Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 980

Бишкек, "Саясат.kg". "Кемпир-Абад иши" боюнча камалган бир нече саясатчылар үй камагына чыгышты

Бир топ саясатчылар, жарандык активисттер, блогер болумуштар былтыр Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылып, бийликти кулатууга аракет жасашып, көздөгөндөрү орто жолдо ишке ашпай калып, камакка алынышкан болчу.

Андан бери дээрлик жарым жылга жакын убакыт өттү. Козголоңчулар андан бери ойлонуп, мээ пештеп, жасаган иштерине өкүнүп жатабы? Ар биринин ичине кирип чыкпаган соң, аны так кесе айтуу кыйын. Бирок, бир нерсе көзгө даана көрүндү: алар өздөрүн канчалык мекенчил, патриот, эл үчүн күйгөн саясатчы көрсөтүүгө далалат жасашпасын, карапайым калктын колдоосуна ээ боло алышкан жок. “Артыбызда миңдеген эл турат, керек болсо, бизди коргоп, агылып чыкса, бийликти кошо жууп кетет”- деп, мурдагы ревоюциялардын сценарийин күтүшкөн. Элди 10-15 жыл мурункудай азыр алдай албайсың, кимдин-ким экенин айттырбай түшүнүп калышты. Эл ансыз деле А.Бекназаров менен Р.Жээнбеков жүргөн жерде чөп чыкпастыгын жакшы билишет. Ошол сыңары эле, Кемпир-Абад жөн гана шылтоо болгондугун, а чынында буларга бийлик керек экендигин түшүнүп калышты.

Кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен такталды. Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевге дагы оңой болгон жок. “Уттуруп койдук, кылымдардан бери өзбектерге караган жерлерди бүт өткөзүп берип койду”- деп, сындагандар четтен чыгып жатты. Бирок, эки элдин ынтымагы бекем болушу үчүн чоң тарыхый кадам жасалды. Достук мамилени мындан ары өнүктүрүп кетүүгө бардык шарттар бар. Былтыр тажик тараптан агрессиялык кол салуу болгон маалда, биринчилерден болуп Өзбекстан кол сунганын унутуп койгон болбойт. Сох багытын ачып коюшту, качкындарды нан менен тосуп алып жатышты. А маселен, Кемпир-Абад боюнча сөз кыла турган болсок, биз аны жоготкон жокпуз, тескерисинче – кайтарып алдык. Ооба, кайтарып алдык! Себеп дегенде, Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын аймагында жайгашканы эле болбосо, буга чейин анын суусун жүз пайыз кошуналар колдонуп келген, биздин жарандар жакын жолой алган эмес. Азыр Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип пайдалануу боюнча келишим түзүлдү. Биздин тургундар анын суусун пайдаланууга, балык уулоого мүмкүнчүлүк алышты. Жергиликтүү жашоочулардан сурасаңыздар, азыркы жагдайдын пайдалуу жактары көп экендигин айтып беришет. Таң калыштуусу, мына ошол “Кемпир-Абаддан кол жуудук, тарттырып ийдик!”- деп жар салган активисттердин көпчүлүгү анын каерде экенин билишпейт. Барып, көрүп алып, кыйкырышса да эл ишенет болчу да...

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бийликти колго алганда эл турмушуна таасир берген оор маселелерди кийинки урпактарга калтырбай, чечип кетүүгө аракет жасай тургандыгын айтышкан. Алар четинен чечиле баштады. Биринчиси – “Кумтөр” мамлекетке кайтарылып, эл үчүн иштей баштады. Экинчиси – Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилип, чыныгы достук мамиле орнотулду. Эми Тажикстан менен чек араны чечип алышса, тарыхка аттары алтын тамгалар менен жазылып калат эле.

“Кемпир-Абад иши” боюнча камакка алынгандардын жакындары бир топ убакыттан бери бийликти күнөөлөшүп, аларды адам чыдагыс шартта кармап, кыйнап жатышканын жар салып келатышат. Бирок, алардын айткан-дегендери иш жүзүндө тастыкталган жок да. Мына, азыр камалгандар четинен чыга баштады. Алардын баш идеологдору Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Мамбетжунус Абыловду сот залынан эле ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарышты. Андан тышкары, Улукбек Маматаевдин, Перизат Суранованын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Абак жайында эски оорулары күчөп, операцияга тушуккандары да бар. Улуу Орозо айында камактагы саясатчыларгы кол сунуп, адамгерчилик кылганы – бул бийликтин гумандуулукту жогору тутарынын белгиси. Алар да акыры өз атуулдарыбыз, арасында карт карышкыр саясатчыларга азгырылып барып, камалып кеткендер бар. Ошондойлорго да боштондук берип коюшса, Орозодо чоң сооп иш болмок.

Тема: