Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 215

Бишкек, "Саясат.kg". Ичкендер, жегендер үчүн бир нече ай кармалып, ири суммалардагы акчаларды, айып пулдарды төлөөнүн өзү деле чоң жаза болуп эсептелет.

Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыгарылып, ЖК депутаты Надира Нарматованын Бажы кызматында иштеген уулунун УКМК тарабынан кармалышы боюнча ар кандай пикирлер жазылууда. Негизинен Тенгиз Бөлтүрүктүн эркиндикке чыгып кеткенин, депутаттын уулу деле эртең чыгарыларын айткан пикирлер…

Буга чейин УКМК тарабынан коррупцияга щектелип, бүгүнкүдөй сандагы адам кармалып, камалган эмес. Экинчиден, азыркыдай суммадагы миллиондогон, миллиарддаган каражаттар «кустурулбаган». Буга дейре коррупцияга, паракорлукка кармалгандардын бири да мөөнөттөрүн толук өтөшкөн эмес. Алар деле «кустурулуп», жегендеринин бир бөлүгүн кайтарышып, эркиндикке чыгып алышчу. Бирок мамказынага эмес, саналуу адамдардын капчыктарына түшүрүшкөн. А бүгүн уурдалгандар, желгендер толук өлкөнүн бюджетине түшүрүлүп атат. Ал акчалар бюджеттин бир тешигин жапканга жарап, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берүүдө.

Надира Нарматованын уулу дагы Урмат Самаев, Тенгиз Бөлтүрүк ж.б. сыяктуу үй камагына чыгарылышы толук мүмкүн. Бирок Бажы системасындагы коррупциялык схемадан уурдагандарын мамлекетке кайтарып чыгышы керек. Бул менимче, жандарын жеп, мамлекетке бир сом кайтарбай, же такыр эле мыйзамдын кылтагына илинбей жүргөндөн көрө туура. Тергөө органдары менен кызматташып, күнөөлөрүн мойнуна алып, келтирилген зыяндарын толтурушса, алар баш коргоо чаралары өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылуусу, андан ары жоопкерчиликтен биротоло кутулушу мыйзамдуу эле көрүнүш. Дүйнөлүк практикада ошондой. Кылмыш иши козголгондордун, кармалгандардын иштеринин 70-80 %ы сотко жетпей эле бүткөрүлөт. Ал эми ичкендер, жегендер үчүн бир нече ай кармалып, ири суммалардагы акчаларды, айып пулдарды төлөөнүн өзү деле чоң жаза болуп эсептелет. Укуктук системаны гумандаштыруу саясаты жүргүзүлүп жаткандан кийин бул принциптин сакталганы туура.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист