Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 701

Бишкек, "Саясат.kg". Айтор, маселе ачык бойдон…

Ошентип, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун изилдеп, тастыктаганы келгени 100дөн ашык адистер долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) даяр болгонун кыргыз өкмөтүнө билдиришти. Темир жолдун эң узун, эң татаал бөлүгү Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргызстандын аймагында эле 57 туннель курулушу керек. Ал үчүн алдын ала эсептер боюнча 3-5 млрд. доллар керектелет. Кытай менен Өзбекстан үчүн темир жолду куруу кыйынчылык жаратпайт. Өзбекстан Андижандагы даяр жолго эле кошуп коёт. Ал эми Кытай үчүн 1-2 млрд. доллар маселе эмес. Маселе, Кыргызстан бул жолду курууга кетчү каражатты кайдан табат?

Дүйнөлүк Банк, Европа өнүктүрүү Банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык каржы уюмдардан насыя түрүндө алабызбы? Же концессия маселеси каралып, Кытайдын өзүнөн карыз алынабы? Майдын биринчи жарымында президент С. Жапаров Пекинге иш сапары менен барат экен. Ошондо долбоордун курулушун баштоону Кытай өкмөтү бекитип, темир жолдун Кыргызстандын аймагынан өтчү 280 чакырымга созулган бөлүгү үчүн кандайдыр преференциялар берилсе, анда долбоордун курулушу чындап башталганы турат. А эгерде долбоорго кетчү каражатты өзүңөр тапкыла деп койсо, анда кандай болот? Айтор, маселе ачык бойдон…

Ток этери, президенттин Пекинге иш сапарынын жыйынтыгынан кийин жогорудагы суроолорго жооп табылганы туру…

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист