Баам-аналитика

Президент Садыр Жапаровдун “КРнын министрлер кабинети жө­нүндө” конституциялык  мыйзамына кол коюшу менен 11-апрелде жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамдын 3-бөлүмүнүн “Аткаруу бийлиги жөнүндө” 3-бабы  күчүнө кирди. Мурдагы Министрлер кабинети отставкага айдалып, жаңы Кабинет түзүлдү. Жаңы мыйзамга ылайык, Президенттин администрациясын да Кабинеттин башчысы Акылбек Жапаров жетектейт. Анын сунушу менен Инвестициялар боюнча министрлик жоюлуп, жаңыдан Экономика жана коммерция, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, миграция  министрликтери түзүлдү.

Өкмөт алмашкан сайын минтип, министрликтерди, ведомстволорду кошуп, кайра ордуна келтире берүү үчүн эң жаман адатка айланды. Эгерде көрнөктөр эле алмаштырылып турса, бир жөн эле. Ар жаңы министрлик түзүлгөн сайын аны офистик жайлар, уюштуруу техникалары, эмерек-семе­ректер менен камсыз кылуу үчүн бюджеттен ондогон миллион сомдор жумшалат. Жаңы түзүлгөн министрликтин, ведомствонун башчысы Кыргызстанга асмандан акча жаадырып жибере тургансып, барган жерин капиталдык ремонттон өткөргөнгө, унааларын жаңылаганга умтулат. Алыска барбай эле жазында түзүлүп, күзүндө кайра жоюлган Инвестиция министрлигин алсак, ал “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясы жайгашкан эки кабат жайдын үчтөн эки бөлүгүн тартып алып, ар жерлерин оңдоп-түздөп, брондолгон эшиктерди орнотуп,  жер-жайнаган кызматкерлерин айдап киргизген болчу. Эми алардын ордуна жаңыдан түзүлгөн министрликтердин бири барса, ал да ойду омкоруп, тоону  томкоруп жибере турган­сып, бюджеттин эсебинен  дагы жаңы реконструкцияларды баштайт. Андан көрө эмерек-семеректерди ары-бери сүйрөтүп, дубалдарды актап, майлаганга, жаңы  жабдууларды, техникаларды, унааларды ал­ган­га кетчү  акчалар элге же сырткы карыздарды төлөгөнгө жумшалса жакшы болбойт беле!

Президенттин айтуусу боюнча, Акылбек Жапаров быйыл жыл аягына чейин 280 миллиард сом түшүрүп, келерки жылда аны 400 миллиард сомго жеткиргенге убада кылгандыгы үчүн Министрлер кабинетинин жетекчилигине сунуш кылыныптыр. Же ал бир жылдын ичинде бюджетти эки эсе көбөйтүүгө убада бериптир. Андай убадага кимдин деле болсо ичи жылып, көңүлү көтөрүлүп, ага ишеним артышы  мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Кирешени эки эсе көбөйтөм” десе, ага ким жок десин. Бирок, “тозокко кеткен жолдун эки тарабы да жакшынакай каалоо-тилектерге толтура” дегендей, Акылбек Жапаровдун айткандары иш жүзүндө аткарыла турган нерсеби же фантастикалык кыялый ой жүгүртүүлөрдүн, мүмкүн, табийгаттагы сезон­дук өзгөчөлүктөрдүн эле  жыйынтык-таасирлериби?

Германияда, Сингапурда, Кытайда ички дүң жыйымдардын (ВВП) 5-6, 8-10 жылдарда эки эсе көбөйгөнү жөнүндө окуп, угуп жүрөбүз. Бирок, канчалык ычкынсак да 1 жылда бюджеттин киреше бөлүгүн 2 эсе көбөйткөн өлкөнү эстей албадык. Ачыгын айтуу керек, ал адамзаттын жаңы тарыхында болгон эмес. Эгерде чын эле Акылбек Жапаров келерки жылды 400 миллиард сомдук киреше менен жыйынтыктай турган болсо, 2023-жылдын башталышында “Жаш гвардия” бульварын ( анын Маевка жагында анын атасынын урматына аталган көчө бар) Акылбек Жапаров атындагы бульвар деп атап, төшүнө “Ак шумкарды” илип, “коммунизмге баратабыз, ишенебиз” деген таш эстеликти дароо алып таштап,  анын ордуна Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелигинен калышпаган, Кочкордун мармар ташынан чегилген анын айкелин тургузуу керек. Эгерде Акылбек Үсөнбекович өз убадасынын ишке ашарына ишенсе, акча­луу неме, азыртан эле эки “Фура” араң сүйрөй турган чулу мармар таш таап, таш жонгучтардын бирине эстелигин чектире берсе болот.

