Сот “ата-журтчу” депутат А.Келдибековдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга, тагыраагы, 27-июнга чейин узартты. Ансыз деле Ахматбек Келдибековдун саясий буйрутма боюнча камалганы маалым болгон убакта, коомчулук бул чечимди так тескерисинен кабыл алды. Биз бул тууралуу эл тааныган “каймактардан” жооп алдык.
Тээ атам замандан бери ак нерсе актын, кара нерсе каранын ролун ойноп келе жатканы баарына текши маалым. Союз тараганы ак ниетте ак мрамор таш менен салынган Ак үйдү кара тосмо менен тосуп койгону, эгемендүү элибиздин иши алдыга жылбай келе жатат. Эмнеге Ак үйдү кара тосмо менен тосуп коюшту? Ушул суроого жооп табуу кыйын болуп турат.
"Мегакомдон" ири суммадагы акчаларды чыгарып кеткендиги айтылып, камакка алынып, соттолуп жаткан Алмазбек Абековдун ачуу чындыгы
Жаңы өкмөт дайындалып ишке киришкени айдан ашты. Жоомарт Оторбаев былк этпей, зымпыйып отурганы болбосо, кыймылдаганы деле, ишинен бир майнап чыгарары деле байкалбайт. Чек арадагы жаңжалдар уланып, жаңы вицеси эски адаты боюнча барымтага түшүп, чыңалуу күч алып барат. Түштүк тарап газы жок калып, көпчүлүк тамак бышыруу ж.б. күнүмдүк керектөөлөр үчүн электр энергиясын колдонууга өттү. Электрдин тартыштыгынан кубаттуулугу төмөн болуп, тамак 2-3 саатта араң бышып, көп кабатту үйлөрдүн жашоочулары короого казан асып, от жагып, дааратканаларга сырттан суу ташып, кирип-чыгып бийликти каргап жатат.
Союздан мураска калган өксүк өнөр-жай, өндүрүш базар экономикасынын шартына, талабына жооп бере албай, сырткы базардын атаандаштыгына туруштук бербей куруп, постсоветтик өлкөлөрдү экономикалык өнөктөшүүгө, рыногун бирге коргоого мажбурлап, Бажы союзунун түзүлүшүнө түрткү болду. Бирок, Кыргызстандын ички дүн продукциясы (ИДП) жан башына чакканда 1300 доллар экенин эске алсак, экономикасы 10-15 эсе күчтүү өлкөлөр менен кантип өнөктөш боло алат?
“Адам болуш кыйын, күн сайын адам болуш андан да кыйын”,- деп залкар инсаныбыз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай айткан. Анткени адам деген атты сактап, жашоодо өзүнүн тазалыгы менен жасаган аракети дал келиши абзел. Адамдык сапатты бийик тутуп, жашоо кечирген адамдар сейрек кездешет. Биз сөз кылып жаткан каарман дал ошол сейректиктердин бири - Рустам Маманов.
Бүгүнкү кыргыз армиясы жана күч органдары кыргыз элин, кыргыз жерин эмес, кыргыз бийлигин гана кайтарып, Атамбаевдин коопсуздугун карап, ага каршы сѳз айткан оппозицияны куугунтукка алып атканга гана жарап калды.
“Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт,”- деп шордуу Алыкул Осмонов бекеринен айтпаган экен. Анын бул сөзүн учурда биз да кайталоого милдеттүү болуудабыз. Ата-Журт “шордуунун журту” болуп жатса ким эмне демек эле? Жашоо, кимдер кантип жашап жатышат? Кимдир бирөөлөр башка бирөөнүн пешене теринин эсебинен ар кандай айла-амалдар менен байлык топтоп арам жашап жаткандыгын, Курандын сөзү менен айтканда: “бул чындыкты кудай көрүп турат”. Аны менен акыретте эсептешүү болот. Эмне үчүн эле адамдар мансапка карай жулунушат? Эмне үчүн шаарларга карай умтулушат? Эмне үчүн? Себеби өтө көп!
Парламентте башка маанилүү маселе калбай калганбы же бүгүнкү күндүн опурталдуу көйгөйү ушулбу, айтор 23-апрелде депутаттар сойкулукту ооздуктоого арналган “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда карашты. Бул мыйзам долбоорун депутаттар Замир Бекбоев, Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиевдер иштеп чыгышыптыр.
