Бишкек, "Саясат.kg". Дүйнөдө бүгүнкү тапта кырдаал саат сайын өзгөрүп жатат.
Президентибиз Садыр Жапаровдун мурдагы ажолордун башын бириктирип, ынтымакка чакырганы тарыхый зор окуя болуп калды.
Келечекте баары бир мындай миссияны кимдир-бирөө колго алышы керек болчу, кийин Садыр Жапаровдой чечкиндүү журт башчысы болобу, жокпу, айтыш кыйын. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун эч кимден тайсалдабай, тигил же бул "не дейт экен,"- деп элдин оозун карабай, коомчулукта терс пикир дагы айтылып, рейтингине залакасы тиерин билип туруп - бул кадамга барганы духу вагон экенин көрсөтүп турат.
Дүйнөдө бүгүнкү тапта кырдаал саат сайын өзгөрүп жатат. Жер шары экиге бөлүнүп, бирин бири муунтуп жок кылууга кызыкдар. Ушундай шартта бизге окшогон кичинекей өлкөлөр үчүн өтө оор болууда. Дал ошондуктан да, алдыбызда турган чакырыктарга туруштук бергибиз келсе, кечээки күндү эстеп, кер-мур айтышып, ызы-чуу салганды токтотуп, ички биримдигибизди бекемдөө шарт. Садыр Жапаров шайлана электе эле элге ушундай убада берген. Эми ушундан да саясат жасап, президенттин демилгесин тепкилеп жаткандарга таптакыр түшүнбөй турам. Силерге эмне керек? Бийлик азырынча бүт айткан дегениңерди жасап берип жатат. Ошон үчүн жеке жоопкерчилик дегенди дагы ойлойлу. Мамлекеттүүлүкту жоготуп алуу иттен оңой. Кайра аны калыбына келтирүү кыйын. Ынтымактуу бололу, Леопольд айткандай, "ребята, давайте жить дружно!".
Өткөндөн сабак алып, кечиримдүү болуу керек. Өзүбүз хан көтөргөн инсандардын четте баш калкалап жүргөнү туура эмес. Баарын ушул жерге алып келип, сыйлап алсак дүйнө дагы буга таң берет. Болуп өткөн окуяларга аларды жалгыз эле күнөөлүү кыла берген болбойт. Көптөгөн биз билбеген жагдайлар болгон. Анын баарын айта берсек, эл болбой калабыз.
Нургазы Анаркулов, журналист