Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ар кандай чыр-чатактардын бир себеби суу маселеси болуп келүүдө.

Эки өлкө сугат сууну кандай келишимдердин негизинде пайдаланып келет жана келечекте дагы сунуш, пландар барбы? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде Айыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстар кызматынын директорунун орун басары Джайлообаев Абдыбай Шакирбаевичке кайрылдык.

— Абдыбай Шакирбаевич, акыркы жылдары тилекке каршы көп катталып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы ар кандай пикир келишпестиктер жана чыр-чатактардын бир себеби суу талаш болууда. Эки мамлекеттин ортосунда бири-бирине көз каранды болгон кандай суулар же дарыялар бар жана аларды биргелешип колдонуу жагы кандай чечилген?

— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы суу ресурстары бүгүнкү күндө СССРдин учурунда түзүлгөн протоколдор боюнча эле пайдаланылып келе жатат. Анда бизге сугат жердин көлөмүнө карата 30-35, кошуналарга 55-70%дан бөлүнгөн. Бирок кийин, 1991-жылдан соң Эгемендүү мамлекет болгонубузда бир аз өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин бир эле суу эмес, башка маселелер боюнча да, атап айтканда Арал денизин сактап калуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин  жолугушуулары болгон.

Андан тышкары Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясы бул багытта иш жүргүзүп жатты. Мамлекеттердин ортосундагы суу ресурстарын пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү мурдагы келишимдердин негизинде  комиссиялар чечип жатты. Бирок эң негизгиси, президенттер жолугушуп, кол койгондо эки кагазда документ сакталып калган. Анда “Биз сууну пайдалануу боюнча мурдагы келишимдерди регионалдык суу бөлүштүрүү боюнча жаңы стратегия түзүлгөнчө тааныйбыз”, — деп жазылган. Ошондуктан биз азыр Союз учурундагы документтерди колдонуп атабыз.

Эми Эгемендүү болгондон кийин канча жылдан бери келишим, протоколдор иштеп атат, өзгөрүүлөр да болууда. Ал жакта да өзгөрдү, бер жакта да өзгөрдү. Андан тышкары суунун көлөмү да өзгөрүп атат. Ошондуктан бул документтерди бир сыйра карап, изилдеп чыгалы деген сөздөр, сыноолор болду дегендей. Мындай жагдайдан улам GIZ деген уюмдун жардамы менен эки мамлекеттин ортосунда келишимдин долбоорун иштеп чыкканбыз.

Бирок бул жумуш аягына чейин чыкпай калды. Анткен менен биз ал келишимди колдойбуз жана аягына чыгарууну каалайбыз. Ошондуктан аны кийинчерээк болсо да бүтүрүшүбүз керек. Бул тууралуу көп эле гезиттерде, телевидение, социалдык тармактарда чыгып атпайбы.

Негизгиси суу чек араны билбейт, өз нугу менен агып кете берет. Андыктан биз алгач чек араны тактап туруп, ошонун негизинде сууну кантип пайдаланууну чечсек деген пикирдебиз. Азыркы учурда жалаң гана сууну карап чыксак, бир аз туура эмес болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары дарыялардан аккан сууну алып кеткен биздин өзүбүздүн каналдарыбыз бар. Тажиктердин деле ошондой каналдары бар.

Эң негизгиси, Баткенден өткөн Төрт-Күл суу сактагычы. Исфарадан бер жакка суу алмай, толтурмай. Анын сыйымдуулугу 90 млн. куб. Бул суу сактагыч курулгандан кийин Баткендин өнүгүүсүнө жол ачылган. Андан тышкары Союз учурунан бери Кожобакырган (Козу-Баглан) дарыясына Лейлек суу сактагычын куруу пландаштырылып, долбоорун Ташкент институту даярдаган. Тилекке каршы Союз тарап кетип, ал курулбай калбадыбы. Бизге бул суу сактагыч эмне себептен керек эле?

Анткени кандай болбосун жылдан жылга суу азайып баратат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, башынан баштап туруп эле сууну бөлүп атканда суу жетишпегендиктен эки мамлекеттин ортосунда чыр-чатактар чыгып атты. Андан тышкары дагы кышкы мезгилдеги аккан сууну топтоп, кийин керек учурда сугатка колдонгонго мүмкүнчүлүк болот.

— Жогоруда өзүңүз айткандай, Союздун учурунда эки мамлекет негизинен 70/30 пайыздан сууну шарттуу түрдө  бөлүп алган менен учурдагы кырдаал да өз өкүмүн жүргүзүүдө. Мисалы, Кыргызстан Баткен облусунун аймагына суу сактагыч же Чакан ГЭС куруп калса, кошуналарга зыяны тийип, нааразычылык жаралбайбы?

— Жок. Эгер биз суу сактагыч же Чакан ГЭС курсак, кошуналарга зыян деле болбойт. Эмне үчүн? Анткени суу керек эмес болгон кышында, күзүндө жана эрте жазда сууну топтоп алабыз. Ал эми сугат маалында баягыдай эле кете берет. Эгер ушул негизде  сууну топтоп алсак, бизге да, аларга да жакшы болот. Эми алар эмнеден чочуп атышат?

Эгер суу сактагыч куруп алса, сууну жаап салат деп, ошондон чочуп атышат. Канткен менен баардык мамлекеттерде деле ошондой чочулоо болушу мүмкүн. Анда биз аларга мындай деп айтып атабыз, болуптур, чочуп атасыңарбы, келгиле биргелешип куралы, биргелешкен объект болсун, эч кандай каршылык жок. Кайра баардыгыбызга эле пайда болуп атпайбы, агып кетип жаткан сууну азыр колдонбой жатпайбызбы. Кийинчерээк жайында, суу жетпей жаткан учурда суу тартыштыгы толук чечилбесе да, бир топ жеңилдеп калмак.

— Баткен районунун аймагында Аксуу (Тажикстанда Исфара деп аталат) дарыясы кандай бөлүштүрүлгөн?  Себеби эки өлкөнүн ортосундагы суу талаштын көпчүлүгү ушул дарыянын суусун талашуудан келип чыгууда.

— Башында айтып кеткендей, Аксуу дарыясынын суусун үч мамлекет колдонот, жана бөлүнгөнү: Тажикстан – 55%, Кыргызстан – 37% жана Өзбекстан – 8%. Баткен районунун аймагынан ушул Аксуудан суу сактагычка канал аркылуу суу алынат, андан башка Актатыр каналы дагы суу алат.

Актатыр каналы эки километрдей Тажикстандын Мачайи айылы аркылуу өтүп, биздин Самаркандек, Паскы-Арык айылдарына барат. Бирок кошуналар суу агып өткөн каналга сарай жана башка курулуштарды салып алгандыктан, тазалаганга жана оңдогонго мүмкүн болбой калгандыктан, алган суубуз бизге жетпей да калган.

— Азыркы учурда бул жердеги абал кандай? Көйгөйдү чечүү боюнча эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатабы?

— Бүгүнкү күндө жогоруда айткандай, суу короолордун астында болуп калгандыктан, эч нерсе кыла албайт экенбиз. Андыктан биз башкача жолун карап жатабыз…

— Өзүңүз айтып өткөндөй, Төрт-Күл суу сактагычы Баткен районунун жана шаарынын турмушу үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө анда канча суу бар жана кошуналарга да жетиштүүбү?

— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сууларды бөлүштүрүү боюнча жалпы бир протокол болгон менен ар бир дарыя, канал, майда суулар боюнча да өзүнчө протокол түзүлүп, баары бир китеп болуп калат. Ошондуктан июль айларында, Союз учурунда эле жазылган, керек учурунда Төрт-Күлгө куйган суунун эсебинен тажиктерге берилип, андан кийин ошол эле көлөмдү алардын эсебинен алып, Төрт-Күлдү толтурабыз.

— Лейлек районунун аймагындагы Кожобакырган жана Ак-Суу дарыяларынын көпчүлүк бөлүгү Тажикстанга агып кетет. Ошол эле учурда бул райондун төмөнкү зонасы болгон Арка өрөөнүнүн миңдеген гектар аянты Тажикстандын Кайракум суу сактагычынан сууну насос менен тартып алат. Бул боюнча эки өлкөнүн ортосунда кандай келишим же документ бар?

— Бул   дагы Союз учурунан берки келишим боюнча ишке ашырылып келет. Кайракум суу сактагычында СССРдин тушунан бери эле калкыган баржабыз турат. Бул өлкөбүздөгү эң чоң ушул Арка насостук каскады болуп саналат. Ал үч шилтеме (подъём) менен суу берет. Биздин лимитибиз бир жылга 80 млн кубометр. Бирок иш жүзүндө 70-72 млн кубометр гана алып келгенбиз. Мындан тышкары Арка өрөөнүнө насостук станциялардан куур аркылуу суу жеткирилет. Маргун жактан да тажиктердин Кожобакырган машина каналы иштейт. Ал аркылуу Тажикстандын Жаббар Расулов району суу алат. Бул каналдан биз да суу алабыз.

— Ушул Кожобакырган дарыясынын суусун Тажикстанга киргизбей эле өзү агып өтө турган суу алабыз деген Кыргызстандын планы бар эле. Бул долбоор ишке аштыбы?

— Кожобакыргандан биздин да, тажиктердин да суу бөлүштүргөн жайы бар. Эгер байкап көрсөңөр, ортосунда Максатка кеткен дюкер курулган. Сиз ушул жөнүндө сурап атсаңыз керек. Кулунду каналынын суусу да Кожобакырган дарыясынан агып барат.

— Акыркы жылдары Кыргызстан көп кайрак жерлерди, анын ичинде Баткен облусунда миңдеген гектар аянттарды өздөштүрүп, суу сактагыч курууну пландаштырууда. Бул боюнча кошуна мамлекет менен алдын ала сүйлөшүүлөр болдубу жана алардын жообу кандай болууда?

— Бул сурооңуз негизинен Лейлек районуна тиешелүү болсо керек. Жогоруда айтып өткөндөй, Союздун учурунда эле Лейлек суу сактагычын куруу пландаштырылган. Чындыгын айтканда, Тажикстандан эки-үч жолу тышкы иштер министрлигине “Ушундай пландаштырып атыпсыңар. Мындай болбойт…”,- дегендей каршылык келген. Албетте, алар суу сактагыч куруп алса, сууну бербей коёт деп чочуп атышса керек.

— Анда Кыргызстан Тажикстан менен суу сактагычтарды биргелешип курганга да даяр экен да?

— Ооба, андай сунуштар берилген. Бирок кошуналар бизге жооп берише элек.

— Былтыркы жылы болсо керек, Лейлек районунун Катраң айылында Кожобакырган дарыясына жеке ишкер Чакан ГЭС куруп жаткандыгы айтылды эле. Мындан башка да Ак-Суу дарыясы жана башка сууларга чакан ГЭС куруу тууралуу сөз болууда. Бул объектилер алдын ала Тажикстанга айтылып, алардын да макулдугу алынабы?

— Негизи Чакан ГЭС курулганда анда суу сакталбайт. Башкача айтканда агып келаткан эле суу генераторду айлантып, кайра агып кете берет. Андыктан суу сактагыч курулса, ал Чакан ГЭСке кирбей калат. Ал эми суу сактагыч курулса, ал ГЭСке кирип калат.  Бир чети Баткен облусунун аймагында эч ким деле суу сактагыч курбайт. Демек, Чакан ГЭС эч кандай суу тартыштыгын жаратпайт. Бул бир жагы.

Экинчи жагы, биринин артынан экинчисин курганга болбойт. Анткени мурдагы аккан суунун нугу жоголуп калса, кийинкисине керектүү суунун агымы болбой калат. Себеби жер үстүндөгү суу менен жер астындагы суу байланышта болот.

Мисалы, мурдагы аккан суулардын нугу өзгөрүп атпайбы. Анын себеби, жер астындагы суунун нугу өзгөрүп, бөлүнүп кеткенден келип чыгат. Менин айтканыма ишенгендер да, ишенбегендер да болушу мүмкүн. Бирок жер астындагы суу менен жер үстүндөгү суу бирдей агып, байланышта болот. Ошондуктан аккан суунун нугу өзгөрсө, дарыялар да кургап же өзгөрүп  калышы мүмкүн. Кыскасы, табияттын мындай мыйзамын  адистер менен биргеликте терең изилдеп туруп гана Чакан ГЭС же суу сактагыч курганга уруксат бериш керек.

— Экологдордун божомолу боюнча, жүз жылдын аралыгында жер жүзүндөгү мөңгүлөрдүн жарымы жоголуп кетет экен. Эгер ушул апаат келе турган болсо, тоолордон агып келип жаткан суу азайып кетиши мүмкүн. Бул боюнча да кошуналар менен сүйлөшүүлөр болуп атабы?