Кыргызстанда баардык балакет: митинг, пикет, ызы-чуу, нааразычылык, коррупция, жердешчилик менен бөлүнүп-жарылуу жана башка коомду будуң-чаң түшүргөн окуялар шайлоодон башталат. Бир шайлоодогу тополоң кийинкисине чейин улантылат. Ал тургай жалаң шайлоонун болушун күтүп, ошонун арты менен акча таап, жан баккан “дежур активисттер” - ОБОН деген аялдар тобу бар. Алар үчүн шайлоо чоң “бизнес”. Демек, акчаң болсо, сен кылмышкерсиңби, билимиң жок чала сабатсыңбы, сени шайлап коё турган атайын “жалданма” топ бар. Анткени көпчүлүк элдин добушуна ээ болоруна көзү жетпеген талапкерлер шайлоочуларды ар кандай айла-амалдар менен сатып алышат, шайлоо мыйзамын одоно түрдө бузушат. Анын кесепетинен бийликке элдин же мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, жеке өзүнүн жыргалчылыгын ойлогон шылуундар менен шумпайлар, уурулар менен кескилер, кем акыл чала сабат саясатчылар келишет.
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат А.Сулайманов камактагы “ата-журтчу” депутат А.Келдибековго тагылган айыптарды изилдөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия өз ишин аяктаганын жар салып, анын жыйынтыгын карап чыгууну талап кылды. Бул маселе эртең, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында талкууга алынат.
Улуттук оппозициялык кыймыл кечээ тынчтык митингин жогорку маданияттуу жаңы форматта кандай өткөрүү керектигин көрсөтүп койду. Адамдар майрамдык маанай менен келип митингге катышып, жазгы бакта эс алганча саясий тилектештигин билдирип, кетээр алдында таштандыларын чогултуп кетишти.
Урматтуу Алмаз Шаршенович! 2014-жылдын 28-мартында теледен сүйлөп жатып, түптүз эле жерден: “Революция кылам дегендер, революциядан кийин үч этаж үй салып байыгандар” деп, “досуңуздун” атын атабасаңыз да, Азимбек Бекназаровго тийишип өттүңүз. Эмнеге дегенде 17-мартта Бекназаровдун айылдагы үйүн атайын тарттырып келип, КТРден дембе-дем көрсөтүшкөн. Сиз сүйлөгөнгө чейин “муну Адил Сегизбаев кылып жатат го” дегенбиз. Себеби, 2002-жылы ошол эле үйдүн терезесине Бекназаровдун сүрөтүн коюп (өзү түрмөдө эле), Акаевдер да сиз сыяктуу саясат кылышкан. Көрсө, мындай ыплас саясаттын артында Сегизбаевдер эмес, өзүңүз эле турат экенсиз да? Муну өз сөзүңүз менен далилдедиңиз.
Карт тарыхтын узак жолуна тигилип отурсаң, дайыма бир туруктуу көрүнүштү байкайсың. Коом, мамлекет, Мекен, эл дегениңдин эки башка мүнөзү, жосуну бар эки түрдүү баласы, эки түрдүү атуулу болот экен. Томолок жердин үстүндөгү кайсы жамаатты караба, бир боор мекенинин кучагында бири-бирине карама-каршы тагдыр күткөн, эки башка жолду тутунган эки уулду көрөсүң. Кечээки Россияны карасаң, адаттагыдай мунун да эки баласы бар: биринчиси жазуучу Кукольник, экинчиси айтылуу чыгаан Чаадаев. Же биринчиси баягы Кремлдик Суслов, экинчиси Сахаров. Мынабу көчмөн кыргыз коомуна келсең, мында да кыял-жоругу эки башка эки атуул жашап турат, биринчиси ырчы Арзымат, экинчиси акын Токтогул же Санчы сынчы, же Толубай. Көп учурда мамлекет, бийлик өзүнүн бул эки атуулуна эки башка көз менен карайт. Кукольниктер, Арзыматтар, Сусловдор ар дайым бийликтин сүймөнчүгү, эрке талтаңы. Бийлик өзүнүн мындай балдарын канаттууга кактырбайт, тумшуктууга чектирбейт, туяктууга тептирбейт. Анткени кукольниктер, сусловдор, арзыматтар бийликтин көзүнүн агы менен тең айланып турган букаралар, мансаптуунун ырын ырдап, камчысын чапкан жарандар, жүргүзүлүп жаткан саясаттын сакчылары, жашап турган тартиптердин күзөтчүлөрү.
Экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин кызматтан алынышы Ак үйгө чагылган түшкөндөй эле окуя болду. Парламент коалициясынын мындай күтүүсүздөн ыдырашын карапайым эл, жөнөкөй депутаттар, ал тургай президент А.Атамбаев да күтпөптүр. Ал бул тууралуу өткөн жумада “ЭлТР” каналына берген маегинде билдирди. “Мен парламент менен өкмөт иштеше албай жаткандыгын байкагам, бирок жок дегенде күзгө чейин өкмөт отставкага кетпейт деп ойлогом”,- деген мааниде жооп берди А.Атамбаев журналисттин суроосуна.