Бишкек, "Саясат.kg". Башпрокурордун кайнисинин кармалышы трагедия эмес...

Бүгүн Мамлекеттик бажы кызматында жасалма - транзит уюштуруп, коррупциялык схема түзүп алган топ УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду. Жалпысынан 9 адам кармалган, алардын басымдуусу бажы кызматкерлери болсо, калганы жеке компаниялардын өкүлдөрү. Бул маалымат жаңыдан жарыяланганда эле, кармалгандардын арасында жогорку даражалуу аткаминерлердин туугандары бардыгы айтылган. Көп өтпөй, алар ким экени белгилүү болду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарына берген маегинде ири коррупциялык схемага катышкандардын бири башпрокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси экенин тастыктады. 

Буга чейин УКМКнын мыйзамдуу иштерин Башкы прокуратура менен тирешүү катарында көрсөтүүгө аракеттер болуп келген. Эми Зулушевдин кайнисинин кармалышы мындай жалган маалыматтарды көбөйтөөрү турган иш эмеспи. Андыктан, Камчыбек Ташиев алдын ала Башкы прокуратура менен эч кандай пикир келишпөөчүлүк жоктугун белгиледи. 

"Башкы прокуратура менен УКМКнын жетекчилеринин арасында пикир келишпөөчүлүк болуп жатат деген маалыматтар болгон. Ошондуктан, түшүндүрмө бере кетейин, Курманкул Зулушев экөөбүздүн ортобузда эч кандай тирешүү жок. Ар бирибиз мыйзам чегинде өз кызматтык милдетибизди аткарып жатабыз.

Бажыда ири коррупциялык схема иштеп турган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мамлекетке 1 миллиард сом зыян келтирген. Кармалгандардын арасында Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бардыгы чындык. Бирок кайнисинин мыйзам бузушуна Зулушевдин эч кандай тиешеси жок. Кармалган адам сурак берип жатат. Айыбы далилденсе мамлекетке келтирген зыянды толуктайт жана мыйзам чегинде жазасын алат", - деди Камчыбек Ташиев. 

Чындыгында, Кыргызстанда бир түшүнүк калыптанып калган, ал - чоң кызматтагылардын жакындарына мыйзам иштебейт деген. Эч убакта кайсы бир даражалуу аткаминердин жакындарынын кармалганын, жоопкерчиликке тартылганына күбө болгон эмеспиз. Акыркы эки жылда гана мыйзам баарына бирдей экени далилденип, ал турмак президенттин жакындары дагы мыйзамсыз аракеттери үчүн жазасын алышты. Бул биздин коомго өгөй көрүнүп, баягы "кантип эле ушундай болсун, тигинин тууганын кармады, демек, ал менен мамилеси бузулган" деген өңдүү жоромол, шектенүүгө кабылуудабыз. 

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев бийликтеги алгачкы күнүнөн тартып, мыйзам үстөмдүгү биринчи орунда тураарын жана ал бардык жаранга бирдей тиешелүү экенин айтышкан. Ал сөздөрү иш жүзүнө ашып, мыйзамсыздыкка барса, жада калса бул эки адамдын эң жакын адамдары дагы жазадан кутулбай турганын далилдеп келатышат. 

Бул боюнча Камчыбек Ташиев: "Мындай нерсе көп эле болот, анын баары дайыма эле ачыктала бербейт. Чоң кызматтагылардын жакындары мыйзам бузуп кармалып, жазага тартылган учурлар көп эле. Мисалы, президентибиз Садыр Нургожоевичтин кудасы кармалды, отуруп чыкты. Бир тууган агасынын бир тууган бажасы дагы "Достук" чек ара өткөрмө пунктунда жетекчи болуп турганда мыйзам бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Мамлекет үчүн кызматтагы адамдардын жакындары деген түшүнүк жок. Мыйзам бузган адамга ал ким болбосун аео болбойт. Президентибиз Садыр Нургожоевич ушундай тапшырма берген. Ошондуктан, башкы прокурордун кайнисинин кармалышын трагедия көрүп же тирешүү катары кабыл албашыбыз керек. Бул кадимки эле мыйзамдын иштөөсү", - деди. 

Кыргыз коому ушул түшүнүккө көнүшү керек - ким болбосун, мыйзам алдында бирдей. Учурдагы бийликтин жаңычылдыгынын бири так ушунда жатат: баштагыдай даражалуу тууганына таянып каалаганын жасамай жок, туугандан да бийик мыйзам деген нерсе бар.