— Азырынча мындай кылалы, андай кылалы деген сунуштар деле боло элек. Бул бир жагы. Экинчиден, жана келишим долбоору бүтпөй калды деп айтпадымбы. Мына ошону бүтүрүш керек. Кандай болбосун эки тараптан жумушчу комиссия түзүлүп, алдыдагы кырдаалга жараша суунун көлөмү, мөңгүлөр кандай өзгөрүп жаткандыгы боюнча иш жүргүзүшү зарыл. Биз Бишкекте отуруп алып Баткенде мындай, андай болот деп айта албайбыз. Ошол эле Дүйшөмбү да жеринде туруп чечим чыгарбаш керек.

— Демек, жергиликтүү адистердин тыянагы керек экен да?

— Ооба. Болгондо да комиссиянын мүчөсү болуп жалаң гана суучулдар кирбейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, андан тышкары суу пайдалануучулар ассоциациясынан, айыл өкмөтүнөн турган адистерден түзүлсө туура болот.

— Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен Согди областынын өнөр жайы өнүккөн, элинин  саны да көп. Алар бир эле сугат эмес, ичүүчү сууну да Лейлек районунун аймагындагы Кожобакырган жана Ак-Суу дарыясынан алышкандыктан, ал дарыялар өтө маанилүү болуп саналат.

— Туура, кошуналар бизден ичүүчү сууну да алгандыктан, бул дарыялар алар үчүн өтө маанилүү.

— Сиз суу адиси катары эки мамлекеттин ортосунда сууну биргелешип пайдалануу боюнча кандай сунуштарды айтар элеңиз?

— Массалык маалымат каражаттарынан угуп, көрүп атабыз, эки мамлекеттин кошуна айылдарынын маселесин айыл активисттери менен аксакалдары эле чогулуп алып чечип атышпайбы. Биз Кудай кошкон, кылымдардан бери бирге жашап келаткан элбиз. Бул жактан биз, ал жактан алар көчүп кетишпейт, куда-сөөк деле болуп калганбыз. Ошондуктан суу маселеси  согуш же чыр-чатак менен эмес, эки тараптын сүйлөшүүсү, ынтымагы аркылуу гана чечилиши керек.

Менин пикиримде, эки тараптан айтылып өткөндөй курамда комиссия түзүлүп, экологдор менен токойчулар да кошулуп, келишим түзүлүп, ал юридикалык күчкө ээ болуп, Исфара боюнча өзүнчө, Кожобакырган боюнча өзүнчө чечим чыгарылгандыгы туура болот. Баткен районунун Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен аймагында Союздун учурунда курулган гидропост бар. Аны да сел жууп кетип, аксакал киши болжолдуу түрдө эле ташты коюп алып, иштеп жатат.

Мен барганда ал баласына үйрөтүп аткан экен. Аны талапка ылайык оңдош керек. Албетте, бул бир топ каражатты талап кылат. Андан тышкары Кожобакырган дарыясынын боюндагы суу бөлүштүргөн посту да сел жууп кеткен. Союздун учурунда Кожобакырган жана Исфара дарыялары Узгидрометтин карамагында болчу. Маселенин чечилбей, узакка созулуп кеткендигинин себеби да ошого байланыштуу. Азыркы учурда Ворухту тажиктер өзүнө алды. Биз болсо өз аймагыбыздагы гидропостту курушубуз зарыл.

— Өзүңүз айткандай, алгач чек ара маселеси чечилип, суу бөлүштүрүү андан кийин чечилиш керек го?

— Жок, чек ара да, суу да параллелдүү түрдө чечилүүгө тийиш. Алгач муну чечип, андан кийин экинчисине өтөлү деген туура эмес болуп калат. Болгондо да Бишкекте же Дүйшөмбүдө отуруп алып өз алдынча чечилгенде бир аз саясый чечим болуп калышы мүмкүн. Эки жактын ар кайсы ведомстволорунан турган биргелешкен комиссия макулдашып чечкенде гана туура болот. Мисалы, эрте менен түшкө чейин сууну биз, түштөн кийин силер пайдалангыла десек туура болот. Же 1-3-5-үч кин суу биздики, калган күндөрү силердики деп. Ушинтип деле чечип койсо болот.

Дүйнө жүзү боюнча мындай практика деле бар. Чындыгында суу жетишпейт. Ошондуктан СССРдин тушунда эле суу сактагычтар курула баштаган. Көп жерлерде жер астынан скважиналарды куруп, жер астындагы суулар сордурулган. Бирок кийин алар иштебей калган. Азыр кайрадан ошол скважиналарды иштетип, суу көйгөйүн толук болбосо да бир аз чечүүгө аракет кылып атабыз. Мындай иштер Баткен облусунда да жүрүүдө.

 

Маектешкен Эмилбек Момунов