Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 324

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргыз оппозициясы деп аталгандар бардык, ал турмак кир ыкмаларды да колдонуп, каршылык көрсөтүшөөрү турган иш. 

Кыргызстандын Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев башында турган учурдагы бийлиги мурдагы бийликтерден түп тамырынан бери айырмаланып турат. Алар башталышында эле реформа жасоого аракеттенишкен жок, анын ордуна коомдук тереңинен өзгөртүүнү колго алышты. Аны менен катар эволюциялык эмес, чыныгы революциялык жолду тандашты, башкы максаты - элдик бийликке, мыйзамдуулукка жана акыйкаттуулукка негизделген принципиалдуу жаңы мамлекетти куруу болду. Аны жаратылыш байлыктарын, ишканаларга мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди жана каражаттарды мамлекетке кайтаруу менен башташты. 

Мисалы, Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин Кумтөрдүн тегерегинде оголе көп сөз болчу. Такыр санай албаган адам дагы кандай гана акчалар мамлекетибиздин жана элибиздин керегине жарагандын ордуна өлкөдөн чыгарылып, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатканын эң сонун билчү. Мындай абийирсиз талап-тоноону токтотууга Жапаровго чейин бийликке келгендердин эч бири батынган эмес. Бир гана Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу, кыргыз башкаруусунун колуна өткөрүүгө жетишти. 

Анан эле заматта оппозиция кыймылдай баштады. Президент алардан колдоо таппады, тескерисинче көп сандаган шектенген-айыптагандардын, ачык жалаа жапкандардын чабуулунда калды. Дароо эле көз карандысыз комиссия түзүлүп, алтын кенинин ишмердүүлүгүн лупа менен карап чыгышты. Комиссия эптеп эле бир мандем таап, ошону коомчулукка чуу кылып алып чыгууну көздөгөндөй абдан кылдат текшерди. Бирок жыйынтыгында эч нерсе табышкан жок. Жыйынтыгында, тапчу нерсени кайра эле мамлекет башчы жана анын командасы тапты - Тенгиз Бөлтүрүк менен анын орун басары кенден көп миллиондогон акчаларды сугунганы ачыкка чыкты. 

Буга чейин бир дагы президенттин жанында жүргөндөр уурулукка айыпталып кармалган эмес. 

Мамлекет бажы тармагын, тагыраак айтканда Райымбек Матраимовду текшерип баштаганда олигархтарга каршы күрөштүн каршылаштары мамлекетке, тагыраак айтканда Камчыбек Ташиевге каршы чыгышты. Журналист Болот Темиров пайда болуп, Ташиевге байланышкан иликтөөлөрүн жарыялады. Темировдун өлкөдөн депорт болгону туурабы же туура эмеспи - муну көпкө талашса болот. Ал Россиянын жараны. Ал эми депорт болгону Ташиевдин өч алуусу эмес, соттун чечими менен ишке ашырылды. Анын "өз кызыкчылыгын көздөбөгөн жана адилет патриоттуулугун" айтуудан мурун кандай күчтөр артында тураарын эске алуу керек, буга убагында АКШнын Мамдепартаментинин ардактуу сыйлыгына татыганын эле жетиштүү болот. Мамдепартамент сыйлыктарын көрүнгөнгө бере бербейт, абдан ишенимдүү жана татыктуу кызмат өтөгөндөргө гана ыйгарат. 

Жапаров менен Ташиев Өзбекстан менен чек араны чечүү маселесин колго алышты эле, дароо башка "париоттор" - учурда массалык башаламандыкты уюштурууга аракеттенүү боюнча айыпталып жаткандар пайда болушту. Бул кыйкырчаактар Кемпир-Абаддын тагдырына күйүмүш болуп, элди дүрбөтүп, бийликке, президенттин аракетине болгон ишенбөөчүлүктү жаратууга умтулушту. Президент кайра эле колдоонун ордуна жалган жалааларды алды. 

Кылмыш ишинин фигуранттарынын бири, коомчулукту адашууга түрткүчү келген оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков массалык башаламандыкты уюштурууга болгон айыптан арылбай туруп, кезектеги катуу бирок абсурд билдирүүсүн таратты. Ал өлкөдөгү акыркы окуяларга - "Аю" компаниясынын эки заводун улутташтыруу жана "Форестер" ЖЧКсынын башчысы Александр Череповдун мыйзам бузуусуна байланыштуу. Буга Жээнбеков "Үмүт" компаниясынын тең төрагасы, эчак эле эстен чыккан Журат Абдуллаевди да кошту. 

Билдирүүнүн мааниси төмөнкүдөй - жардам бергиле, сактап калгыла, жеке менчик институту бузулуп жатат, аны менен катар өлкөнүн бардык экономикасы талкаланууда! 

Эгерде мамлекет жеке менчигин бузду делгендердин аты-жөнүн карап көрчү болсок, бир дагы таптаза, туптуура иштеген жеке ишкерлер жок. Журат Абдуллаевден УКМК кызматкерлери 800 миллион сом табышты. Ал акча кайдан келгенин ишкер айтып бере алган эмес. Эмнеге айтып бере албады? Эгерде акча мыйзамдуу жол менен табылса, баары ачык-айкын болсо, бир дагы бизнесменге акча кайдан келгенин бирден эсептеп берүү оорчулук жаратпайт. 

Ал эми "Аю" жана "Форестер" жетекчилигинин кайсы бир мүлкүн конфискациялашканга үлгүрүшкөн жок, баарын өз каалоолору менен мамлекетке салык жана айыппулдарга чегерип өткөрүштү. Ошондо кайсы талкалоо, кайсы "кустурация" тууралуу сөз болуп жатат?

Элден жана мамлекеттен уурдалган акчалар кайтарылышы керек. Бул - президент жана башкы чекист баштаган аксиома. Мурдагы өлкө башчылары дагы жеке менчик ээлеринин миллиондогон кирешесине көз артышкан. Бирок айырма чоң: эгер мурда чоң компаниялардын ээлери гана алмашса жана бардык "конфискацияланган" мүлктөр мурас катары кийинки президентке өтсө, а азыр мыйзамсыз табылган байлык элге таандык. 

Президент Жапаровдун айтканына караганда, бийликти түзүү биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Алдыда бардык мамлекеттик жашоону толук кандуу кайра түзүүнүн узак жана татаал жолу турат. 

Бул жолду тандап алып жана колу таза эмес олигархтарга аеосуз согуш жарыялоо менен президент жана УКМК төрагасы өздөрүн өтө кесепеттүү саясий коркунучка кептеп жатышат. Кыргыз оппозициясы деп аталгандар бардык, ал турмак кир ыкмаларды да колдонуп, каршылык көрсөтүшөөрү турган иш. 

 

 Булак: vb.kg