Кыргызстанда былтыркы жылда 9 айдын ичинде миңден ашуун митинг жана пикет болуп өткөндүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Ал эми булардын көпчүлүгү атайын сценарий жана буйрутманын негизинде өтөрү жашыруун эмес. Жалданма “пикетчилердин” пайда болушунунун башкы себеби өлкөдөгү жумушсуздукка барып такалат. Арийне, эмгек биржаларынын катарын толуктаган ишсиздер армиясына ким кандай иш сунуш кылса да, баары бир. Алар үчүн бала-чакасын, үй-бүлөсүн бакканы олжо.
 
Кыргызстандын жашоочуларынын турмушуна 90-жылдары кирип, кулакка жат болгон митинг эмне экенин бүгүнкү күндө бешиктеги баладан бекчейген чалга чейин жакшы билет. Митингдердин арты менен республикада эки жолу революция болуп, президенттер кулатылган. Кыргызстан “митингдердин мекени” аталып, коңшулаш өлкөлөрдүн маалымат каражаттарында “Не буди во мне кыргыза” деп такмазага салынып, бир нече курдай жазылды. Көчө демократиясы жолун тандап алган нааразыланган тараптын мүдөөсү кайсы бир деңгээлде ишке ашып, талаптары аткарылып келгендигине баары күбө. Нааразычылыкка чыгып, жолдорду тосуп, күндүн ысык-суугунда Ак үйдүн алдын сагалап, анын жетинчи кабатындагы аткаминерлерге ач-айкырык салып, үнүн угузуп көйгөйлөрдү чечүү жолу, арийне, мамлекетке аброй алып келбейт.   
 
Ошентсе да, Бишкекте митингдерди натыйжалуу өткөрүүчү атайын “адистер” бар. Алар катышуучуларды топтоп келип, убактысын жана баасын алдын ала бычып алышат. Митингчилерден сүйлөп жана кыйкырып туруу талап кылынат. Алдыңкы катарга ажаан аялдар, жоон үндүү эркектер чыгарылат. Отко май тамызып, топту кызытып турган дал ушулар жооп кайтарууга чыккан адамдарга чагымчыл суроолорду узатып, жолго салышы абзел. Митингге чыгып, утурумдук кесипке айланткандардын бири Азиздин айтымында, алар кимге болбосун каршы чыга беришет. Акчасын жакшы төлөсө, суткалап деле турганга даяр. Түштөнүүгө тамак берилбесе, бир күнгө 800 сом. Үч саатка 400 сом. Буйрутма берүүчүлөр негизинен бийликтин өкүлдөрү менен саясатчылар. Арасында акчасын төлөбөй койгондор да кездешет. Акчаларын төлөтүп алуу үчүн кайрадан нааразылык акцияларын уюштурушат.
 
“Аял - үйдүн куту” деп абалтан айтылган кеп өз касиетин жоготуп, аялзаты назиктигинен, жумшактыгынан айрылып бараткандай. Анткени, аял бүгүнкү күндө эркек менен катар иштеп, үй-бүлөсүн багып, коомдун түйшүктүү жүгүн мойнуна көтөрүп келет. Замандын ыплас агымы менен “пикетчи” деген кесипке тартылган аялдар тууралуу Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту тарабынан жүргүзгөн журналисттик иликтөөгө таянсак, «өзгөчө дайындоодогу аялдардын отрядын» колдонуу саясатчылардын прерогативи эмес. Маселен, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары аялдарды контр-революцияларды жүргүзүү үчүн колдонушат”.
 
“Пикетчи” кесибин аркалоо Кыргызстандын жана Өзбекстандын аялдарынын арасында кеңири тараган. Укук коргоо органдары жана саясатчылар жалданма пикетчилерди шайлоо кампанияларын өткөрүү жана тынчтыкты атайын бузуу мүдөөсүнө пайдаланат. Мисалы, Кыргызстанда нааразы болгон тараптын оюн билдирүү үчүн жалдангандар көчөгө чыгып, кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн коомдук пикир келишпестиктерди билдирет. Мындай демонстрацияларга кыз-келиндерди тартуунун себеби - массалык мүнөздө өткөн акцияда милициянын катаал чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу. Коңшулаш Өзбекстанда ири мүнөздөгү коомдук каршылык акциялары болбойт, мамлекет жалданма топту катаал максатта – диссиденттерди дискредитация кылуу үчүн колдонот. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун маалыматы боюнча, Өзбекстанда өз жарандарын коркутуп-үркүтүүлөргө жана башкалардын артынан түшүүгө мажбурлоо стандарттуу практика. Арзан акчага аялдар күчүн колдонуу толкундоолорду уюштуруунун эң таасирдүү ыкмасы.  
 
Сурамжыласак, Кыргызстанда митингчилердин акысы 500 сомдон 1000 сомго чейин. Нааразылык акциясына он адамды тартып, аларды жетектеп берүүгө 2000 сом төлөнөт. Ачкачылык жарыялоонун акысы өзүнчө бааланат. Ал эми талапкерге оңтойсуз суроолорду узатып, чагым кылуу үчүн 3 миң сомго чейин төлөнөт экен. Шайлоо кампанияларынын учурунда митингге катышкан бир адам айына 200 доллардан ашык каражат таба алат жана карама-каршы тараптарга бирдей иштегенге макул. Мисалы, бир эле убакта бийлик үчүн, бийликкге каршы, оппозицияны колдоо жана ага каршы митингдерине чыгып жүргөндөр бар. 
 
Саясий ишмердүүлүк бийликтин колуна топтолгон Өзбекстанда жалданма топ жаманчылык кылуу үчүн колдонулат. Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун маалыматында, кеминде он жылдын аралыгында милиция менен улуттук коопсуздук кызматы аларды диссиденттерди кемсинтүүгө жана демонстрациялардын жүрүшүн бузууга мажбурлап келген. Алар демейде шарттуу соттолгон жарандарды, соттолгондорду, секс-индустриясынын кызматкерлерин же базарда соода-сатык кылгандарды, кыскасы, милициядан көз карандылардын баарын алардан талап кылынган нерселерди аткарууга түртөт. Өзбекстандын укук коргоо альянсынын башчысы Елена Урлаева мындай кырдаалга бир нече жолу кабылган. Алты жыл мурун ал Бухарага Юсуф Жуманын сот ишине катышуу үчүн баратып, белгисиз аялдардын тобуна учураган. Таяктар, арматуралар менен куралданган аялдар укук коргоочуну сабаганга чейин барган. Кызыгы, укук коргоочунун айтымында, “аялдар батальону Советтер союзунун тушунда эле колдонулган. Мындай топтор болжол менен 30 чакты аялдан турат. Эгерде кимдир бирөөнү сабап, ур-токмокко алыш керек болсо, 20-25 жаштардагы жаш кыз-келиндер, ал эми коркутуп, кордош керек болсо, улгайган алдар колдонулат”. Ташкенттеги секс-индустрия кызматкери Махабаттын маегинде, ал мындай акцияга милиция мажбурлаган үчүн катышкан.
 
«Бизге негизинен эркектерге кол салууну буйрук кылышкан. Биз аларга чагым кылып, тиштегилеп, кийимдерин жулуп, тытмалап, бетке чаап,  аялдарды чачтарынан жулуп, кайра бизге каршылык көрсөткүдөй кылышыбыз керек эле. Андан кийин аларды “аялга кол көтөргөндүгү үчүн” камашмак. Ал эми базарда соода кылган Наргиздин айтымында, ар бир акция үчүн 50 миң сумдан (1 миң сомдон ашык) төлөнүп берилген. Ошондой эле базарда соода кылууга жолтоо кылбаганга кепилдик беришкен. Кээде такыр эле төлөбөй коюшат, коркутуп-үркүтүшөт. Мындай акцияларга мурда айына эки-үч жолудан чакырып турушкан.
 
Айкен Байсариева, “Майдан.kg” гезити 
Коррупция деген балакет Кыргызстандын коён жатагынан өйдө ээлеп алгандыгы дагы бир жолу тастыкталып отурат. Бул “каапыр” жадакалса адамдардын эс алып жаткан жерине да жете барып, алардын ичип жаткан тамагына “жардамдашып”, салынып жаткан шейшебин, аарчынган сүлгүсүн да булгап жиберет экен. Буга далилдүү мисал катары “Ысык-Көл Аврора санаториясы” мамлекеттик пансионатынын өтүп кеткен 2011-жылдагы 9 айлык ишмердүүлүгүн айтсак болот. Аталган пансионаттын экс-директору Т.Ногойбаев кызмат абалынан кыйла пайдаланып, официалдуу чакырылбаган конокторду өз үйүндө тосуп жаткансып, мыйзамдуу жол менен келген эс алуучулардын тамагынан үнөмдөп, аларды жарым курсак кылып калтырып, өз конокторуна меймандостугун көрсөтүп турган.
 
Сөздү башынан баштай турган болсок, санаториянын негизги киреше бөлүгү – путевкаларды сатуу менен байланыштуу. Жалпы кирешенин 82 пайызы дал ушул жол менен толтурулат. 2011-жылдын 9 айлык жыйынтыгы боюнча путевкаларды реализация кылуудан 35613  миң сом киреше түшкөн. Жыйынтыгында 2771 миң сомго план аткарылган эмес. Булардын бардыгы жайкы сезон алдында санаториялардын кызмат көрсөтүү акыларынын төмөндөп кеткендиги менен байланыштуу экендигин аталган пансионаттын башкы экономисти билдирген. Бирок, ошол эле учурда санаторияда атайын каттоодон өтпөгөн эс алуучулардын саны өтө эле көп болуп кеткендигин, анын айынан план аткарылбай кала тургандыгын бир гана башкы экономист эмес, аталган пансионаттын бир нече кызматкерлери Ногойбаевге эскертип турушкан. Алардын мындай кайрылууларынан улам Ногойбаев каттоодон өтпөгөн эс алуучулар жогору жактагылардын көрсөтмөсү менен болуп жаткандыгын жана пландын аткарылышына өзү жооп бере тургандыгын билдирип келген. Кыязы эми жооп бере турган учуру келди окшойт.
 
“Чү” дегенде эле пансионатты таза жана сапаттуу шейшептер менен камсыз кылып туруу максатында жарыяланган тендердин жыйынтыгында утуп алган түрк фирмасы “ONDER HAVLU KONFEKSYON” менен иш алып баруусу Ногойбаевдин мыйзамды уруп да ойнобой тургандыгын көрсөткөн. Мыйзамга ылайык, түрк фирмасы келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруусу үчүн алдын-ала күрөө катары 20.941,3 сом коюушу керек болгон. Бирок, Ногойбаевдин өзүм билемдиги чектен ашып, өзүнүн орун басары, башкы бухгалтер, юрист жана сатып алуу боюнча адистердин макулдугусуз эле келишим даярдап, ага өзү кол коюп, аталган фирманын өкүлү Хамит Акча менен макулдашууга барган.
 
Сатып алуу боюнча адис Т.Сулайманов өзүнүн түшүнүк катында директор Ногойбаевге бир эмес, бир нече ирээт товар берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимде милдеттерди аткаруусу үчүн кепилдик акысы сөзсүз төлөнүш керек экендигин билдиргендигин жазган. Тилекке каршы мындай акыл-насааттар Ногойбаевдин кулагынын сыртынан кетип турган. Ушундай чалагайым башталган (балким Ногойбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн бышып жетилген болушу мүмкүн) иш андан ары да көз боемочулук менен уланган. Эки тараптын колу коюлган эч кандай товардык-транспорттук баракчасы жок туруп эле директор Ногойбаев башкы бухгалтер Ж.Абдыкадырованы түрк фирмасынын эсебине 3 ирээт акча которууга мажбур кылган. Натыйжада жалпы суммасы 46.500 АКШ доллары которулган. Акча июль айында которулганына карабастан, түрк фирмасынан товарлар сентябрь айынын орто ченинде гана эч кандай коштогон документтери жок жеткирилген. Келген товарды текшерүүдө саны да, сапаты да тендер убагында көрсөтүлгөндөй эмес экендиги байкалган. Натыйжада 7 кишиден турган комиссия келген товарлардын санын эсептеп, 154.670 сомдук товардын жок экендигин көрсөтүшкөн. Ошондой эле 1.529.980 сомдук товар тендер убагында көрсөтүлгөн товардын сапатына таптакыр дал келбей тургандыгынан улам, кайра аркага кайтарылган. Андан сон “Ысык-Көл Аврора санаториясы” мамлекеттик пансионатынын атынан “ONDER HAVLU KONFEKSYON” фирмасына жана анын өкүлү Хамит Акчага доомат каты жөнөтүлгөн.
 
Ж.Абдыкадырованын түшүнүк катына таяна турган болсок, аталган фирма менен бардык сүйлөшүүлөр бир гана Ногойбаев аркылуу жүргүзүлгөн. Ал эми калган кзматкерлердин оозеки да, жазуу түрүндөгү да кайрылууларына Ногойбаев тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Түрк фирмасынан келген товардын жогорудагы көйгөйлөрүнөн улам азыркы күнгө чейин товар кабыл алына элек жана бардык сумма аталган фирманын моюнунда карыз катары илинип турат. Товардын сапаты да, саны да келишимге ылайык келбей турса да, Ногойбаев мырзанын үн чыгарбагандыгынан улам, мунун баары алдын-ала эле пландаштырылганбы деген да ой келет.
 
Мындан тышкары пансионатта чардап эс алып, бирок күнү бүгүнкүгө чейин эс алуу акысын төлөбөй келаткан мекемелер дагы, жеке адамдар дагы бар. Маселен, мекемелердин карызы 2011-жылдын 1-октябрына карата жалпы жонунан 470.812 сом. Ал эми жеке адамдардын карызы 125.650 сомду чапчыйт. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында бухгалтерия пансионатта ошол мезгилде каттоо кызматын аркалаган Т. Эсеналиевге, У. Байтулаковго, С. Шадыкановго бир нече ирет кайрылышкан. Бирок, бир да жолу алар тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.
 
Айтор КР президентинин иш башкармалыгынын атайын иликтөөсү аталган пансионаттын ичинде катылып жаткан бир топ былыктардын башын ачып берди. Жайкы сезон маалында бул пансионатка барып, эс албай эле кыжаалат болуп келген адамдардын нааразычылыктарын да бир эмес, бир нече жолу уккан элек. Атайын акчасын төлөгөндөн кийин ошого жараша курсагы тое тамак ичип, эс алууну көздөндөрдүн тилектери таш капкан эле. Көрсө, мунун баары Ногойбаев мырзанын көмүскөдөгү иш-аракеттери экендиги минтип ачыкка чыгып отурат. Пансионаттын ашканасында иштеген ашпозчулардын айтымында күнүнө эки жүз киши тамак иче турган болсо, анын элүүдөн жетимишке чейинкиси Ногойбаевдин “коноктору” болгон. Ошондо официалдуу каттоодон өткөн ар бир эс алуучу өзүнүн тамагынын үчтөн бирин чакырылбаган коноктор менен бөлүшүп жаткандыгын түшүнүшкөн эмес. Себеби, каттоого турбаган конокторго складдан атайын азык-түлүк бөлүнгөн эмес. Ашпозчулар эс алуучуларга тамак куюп берип жатып өздөрү да ынгайсыз болушкандыгын жашырышкан эмес. Алардын бир адамга ылайыктап куюп берген тамагына толук кандуу адам эч качан тоймок эмес. Андыктан эс алуучулар нааразы болушуп, экинчи бул пансионатка кайрылып келбей тургандыктарын билдиришкен.
 
Чалмакейди катуу чалып алган Ногойбаев, өзүнүн артын жабуу үчүн кызматынан кетер маалда санаториянын башкы медайымын чакырып, андан бардык кабинеттердин каттоого алчу журналдарын алдырып, жанысын ачууну буйрук кылган. Ошентип өзү менен кошо эски журналдарды да ала кеткен. Санаториянын тазалыгын караган кызматкерлер жай мезгилинде эс алуучулардын саны өтө көп болгондугун, бардык номурлар толук кандуу иштеп жаткандыгын айтышат. Бардык кабаттарда бош калган номурлар болбогондугун белгилешет. Ошого карабастан алардын алган маяналары күнүмдүк турмушка да өп-чап жетип турган. Жогору жактагыларды шылтоолоп, сол чөнтөгүн кампайткысы келген Ногойбаев жадакалса шейшептерди да жаныртуу керек экендигин эстен чыгарган. Ал жердеги кызматкерлердин айтымында 1999-жылдан колдонулуп келген шейшептер дагы деле кызмат кылып келет.
 
Айтор Ногойбаевдин чубактын кунундай чубалган чуусун жазып отурсан, гезит бети түт келбейт. Ал эми ушундай кадрларды кызматка коюп, контролдоону эсинен чыгарган КР Президентинин иш башкаруучусу Т.Коеналиевге жол болсун. Бул мырзанын атына аталган санаториянын кызматкерлеринен байма-бай жазылган түшүнүк каттардын саны толтура. Бирок, коррупциянын тамырын кыркабыз деген азыркы бийлик мамлекеттик кызматты өзүнүн бизнесиндей пайдаланган чиновниктерди болушунча тайрандап, сол чөнтөгүн толтуруп алгандан кийин баса калбай, колун сунуп баратканда эле башка чаап турушу керек эле да. Коеналиев мырза туурасында жакшылап иликтеп, гезитибиздин кийинки сандарында кенен кеп кылабыз.
 
Д.Байаман, “Саясат.kg”
 

 

12-декабрь – кыргыздын эки залкар уулдары: Чыңгыз Айтматовдун туулган жана Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү биринчи ирет Улуттук адабият күнү белгиленди. Бул салтанатка байланыштуу 2011-жылы 12-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн жыйынга Президенттин Аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, акын, жазуучулар катышып, учурдагы кыргыз адабиятынын  маселелери тууралуу айтышкан болчу. Биз белгилүү публицист, жазуучу Кален Сыдыкованын кыргыз адабиятынын көйгөйлүү маселелерине арналган төмөндөгү сөзүнө орун бермекчибиз.
 
КМШ өлкөлөрүнүн баары жазуучуларды мамлекеттик камкордукка алып, китептерин чыгарып берүүдө. Жалгыз гана Кыргызстан “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, жазуучуларын көчөгө калтырды. Кыргыз китебин чыгарууну мамлекеттик бюджетке киргизүүнү ойлогон жетекчи эми гана бийликке келди деп ойлойбуз жана чоң үмүт менен жакшылык күтөбүз.
 
Улуттук идеологиянын башатында, өзөгүндө жазуучулар отурат. Улуттун эс-тутумун сактап калуу учун кыргыз жазуучулары аба,суудай зарыл. Азыркы тапта профессионал кыргыз адабияты бар жана келечекте да өнүп-өсө бермекчи. 2010-жылы Кыргызстанда чыккан сегиз жүз аталыштагы китептин үч жүзү гана кыргыз тилинде. Мындан бир жүз кырк бир көркөм китеп чыкса, мунун бир жүз ону кыргызча. Балдар үчүн элүү үч аталыштагы китеп чыкса, анын отуз төртү кыргыз тилинде чыкты.210 аталыштагы гезиттер чыкты. Бирок, Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, “Манас” эпосу менен ааламга таанылып, дүйнөлүк адабияттын катарында турган кыргыз адабиятынын бүгүнкү ахывалы – өтө оор. Коом руханий интеллектуалдык кризисте турат. Буга чечкиндүү аракеттер көрүлүп, кризистен чыкпасак, мунун арты жакшылыкка алып келбейт. 
 
Кыргыз коомунун жалпы билим деңгээли жыл сайын төмөндөп баратат. Буга отуз миңге жакын баланын мектепте окубай көчөдө жүргөнү эле мисал. Улуттук илим-билимди, адабият-маданиятты, каада-салт, наркты кийинки муунга калтыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде стартегиялык аракеттер көрүлбөй жатат. Мамлекет адабиятты, маданиятты сактоого жана анын өсүшүнө кам көрүүгө милдеттүү эле. Жаратман жазуучу мамлекеттик камкорго муктаж. Таланттуу адамдарга шарт түзүп иштетүү, элге руханий пайдасын тийгиздирип алуу – учурдагы бийликтин орчундуу милдеттеринин бири.
 
Бир кезде легендарлуу парламент “ар бир уюм өзү ээлеген имаратына ээ болуп калсын” деген токтом чыгарганына карабай, мурунку бийликтегилер жазуучулардын төрткө бөлүнгөнүнөн пайдаланып Жазуучулар союзунун отурган имаратын тартып алды да Америка университетине берип койду. Улуттук Жазуучулар союзу 1934-жылы түзүлгөн Жазуучулар союзунун мураскери. Демек, кечээ түзүлгөн Америка университетинин имаратын кайра кайрып алыш үчүн соттошууга туура келет. Анткени, азыр Жазуучулар имараты жок, өздөрү арендада отурат. Кыргызстан жазуучулардын органы болгон адабий гезити, кыргызча, орусча адабий журналдары акча жоктугунан чыкпай калды.
 
Ушул жылы Жогорку Кеңештин төрагасы жазуучулар менен атайын жолугушуп, жазуучулардын китебин чыгарууга мамлекеттин бюджетинен 10 млн. сом бөлүнөт дегенде, төбөлөрү көккө жетип сүйүнүштү эле. Көрсө, мунун баары куру убада, кургак сөз экен. Эмдигиче Жогорку Кеңеш 10 млн. сом бөлүү жөнүндө токтом чыгарган жок. Аткарылбаган куру убаданын пайдасынан зыяны көп тийип, чанда боло калчу демөөрчүлөр карабай, ушу тапта жазуучулар отурган имараттын карызы 500 миң сомго өстү. “Жазуучулар аренда акысын төлөбөсө чыгып кетсин” деген талап коюлууда.
 
Мамлекет чындап жазуучуларды мамлекеттик колдоого алабыз десе экс-президент Акаев салган “Президенттик китепкана болот” деген имаратты эмнеге жазуучуларга бергенге болбосун?! Төрт жүздөн ашык мүчөсү бар Улуттук Жазуучулар союзуна табылбаган 10 млн. сом жок, депутаттарга бир жылга идиш-аяк алыш үчүн эле бюджеттен 40 млн. сом бөлүнүптүр. Жалпы кыргыз элинин идиш-аягы деле 40 млн. сом болобу, жокпу билбейм, бирок, ошо 40 млн. сомго жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, архитекторлор союзун беш-алты жыл кенен-чонон камсыз кылганга жетмек.
 
Мамлекет жаш муундарды тарбиялоодогу руханий өзөктү унутуп коюшту. Мекенди сүйүү, адеп, абийирдүүлүк, чынчылдык, ынтымак, улуттук нарк-насил, каада-салт деген уңгулуу, чуулуу түшүнүктөрдү толук кандуу кабыл алууга шарттары болбогон жаш муундан келечекте кандай тагдыр күтсө болот? Адамзат жакырчылыктан эмес, руханий маданиятын жоготкон кризистен чоң жабыр тартууда. Улуттук уңгуну, көрөңгөнү, кыргыздын каны, жанына сиңген көөнөрбөс асылдыктарды, баалуулуктарды акча менен сатып алууга эч мүмкүн эмес. 


Элдин жалпы руханий жана билим деңгээлин төмөндөтпөй кармап туруш үчүн улуттук китепке, китепканаларга өзгөчө мамиле, камкордук зарыл. Китеп фондуларын жаңыртууга, басма сөзгө жазылууга китепканалардын экономикалык  шарттары жок.Ведомостволордо 3000, мамлекеттик структурада  1032 китепкана бар болгон. Жыйырма жылда төрт жүз жыйырмадан ашык китепкана кыскарды. Бул адабият, маданият үчүн чоң жоготуу. Отуз китепкана авариялык абалда.Үч жүз элүү китепкана капиталдык ремонтко муктаж. Кышында китепканалардын 80% жылытылбагандыгына байланыштуу китепканалар күндө иштебейт. Айлыктын аздыгынан 20 жыл ичинде квалификациялуу адистердин дээрлик көбү иштерин таштап кетип калышкан. XX кылымдын 50-60 - жылдары салынган айылдык китепканалардын 70% клубдун бир – эки комнатасында, маданият үйүнүн бир бурчунда же окуу жайларда, мектептерде жайгашкан. 43 китепкана гана атайын курулган имараттарга жайгашкан.


Элеттеги китепканаларда чейрек кылым жаңы китептер болбогону кризистин башкы себеби. Кыргыз китебине мамилени өзгөртпөй туруп мамлекеттик тилди да жолго коюуга эч мүмкүн эмес. Анткени, китепканалар интеллектуалдык эмгектин, тилдин, өнүгүүнүн, маданияттын борборуна айланыш керек. Эмнеге арак менен тамеки саткан жерде китеп сатканга жер жок?


Авторлор гонорар албайт, китебин чыгарса же сатып өткөрө албайт, китеп таркатуу системасы толук кыйраган. Китеп дүкөндөрү баары менчиктештирилип кеткен. Кыргызстан эч нерсе өндүрүп чыгарбаган алып- сатарлардын, базардын өлкөсү го. Анда эмнеге Кыргызстанда кыргыздын китебин сата турган китеп дүкөн жок?  Китеп жазган авторлорго мамлекеттик гранттарды бөлдүрүү мыйзамдык негизде ишке ашууга тийиш.


Китеп чыгаруу, таркатуу ишин мамлекет колго алып, китеп дүкөндөрүн ачканга орчундуу жерлерден бекер жер бөлүп бериши керек. Кээде мамлекет чыгармачыл интеллегенцияга атайын каршы иштеп жаткандай туюм калтырат. Мисалы, 2009-жылы Китеп палатасынан “Улуттук” деген статус себепсиз алынып салынды. Муну кайра токтоосуз калыбына келтирүү зарыл. Китеп палатасын жоюп, анын имаратын менчиктештирип алам деген мурунку бийликтин арам оюу революциянын шарапаты менен таш капкан. Ага көзү кызаргандар азыр дагы жок эместиги жалпы элдик нааразычылыкты туудуруда. 1997-жылы кабыл алынган “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” мыйзамдын негизинде китепканаларга бөлүштүрүү үчүн акысыз он нуска гезит, жыйырма нуска китеп таратыла турган болсо, Жогорку Кеңеш эч ким менен кеңешпей туруп, 2011-жылы 23-октябрда “Басма иши боюнча” жаңы мыйзам кабыл алды, анын негизинде бардыгынан үч нускадан эле берилсин деп жеке менчиктин кызыкчылыгын коргоду. Улуттук китепканалардын фондун таш жалак калтырды. Китепканалардын бүгүнкү оор ахывалын эске алганда, бул шашылыш жашырып-жаап кабыл алган жаӊы мыйзам мамлекетке чыккынчылык кылганга тете иш. Бул кайра оӊдолууга тийиш.Жалпы адамзаттык асылдыктарды, баалуулуктарды жараткан улуттук адабиятка мындай өгөй, басынткан мамиленин түбү эмнеде?


Балдар адабиятын, сейрек кездешчү адабияттарды кайра басып чыгаруу жокко эсе. Китеп чыгаруу ишинин коммерцияланышы улуттук адабияттын таңсактыгын жаратты. Тез пайда бербеген кыргызча балдар адабияты, көркөм чыгармалар, окуу, илимий, илимий-популярдуу, техникалык адабияттар аренадан сүрүлүп калууда. Кыргызстандын китеп рыногун тыштан келген басылмалар ээлеп, китеп базарында товарлардын толук экенин көрсөткөн жалган көрүнүштөр пайда болду. Улуттук уңгуга, баалуулуктарга келгенде жарды эл китепти күргүштөтүп албайт деп пайда эле көздөп, улуттук китептерди чыгарбай таштасак, эртең кыргыздын тагдыры, таалайы кандай болоор экен?


Дайым иштей турган кыргыз жазуучуларынын китептеринин көргөзмө-жарманкесин өткөрө турган галереясы бар Китеп борборун түзүү зарыл. Мамлекет китепканалар үчүн жазуучунун китебин сатып алуу механизмин түзүүсү керек. Мамлекет театрга, опера-балетке, киного тартыш үчүн жазуучуларга кызыктуу драма, пьеса, кинодраматургияга мамлекеттик заказ берүүсү кажет. Эне тилди өнүктүрүү максатында кыргыз адабиятынын классиктерин, тирүү жазуучулардын чыгармаларын чыгарып, эл аны үзгүлтүксүз окушу керек.


Жеке басмаканаларда китеп жасалгалоо, сабаттуу дизайн менен китеп чыгаруу иши начар өнүккөн. Китеп чыгаруу ишинде профессионалдардын көбү карыды, пенсияга чыгып кетишти, бир тобу жан багыш үчүн базарга кетишти. Даяр жаш кадрлар жок. Кыргыз китебин сапаттуу чыгарыш үчүн журналистика жана филология факультеттеринде басма кызматкерлерин, адабий, техникалык редакторлорду даярдоо үчүн атайын бөлүмдөрдү ачып, китеп чыгаруу ишин дүйнөлүк деңгээлге алып чыгыш керек.

