Баам-аналитика

Рухий кризистен чыкмайынча өнүгүү жолуна түшпөйбүз

Садыр Жапаров президенттик кызматын аткарууга киришкенден кийин өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалды оңдоо боюнча 5 Жарлык чыгарган. Анын биринчиси - “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” деп аталат. Анын негизинде атайын Концепция иштелип чыгылды. Анткени, бизге экономикалык, социалдык кыйынчылыктардан мурда коомдогу рухий, адеп-ахлактык жана психологиялык деградациялык көрүнүштөр өзгөчө опурталдуу болуп, өнүгүү жолуна түшүүбүзгө терс таасирин тийгизип келди.

Рим Клубунун негиздөөчүсү А.Печчеинин айтуусу боюнча, коомдогу, айлана-чөйрөдөгү бардык кризистик көрүнүштөрдүн себептери - адамдардын өздөрүндө. Экономикалык, социалдык гана эмес, экологиялык кризистерди да адамдар өздөрү жаратышууда. Адамдардын жан дүйнөлөрүндө, көз караштарында жана баалуулуктар боюнча аныктамалдарда, этологияларында (жүрүм-турум) учурга адекваттуу өзгөрүүлөр болмоюнча, экономикада, социалдык чөйрөлөрдө жарытылуу жылыштар болбойт. Убагында Кытай, Германия, Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр биздикинен бир канча оор кыйынчылыктарга тушугушкан, бирок мекенчилдик күчтүү духтары жана сезимдери, биримдиктери жана аракетчилдиктери, илимге жана билимге артыкчылык берип, аларды өндүрүштө колдоно алышкандары аркылуу тез эле кризистик көрүнүштөрдөн чыгып, өнүгүү жолуна түшүшкөн. Ал эми Кыргызстан отуз жылдан бери өз жолун таппай, туш тараптуу кризистик көрүнүштөрдөн чыкпай келатат. Андан чыкмайынча өнүкмөк түгүл, өз алдынча дареметтүү  мамлекет деле боло албайбыз.

Бул өңүттөн алганда, Садыр Жапаровдун рухий жана адеп-ахлактык кайра жаралууга басым жасап, атайын Концепция  кабыл алганы туура. Бирок, анын аткарылышы кандай болот? “Тозокко кеткен жолдун эки тарабы да жакшы каалоо-тилектерге толтура” дегендей, жакшы ниет-тилектер  менен эле баары чечилип кетпей тургандыгы да чындык. Концепциянын негизги аткаруучулары өз вазийпаларына шайкеш адамдарбы же... Тилекке каршы, бул жаатта тынчсыздандырарлык нерселер бардыгын моюнга алышыбыз керек.

Ойчул ойлонгуча, тобокелчил кыр ашат...

Президент алгач парламентке укуктук базасын даярдатып, анан “Кумтөр” алтын комбинатына сырттан башкарууну киргизди же бюджет түзүүчү ал ишкананы Кыргызстанга толугу менен кайтарды. Ал улутташтыруунун алгачкы кадамы. “Центерра” кирешелүү гүлазыкты кайтарып алуу үчүн бардык аракетин жумшоодо, дагы жумшайт. Бирок, эл аралык арбитраждык териштирүүлөр кандай аяктабасын, ал туура иш болду. Ишкананын мурда сыртка кетип жаткан таза кирешелери Кыргызстандын бюджетине түшө баштады. Эми ал каражаттардын бир бөлүгү бюджетти колдоого кетсе, калган бөлүгүн максаттуу пайдалануу гана керек. Биздин оюбузча, алар Камбар-Ата-2 ГЭСин куруп бүткөрүүгө жумшалса, эл үчүн жакшы болмок. Анткени, электр энергияларынын таңсыктыгы жылдан жылга көбөйүүдө. Алдыдагы кышкы сезондо ал 1,5-2 миллиард киловатт саатка жеткени турат. Быйылкы жайкы чилде аябагандай аптаптуу болду. Элде жайкы чилдеде кандай ысыса, кышкы чилдеде ошончолук ызгаар болот деген сөз бар. Токтогул суу сактагычындагы суу да жылдагыдан аз.

Мындан сырткары негизги азык-түлүктөр күн санап кымбаттоодо. Тилекке каршы, мындан ары да кымбаттайт. Анткени, кургакчылыкка байланыштуу бардык жерде дан эгиндери, мөмө-жемиштер  аз болду. Ошондуктан өкмөт дан эгиндеринин, биринчи кезекте буудайдын жетишерлик корун камдабаса, келерки жайга чейин эл кыйналып калышы мүмкүн. Бирок, бийликтегилер бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатышканы азырынча белгисиз. Бир сөз менен жыйынтыктаганда, алдыдагы кышкы, жазгы сезон бийликтегилер үчүн  чоң сыноо болгону турат. Биз, албетте, мамлекет башчысынын бул сыноодон татыктуу өтүшүн каалайбыз. Бирок, ал үчүн күндөп-түндөп иштөө керек.

Кадрдан жаңылган – бардыгынан жаңылат

Элибизде “Иттин кедейчилиги-үч айлык, эчкиники-алты айлык, малдыкы- бир жылдык, ал эми адамдыкы жарым кылымдык” деген мааниде сөз бар. Же жакшы кадрларды тарбиялап, өстүрүү, аны системага салуу  үчүн жарым кылымдай убакыт керек. Тилекке каршы, советтик системада калыптанган кадрдык системаны жакында келип кеткен Аскар Акаев биротоло талкалап, бузуп кеткен. Ошондон бери жакшы жетекчилерге, менеджерлерге жарыбай, ооздорунан жалын чыккан менен колдорунан эч нерсе келбеген  таш атарларга, өрт койгучтарга, ар кимдерди алдап тиричиликтерин өткөрүп жүргөн НПОшниктерге, жадегенде кай жерде эмнени айтууну билбеген оргу-баргы, өйдө-төмөндөргө гана күнүбүз түшүп келатат. Кризистерден чыкпай келатканыбыздын бир себеби ушунда. Андай көрүнүштөр азыркы бийликтин тушунда да улантылууда. Азыркы Министрлер кабинетинин колунан эч нерсе келбей тургандыгы, анын курамында адекваттуу эместер да бар экендиги ачык эле көрүнүп, элдин кыжырын келтирип жаткан менен мамлекет башчысы аларга карата чечкиндүү чараларды көрбөй жатат. Мындай кыйын-кезең учурда өздөрүн реалдуу иште көрсөткөн Мелис Мырзакматов, Нариман Түлеев, Кабыл Абдалиев сыяктуу чыгаан менеджерлерди кызматка алып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керек эле. Алар мурдагыдай жакшы иштешсе - мамлекет башчысынын аброюн гана арттырышмак. Тегиз караган калыс адам экен деп эл да мактамак. Бирок, ал тигил партияда, бул мында, аныкы, меники дегендей түшүнүктөрдөн улам алар башкаруу иштеринен сыртта калууда. Кыргызстан бирөө эле, элди кимдин кайсыл партияда, кандай көз карашта экендиги кызыктырбайт. Эл үчүн “Өгүз да болсо, сүт берсе болду”. Убакыт өтүүдө, тилекке каршы, ал азыркы бийликтегилердин эмес, алардын атаандаштарынын пайдасына гана иштөөдө. Мамлекет башчысы бир силкинип, кадрларын да силкип иргеп  албаса, кыйынчылыктар азыркыдан да көбөйүп, тереңдеп кетиши мүмкүн болуп баратат.

Садыр Жапаров эң кыйын учурда бийликке келди. Келерки жыл да жеңил болбойт. Кыйынчылыктар сыноо гана эмес, жаңы ийгиликтердин да дарбазасы болуп саналат. Кадрлар жакшы иштесе, туура жетекчилик болсо, мүмкүн болбогон да иштерди жасаса болот, аракет жок жерде реалдуу мүмкүнчүлүктөр да колдон чыгарылат. Биз мында болгону  Садыр Жапаров сыноодон ийгиликтүү өтсө, Кыргызстан ишенимдүү өнүгүү жолуна түшсө гана дейбиз.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити