуу керек. Бул чоң ишканаларга ылайыктуу нерсе. Чакан жана орто ишкерчиликке оор болуп калат. Ошондуктан, орто жана чакан ишкерчиликке бирдиктүү салык режими ылайыктуу болот. Анткени ал жерде үч салыктын ордуна бир гана салык бар: товар канча сомго сатылса, анын көрсөтүлгөн пайызын гана төлөшөт. Мурда накталай эсеп менен 4 пайыз, накталай эмес эсеп менен 2 пайыз болчу. Бул ставка оор болоорун айтып, нааразычылыгын билдиргендер чыккандыктан өлкө жетекчилиги тарабынан бизге “компромисстүү чечимдерди иштеп чыккыла” деген тапшырма коюлган. Буйруса, алардын баары иштелип чыкты, толук кандуу кабыл алынды”, - дейт Ызабеков.

Компромисстүү чечимдер көбүнчө ишкерчиликтин пайдасына ооду. Мамлекет нааразычылыктарды көңүлдөн сырт кетирбей, бизнестин ар бир маселесине басым жасады. Андан кийин гана эки тараптык орток пикир табылып, анын негизинде ишкерчиликке жеңилдиктер пайда болду. Ызабековдун айтымында, жеңилдиктер өтө көп.

“Биринчи жылдык акча жүгүртүү көлөмү 8 миллион сомго жетпеген ишкерлер салыктан толук бошотулат. Бул президентибиз Садыр Нургожоевичтин жарлыгына ылайык болду. Мамлекет тапкан кирешеси өз үй-бүлөсүн камсыздоого гана жеткен кичи ишкерлерди жана бизнести жаңы баштап жаткандарды колдоо иретинде ушул чечимди кабыл алды.

Ал эми жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин болгон ишкерчиликке бирдиктүү салык ставкасы 0,5 пайыз деп белгиленди. Буга чейин накталай эсеп менен 4 пайыз, накталай эмес эсеп менен 2 пайыз болчу. Анализ, талкуудан кийин 0,5 пайызга төмөндөтүлдү. 30 миллион менен 50 миллиондун ортосундагы акча жүгүртүүсү бар ишкерлерге – 1 пайыз. 50 миллиондон ашкандан кийин ал ири ишкер болуп саналат жана накталай эсеп менен 2 пайыз, накталай эмес эсеп менен 4 пайыз төлөөгө туура келет.

Базарларга да төмөндөтүлгөн ставка кирди. Эң төмөндөтүлгөн 0,1 пайыз ставка коюлду. Анткени товар жүгүртүү чоң болгону менен кошулган баасы абдан төмөн деп жатышкан. Бул аргументти да көңүл сыртында калтырбадык”, - дейт Салык саясаты башкармалыгынын башчысы.

Жаңы салык эрежелерине нааразычылыгын билдирген айрым ишкерлер башкы себеп катары патентти айтып келишкен. Алар мурдагыдай эле патент менен иштөөнү калтырууну талап кылышкан. Бирок жакында кабыл алынган салык мыйзамдарынын өзгөртүлүшүндө патент 2024-жылдан тартып соода чөйрөсүндө жокко чыгарылаары киргизилди. Бул кайрадан ишкерчиликтин нааразычылыгын жаратпайбы? Кубанычбек Ызабеков мында патент жокко чыгарылганы менен бирдиктүү салык режими патент сыяктуу бизнестин талабына ылайыкташтырылганын билдирди.

“Ооба, 2024-жылдан тартып патент такыр жоюлат деп бекитилди. Ага ылайык, азыркы учурда патенттен бирдиктүү салык режимине өткөнгө ыңгайлуу шарттар жолго коюлууда.

Патент алып жүргөндө камсыздандыруу төлөм 800 сомдун тегереги болсо, бирдиктүү салыкка өткөндө бул сумма 1900 сомдун тегерегине жетмек. Азыр ставкасын 800 сомго чейин төмөндөттүк. Ошондо мурда патент менен иштегендер кандай сумма төлөсө, мындан ары бирдиктүү салык режимине өткөндөн кийин деле ошол сумманы төлөшөт”, - деди ал.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын (ЭТТК) киргизилиши дагы айрым ишкерлерди бир дүрбөтүп алгандай болгон. Кээ бирлер аны менен иштөөдөн баш да тартышкан. Алардын талабы кайсы өңүттө чечилди. Ызабеков буларды айтты:

“ЭТТК боюнча да көп маселе болуп жатты. ККМ боюнча баштайын, аны киргизген маалда талапка баш ийбей, эреже бузгандарга айыппул дагы каралган. Эреже бузган тарап биринчи кармалганда эле 13 миң сом айыппул төлөмөк. Азыркы мыйзам боюнча, биринчи эреже бузууда расмий эскертүү болот, айыппул жазылбайт. Экинчи эреже бузууда 5 миң сом айып чегерилет. Үчүнчү жолу да эреже бузулса, анда 13 миң сом айып жазылат. Ошол эле учурда айыппулду бир айдын ичинде төлөйм десе, 70 пайыз арзандатуу болот дагы, 30 пайызын гана төлөшөт. Мисалы, 5 миң сомдон 1600 сомдой, 13 миң сомдон 3500-4000 сомдой.

Ал эми ЭТТК боюнча жылдын соңуна чейин айыппул кирбейт деп бекитилди. Жыл аягына чейин ЭТТК катталып, колдонулат, катачылыктар болуп калышы мүмкүн, анткени жаңы механизм. Анын баары өздөштүрүлөт. Андан соң, кийинки жылдан тартып мында да эреже бузуу орун алса, айыппул жазылат. Бирок ККМ боюнчадагыдай эле, бир айдын ичинде 30 пайызы гана төлөнөт”.

Салык саясатын ишкерлерге ыңгайлуу кылуу менен аларга таза иштөөгө чакырык ташталаарын билүүгө тийишпиз. Өлкөдө бизнес ак ниеттүүлүк менен таза иштесе, салык алымдары көп чогулат. Ал өз кезегинде кайра эле жарандардын шарты үчүн коротулат.

“Соода чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү кабыл алуу – бул кошумча салык жүгүн киргизүү эмес. Же ставкаларды көбөйтүү эмес. Салыктын жаңы түрү киргизилбеди, ставкалар азайтылса азайтылды, бирок жогорулатылбады. Мында эң башкы максат – көмүскө экономикадан чыгуу. Ошондой эле, ишкерлердин арасында тең атаандашууну орнотуу. Ар бир ишкер мамлекеттен кепилдик күтөт жана аны алышы керек. Мамлекет кепилдик берип, бардык ишкерлерге тең шарт түзүлгөндө, бири салык төлөп, бири салык төлөбөй же качкан фактылар жок болгондо, өнүгүү болот. Ошол эле учурда биздин керектөөчү жарандар товарларды сатып алганда легалдуу, салыгы төлөнгөн, ишенимдүү, сапаттуу товарларды алышы керек. ККМ чеги – бул алардын колундагы документ. Жаран эгерде сапатсыз же мөөнөтү өтүп кеткен товарды сатып алган болсо, аны кайтарып, акчасын кайрып алууга берилчү кепилдик. Жарандар жана ишкер чөйрөсү, мамлекет өз милдеттенмелерин толук аткарганда, өлкө үчүн алдыга жылууга чоң мүмкүнчүлүк ачылат”, - деп жыйынтыктады сөзүн Ызабеков.