Бишкек, "Саясат.kg". Бийликтеги адамды алсыратып, эл көзүнө мокочо көрсөткүң келсе, анын жакынын каралоого өт...

Кыргызстанда жаз келгени саясий оюндар, интригалар, бийликке карата маалыматтык чабуулдар күч алары салтка айланып калган. Саясат эшикте митинг, нааразылык акциялары менен коштолсо, социалдык тармактарда, маалымат булактарында маалыматтык каралоо, “баткак сүйкөө” кампаниялары күчөйт. Ансыз Кыргызстандагы саясий турмушту элестетүүгө мүмкүн эмес.

Буга чейин бийликти эңсегендер, оппозиция атыккандар, дегеле бийликти алсыраткысы, эл көзүнө дискредитациялагысы келген күчтөр кандай гана маалыматтарды жазышып, таркатышкан жок. Айрыкча президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кайраштыруу максатында тирукмуш маалыматтарды ойлоп табышты. "Ташиев кызматтан кетсе, Садыр Жапаровдун бийлиги алсырай түшөт"- дегендер, достукка доо кеткендиги тууралуу фантазиялары жетишинче жөө жомокторду токуп жатышат. Бирок мындай калпк, өзгө түгүл, өздөрү дагы ишенбейт.

Эми сыягы "Бийликтеги адамды алсыратып, эл көзүнө мокочо көрсөткүң келсе, анын жакынын каралоого өт"- дегенге өткөн шекилдүү. Жаздын келиши менен Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевди бутага алышып, аны "Келечектеги президент, КамчыбекТашиевдин ордуна ошол президент болот"- деген сыяктуу бир чети күлкү келерлик коёндой окшош посттор соцтармактарды каптап кирди. Бир окуганда Шаирбек Ташиевди жактаган тариздеги посттордун чыныгы мааниси эмнеде экенин аңдоо кыйын эмес. Атайын, максаттуу түрдө жасалып жаткан кутумчулук кара пиар.

Баамыбызда, айрым саясий күчтөр, топтор бир мезгилде “эки коён” аткылары келип жаткан шекилдүү. Биринчиси, бир тууганы аркылуу Камчыбек Ташиевди президентке жаман көрсөтүү, ортого «от жагып” кайраштыруу болсо, экинчиси, Ташиевдерди жалпы элдин алдында жаманатты кылып, кыжырларын келтирүү. Мында башка максат жок.

Журналист Турат Акимдин: «Садыр 10 жыл такта отурса, Камчы карып кетсе, 2031-жылы президенттикке Шайырбек чыгат» деген постуна кандай баа берүүгө болот? Мындай постторду жазгыдай Ташиевдердин бирөөсү президент болуу ниетин билдирдиби? Же алдыда президенттик шайлоо жакындап атабы? Баарынан да, Турат Акимге мындай постту жазууга эмне күч келди? Сыягы, Ташиевдерге маалыматтык чабуулга өтүшкөн саясий күчтөрдүн «заказын» аткарып жаткан көрүнөт…

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, анын бир тууганына каршы кара пиарлардын мезгил мезгили менен болуп турганы мыйзам ченемдүү эле. Азыр Кыргызстанда Камчыбек Ташиевден өткөн душманы көп адам жок. Коррупцияга баткандар, мыйзамсыз иш кылгандар, элдин ырыскыларын уурдап, талап-тоногондор, иши кылып УКМК тарабынан кармалып, камалып жаткандардын баарынын КамчыбекТашиевди көрөйүн деген көздөрү жок. Ташиевдерге байланышкан кандай негативдер болсо, өздөрүнүн жалданма жазмакерлери аркылуу колдошуп, соцтармактардан таркатканга даяр турушат. Шаирбек Ташиевди каралаган маалыматтарды да мына ушул өңүттө караганыбыз оң.

 

Бакай Абдымалик