Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 613

Учур чындыгы

Ушул жылдын январынын башталышында Казакстанда болуп өткөн окуяларды башкалар түгүл, казакстандыктардын өздөрү да күтүшкөн эмес. Казак бийлиги Алматыдагы талап тоноолорду, кагылышууларды сырткы күчтөр, жалпы саны 20 миңге жакын эл аралык террристтер уюштурганын маалымдаган менен бирок аны ырастаган бир дагы конкреттүу фактыны келтире албады. Алматыдагы күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилери элдик бунтту кыргыздарга шылтай салгылары келди эле, кайра өздөрү уят болушту.

Алматыдагы моргдордон 41 дене уурдалып кеткен, алар эл аралык террористтердин сөөктөрү болуш керек дешүүдө, бирок анын деле чын-төгүнүн аныктоо кыйын эмес. Анткени, чын эле уурдалган сөөктөр болсо, аны мусулмандар буддачылардай өрттөп салышпайт,  көрүстөндөрдүн бирине алып барып коюшат. Ал эми көрүстөндөргө коюлгандардын эсеби болот. Ушул жылдын 5-10-январында Казакстандагы  көрүстөндөргө кимдер коюлганын текшерип, тактагандын кыйынчылыгы деле жок.

Тилекке каршы, булардын баары, тийиштүү күч органдарынын жетекчилеринин, бийлик ээлеринин алдастаганда айтып жиберишкендери. Чындыгында Казакстандагы  нааразылыктарга, өзгөчө Алматыдагы кандуу окуяларга сырткы күчтөрдүн, өзгөчө  эл аралык террористтердин тиешелери деле жок. Эгерде Алматыга чындап эле эл аралык 20 миң террорист келген болсо, шаарды алардан тазалоо эң кеминде бир  айга созулмак, жоготуулар, кыйроолор  азыркыдан ондогон, мүмкүн жүздөгөн эсе көп болмок.

Ачыгын айталы, Казакстандагы алгачкы нааразылыктар  суюлтулган газдын баасынын эки эсеге кымбаттоосунан жаралса, Алматыдагы  бунт элдин коррупциялашкан авторитардык үй-бүлөлүк башкаруудан биротоло  жадап бүткөндүгүнөн келип чыкты. Биздин акча менен эсептегенде, литри он сомдук суюлтулган газ жыйырма сомго кымбаттаганы элди нааразы кылды. Ал эми Казакстанда бизге салыштырганда айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар кыйла жогору. Демек, суюлтулган газдын кымбаттаганы жөн эле шылтоо, эл түшпөс ханга айланган эл башыдан, анын майлуу-сүттүу жерлердин баардыгын ээлеп алган ач көз кыздарынан, күйөө балдарынан, жакындарынан  кутулуу үчүн  тегиз көтөрүлүп, ал элбасынын кичи мекенинде кандуу кагылышууларга айланып кетти.

Нурсултан Назарбаев бийликке 1989-жылы келген. Ал республиканын көз карандысыз мамлекет катары калыптанып, экономикасынын, социалдык жана маданий чөйрөлөрүнүн өнүгүүсүнө, дүйнөгө таанылуусуна аябагандай чоң салым кошту. Союз таркаганда Казакстандын калкынын көпчүлүгүн славян улутундагылар түзсө, кылдат ийкемдүү ички, тышкы саясат, “Кайрылман” программасы   аркылуу казактардын өлкөдөгү жалпы санын 75 пайызга жеткирди. Мамлекеттин геосаясый коопсуздугун камсыз кылуу үчүн  Акмолону өлкөнүн борбору кылып, тургундары  200 миңдин тегерегиндеги облустук борборду жыйырма жылдын ичинде калкы 2 миллионду чапчыган дүйнөлүк мегаполистердин бирине айландырды. 1990-жылга салыштырганда ички дүң жыйымдын көлөмүн ар адамга чегергенде Казакстандын экономикасы 7-8 эсеге өстү. Бирок, элбасынын эң чоң кемчилиги, мамлекетти чимирилтип башкарган менен Акаев менен Бакиевдей эле кыздарын, күйөө балдарын, жакындарын башкарганга алы жетпегенден улам отуз жылдык эмгегине көө түшүрүп, дүйнөлүк коомчулуктун алдында шерменде болууда. Деги эле түрк элдеринде эзелтен эле башкаруучунун башкы душманы - балдары болуп келсе, тилекке каршы, андай көрүнүш  азырга чейин ар кандай формаларда трансформацияланып келүүдө.

Казакстандагы тополоңдорго көп жагынан  өлкөдөгү  эки баштуу жылаандай кош бийлик орногондугу да түрткү болду. Нааразылыктар бейбаштыктарга айланып баратканда аларга чек коюу боюнча Токаев күч түзүмдөрүнө тапшырма берген менен алар элбасыдан кандай буйрук, ишарат болот деп жалтактап туруп алышып, Алматыдагы абал биротоло көзөмөлдөн чыгып кетти.  Касым-Жоомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өз демилгеси менен өзүнө алганына, элбасынын таптакыр дабышы чыкпагандыгына караганда Н.А.Назарбаев өтө катуу ооруу же прострациялык абалдан чыга албай калган. Эми ал бийликке кайрылып келе албайт, чыныгы элбасы да боло албайт.

Токаевдин ЖККУдан аскерий жардам сураганы чоң саясый ката болду. Бирок, аларды бир жуманын ичинде кайра чыгарып жибергенге жетишкени жеңиш. Ал эми айрым орусиялык саясатчылардын “Казакстандын түндүгүн өзүбүзгө кошуп алышыбыз керек” дегендери жөн эле саясый демагогия. Украина менен бир жаңсыл болмоюнча Россиянын ага духу да, күчү да жетпейт.

Ошентип, Казакстан үчүн  элбасынын ашыкча “мурастарынан”, комплекстеринен арылып, жаңыланууга мүмкүнчүлүк ачылды. Тазаланып, жаңылануунун масштабы, жыйынтыктары кандай болот, ал - мурдагыдан бийлигин кыйла бекемдеп алган  К.К.Токаевге гана көз каранды болуп турат.      

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити