Бишкек, "Саясат.kg". Ошондуктан, четке чык, өзүңдүн ишиңди жаса, болду.

Соцтармактардагы кыргыз сегменти бир нече күндөн бери чуру-чуу. Интернет-колдонуучулар генерал Ташиевдин үнүнө окшогон адамдын баласына кайрылуусунун аудиосун талкууга алып жатышат. 

Комментаторлор ар бири өз пикирин билдиришүүдө. Бири кайсы бир жүрөктүү адам таасирдүү аткаминердин уулу менен сүйлөшүүсүн тыңшап, жаздырып алып, интернетке чыгарып жибергенине табасы канча, башкалар Камчыбек Ташиевди сабатсыз пиар-жүрүшкө айыптоодо: кандай үлгүлүү чекист экенин көрсөтүү үчүн кандай гана нерсеге барбайт. 

"Ооба, балам. Сен туура кылып жатасың. Мамлекеттик иштерге кийлигишпей, өзүңдү тартышың керек. Акыр аягында эл түшүнөт, "Азамат! Атасынын ишине жана башка иштерге кийлигишпейт", - дешет. Өздөрүнүн ишин жасап эле жүрүшөт, азаматтар. Эл жакшы көрүп баштайт сени. А эгер кийлигише турган болсоң, кимдир бирөөгө жардам берген учуруңда дагы "Мына, булар мамлекеттин ишине кийлигишип жатышат", - дешет. Жардам берейин деген ниетиңе карабай сени жаман көрүп башташат. Ошондуктан, четке чык, өзүңдүн ишиңди жаса, болду. Акырын иштеп, каражатыңды таба бер. Эч кимге тоскоол болбо, баарына жардам бер. Ошондо сени жакшы көрүшөт". 

Коомчулук бул сөздөр кимге тиешелүү экени боюнча талашып жатышат. Тай-Мурас Ташиевге айтылды деп божомолдошууда. Ким генералдын сүйлөшүүсүн тыңшап, элдин элегине коюп койгонун дагы тапканга аракет кылышууда. Мында эң башкы нерсени унутта калтырышты. 

Кыргызстан эли тынчтыкты сүйгөн жана чыдамкай эл. Алар бийликтин көп кемчилигин кечирип, көп кылыгына көз жумуп коюшу мүмкүн, көбүн түшүнүп, кечире да билишет. Бирок бийликке балдарын аралаштыргандарды эч убакта кечирбейт. 

Биринчи президент Аскар Акаевди эстейли. Өлкөдөн качып кетүүсүнө эмне түрткү болду эле? Так ошол, балдарынын келечегине болгон аталык ашыкча камкордугу. Мамлекеттин кызыкчылыгын баскан камкордук. Экс-президенттин улуу уулу Айдар Акаев 2005-жылы, революциядан азыраак убакыт мурда атасынын колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, а революциядан кийин ал экономикалык кылмышка шектелген. Кызы Бермет ошол эле изге түшүп, атасы куулуп кеткенден кийин дагы парламентке кирүүгө жол издеген. Кичүү балдары дагы саясий ишмердүүлүгүн баштоого даярданышып, 2005-жылдын март окуясынан кийин гана токтошту. 

Экинчи президент Курманбек Бакиевди жана анын эң белгилүү уулу Максимди эстейли. Өз убагында ага кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн эл аралык издөө жарыяланган. Мамлекеттик насыяларды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз табылган акча каражаттарын легалдаштыруу... Жана башка дагы Кылмыш кодексиндеги олуттуу беренелер тагылган. 

Өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовду дагы эстеп коюу ашыкчалык кылбайт. Элдин кыжырын ал дагы келтирген, көп нерсеге - мисалы, "Мегаком" компаниясынан эки миллион долларды чыгарып кетүүгө шек туудурган. Садыбакасов мындай айыптоолорду жанына жууткан эмес. 

А эми Ташиевге келебиз. Макул, кимдир бирөө анын сүйлөшүүсүн жаздырып алып, таратып жиберди дейли, күлкүлүү болуп жатабы... Чындап эле  УКМК башчысынын сүйлөшүүсүн жаздырып алышты дегенге ишене аласызбы?!

Сүйлөшүүдөгү добуш менен манера Ташиевдикине окшош болгондуктан, аудиону жасалма деп айтууга болбойт. Жасалма болгон учурда анда же бир мамлекетке каршы келген сөздөр, атаандаштарына туура келчү компромат болбогондон кийин таратуунун кандай зарылчылдыгы бар? А ушундай ыкмада Камчыбек Ташиев жалпы жарандарга кайрылды деп ойлоого толук негиз бар. 

Ал муну пиар үчүн жасаган жок. 

Буга чейин УКМКны башкаргандарга караганда генерал Ташиев толук ачык. Оригиналдуу манерада кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоосу биринчи жолу эмес. Ойлорун, байкоолорун бөлүшүп, боло турган нерселерди эскертет, чакырык жасайт жана кайсы бир нерседен калкалайт. 

Бир убакта генерал кечиримдүүлүк тууралуу ой бөлүшкөн. Бири бирибизге кайрымдуу, боорукер, чыдамдуу болуп, жамандыкты унуткаруу керектигин айткан. Бул философиялык ой жүгүртүү кыргызстандыктарга генералды башка жагынан таанытты. 

Дагы бир ирет ал достук жана укук коргоо органдарынын тирешүүсү тууралуу түшүндүрмө берген. Милиция, прокуратура жана УКМК тирешпейт жана бири бирин жөөлөбөйт, анткени баары жалпы ишти аткарышат: мыйзам, тартип, тынчтык, бейпилдик жана социалдык акыйкаттуулук үчүн күрөшөт деген. Бардык ыкмалар менен коррупцияны азайтат жана кара ниет кызматкерлерден арылууга аракеттенишет.  

Ушундай эле жарандарга түз эмес, кыйыр, бирок так кайрылууну бул сапар дагы жолдоду. Биздин коомчулуктун эң бир оорулуу маселесине көңүл буралы, ал - бийликтегилер жана алардын мураскерлери. Көптөгөн аталар балдарын пайдалуу жактарга орноштурууга умтулаары. Тай-Мурас Ташиевге эмес, так ошолорго айтылды. Бийлик бутактарында отуруп, саясатка балдарын ташып келаткан аталарга кайрылды. 

Анын кайрылуусун мындай мааниде гана түшүнүү керек: мен менин балдарым мамлекеттин ишине аралашуусуна жол бербейм. Башкаларга да ушундай кылууга жол бербейм. Эл буга чыдабайт, УКМК төрагасы да чыдабайт. Мында күлө турган нерсе жок. А ойлоно турган нерсе көп. 

 

Булак: vb.kg