Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 176

Бишкек, "Саясат.kg". Ушул сыяктуу мыйзамдардын эң бир демократиялык өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатканын каршы чыккандар билишер бекен?

Кыргызстанда ЖМКлар тууралуу мыйзам кызуу талкууланып жатат. Ушуну менен төртүнчү жолу редакцияланды. Эксперттер (негизинен журналисттик укук боюнча чет өлкөлөрдөн каржыланган уюмдардын өкүлдөрү) жана жарандык коом деп аталчулар (эч ким буга так аныктама бере элек) варианттын артынан вариантты жолдошууда.

Алар мыйзам долбооруна макул эмес. Эмнеге? Анткени ал массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алууга багытталган (ага блогерлерди кошуу да сунушталып жатат). Учурда баары көзөмөлсүз иш алып баргандыктан, мындай көзөмөл киргизүү макул болбогондордун пикиринде, өлкөбүздөгү сөз эркиндигин жана демократияны жок кылат.

Бирок демократия жана каалаганын жасоо – эки башка нерсе. Албетте, ЖМКга гана эмес, алардын саясатын аныктап тургандарга да көзөмөл коюу аракети жасалып жатканда, бул айырмачылыкты эч ким айтпайт. Баарынан дагы Батыштан каржыланган бейөкмөтчүлөр  мыйзам долбоорундагы “ЖМК чет өлкөлүк субъекттер тарабынан түптөлүшүнө тыюу салынат” деген пунктка катуу каршылык билдиришүүдө. Активисттер каршы болуп жаткан калган пункттар – башкы пункт менен биргеликте ишке ашат: иноагенттерге басылмалар жана телеканалдар аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий кырдаалына таасир этүүгө тыюу салуу. Бул ошол эле активисттердин пикиринде, Кыргызстандын тоталитардык жана полициялык мамлекет болушуна жол ачат.

Ушул сыяктуу мыйзамдардын эң бир демократиялык өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатканын каршы чыккандар билишер бекен? Мисалы, ошол эле АКШда? Биз эркиндик, демократия, адам укуктары боюнча маселеде так ошол өлкөгө окшошууга умтулат эмеспизби. А ал жакта катаал көзөмөл иштейт, бул ЖМКларга да, иноагенттерге да тиешелүү.

Бизге дагы кайсы өлкө демократиянын үлгүсү болот? Албетте, Украина. Эркиндик менен көз карандысыздык мына, ошол жакта! (Көпчүлүк так ошол эркиндикти өтө эле сүйгөндүгү үчүн украин эли жапа тартып жатат деп эсептейт.) Украинада дагы жакында эле ЖМК тууралуу мыйзам кабыл алынды. Ал Кыргызстандагы мыйзам долбоорундай жумшак эмес. Украиналык мыйзам чыныгы тоталитаризмге жана антидемократияга салынган чыйыр. Ал жакта ЖМКны эч ким "сен жакшы" дебейт. А украин ЖМКсы – бул гезит- журнал,-телеканалдар эле эмес, көп сандаган катталуучулары бар блогерлер дагы. Ошондой эле, онлайн-кинотеатрлар, ютуб-каналдар, деги эле жазмакерлердин, эл алдында сүйлөгөндөрдүн баары кирет.

Учурда украиналык ЖМК оңго бир кадам – солго бир кадам – атуу - деген эреже менен жашап жатат. Эми дароо атып салышпастыр, бирок камашат жана актанууга мүмкүнчүлүк беришпейт.

Прибалтикада дагы “Дождь” каналына ушундай эле мамиле жасалды. Бир жолку эфирдик ката каналдын жабылышына алып келди. “Дождь” бар болчу – “Дождь” жок болду. А ким прибалтикалык өлкөнү тоталитардык жана полициялык деп айтып жатат?

Кыргызстан демократиянын жана сөз эркиндигинин түбүнө жетти деп кыйкырып жаткандардын эч бирин ЖМК боюнча мыйзам долбоору ушуну менен төртүнчү жолу иштелип жатканын ойлондурбады. Төртүнчү жолу! Бийлик жарандык коомдун каалоосуна көнүп, акылдашып, талкуулап жатат, бирок беркилер аны моюнга алгылары келген жок. Садыр Жапаровдун ордунда Түркмөнбашы болсо, эмне кылмак эле? “Мына, жарандар, силерге мыйзам. Аткаргыла!”, - демек.

Казакстандын президенти эгерде атамекендик журналисттер анын кийимин ар бир жолу талкууга алышса кантет эле? Эч кандай мыйзамы жок эле, жазганына жараша жазасын алышмак.

Дүйнө жүзүндө дебейли, Борбордук Азияда жаранды оор кылмышы үчүн пробациялык көзөмөлгө өкүм кылып, анын жакшы жакка өзгөрүүсүнөн коомдон бөлбөй туруп үмүт кылган дагы бир өлкө бар бекен?

Ошондо, кайсы антигуманизм, антидемократия, авторитардык системаны айтып ызы-чуу салып жатабыз?

Айрым чет өлкөлүк иликтөөчүлөр Кыргызстандагы демократия өтө өнүккөнүн, андан улам терс жагы дагы жаралганын айтышат. Бийлик коомдун маанайынан кайсы бир деңгээлде көз каранды жана ар кандай митинг, каршылык акциялары башталып кетпесин деп дайым эле өз алдынча чечим кабыл ала берчү эмес. Бул жаатта Садыр Жапаров буга чейинки президенттерден кыйла алдыга кетти жана демократияны туура нукка бурду, Кемпир-Абадды шылтоо кылып башаламандык уюштургусу келгендердин жаман оюн токтотуудан чоочулабады.

Ошол эле чет өлкөлүк аналитиктер Кыргызстанды мурдагыдай эле чөлкөмдөнү эң бир демократиялык өлкө деп эсептешет. Ал Борбор Азиядагы демократиянын чыныгы аралчасы болчу жана ошол бойдон кала берет.

Булак: vb.kg