Кааласак да, каалабасак да Жоомарт Оторбаев премьер-министр боло турган болду. Ал орунга көз салгандар бир топ болчу. Өздөрү “Мен” дебесе да, кимдир бирөөлөргө айттырып дегендей. Мисалы, биринчи кезекте Бишкек шаарынын мэри К. Кулматов, парламенттеги КСДП партиясынын лидери Ч.Турсунбеков, анан дагы бир топ кыймылдардын катарында аты аталып жүргөн С. Дыйканов ж.б.
Биз, оппозициялык маанайдагы саясатчылар, саясатты жакшы түшүнгөн адамдар Атамбаевдин Бакиевден көп деле айырмасы жок экенин, Бакиев салган жол менен эле кетип атканын кайра-кайра айтып келебиз. Анын далили катары Атамбаев Бакиев сыяктуу эле саясий атаандаштыкты муунткан, коом үчүн жабык, аны (Атамбаевди) оппозициянын дагы, коомдун дагы көзөмөлдөбөшүн каалабаган фактыларын айтсак болот.
Жылдын жаңырышы менен президент А.Атамбаев тарабынан эки жакшы кадам ташталды. Бири дин маселесинин мамлекеттик денгээлде талкууланышы. Экинчиси 2014- жыл “Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жылы” деп аталышы. Кудай калыстык үчүн экөө тең өтө орчундуу маселелер экендигин айтып коюшубуз керек. Аталган эки маселе эгемендүүлүктү алганыбызга 20 жылдан ашкандан кийин эмес биринчи эле күнү башкы маселе катары каралышы керек эле. Тилекке каршы андай болбоду. Демек бизде мамлекет жана мамлекетүүлүк деген эмне экендиги так түшүнүккө айланган эмес. Бийлик башына келгендердин бул эки түшүнүктү айрып так билүүгө дареметтери жетпеген.
Менин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө камагында жатканыма эки айдан ашты. Өткөндө “Фабула” гезитинде жарык көргөн: “…Саруустан деген мамлекет пайда болду”,- аттуу макаласын окуп чыктым. Өзүм абакта жатсам дагы, “Саруустанга” түздөн-түз тийешем бар болгондуктан аталган макалага жооп жазууга туура келип турат.