Же Акылбек Үсөнбековичтин ал убадасы - бир акылман апен­динин “ага чейин ким бар, ким жок...” дегениндей,  бир жарым жыл­дын ичинде жогорку кызмат ордунун жардамы менен өз пробле­маларын чечип алууну, андан кийин эмне болсо, ошол болсун деген гана  алдамчылыкпы? Кокус, Акылбек Жапаровдун убадасынын ондон бири да аткарылбаса, анын сөзүнө ишенип, өзүнө орун басар кылып дайындаган президент кандай абалда калат?

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, мамлекет башчысы - Өкмөт башчысы да болуп эсептелет. Акылбек Жапаровдун жогорудагы убадасына ишенүү  менен Президент да  ал жоопкерчиликти өзүнө алды. Эл үчүн Акылбек Жапаровдун жарымынын жарымы атка­рылса деле чоң жеңиш. Бирок, Акылбек Үсөнбековичтин азыр социалдык тармак­тардагы Кыргызстандагы облустарды ар мамлекеттерге бөлүп берип, алардын инвестицияларынын эсебинен өнүктүрүү жөнүндөгү экстра­ординардуу идеясы да бирөөлөрдүн күлкүлөрүн, экин­чилердин, ачууларын келтирүүдө. Биринчиден, кайсыл мамлекет биздин бир облусту шефке алып, өз каражатынын эсебинен өнүктүргүсү келип жатыптыр? Экинчиден, анын саясый, укуктук жактары кандай болот?

Ал эми конкреттүү Кабинет мүчөлөрүнө келе турган болсок, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өкмөт башчысынын орун басарынын рангасында баардык күч түзүмдөрүнө кураторлук кылуу укугу берилгени эң туура. Анткени, УКМКдай органды башкаргандар, баардык өлкөлөрдө өзгөчө орунда турушат, мамлекет башчысына кайсыл убакта болбосун түз кирүү укугунда болушат. Мурдагы советтик мезгилде Өкмөт башчынын биринчи орун басары, Саясый Бюронун мүчөсү рангаларында жүрүшүп, кадрдык маселелерди да көзөмөлдөшкөн.

Жаңы министрлерден Кудайберген Базарбаев мурдагыдай эле мыкты иштегенге аракет кылат, жыйынтыктары жаман болбойт. Бул адамга кайсыл убакта болбосун ишенсе болот. Тилекке каршы, бул адам бааланбай, ага өз алдынча иштегенге жетиштүү убакыт берилбей келди. Ага  бир министрлик 5-6 жыл ишенип берилсе, ал тапшырылган тармакты үлгү кылчу министрликке айландырмак. Калгандары жөнүндө мындай сөздү айта албайбыз. Ал эми социалдык блокту координациялоочу Эдиль Байсалов иштегенге аракет кылат, ою, максаты жакшы,  бирок  ойду-тоону  айта берип, тез эле Президенттен баштап, Кабинеттегилердин баарын жадатып, же бирөө менен жаңжалдашып жазга жетпей кызматынан куулат же ал жерден өзү качат. Ал эми жалпы Кабинет үчүн  алдыдагы парла­менттик шайлоо, андан кийинки кычыраган кыш негизги сыноолордон болуп турат. Ушул экөөсүнөн аман-эсен чыкса, Кабинет жайга чейин иштеши мүмкүн. Анткени, Акылбек Үсөнбековичтин убадаларынын кандай аткарылып жатканы келерки жылдын 1-2-кварталдарында  эле белгилүү болуп калат.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити