Баскан жол

Мурдагы Союздун чындап кыйроо тилкесине киргендиги 1991-жылдын 19-августундагы төңкөрүш ишке ашпай калганда эле ачык болгон. 23-августта ГКЧП биротоло кыйрады, 24-августтан мурдагы Союзга кирген республикалар эгемендүүлүк жөнүндө декларацияларын жарыялай башташты. КРнын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 31-августунда кезексиз сессиясын чакырып, анда Кыргызстандын көз карандысыз эркин мамлекет экендиги жөнүндө Декларациясын жарыялады.

СССРдин андан кийинки агониясы төрт айга созулду. 1991-жылы 8-декабрда РСФСРдин, Украинанын жана Белоруссиянын жетекчилери  Беловеж коругундагы дачалардын биринде СССРди түзүү жөнүндө 1922-жылы кабыл алынган келишимди жокко чыгаруу (денонсациялоо) тууралуу чечим чыгарышты. Ошол жылы 25-декабрда Кремлдеги СССРдин туусу түшүрүлүп, Россия  Федерациясынын үч түстүү Андреев желеги көтөрүлгөндөн кийин мурдагы Союз эл аралык субьекти катары өз ишин биротоло токтоткон.

КМШга кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгүндөй эле Кыргызстанда да көз карандысыздыктын  30 жылдык майрамы татаал шартта белгиленүүдө. Пандемиядан улам экономикабыздын өсүшү токтоп, айрым тармактар артка кетип, элдин турмушу начарлап кетти. Эл аралык кырдаал оорлоп, бир кезде мурдагы Союздун таркатылуусуна демилгечил болгон Россияда шовинисттик, реванштык күчтөр активдешүүдө. Алар ар кандай ураандар менен чыгышууда, бирок башкы максаттары бир, ал - мурдагы Союзду ордуна келтирүү же 1991-жылга чейин ага кирген республикаларды Россиянын геосаясый алкагынан, таасиринен чыгарбоо. Мурдагы Союзду ордуна келтирүүгө мүмкүн эмес, ага ички гана эмес, сырткы күчтөр да каршы. Бирок, экономикалык жактан буттарына тура албай жаткан республикаларды саясый психологиялык басым-кысым, экономикалык, каржылык преференциялар, аскердик опузалоолор аркылуу аны ишке ашырса боло тургандыгын турмуш көрсөтүүдө. 

Биз эгемендүүлүктө эмнелерге жетиштик? Мындан отуз жылда мурда алдыбызга койгондорду ишке ашырып, максаттарыбызга жетиштикпи же... Эгемендүүлүк эл күткөндөрдү бердиби? Мындан аркы келечегибиз кандай болот?

Кандай аң сезимдүү адам болбосун үч ондуктуу мааракенин алдында мына ушулар жөнүндө тигил же бул деңгээлде ойлонбой койбойт. Мен да ушул маселелер боюнча азыноолак ойлоруму ортого салгым  келет.

Эгемендүүлүк эмнелерди берди?

Эгемендүүлүк бизге кокустан тийди. Түндүгүбүздөн түшкөн куттай болду. Ал үчүн эч кимибиз күрөшкөнүбүз деле жок. Бир тууган славяндар Белоруссиянын Беловеж  токоюнда ачкылдарды шыңгытып отурушуп, СССРди таркатып жиберишти эле, күтүлбөгөн жерден биз да эркин мамлекет болуп калдык. 1990-1991-жылдары “эркиндик, демократия” деп азыркы Ала-Тоо аянтын чаңдатып турушкан КДКчылардын ГКЧП убагында дабыштары чыкпай, кайда экендиктери билинбей калган.

Мурдагы мезгилдерде бабаларыбыздын өз алдынча мамлекеттерди кургандыктары, алардын бири 8-9 кылымдарда Улуу Каганатка айлангандыгы, кийин да көз карандысыз кыргыз мамлекетин куруу аракеттери болгондугу жөнүндө тарыхта үсүл-кесил  маалыматтар бар, бирок алардан бизге ташка чегилген жазуулардан, бир катар өлкөлөрдүн жазма булактарына илингендерден башкалар жетпеди. Башка элдердин байыркы мамлекеттиктеринен шаарлар, эстеликтер, сүрөттөр, даңазалуу баяндар калса, биз мурдагы Союзга оозеки чыгармаларыбыз менен гана кирдик. Бирок, Союздан шаарлары, кыштактары, чийилген чек арасы, өнөр жай ишканалары, калыптанган мамлекеттик системасы, адабияты, искусствосу бар республика болуп чыктык. Мурдатан бардыгы калыптанып, жолго салынган прибалттардай же украиналыктардай, грузиндер менен армяндар биздин мурдагы Союзду сындап, даректерине ар кандай жаман сөздөрдү айтканга моралдык укугубуз жок. Мурдагы Союз колунан келгенин, мүмкүнчүлүгү жеткендин бардыгын берди, анан “өз тиричилигиңерди кылгыла”- деп бөлүп койду. Өзүнчө мамлекетке айланган элдин эмес, очогун бөлүп чыккан жаш үй-бүлөнүн тиричилиги, түйшүгү, жоопкерчилиги өзүндө болот. Анын башкаларды күнөөлөгөнгө укугу жок.

Мурдагы Союздун кыйрашы менен толук өз алдынча көз карандысыздыкка жетиштик. Ал үчүн Беловеждеги келишимге кол койгон славян республикаларынын жетекчилерине, тагдырыбызды ооштуруп-кыйыштырып отуруп ушуга жеткирген кудайга ырахмат. Бирок, биз эгемендүүлүгүбүздү кандай пайдаланып жатабыз? Эл андан эмне тапты?

Өткөөл мезгилибиз өтө узарып баратат...

Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган топтун аркасы менен 1990-жылы бийликке келген биринчи президенттин өлкөнү саясый, экономикалык жактан өнүктүрүүдө туура эмес жолду тандап алгандыгын турмуш ырастады. Ал элибиздин менталитетин, саясый маданиятын эске албастан батыштын лекалдарын киргизди эле, анысы анархияга, мамлекеттик мүлктөрдү тоталдык талап-тономойго айланды, өлкөбүз туңгуюкка тушукту. Анын эл алдындагы эң чоң күнөөлөрүнүн бири - советтик мезгилде калыптанган кадрдык системаны, ресурстарды түп тамырынан талкалагандыгында болду. Сталин “бардыгын кадрлар чечет” деген. Ал чындык экендигин отуз жылдык практика көрсөттү. Башаламан кадрдык саясаттан улам бардыгы анархияга айланып, өнөр жайы, айыл чарбасы да талкаланды. Кыргызстан экономикалык эң негизги көрсөткүч же ички дүң жыйымдын (ИДП орусчасы ВВП) ар адамга чегергендиги көлөмү боюнча 1990-жылдын деңгээлинин жарымына да жете элек. Ал эми бюджетибиз долларга чегерип эсептегенде 1985-жылдын көлөмүнчө эле. Сырткы карыздарыбыздын көлөмү 4 миллиард  доллардан ашты. Аларды тейлөөгө жыл сайын бюджеттен 250-300 миллион доллардан каражат бөлүнүүдө. Же биз отуз жылдан бери өткөөл мезгилден чыга албай, экономика бир аз өнүксө, кезектеги төңкөрүштөрдөн кийин 5-6 жыл кайра артка кетип, сазга тыгылган күчүктөй бир ордубузда эле итпалдак уруп келатабыз. “Прихватташтырууда” колдоруна бир нерсени илиндирип алгандар, бизнеси барлар жыргашууда, ал эми элдин көпчүлүгүнүн, өзгөчө алыскы айыл-кыштактарда жашагандардын абалдары сезилерлик оңолбой  жатат. Алдуу күчтүүлөрдүн үчтөн бири эмгек мандикери болуп дүйнөнүн төрт  тарабына таркап кетишти. Анткени, отуз жылдын ичинде оозго аларлык ири ишканалар курулбады, маданият, адабият өнүкпөдү, тескерисинче элдин билимий, маданий жалпы деңгээли советтик мезгилдегиден кыйла артка кетти.

Отуз жылдын ичинде, алыстагыларды айтпай эле коёлу, Борбордук Азиядагы кошуна өлкөлөрдүн айрымдары ички дүң жыйымдарын 7-8 эсе көбөйтүшүп, жаңыча индустриалдык  жана инновациялык тармактарды түзүштү. Коргонуу жөндөмдүүлүктөрүн бир нече эсе чыңдашты, бекемдешти. Ал эми биздин ооздорубуз батыштагылар таңуулаган кооз сөздөрдөн бошобогон менен иш жүзүндө чаң-тополоңдордон башыбыз  чыкпай эле келатат. Улам бийлик алмашкан сайын мына оңолобуз, эми туура жолго түштүк, экономика өнүгүп, элдин турмушу жакшырат дейбиз, бирок  андай үмүттөрүбүз эки жылга жетпей эле таш кабууда. Тилекке каршы, кийинкилерибиз мурдагылардан да  начар чыгууда. Ага ким күнөөлүү? Албетте, аларды сүрөгөн, айдактарында көздөрүнө көрүнгөндөрдү талкалаган, анан шайлоолордо шайлаган өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Өз куйругун өзү жеген жаныбардай ушинтип эле, орустар айткандай “самоедстводон” чыкпай жүрө берсек, деги качан оңолобуз?

Азыркы бийлик кандай иштеп жатат?

“Үмүтсүз шайтандын иши”. Абал кандай оор болбосун алдыга үмүт, ишеним менен жашоо керек. Азыркы бийликтен элдин үмүтү чоң. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, өлкө толук президенттик башкарууга өттү. Парламенттен кадрдык ыйгарымдар алынгандан кийин саясый коррупция азаюусу күтүлүүдө. Мындан ары парламенттеги фракциялар мамлекеттеги майлуу-сүттүү кызматтарды өздөрү каалагандай бөлүштүрө алышпайт, демек, логикага ылайык, чоң кызматтарды сатуу азаюуга тийиш.

“Кумтөр” улутташтырыла баштады, андан ай сайын 40 миллион доллардан киреше түшүүдө. Коррупцияга каршы күрөш күчүндө. Бюджеттик кызматкерлердин айрым категорияларындагылардын айлыктары сезилерлик көбөйтүлдү. Октябрдан пенсиялар да көбөйтүлгөнү жатат. Улуттук руханий  жаңыланууну жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер болууда. Ошто жүк ташуучу мини электромобиль чыгарыла баштады. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун аягына чыгаруу аракеттери болууда. Дагы бир катар жакшы иштер, демилгелер бар. Бирок, азыркылардын иштерине толук баа берип, жыйынтык  чыгара турган убакыт келе элек, жалпысынан элдин үмүтүнүн, ишениминин көпчүлүгү  аванс түрүндөгү сезимдер. Эгерде Өкмөт жакшы иштеп, сырттан инвестицияларды тартууну көбөйтүп, эконономиканы, элдин социалдык абалын жакшыртса, ал үмүт, сезимдер бекемделет. Ага жетише албаса, жазга жетпей азыркы бийликтен да элдин көңүлү сууганга өтөт.

Азыркы бийликтин эң олуттуу вазийпасы - алдыдагы парламенттик шайлоону таза, калыс, чыр-чатаксыз өткөрүп, кышкы сезонго жакшылап даярдануу. Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз. Ал эми жайкы чилде аябагандай ысык болду, эгерде “жайкы чилде кандай болсо, кышкы чилде да ошондой болот” деген элдин ишенимин эске алганда, алдыдагы кыштын өтө ызгаардуу болору күтүлөт. Эгерде өлкө кышкы сезонго Токтогулда суунун, жер-жерлерде көмүрдүн  жетиштүү кору менен кирбесе же альтернативдүү башка булактарды таппаса, эл үчүн, социалдык тармактар үчүн чоң көйгөйлөр жаралат. Тилекке каршы, азырынча бул багытта сезилерлик  натыйжалар болбой жатат. Суунун аз-көп болушу табийгатка көз каранды дейли, бирок  суу сактагычка куйгандары үнөмдүү топтолуп жатабы? Электр энергияларын кышында кезектетип өчүрүп, элди кыйнабастан, азыр ГЭСтердин агрегаттарынын бир бөлүгүн жаап суу топтогон оң.  Электр энергияларын кыш чилдеде өчүргөнгө караганда жайда, күздө өчүргөндүн кыйынчылыктары аз болору талашсыз.

Көз карандысыздыгыбыз кылымдарды карытсын!

Ошентип, миңдеген жылдык тарыхыбызда колубузга нак тийген эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилегени жатабыз. Анын биздин мезгилге туш келгени тагдырдын чоң белеги, ошол эле мезгилде аябагандай чоң жоопкерчилик. Мындай ырыс, мындай кут бардык муундарга эле туш келе бербейт. Бирок, ошол  жоопкерчиликке татыктуу  иштеп, жашап жатабызбы? Кимибиз болбосун өзүбүзгө ушул суроону берип, анан ыйманыбызга түз карап жооп айтышыбыз керек. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деп Исхак Раззаков айткандай, сен ошол тарыхый жоопкерчиликке татыктуу иштесең, жашасаң, мен да ага аракеттенсем, Кыргызстан башаламандыктардан арылып, кризистердин сазынан чыгып, эбак ишенимдүү өнүгүү жолуна түшмөк.

Тилекке каршы, басымдуу көпчүлүгүбүз андай  жоопкерчиликке татыктуу болбой  жатканыбызды мойнубузга алышыбыз  керек. Мезгил, тарых дайыма эле шанс бере бербей тургандыгы да айныксыз аксиомалардан. Колубузга кокустан бир тийген мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарсак, анда бизди тарых да, кийинки муундар да кечирбейт.

Көз карандысыздыктын кезектеги майрамынын алдында ушундай ойлор келди.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити