Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 896

Бишкек, "Саясат.kg". Камчыбек Ташиев элди, саясатчыларды президентти колдоого чакырды.

Cаясатта, мамлекеттик башкарууда ушундай. Эгерде күчтүү команда түзүлүп, ал элдин, өлкөнүн кызыкчылыгында натыйжалуу иштеп, чоң ишенимге ээ болуп жатса, атаандаштар ал команданы алсыратууга, бузууга ар кандай аракеттерди көрүшөт. 

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровду команда жагынан алсыратууга аракеттер көрүлүп жатканы байкалууда. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемин бузууга, ортолоруна от жагып, экөөсүн кайраштыруу үчүн кандай гана маалыматтык чабуулдар болгон жок. Чындыкка коошпогон, жалган, ойдон чыгарылган маалыматтарды жазышты. Бирок андан тандем бузулуп, ортолоруна жарака кетпеди, тескерисинче күчтөнүшүп, ынтымак, биримдик, бир тилек, максат менен мамлекеттин, элдин кызыкчылыгында иш алып барышууда. Оштогу окуялардан улам да күч түзүмдөрүн мисал кылышып, президент менен УКМК төрагасын тирештиргенге да үлгүрүштү. Бирок ал маалыматтардын баары саясий атаандаштардын, бийликке көз арткандардын апыртмалары гана  экенин турмуш көрсөтүүдө.  Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракеттери, максаттары бир экендиги күн өткөн сайын бекемделүүдө. 

Эки досту кайраштыруудан майнап чыкпай турганына көзү жетишкенде бутага Акылбек Жапаровду алышты. Сыягы, «Акылбек Жапаровду кетирсек, экономика, бюджет, салык жаатындагы иштер, демилгелер ара жолдо калып, бул Садыр Жапаровго сокку болот. Экономикалык саясаттын натыйжалары солгундайт. Күчтүү үчилтик  ураса, бүгүнкү бийликтин күнү бүтөт» дегенди мерчемдешти окшойт. Чыны менен эле А.Жапаровдун экономикалык, бюджеттик чечимдери өзүнүн жемиштерин берип, өлкөнү ишенимдүү түрдө  алга сүрөөдө. Мындай акыбал албетте, президентке болгон элдин ишенимин арттырбай койбойт. Бирок А. Жапаровдун кетери тууралуу маалыматтар  кезектеги эле президентти дискредитациялоого багытталган кампаниялардан экени айдан ачык болду. Эгерде эртең президент бул айтылган, жазылгандардын баарын төгүндөп, А.Жапаровду кызматтан алууга эч кандай негиз жоктугун, ал өз милдетин жакшы аткарып атканын  билдирсе, ага таң калбай эле коелу. 

Буга чейин президент С.Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы иш-аракеттерин колдой турганын билдирген, аз күн мурда Камчыбек Ташиев элди, саясатчыларды президентти колдоого чакырды. Бул эки дос мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикте иштеп жатышканын айгинелейт.