Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 346

Көңүл чордонунда...

Дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчылар, серепчилер Ооганстанды бир нече айдын ичинде талибдер ээлеп ала тургандыгын жазышса, ал акыркы жуманын ичинде эле ишке ашты. Окуянын мындай өнүгүшүн жыйырмага жакын атайын кызматтары бар АКШнын өкмөтү деле күтпөгөндүгү ачык болду. Алигиче АКШнын Президенти Джозеф Байден өкмөтү мындан ары кандай чараларды көрөрүн расмий түрдө билдире элек. Чындыгында талибдер ушунчалык күчтүү беле же АКШнын өкмөтү баштаган коалиция мүчөлөрү бир жерден чоң жаңылыштык кетириштиби? Анткени, ал аскерлерин чыгарууну баштаганда Ооганстандын Ашраф Гани жетектеген бийлигин бекемдеп, турукташтырууну, жыйырма жылдын ичинде өзү орноткон режимди, тартипти өнүктүрүп, шериктеш кылып алууну көздөгөн. Бирок, баары теңирден тескери болду. Ооганстан 2001-жылдагы Омар молдо жетектегендегидей шарияттык негизделген башкарууга тез эле кайрылып келди. Мунун обьективдүү, субьективдүү себептери эмнеде?

АКШ неге Талибанды биротоло жок кылууну көздөбөдү?

Өткөн кылымдын аягында Ирактын армиясы күчү, согушка жөндөмдүүлүгү жагынан дүйнөдөгү 4-армия деп эсептелчү. Ал армияны АКШнын куралдуу күчтөрү 2003-жылы жазында бир айга жетпеген убакыттын ичинде эле талкалап, Саддам Хусейнди колго түшүрүп, өлүм жазасына өкүм кылдырган. Ирактын ал убактагы куралдуу күчтөрүнө салыштырганда талибдер - АКШнын күчтөндүрүлгөн бир аскердик корпусунча эле күч болуп саналат. ЖМКларга чыккан маалыматтарга ылайык, алардын жалпы саны 70 миңден ашпайт. АКШ жыйырма жылдын ичинде Ооганстандын өкмөттүк аскерлерин машыктырып, заманбап курал-жарактар, техникалар менен камсыз кылуу үчүн 780 миллиард доллар же бир жылдык аскердик бюджетинче каражат жумшап, толук штаттагы 6 аскердик корпус, 7 атайын дивизия түзүптүр. Же АКШ түзгөн армиядагы жоокерлердин  жалпы саны 300 миңден адамдан ашык. Бирок, алар эмнеге талибдерге каршы үч айга да туруштук берише албады? Талибдерди Саддам Хусейндин режиминдей эле биротоло жок кылса болбойт беле?

Эгерде АКШнын ошол убактагы президенти - кичүү Джорж  Буш атасы Джорж Буштун сүрөттөрүн бут аарчуучу жерлерге, туалеттик кагаздарга чейин түшүрүп, аны өлтүрүүнү көздөгөндүгү үчүн адегенде эле Саддам Хусейндин режимин түп тамырынан жок кылуу максат кылып койсо, АКШ 2001-жылы октябрда Ооганстанга Усама бен Ладенди, анын айланасындагыларды колго түшүрүү же жок кылуу үчүн эле кирген. Ооганстандын эң жогорку башкаруу органы Улуу Жырга Бен Ладенди кармап бергенге макулдук берсе, “Кыйратылгыс Эркиндик” (“Несокрушимая свобода”) операциясы деле болмок эмес.  Анткени, талибдер АКШнын мурдагы СССРге каршы бирге күрөшкөн союздашы болуп саналат. Талибдерди Пакистандын атайын кызматтары Индияга каршы пайдалануу үчүн түзүшкөн. АКШ Ооганстанда биротоло тынчтык орноп, светтик  мамлекет түзүлүшүн каалабайт. Талибдер күчкө толуп, Кытайга, Борбордук Азиядагы республикалар аркылуу Россияга тынчтык бербей, дестабилдештирүүчү фактор болуп туруусун көздөйт. Ошондуктан АКШ талибдерге каршы тоталдык согуш жарыялап, идеялык жетекчилерин жок кылууну каалаган эмес. АКШ аскерлерин чыгара баштаганда талибдер аскердик аракеттерин активдештиришти, бирок аларга Пентагон анда-санда ар жерлерди бомбалап тургандан башка сезилерлик сокку урбады. Мүмкүн, тымызындан сүйлөшүп, алардын Кабулду тез ээлеп алуусуна көмөкчү да болду окшойт. Эми сары аарынын уюгун чукугулап, анан өзү четке чыга берген адамдай, талибдерди козгоп, шыктандырып коюп, өзү 11-сентябрга чейин аскерлерин толук чыгарып кеткени жатат. Андан калган көйгөйлөрдүн бардыгы  Борбордук Азиядагы республикалардын, Кытай менен Россиянын жетекчилеринин баш оорууларына айланат. АКШ акырындап колдорун ушалап, калганын өзүңөр чечип алгыла деп четке чыга берет.

 

Кезектеги чыккынчылык

СССРдин куралдуу күчтөрү Ооганстанда он жыл туруп, 1989-жылы февралда чыгып кетип жатканда Наджибулла башкарган өз режимин калтырган. АКШныкына салыштырганда мурдагы Союздун сателлиттик режими күчтүү болгон, ал Союз кыйрагандан кийин да бир жыл турду. Качан Союздун мураскорлорунан колдоо, жардам болбой калгандан кийин гана кулады. Анын мурдагы Союз тарабынан отургузулган жетекчиси Мухаммед Наджибулла иниси менен бирге талибдер тарабынан кордолуп, мазакталып өлтүрүлгөн. Талибдер аны менен кызматташкандарды да аяшкан эмес.

Эгерде Ашраф Гани вице-президенти менен качып кетпесе, мүмкүн аны да Наджибулланын тагдыры күтмөк. Лидерлердин көпчүлүгү өз жандарын сактап кетишсе,  алардын азабын айланасындагылар, аларга ишенип, саясаттарын колдошкондор тартышат экен. Өздөрүнө кызмат кылгандардын бир бөлүгүн АКШ Америкага чыгарып кетти, бирок Кабулда калган көпчүлүгү кандай тагдырга туш болушканын ЖМКлардан көрдүк. Учактарга батпай калгандары шассилерге жабышкан жерлеринен  кулап өлүштү. Эгерде баары ушундай аяктай турган болгон соң аларды алдап, жалган убадаларды берип, ар кандай кызматтарга отургузуп мындай трагедияларга дуушар кылуунун кандай кажети бар эле? Убагында мурдагы Союз Наджибулла караманча түрдө баш тартканына карабастан алдап, коопсуздугун 100 пайыз кепилдикке алып, бийликке алып барган экен. Бирок, аны Б.Ельциндин режими аткарбады, жок дегенде аны айланасындагылар менен кошо чыгарып кетпеди. Эми АКШ да өнөктөштөрүнө ошондой мамиле кылганын көргөндөн кийин кандай акыл эстүү ооган АКШ же Россиянын же башка өлкөлөрдүн күчтөрү менен кызматташат? Эртедир-кечтир антип өлгөндөн көрө талибдер менен эле бир болгонду оң табышары шексиз.

Кабулдагы акыркы окуялар АКШнын имидж-аброюна урулган оор сокку болду. АКШ машинени оңдойм деп жатып, жардан ары кулатып жибергендей эле акыбалда калды. Мындан Байден кандай жыйынтык чыгарар болду экен?

 

Талибдер Борбордук Азияга чабуул коюшабы?

Азыр дүйнөлүк ЖМКларда талибдер белгилүү деңгээлде реалдуулуктан кыйла алыстатылган, мифтештирилген образга, монстрга айланып кеткендигин ачык  айтуу зарыл. Аттуу-баштуу, дүйнөлүк геосаясатты чемичкедей чаккан эксперттер, серепчилер деле “талибдердин максаты мусулман өлкөлөрүнүн бардыгында шариятка негизделген ислам халифатын куруу. Демек, алар Ооганстан менен тынчышпайт, бийлигин бекемдегенден кийин Борбордук Азия өлкөлөрүнө чабуул коюшат, Россия аларды Өзбекстан менен Тажикстандын чек араларында токтотпосо, Оренбургга, Омск менен Томскиге  жетип барышат” дегендей маанилерде жазышууда, айтышууда. Мындай пикирлердин көбү реалдуу кыртышка жакындабаган, негизинен саясый публицистикалык мазмундагы ой жоруулар. Биздин оюбузча, Ооганстандагы абал жөнүндө Россиялык эксперт Аркадий Дубнов гана реалдуу айтты. “Талибдер өздөрүн өздөрү өлтүргүчтөр эмес, алар өз буттарына атышпайт,- деди ал. - Аларга Ооганстанда шариятка негизделген мамлекетти курууга айланасындагы мамлекеттердин коопсуздуктарына коркунуч келтиришпесе гана мүмкүнчүлүк болорун жакшы түшүнүшөт. 27 жылдын ичинде  талибдердин  катышуусунда  Ооганстандан сырткары бир жерде да террордук акты же экстремисттик көрүнүш болгон эмес”.

Албетте, талибдер биринчи кезекте өз бийликтерин бекемдөөгө аракеттенишет, ага чейин сырткы дүйнөдөгүлөр менен иштери деле болбойт. Эгерде бийлик, байлык ресурстары тең бөлүштүрүлбөсө, ич ара карама каршылыктар, кагылышуулар чыгып кетиши да ыктымал. Айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары аны тутантууга аракеттениши да мүмкүн. Анда Ооганстанда жарандык согуш жаңы демде, жаңы күчтө уланат.

 

Мындан ары аркы окуялар, геосаясий абал кандай өнүгөт?

АКШ аскерлерин толук чыгарып кеткенден кийин Кабулдагы аэропортту кайтарганы Түркиянын аскердик бөлүгү кала тургандыгы маалымдалган. Түркия, албетте, бир аэропортту күзөтүү үчүн эле аскерлерин калтырмак эмес. Эрдогандын бул жаатта өз планы болгон. Эгерде ага мүмкүндүк беришсе, Ооганстандагы абалды өз вариантында жөнгө салмак. Бирок, улуу державалардын бири да ага кызыкдар эмес, антишсе Түркиянын, Эрдогандын аброю Байден менен Путиндикинен да жогору болуп кетмек. Ооганстандагы абалдын чагылгандай тездикте өнүгүп, талибдердин Кабулду ээлеп алуусуна ушул жагдай да себеп болду окшойт. Анткени, АКШ Эрдоганды Ооганстандагы абалды жөнгө салууга аралаштыргысы келбеди. Сириядагы, Ливиядагы, Тоолуу Карабакты бошотуудагы окуялардан соң Түркиянын саясый, аскердик аброю, таасири ансыз эле өсүп кетти. Бирок, Түркия Ооганстандын элинин көпчүлүгүндөй эле исламдын сүннөт тайпасын тутунат, Эрдоган куранды адистерден кем эмес окуган динчил адам. Ал “дини бөлөктөргө” салыштырганда Ооганстандын негизги күчтөрү менен тез эле тил табышмак. Бирок, ал вариант дагы деле толук  маанисин, күчүн жогото элек.

Мындан ары, биздин болжолубузда, талибдер бийликти бекемдөө менен бирге проАКШылык  кадрлардан, күчтөрдөн тазаланууга негизги басым жасашат. Алар жакынкы эки-үч жылда  кошуна өлкөлөргө карата экспаниосттик саясат жүргүзүшпөйт, ага алардын экономикалык, аскердик мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Эгерде ал түндүккө каршы согуш ачкысы келсе, ОДКБ, ШОС менен кагылышарын, кандай шартта болбосун андан аман калбастыгын билишет. Эгерде Россия абадан колдоп турса, талибдерди чек араларда кыйратууга Өзбекстандын аскердик мүмкүнчүлүгү деле ашыгы менен жетет. Борбордук Азиядагы республикалардын жетекчилери деле аны мыкты билишет, түшүнүшөт, бирок аларды талибдер чек араларга жакындаса, ичтеги экстремисттер, фундаменталисттер баш көтөрүшпөйбү деген кооптонуу гана тынчсыздандырууда. Демек, биздин атайын кызматтар  андай көрүнштөрдүн алдын алууга негизги басым жасоолору зарыл.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити