Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 855

Бишкек, "Саясат.kg". Ал үчүн баштагыдай эле биринчи орунда - мыйзам, туруктуулук жана тартип турат. 

Кыргыз-өзбек маселесинин оң чечилишине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин да, атамекендик жана чет өлкөлүк саясат талдоочулардын да пикири боюнча Садыр Жапаровдун саясий эрктүүлүгү себепкер болду. Бирок бул жеңиштин мамлекет башчыдан башка дагы бир автору бар, ал - генерал Камчыбек Ташиев. 

"Кемпир-Абад иши" кантип башталып, кандай жүз бергенин эстеп көрөлү. Өзбек тарап менен сүйлөшүүнүн башында ким болгон жана кыргызстандыктарга ким түшүндүрүү иштерин жүргүздү. "Истерикага" алдырган оппозиция ыргыткан таштын баары кимге тийди. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу УКМКны өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун Жапаров сыяктуу эле камсыз кылууга күчү жана эрки жеткен адам башкарууда. 

Камчыбек Ташиев ӨКМнын министри болуп турганда генерал наамын алган, бул аскердик наам эмес. Ошондуктан, ал Кыргызстандын башкы чекисти катары генералдык мундир кийип чыкканда айрымдар олуттуу кабыл алышпаган. А генарал Ташиев кыска убакытта бул погон ага толук ылайык келээрин далилдеп койду. 

Ал укук коргоо органдарына генералчасынан так, конкреттүү жана түз тартип орното баштады. Генералчасынан коррупциянын бардык элементтери менен аеосуз күрөштү. Аны менен катар эң бир ыңгайсыз суроолорго генералчасынан жооп берип, тагдыр чечүүчү чечимдердин жоопкерчилигин өзүнө алууга даяр. 

Генерал Ташиевдин аркасы менен  Өзбекстан менен эмес, Тажикстан менен дагы чек ара маселесин чечүүдө жылыштар болду. "Эгер биз мурда келишимге келе албасак, - деп айткан Камчыбек Кыдыршаевич, - анда азыр тил табышып, бири бирибизге чечүү жолун көрсөтүп, жол бошотууга барышыбыз керек. Биз протоколго кол койдук, эми мамлекеттик макулдашууларды жүргүзөбүз. Депутаттар келишимди колдоп беришсе, президент кол коет дагы эки өлкө ортосундагы маселе чечилет". 

Буга чейин УКМКнын төрагасы болгондорду бул маселеге анчалык тынчсыздандырбаган окшойт. Дагы башка маселер сыяктуу эле. Үзгүлтүксүз алмашып турган УКМК төрагалары тууралуу эмнелерди билебиз? Алардын аты-жөнүн гана. Камчыбек Ташиев болсо дайыма элдин көз алдында. Жөн гана көз алдында эмес, эң бир татаал жана бейтынч аймактарда жүрөт. Аскердик генерал барышы керек болгон жерлерде. 

Кыскасы, генерал Ташиев бийликке Садыр Жапаровдун келиши менен "жаралган" жок. Бул ага чейин эле көп убакыт мурда болгон, бирок көбү биле беришпесе керек. 

Так ошол Ташиев 2010-жылдагы Ош окуясында кырдаалды жөнгө салууда чечүүчү роль ойногон. Бул тууралуу өзү: "14-июнда 20 миңге жакын кыргыз Сузакка өзбектер менен согушууга киришпеши үчүн эки элдин ортосунда турдум, өмүрүмдү да бергенге даяр болчумун", - деген. 

Так ошол Ташиев 2011-жылы акыйкатсыз өткөн президенттик шайлоодон кийин митинг өткөрүүдөн баш тартып, минтип айткан: "Кыргызстандагы туруктуулук жана тартипмен үчүн президенттик тактан да бийик турат". Азыр эч ким аны бийликке жутунат деп айта албайт. Ал үчүн баштагыдай эле биринчи орунда - мыйзам, туруктуулук жана тартип турат. 

Булак: vb.kg