Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 905

Мезгил тараза...

Жакында Жогорку Кеңеш “Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин карады. Мурда “Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө деген бир эле мыйзам болуп, атүгүл эки кызматтын кесиптик күндөрү да бириктирилип, бирге белгиленип келсе, негедир мында алар экиге бөлүнүп, эки мыйзамга айландырылганы жатат.

Жогорку Кеңеш эрмектегенге эч нерсе таппай калгандан улам бир мыйзамды экиге бөлдүбү же  башка себептери барбы, анысын билбейбиз, бирок кандай болсо да “Орун  алмаштыргандан сумма өзгөрбөйт” дегендей, экөө эмес, үчөө кылышса деле, ал мыйзамдар иштесе, натыйжасын берсе болду. Ал эми маани-мазмунуна келе турган болсок, ушул жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган жаңы Баш мыйзамда бийликти вертикалдык жактан чыңдап, бекемдөө каралган. Жаңы мыйзамдарга баш мыйзамдын талабын аткаруу үчүн өзгөртүүлөр киргизилгени жатат. Алар кандай өзгөртүүлөр?

Эң негизгиси, мурда айыл өкмөттөрүнүн башчыларын аймактык кеңештердин депутаттары шайлап келишсе, сунуш кылынган өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын райондордун акимдери дайындашат. Бизде жердештик, уруулук, туугандык, кландык факторлор шайлануучу бийлик органдарын түзүүдө чоң роль ойнойт. Биз буга андай факторлор шаарларга салыштырганда айыл жерлеринде эки эсе күчтүүлүгүн айткыбыз келет. Айыл өкмөтөрүнүн башчыларын шайлоо - көпчүлүк аймактарда уруулардын, уруктардын, кландардын атаандашуусуна, тирешүүсүнө айланып кетип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Азыр жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына көп жерлерде өздөрү жактаганды айыл өкмөтүнүн башчылыгына түртүүнү көздөгөндөр  талапкер болушары да чындык. Мындай шартта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын райондордун акимдери дайындаганы туура. Антпесе азыр райондук бийликтин аты эле калды, затында жарытылуу эч нерсе калбады. Алсак, “демократия, демократия” деп сайраганыбыз менен азыркы акимдердин совет мезгилиндеги райком­дордун 1-катчыларынын ондон биринче да ыйгарымдары,  укуктары жок. Мурда 1-катчылардын сунуштарысыз, макулдуктарысыз ал аймакта бир да кадрдык маселе чечилчү эмес, алардын азыркы акча менен алганда 25-40 миллион доллардан бюджеттери бар эле. Азыр фискалдык органдардын жергиликтүү түзүмдөрүнүн жетекчилери гана эмес, катардагы мекеме, уюмдардын башчыларын деле акимдердин макулдугусуз министрлер, ведомстволордун жетекчилери дайындап салган учурлары чекеден кездешет. Убагында андай фактылар тууралуу бир нече ирет жазганбыз. Эгерде акимдин колунда бюджети болбосо же райондун башкы архитектору, райондун соц фондусу, социалдык коргоо бөлүмү сыяктуу түзүмдөрүнүн башчыларын дайындап,бошотууну өзү чече албаса, же анын күчтүүрөөк бир айыл өкмөтүнүн башчысынча каржылык мүмкүнчүлүгүболбосо,аны ким тоготот, аймакта кандай таасири болот?

Менин оюмча, чындап эле жергиликтүү бийликтерди чыңдап, аброй­-таасирлерин арттырабыз десек, анда райондордун аймактарындагы кадрдык маселелерди чечүүнүн баардыгын акимдерге берүү керек. Прокурорлор, соттор, УКМКнын жана фискалдык органдардын жергиликтүү түзүмдөрүнүн жетекчилери да алдын ала акимдин макулдугун алгандан кийин гана дайындалуусу зарыл. Райондордогу экономикалык, социалдык, саясый жана башка чөйрөлөргө акимдер керт баштары менен жооп берип жатышкан соң, алардын жергиликтүү бийликтин бардык түзүмдөрүнө таасир көрсөткүдөй, башкаргыдай рычагдары болуусу керек. Азыр акимдер өзү жетектеген райондорго кимдер  прокурор же судья, УКМКнын бөлүмүнүн башчысы болуп келгендигин сиз менен биздей эле ЖМКлардан гана билип калышат.

Башкаруунун эң негизги эл менен түздөн түз иштешкен звенолору- айыл өкмөттөрү, райондук мекеме, уюмдар, райондук администрация. Алардын жоопкерчиликтери абдан чоң, кылмыштуулуктан тарта баардыгына жооп беришет. Демек, мезгилдин жана демократиялык принциптердин талаптарына ылайык, райондук деңгээлдеги бийлик, башкаруу советтик мезгилдегиден да күчтүү болуусу зарыл. Ансыз “аймактарды өнүктүрүү”, “жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү”, “демократиялык принциптерди кеңири жайылтуу”  дегендер жылаңач куру сөздөр бойдон кала берет.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: «Майдан. kg» гезити