Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 537

Кеп төркүнү...

Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыгарылып, ЖК депутаты Надира Нарматованын Бажы кызматында иштеген уулунун УКМК тарабынан кармалышы талкууга алынып, бул боюнча соцтармактарда ар кандай пикирлер айтылып, жазылууда. Негизинен Тенгиз Бөлтүрүктүн эркиндикке чыгып кеткенин, депутаттын уулу деле эртең чыгарыларын  айтышып, анын туура эмес экенин айтышкандар жок эмес. Ал айтылган пикирлерге көз жүгүртсөк, “уурдагандарын кайтарышып, эркиндикке чыгып кете берсе болобу? Эркиндикке чыгып алышып, кайра эле коррупциялык иштерге бара беришет да…”- деген пикирлер.

Карап көрөлүчү. Буга чейин УКМК тарабынан коррупцияга щектелип, бүгүнкүдөй сандагы адам кармалып, камалган эмес. Экинчиден, азыркыдай суммадагы миллиондогон, миллиарддаган каражаттар “кустурулбаган”. Буга дейре коррупцияга, паракорлукка кармалгандардын бири да мөөнөттөрүн толук өтөшкөн эмес. Алар деле “кустурулуп”, жегендеринин бир бөлүгүн  кайтарышып, эркиндикке чыгып алышчу.  Бирок мамказынага эмес, саналуу адамдардын капчыктарына түшүрүшкөн.  А бүгүн уурдалгандар, желгендер  өлкөнүн бюджетине толук  түшүрүлүп атат. Ал акчалар бюджеттин бир тешигин жапканга жарап, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берүүдө. Уурдалгандарды мамлекетке кайтаруу жагынан бүгүнкүдөй иштер болгон эмес.

Бул өңүттөн алганда, ЖК депутаты Надира Нарматованын уулу дагы  Урмат Самаев, Тенгиз Бөлтүрүк ж.б. сыяктуу баш коргоо чаралары өзгөртүлүп,  үй камагына  чыгарылышы  толук мүмкүн. Бирок Бажы системасындагы коррупциялык схемадан  уурдагандарын мамлекетке кайтарып чыгышы керек. Бул менимче, жандарын жеп, мамлекетке бир сом кайтарбай, же такыр эле мыйзамдын кылтагына илинбей жүргөндөн көрө туура. Тергөө органдары менен кызматташып, күнөөлөрүн мойнуна алып, келтирилген зыяндардын ордун толтурушса, алар баш коргоо чаралары өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылуусу, андан ары жоопкерчиликтен биротоло кутулушу мыйзамдуу эле көрүнүш. Дүйнөлүк практикада ошондой.  Кылмыш иши козголгондордун, кармалгандардын иштеринин 70-80 %ы сотко жетпей эле бүткөрүлөт. Бул туурабы?

Азыр дүйнөдөгү укуктук системада гумандаштыруу саясаты жүрүп атат. Кыргызстан да андан артта калбай, коррупцияга шектелип кармалып, айыпталгандарга карата баш коргоо чараларын өзгөртүп, козголгон кылмыш иштерин кыскартып, көрүлчү жазаларды жеңилдетүүдө. Ачыгын айтканда, ичкендер, жегендер, элдин ырыскысына кол салгандар үчүн бир нече ай кармалып, ири суммалардагы акчаларды, айып пулдарды төлөөнүн өзү да чоң жаза болуп эсептелет. Анын коррупция менен айыпталгандыгы жалпы элге, коомчулукка ачыкка чыгып, элдин, коомчулуктун ишениминен кетүүнүн, назарынан калуунун өзү да чоң жаза. Ал адамдын андан аркы жашоосу деле жеңил болбойт. Репутациясына доо кетти, ийгиликтүү карьера жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Эл караган бети жер карады.

Чындап келгенде, мамлекет үчүн коррупция менен кармалган адамдардын күнөөлөрүн тактап, уурдагандарын кайтартып, эркиндиктеринен ажыратып, темир тор артына бир топ жылдарга олтургузуп коюу маселе эмес. Бирок андан ким утат? Тереңден карап көрсөк, андан эч ким утпайт. Биринчиден, темир тор артындагы жаза өтөөчүлөрдүн саны гана көбөйөт, коррупция, паракорлук менен кармалып аткандардын көп болуп жатканын эске алсак, алар түрмөлөргө батпай калышы мүмкүн.  Экинчиден, кармалган адамдын психологиялык, физикалык саламаттыгы начарлайт. Үчүнчүдөн, айыпталуучунун үй-бүлөсүнүн моралдык-психологиялык абалына доо кетет, жакындары жабыркайт. Ал эми бир топ жылга темир тор артына кесилип кеткен адам ал жактан оңолуп чыкпайт. Түрмөгө отуруп чыккандардын 90 %ы үй-бүлөсү, коом үчүн да такыр башка адам болуп чыгат.

Бул өңүттөн алып караганда, тергөө, иликтөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алып, уурдаган акчасынын ордун толтурса, ага баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү, үй абагына чыгарылганы туура. Мындан мамлекетке экономикалык пайдасы болсо, адамдын өзүнө тарбиялык, эскертүүчүлүк мааниси чоң. Акыл-эси бар адам болсо, тергөө изоляторунда 2-3 ай отуруп чыкканы ага чоң сабак болуп, андан ары коррупциялык, мыйзамсыз иштерге баруудан айбыгып калышы керек. Үй-бүлө институту ыйык, өзүнчө кичинекей мамлекет экенин эске алсак, мамлекет үчүн ар бир адамдын үй-бүлөсүнүн жанында болгону жакшы.

 

Автандил Белеков, Булак: "Майдан.kg" гезити