Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 197

Бишкек, "Саясат.kg". Азыркы учурда таза суу  - товар.

Президент С.Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине кезектеги маегин берип, анда суунун товар катары сатылуусу тууралуу да пикирин билдириптир. Ушул маселе боюнча оюмду айткым келди.

Азыркы учурда таза суу - товар. Болгондо да жылдан жылга баасы, баркы жогорулап бараткан товар. Араб өлкөлөрүндө бир литр таза суунун баасы бир литр бензинден кымбат. Эл көбөйүп, айлана чөйрөнү булгоонун көлөмү арткан сайын анын баасы жогорулай берет. Бензинсиз жашаса болот, электромобилдер көбөйсө, анын кереги деле болбой калат. Бирок, суусуз бир күн жашаганга да мүмкүн эмес.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Айдарбековдун Кыргызстан сууну кошуна өлкөлөргө сатышы керек деген сунушу колдоого аларлык. Бирок ал маселенин башкы демилгечиси, идеологу маркум Турдакун Усубалиев болгонун, ал бул маселени өзүнүн көптөгөн макалаларында, китепчесинде экологиялык, укуктук, экономикалык жактан аябагандай ынанымдуу негиздеп, Жогорку Кеңештин жыйындарында көп ирет маселе көтөрүп, бул боюнча Өзбекстан менен Казакстандын ошол убактагы жетекчилерине атайын кат менен да кайрылганын баса белгилеп кетиш керек.

Бөтөлкөгө куюлган суу товарга айланган соң миллиарддаган каражаттар жумшалып курулган суу сактагычтарга топтолгон суулар да автоматтык түрдө товар болушу керек. Өзбекстандын ЖМКлары Кемпир-Абадда топтолгон суулар жыл сайын алардын айыл чарбасына 500 миллион долларга жакын киреше берерин маалымдашкан. Андан он эсе чоң Токтогул суу сактагычына жыйналган суудан кошуналарыбыз жылына канчалаган пайда көрүшүүдө? Андан башка Киров, Орто-Токой, Ала-Бука суу сактагычтары бар. Алардын плотиналарын башка курулгандарын, жабдууларын талапка ылайык кармап, оңдоп түздөп туруу үчүн Кыргызстан жыл сайын ири каражаттарды жумшайт. Бирок, кошуналарыбыз алардын 100/1 бөлүгүн да компенсациялашпайт. Сууну гана талап кылышат. Ала-Букадагы суу сактагычтын алдында жүздөгөн гектар жерлерибиз калды, анын бизге зыяндан башка пайдасы жок. Токтогул суу сактагычына топтолгондордун 10 пайызын гана пайдаланабыз, аныгында бул да элдин көңүлүн жооткотуу үчүн апыртылган сан. Факты жүзүндө пайдаланганыбыз андан кыйла аз. Чоң-Фергана каналындагы сунун дээрлик баардыгы, ал эми Наманган каналындагы суунун көбү Өзбекстанга кетсе, биздин талааларга бурулган башка каналдар, арыктар деле болбосо, кайсыл 10 пайызды айтып жатышат?

Жайында сууңарды бизге коё бергиле, кышкы сезондордо электр энергияларыбызды силерге сатабыз деген принцип адилеттүү, адекваттуу эмес. Биз жайында сууларыбызды бекер коё берсек, алар кышында электр энергияларын дүйнөлүк бааларда сатып жатышпайбы?!

Биз үчүн топтолгон сууларды нак акчага саткан гана пайдалуу болот. Анын шарттары, ар 1000 куб метринин баасы кандай болушу керек, аны адистер дүйнөлүк практиканын негизинде иштеп чыгып, аргументтештирип, саясый жетекчиликке конкреттүу сунуштарын берүүлөрү керек. Жөн эле “суу сатылышы керек” деген жарамазанды кайталай бергенден иш алга жылбайт.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист