Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1049

Камчыбек Ташиев же ал көздөй ишенген бирөө спикер болуп шайланса, парламент бийликтин экинчи цитаделине айланат.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында Камчыбек Ташиев жеке инсан эмес, коомдук институт катары бийликти тең салмакташтырып, ооздуктоочу фактор түрүндө кызмат өтөй тургандыгын билдирди. Анын ою боюнча, Ташиев депутаттыкка талапкерлигин коюп, анан партиясы парламентте көпчүлүк мандат алганга жетишип, спикер болуп шайланса, бийликтин тең салмактуулугун камсыз кыла алат. Өмүрбек Чиркешович азыркы Баш мыйзамды өз билдирүүсүндө бийликтин тең салмактуулугун камсыз кыла албайт деп сындап келип, кайра мындай жыйынтык чыгаргандыгы бир караганда парадокстой көрүнгөн менен чоң тажрыйбага, саясый интиуцияга негизделген терең ой жатат.

Эгерде босоголук чектен 5-6 партия өтүп, 2-3сү же 4сү коалиция түзүп, биринин өкүлү Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланса, анын мамлекет башчысына тең ата боло албастыгы турган иш. Анткени, биринчиден, ноябрда шайлана турган парламенттин ыйгарымы мурдагыларга салыштырганда кескин кыскарган, чектелген. Ал Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, Кабинетке кирбеген күч органдарынын жетекчилерин дайындаганга макулдук бергенден башка эч нерсе чече, тышкы саясатка кийлигише албайт. Экинчиден, коалицияга канчалык көп фракция кирсе, аны алдап-соолоп ыкка келтирип туруу, ага көнбөсө таркатып, жаңысын түзүү ошончолук оңой болот. Аны мурдагы парламенттердин тарыхынан көргөнбүз. Ал эми “Ата-Журт” партиясы көпчүлүк добуш алып, Камчыбек Ташиев же ал көздөй ишенген бирөө спикер болуп шайланса, парламент бийликтин экинчи цитаделине айланат. Президент Садыр Жапаров каалайбы, каалабайбы, колдоочулары көп, харизмасы чоң досу ал жерде турганда аны менен сөзсүз эсептешпей койбойт.

Өмүрбек Текебаев мына ушуларды эске алып, Камчыбек Ташиев жеке адам катары эмес, институт катары бийликти тең салмакташтырып туруучу күчкө айланат деп айткандыгы, ал институт парламенттин спикерлиги экендиги кимге деле болсо түшүнүктүү болуп турат. Алдыдагы шайлоодо “Ата -Журттун” босоголук чектен ишенимдүү өткөнгө мүмкүнчүлүгү жетишет, азыр анын мартабасы артып, зоболосу көтөрүлүп, ити чөп жеп турган убак, кеп канча пайызды багынтарында гана, бирок партиясы жеңишке жетишкен күндө деле Камчыбек Кыдыршаевичтин спикер болгусу келеби же “Кустурма” компаниясынын башчысы бойдон эле калганды туура көрөбү?

Ал спикерликке барышы да, каалабашы да мүмкүн, бирок маселе анда да эмес, маселе Камчыбек Кыдыршаевичтин өтө чоң таасирдүү саясый фигурага айланып, өз кадыры, күчү менен бир партияны парламентке сүйрөп өткөрүп, де-факто серкеге айланган парламентти текеге айландырып жибергидей салмагында, таасиринде болуп турат. Ал аны ыгы, чеги менен пайдаланса деген каалообузду гана айткыбыз келет.

Автандил БЕЛЕКОВ, Булак: «Майдан. kg» гезити