Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 272

Бишкек, "Саясат. kg". Анын урунттуу жерлери кайсылар?

Мамлекеттин гана эмес, өкмөттүн да башчысы Садыр Жапаров  майрам алдында Министрлер кабинетинин отурумун өткөрүп, календарлык жылдын жыйынтыгын чыгарды. Ал отурумда өзү жыл ичинде аткарган иштер боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн, эл алдында отчет берди. Анын урунттуу жерлери кайсылар?

Жылдын эң башкы ийгиликтери кайсылар?

Өтүп бараткан жылдагы эң башкы саясый окуялар, бул - 10-январдагы президенттик шайлоонун, 11-апрелдеги жаңы Баш мыйзам боюнча жалпы элдик добуш берүүнүн, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун ачык, таза, эч кандай экцесттик көрүнүштөрсүз өткөрүлгөндүгүндө болду. Отуз жылдан берки  ар кандай оюндардан, ызы-чуулардан, төңкөрүштөрдөн кийин мыйзамдуу, таза, ачык шайлоонун алиппесин өздөштүрө баштадык десек болот.

Мамлекет башчысы “Кумтөрдү” элге кайрып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын азайтуу, бюджеттин кирешесин арттыруу, калктын социалдык аяр катмарына колдоону, коронавируска каршы күрөштү  күчөтүү, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү ж.б. жөнүндө убада берсе, аларды аткарды. Же өлкөнүн ички дүң жыйымынын көлөмү  3 жылдан бери 600 миллиард сомду түзүп келсе, быйыл 720 миллиард сомго жеткени турат. Өткөн жылы өлкөнүн экономикасы 9 пайызга жакын артка кетсе, быйыл 3 пайыздык менен өсүш менен чыкканы  жатабыз. Өткөн жылга салыштырганда быйылкы жылдын өткөн 11 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгү 47 миллиард сомго көбөйдү.

Маданий  жана күч түзүмдөрүнүн, медицина кызматкерлеринин айлыктары сезилерлик, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, багар-көрөрү жоктордун жөлөк пулдары 2-3 эсе көбөйтүлдү. Мамлекеттик банктардагы жана кепилдик фондуларындагы капиталдардын көлөмү жогорулатылды. Бул алардын үстөк пайыздары төмөн насыя берүү  мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.

Жарандарыбыздын бир бөлүгү үчүн көп жылдардан бери басып алган же  басып алгандардан сатып алган жерлерин мыйзамдаштыруу болуп келсе, Президенттин демилгеси менен ал ишке ашырылды. Ал үчүн ондогон миңдеген жарандар өлкө башчысына алкыштарын, ыраазылыктарын айтып жатышат. Ошентип, мурдагы бийликтердин убагындагы мыйзамсыз көрүнүштөр элге оорчулук келтирбестен мыйзамдаштырылды. Эми мындан ары андай көрүнүштөргө жол берилбеши, баскынчылык  кайталанбашы керек.

Келерки жылга койгон милдеттер

Келерки жылдан тартып өлкөнүн сырткы карыздарды тейлөөсүнүн көлөмү 300 миллион доллардан аша баштайт. Ал Кыргызстан үчүн аябагандай чоң сумма. Сырткы карыздарды үзгүлтүксүз тейлеп, ошол эле учурда социалдык милдеттенмелерди, инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча белгиленгендерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бюджеттин  киреше бөлүгүн кескин көбөйтүү талап кылынууда. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров 2022-жылда бюджеттин киреше бөлүгүн 100 миллиард сомго көбөйтүп, консолидацияланган бюджетти 400 миллиард сомго жеткирүүгө убада кылды.

Садыр Жапаровдун айтымында, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып баардык категориялардагы бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары көбөйтүлөт. Бирок, канча пайызга экени азырынча белгисиз, ал көп жагынан келерки жылдын 1-кварталынын жыйынтыктарына жараша болору айтпаса деле түшүнүктүү болуп турат. Биздин кааларыбыз; ал жок дегенде быйылкы жылдагы жана келерки жылдын башталышындагы инфляциянын кенемтесин толтургудай болсо экен. Өнүккөн өлкөлөрдө, Россияда деле ар жылдын аягында жылдык инфляцияга жараша кирешелер индексацияланып, анан айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар көбөйтүлөт. Бюджеттин мүмкүнчүлүгү болсо, бизге да андай ыкманы киргизүү зарыл. Антпесе “көбөйтүлдү” деген менен алардын суммалары инфляцияда жоготулгандарды жаппай калууда. Алсак, быйыл инфляция 9-10 пайыз болсо, келерки жылдын 1-кварталында 3-4 пайыз кошулса, анан 1-апрелден айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар 10 пайызга көбөйтүлсө, ал  өскөн бааларды да компенсация кыла албай турган болуп жатпайбы. Жок дегенде 18-20 пайыз көбөйтүлсө гана инфляцияны жабат.      

Тынчтыкбек  Бешкемпиров