Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 457

Бишкек, "Саясат.kg". Айыл аймактардын 410дөн ашыгы дотацияда отурушат.

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен аймактык-административдик реформа башталды. Акыры Чубактын кунундай чубалган маселе иш жүзүндө колго алынды. Аталган реформада эмнелер эске алынып, эмнелер негизги сын-ченемдерден болушу керек?

Негизги сын-ченем компактуулук болсо, анан экономикалык, социалдык инфратүзүмдүк, өлкөнүн коопсуздугуна байланышкан жагдайлар экени талашсыз. Азыр Кыргызстанда 453 айыл аймагы болсо, алардын 67си бир эле кыштактан турат. Азыр кандай экенин билбейм, мындан он беш жылдай мурда Чүйдө эки айыл өкмөттүн администрациясы бир имаратта турган жерлер да бар болчу. Андай айыл аймактар өзү эле кошууну сурап турат. Чектеш жайгашкан андай айыл аймактардын 2-3үн кошуп, бир айылдык аймакка айландыргандан эч ким зыян тартпайт. Бюджеттик чыгымдар гана үнөмдөлөт. Ошол эле мезгилде чачкын жайгашкан 10-20 айылды бириктирген айыл өкмөттөр да бар. Алсак, Сузак районундагы Барпы айыл аймагы 20 айылдан турат. Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагына жаңы конуштарын кошсо, элдүү пункттардын саны ондон ашат. Ошол эле мезгилде республикадагы Чаткал, Тогуз-Торо, Ак-Талаа сыяктуу райондордун калкы ири облустардагы айрым чоң айыл аймактарынын элинен да аз.

Айыл аймактардын 410дөн ашыгы дотацияда отурушат. Өздөрүн өздөрү каржылаган айыл өкмөттөр Чүйдө, Оштун, Ысык-Көлдүн, Жалал-Абаддын айрым райондорунда гана бар. Калгандары баары дотацияда, айрым айыл өкмөттөрдүн республикалык бюджеттен алган дотациялары жылдык бюджеттеринин 85-90 пайызына чейин жетет. Андай борборду гана карап отурган айыл аймактарын өзүнчө административдик бирдик катары кармоонун зарылдыгы барбы? Алардын эки-үчүн бириктирип, бир айылдык аймак кылып кайра түзсө, айыл өкмөттөрдүн сандары 3-4 эсе, райондордун сандары 2 эсе азайса, республикалык бюджеттин жүгү кыйла жеңилдегени турбайбы. Бирок, мында экономикалык, социалдык сын-ченемди гана жетекчиликке алган бир жактуу болуп калат. Алардан мурда өлкөнүн коопсуздугунун, келечегинин кызыкчылыктары да эске алынышы зарыл. Бул өңүттөн алганда, чек араларга чектеш айыл аймактарын, алыскы райондорду реформалоодо өтө этият болуу зарыл. Анткени, Баткендин чек арага чектеш айылдарындагы тургундар жылдан жылга азаюуда. Эгерде ал жерлердеги айыл өкмөттөрү бириктирилсе, эл андан бетер азайып кетиши мүмкүн. Жергиликтүү административдик-аймактык бирдиктердин экономикага оң таасири тийбеген менен калкты кармап, саясый, моралдык, психологиялык таяныч болуп, аздыр-көптүр социалдык маселелерин чечип турганга оң таасирин тийгизет.

Айылдык деңгээлдеги административдик-аймактык реформа аяктаса, ал райондук, облустук деңгээлдерде улантылышы керек. Азыркы бийликтегилер ошондой убада кылышкан. Мында адегенде белгилей кетчү нерсе, райондордун жок дегенде өз борбор кыштактарын аздыр-көптүр өнүктөргөнгө жардамы тийе турганын Турдакун Усубалиев убагында көп айткан. Ошондуктан бул маселе да “жети өлчөп, бир кесүүнү” талап кылат. Эгерде алыскы майда райондор жоюлуп кетсе, ал жактар акырындап эстен чыга башташы мүмкүн. Анда ички миграция азыркыдан да көбөйүп, алдуу-күчтүүлөрдүн баары Бишкекке, Чүйгө, Ош, Жалал-Абадка топтолуп, алыскы аймактар жайдактала берет.

Административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда мына ушул ж.б. жагдайлар эске алынуусу абзел.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист