Москва сапары
 
“Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көпүрө
 
Кыргызстан үчүн Россия баардык тараптан негизги өнөктөш экендиги талашсыз. Ал тууралуу узун сөз кылуунун деле зарылчылыгы жоктур. Бирок мамлекеттер аралык байланыш бир гана саясый, экономикалык мамилелер менен чектелбей, гуманитардык карым-катнаш аркылуу да коштолуп турганда бекем болоору белгилүү. Албетте, Кыргызстан азыркы экономикалык каатчылык мезгилде Россиянын колдоосуна муктаж. СССРдин курамында 70 жылдан ашык чогуу жашаган тарыхыбызды айтпаганда да, учурда бир миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз “кең пейил Россияда” үй-бүлөсүн багып, экономикабызга салым кошуп, ал тургай жарандыкты алып жашап жатышат.
 
 Ошол эле учурда Россия үчүн Азия материгиндеги Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Мындан тышкары чакан республикабыздагы калктын төрттөн бир бөлүгү орустар экендиги, ал тургай орус тили мамлекетибизде расмий тил катары кабыл алынышы да Россияны биз менен тарыхый байланышты улантууга милдеттендирип турат. Мына ушул өз ара муктаждыкты канааттандыруу максатында 2010-жылдын 6-октябрында Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда “Евразиялыктар-жаңы толкун” деген аталыштагы маданий-тарыхый багыттагы кызматташтык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачылган.
 
Аталган фонд тарабынан бир жылга жетпеген кыска аралыкта көптөгөн маданий иш чаралар өткөрүлдү. Мисалы, Дмитрий Киселев, Светлана Сорокина, Владимир Мамонтов, Михаил Леонтьев сыяктуу белгилүү россиялык журналисттер Бишкекке келишип, жергиликтүү журналисттерге жана студенттерге мастер-класстарды өткөрүштү. Мындан тышкары фонд Геннадий Павлюк атындагы сыйлык уюштурган. Анын жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айынын башында чыгарылып, жеңүүчүлөргө ири суммадагы сыйлыктар ыйгарылмакчы.
 
“Миң уккандан бир көргөн” демекчи, “Евразиялыктар-жаңы толкун” фонду 9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш күнүнүн алдында кыргызстандык 19 журналистке Москвадагы Кызыл аянтта болуучу парадка катышуу жана РИА Новости маалымат агенттигинде кесиптик тажрыйба алмашып келүүсүнө шарт түзүп берди.
 
Жөнөкөй жана кичипейил Ю. Ануфриев
 
8-майда Бишкекте күн бүркөлүп, жамгыр жаап турган менен “Бишкек-Москва” самолету көрсөтүлгөн график боюнча учту. Демейде иш күндөрү 4 сааттын өтүшү кыйын болгон менен бул убакыт самолетто көз ачып жумганча эле артта калып, “Шереметьево” аэропортуна кондук. Ал жерде бизди азиялыктарга мүнөздүү кичипейилдик менен бир жигит тосуп алып, күтүп турган кичи автобуска отургузду. Ичимден аны бизди чакырган тараптын кызматкерлеринин бири го деп ойлогом. Көрсө, “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриев өзү экен. Ар бирибиз Москвага куру кол жөнөбөй, ал жактагы тааныштарга, туугандарга базарлык ала барыптырбыз. Өзүбүздөн жүгүбүз оор. Мен аларды автобуска салып жатып, “Кайтканда ушул сумкалар баары бош кайтат, Москвадан эмне алмак элек” деп тамашалагам. Бирок жаңылышкан экенмин, эртеси күнү эле Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
 
Андан ары бир сааттай жол жүрүп, Останкино телемунарасынан анча алыс эмес аралыктагы “Турист” мейманканасына жайгашкан соң, Юрий Ануфриев кечки тамак үстүндө эртең баарыбыз Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышаарыбызды, саат тогуздан кечикпей барып калышыбызды эскертти. Көрсө, жыл сайын 9-майда дүйнө элдеринин көңүлүн бурган Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышып, РФ президенти, премьер-министри, саналуу гана жогорку даражадагы чиновниктери менен согуш ардагерлеринин катарында отуруу мүмкүнчүлүгү ар бир эле россиялыктарга берилбейт экен. Юрий Ануфриев Россиядагы чет өлкөлүк элчиликтер, ар кандай эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катарында бизге да Жеңиш парадына катышууга уруксат алуу оңой болбогондугун, бул маселе президенттин администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдар аркылуу гана чечилгендигин жашырган жок.
 
Жеңиш парады
 
Биз эртеси, 9-май күнү саат тогузда Кызыл аянттагы айтылган жерде болдук. Андан соң Кремлдин алдындагы атайын орнотулган орундуктарга жеткенче онго жакын текшерүүдөн өттүк. Парад башталарга он минута калганда баардык согуш ардагерлери, чакырылган коноктор орун алып отурушуп, Кызыл аянтта чымын учса угула турган жымжырттык орун алды. Россиянын, чет өлкөлөрдүн журналисттери батпайт, операторлор камерасын аянтка пушкадай буруп, саналуу минуталардан соң дүйнө жүзүнө түз көрсөтүү уюштурууга даяр турушат. Ооба, дүйнө элинин көңүлү да экинчи дүйнөлүк согушта жеңген СССРдин борбору Москванын Кызыл аянтына буруларын эстеп, ошол нечен заманды баштан кечирип, эки дүйнөлүк согушта жеңип чыккан элдин борборундагы чоң салтанатка сыйлуу конок катары чакырылгандыгыбызга   сыймыктанып да, толкунданып да турдук ...
 
Кремлдин саатынын жебеси туура 10.00дү көрсөтүп, коңгуроо кагылар замат диктордун жүрөктү толкуткан, сезимди дүүлүктүргөн үнү жаңырып, РФ коргоо министри А. Сердюков парадды кабыл алып, жоокерлер менен саламдашкан соң президент Д. Медведевге доклад жасады. Д. Медведев кыска жана нуска сөзүндө адам баласынын тарыхында фашизмди жеңген, андан соң эбегейсиз СССР мамлекетин урандыдан көтөргөн жана адамзаттын тарыхында Космоско учууга шарт түзгөн советтик жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты. Эмнегедир Д. Медведевдин сөзүнөн кийин көзүмө жаш тегерене түштү. Балким бул Лениградда окко учуп, кан майдандан кайтпай калган чоң атамды эстеген, биз үчүн жанын курман кылган аталарды эскерген, СССР деген эбегейсиз мамлекеттин бөлүнүп кеткендигине өкүнгөн, Эгемендүүлүккө жеткен менен эки ирет революция жасап, В. Путиндей, Д. Медведевдей мекенчил президенттерге жетпей жүргөн элдин өкүлүнүн көз жашыдыр...
 
Мамлекет башчынын жалындуу сөзүнөн кийин 1,5 миң аскер музыканттарынын аткаруусунда согуш мезгилиндеги патриоттук музыкалар жаңырып, 20 миң жоокер, бир миңге жакын аскердик техника параддан өттү. Мамлекет деп ушуну айт.
 
Кремлдеги кабыл алуу
 
Парад бүтөр менен бизди РФ президентинин администрация башчысынын орун басары Алексей Алексеевич Громов кабыл алды. Кремлдин кызыл дубалынын ичине тыкыр текшерүүдөн кийин өткөн соң А. Громов бизди иш бөлмөсүндө жайдары маанайда тосуп алды. Отурарыбыз менен эле Алексей Алексеевич “Жылдыз Бекбаева ким?” деп сурап калды. “Интерфакс” агенттигинин Оштогу кабарчысы Ж. Бекбаева “Мен” деп айтар менен эле “Биз сизди сабап кеткен окуяга байланыштуу аябай кабатырлануудабыз. Сизди коргоого колдон келгендин баарын жасайбыз. Өзүңүз да сак болуңуз” деди. Кыргызстандын жараны болгон менен россиялык агенттикте иштеген кесиптешибизге Кремлдеги жогорку даражалуу адамдын ушунча көңүл бургандыгына баарыбыз ыраазы болуп да, таң калып да турдук.
 
А. Громов протокол боюнча 15-20 минута гана сүйлөшмөк экен. Бирок кыргызстандык журналисттер адатыбызча сөздү кызытып жибердик окшойт, алдын ала столго жайната коюлган чай, кофе, даамдардан ооз тийип, эки саатка жакын отуруп калдык. А. Громов ушунчалык жөнөкөй, ачык киши экен, майрам күн болгондуктан улам чырылдаган телефондорго жооп берген менен кайсы бир иш чарага, конокко чакыруулардын баарын кийинкиге жылдырып жатты. Негизинен ал бизден Кыргызстандагы абал кандай экендигин, былтыркы июнь коогалаңынан соң республикабыздын түштүгүндөгү кырдаал, орус тилдүү маалымат каражаттары менен орус маданияты, мектептери тууралуу сурады. Ошондой эле 9-май Жеңиш күнү Кыргызстанда кандай белгиленерин жана “Георгиев лентасы” таратылабы, жокпу деп сурады. Мындан тышкары кыргыз эли эки ирет революция жасаган менен экономикалык өзгөрүүлөр байкалбай жаткандыгын, натыйжада жумушсуз жаштар дале Россияга агылып жаткандыгы алар үчүн чоң көйгөй экендигин да жашырбады. Башкалар кандай ойдо калгандыгын билбеймин, мен дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген чоң мамлекеттин жооптуу кызматкери ушунчалык жөнөкөй экендигине таң калып, Кыргызстандагы окуяларга кызыгып, бизден да көп маалыматы бар экендигине таң калдым. Ал тургай Кыргызстандын чиновниктери коррупциялашып кеткендигин белгилеп өттү. Өз кезегинде биз да эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу боюнча өз сунуш, пикирлерибизди айттык.
 
Жолугушуунун соңунда А. Громов ар бирибизге В. Путиндин 8 жыл президенттик кызматы чагылдырылган фотосүрөт китебин тартуулады. Коштошордо кайра эле Кремлдин салтын бузуп, А. Громов менен жалпы да, бир бирден да сүрөткө түшүп, визиткаларды алмаштык. Ошентип Кремлге жеңил кирип, оор чыктык...
 
РИА Новостидеги тажрыйба алмашуу
 
10-11-12-май күндөрү Россиянын белгилүү РИА Новости маалымат агенттиги менен таанышып, пресс-конференцияларга, тегерек-столдорго, теле-көпүрөлөргө катыштык. Москванын борбордук бөлүгүндөгү Зубовский бульварда жайгашкан РИА Новостинин босогосун аттаганда эле күтүлбөгөн кубанычтуу жагдайга туш келдик. Анткени ал жерде техникалык (пол жууган, жүк ташыган ж.б.) кызматтарда дээрлик кыргыз балдар, кыздар иштешет экен. Сыягы, эки жерден каттуу текшерүүдөн өткөргөн соң гана киргизген, өтө жооптуу агенттиктин имаратына кыргыздардын кызматка алынышы деле бекер болбосо керек. Маянасы 20 миң рублдин тегереги экен. Бир кыз Токмоктон, балдар Кара-Кулжадан болобуз дешти. Иштегендерине 4-5 жыл болуп калыптыр.
 
Көп жыл Кыргызстанда иштеген, “Российская газетанын” өкүлчүлүгүн ачкан Элла Борисовна Таранова РИА Новостинин КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп жатыптыр. Албетте, 1,5 миң журналист сутка боюу бир гана Россия тууралуу эмес, дүйнө жүзүндөгү маалыматты 11 тилде тараткан агенттиктен биз үчүн үйрөнө турган жагы көп экен. Журналисттерге түзүлгөн шарт, техникалык жактан жабдылышы да ойдогудай. Жүздөгөн адам отурган чоң залдан чымын учса угулат, телефон менен бакылдашкан, уюлдук телефонун кулагына жабыштырып жүргөн бирөө-жарым көзгө илинбеди. РИА Новости 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган үчүнчү күнү эле “Соб. Информбюро” болуп түзүлүп, согуш талаасынан маалымат берип турган. Кийин АПН, 1991-жылы РИА Новости болуп өзгөрүптүр.
 
Биз үчүн дагы бир өзгөчөлүк – РИА Новостиде журналисттерди ар кандай согуш, табигый кырсык, митинг, пикет жана башка өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймакка жөнөткөндө атайын даярдап, окутуп жөнөтүшөт экен. Ал үчүн атайын эки окуу зал ачышыптыр. Анткен менен ушунчалык заманбап техникалар менен “куралданган” журналисттер маалымат жыйындарында бизге окшоп эле колуна фотоаппарат, диктофон, кагаз, калем кармап отуруп маалымат даярдашарын көрүп, көңүлүм жайына келди.
 
Москвадагы кыргыздар
 
Турмуштун айынан көпчүлүк жаштарыбыз Россияда, басымдуу бөлүгү Москва шаары менен облусунда иштеп жүрүшкөндүктөн, биз алар менен жолугуп, абалын билүүгө да кызыктык. Чындыгында Москванын метросунда, көчөлөрүндө кыргыздарды көп кездештирдик. Бирок убакыттын тардыгынан, метродогу элдин селдей агымынан алар менен көз ымдашып гана, айрымдары менен гана таанышууга мүмкүн болду. Такталбаган маалыматтар боюнча Москва шаары менен облусунда жарым миллионго жакын кыргыздар бар дешти. Алар негизинен кафелерде, көчө тазалаган жумуштарда, курулуштарда иштешет экен. “Ботаника багы” метросунун оозунда гезит, журнал сатып отурган караколдук бир жигитти жолуктурдук. “Кыргызстанда аскер кызматынан пенсияга чыгып, 8 ай болду бул жакка келгениме. Биздин фирманын Москва шаары боюнча 800 түйүнү бар. Маянам иштегениме жараша 20 миңден 50 миң рублга чейин. Документти, жатакананы фирма моюнга алган. Бирок Кыргызстанга кетким келди, үйдү, балдарымды сагындым...” деп коштошту.
Эмилбек Момунов,
Бишкек-Москва-Бишкек