 

 

Кален Сыдыкова,

жазуучу,

КР маданиятына эмгек синирген ишмер.

 

 
 
 
 

 

 

 

7-апрелден кийин банк уячаларынан алынган миллиондордун тагдырын иликтөө боюнча парламенттик оппозиция атайын комиссия түздү. Мурдагы бийликке жакын адамдарга таандык деген шек менен жабылган банк эсептерин мыйзамсыз ачкан деген айып менен суракка тартылган Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери соттон актала башташты.

Банк уячаларынан алынган 21 миллион доллар боюнча козголгон кылмыш иши Курманбек Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштерге бириктирилген. Башкы прокуратура 
банк уячаларынан табылган акчанын сыры создугуп жаткан соттук териштирүүлөргө жараша ачылаарын эскертти.

Аралашты делгендер актала баштады

7-апрелдеги элдик козголоңдон кийин келген Убактылуу өкмөт АУБ, “Манас Банк”, “КыргызКредитБанк”, “Ысык-Көл Инвестбанк” сыяктуу банктардагы күмөндүү эсептерди камакка алган болчу. Кийинчерээк Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловдун уруксаты менен атайын тергөө тобу ондон ашуун банк кутучаларын ачып, Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион доллар таап чыгып, Улуттук банкка сактоого жөнөткөн.

Бирок 2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов аталган банк уячалары мыйзамсыз ачылган деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен.

 

​​Бир жылга жакын созулган тергөөдөн кийин мурдагы Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловду, анын орун басары Манас Нышановду, тергөөчүлөр Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевди шаардын Биринчи май райондук соту актап чыкты. Бирок сот жараяны качан жана кандайча өткөнү кеңири коомчулукка белгисиз бойдон калган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул боюнча апелляциялык даттануу андан жогорку - Бишкек шаардык сотуна берилгендиги аныкталган жок.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов жетиштүү материалдар жана күмөндүү жагдайлар болгонуна карабастан актоо чечими чыкканына анча деле таң калбаганын айтууда:

- Бул иш боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын жооптуу кызматкерлери жана айрым тергөөчүлөрү жоопкерчиликке тартылып жатышкан. Алар мына ошондой жол менен банк кутучаларын ачууга Башкы прокуратуранын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын жетекчилери көрсөтмө беришкенин айтышкан эле. Бирок азыр ага карабастан бардык жагдайларды көз жаздымда калтырышкан. Ошонун натыйжасында мына ошолордун бардыгы акталып чыгып, чогулуп алып эми “сен бизди отургузам дегенсиң” деп өч алуу максатында мага каршы чабуулга өтүштү. Банк кутучалары кандай мыйзамсыз жолдор менен ачылганы жана кандайча болуп оңду-солду сарпталганы боюнча тиешелүү материалдар мына ошол кылмыш ишинде бар болчу. Бирок биз кызматтан кеткенден кийин алар мына ошонун бардыгын жашырып-жаап жатышпайбы.

Жоголгон дисктин жообу жок

Банк кутучаларындагы миллиондорго байланышкан ызы-чуу ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефондук сүйлөшүүлөрү жарыяланып кеткенден кийин башталган. Анда уячалардан алынган акчанын эсебинен эки миллион долларды алып, кайсы бир иштерге чыгымдоо тууралуу сөз болгон.

 

​​Кийин Бекназаров менен Сариев жазылып алынган сүйлөшүүлөр аудио монтаждын жардамы менен бурмаланган деп чыгышкан болчу. Бирок ага удаа эле "банк уячаларынан табылган акча жүз миллиондун тегерегинде болгон" деген сыяктуу такталбаган маалыматтар тараган.

Кубатбек Байболовдун ою боюнча, банк кутучаларын ачуу учурун жазып алган видеобайкагычтын эс-тутуму сакталган катуу дисктин жоголушу күмөн саноого негиз болуп жатат:

Эми аны атайлап жок кылышкан. Болбосо алар мыйзамдуу жана таза жолдор менен иштешсе, мына ошол банк кутучаларын ачуу учурун тартып алган камералардагы жазуулар сакталып турат эле. Алар бардыгын билгизбей жасаганга аракет кылабыз деп, анан ошол катуу дискти жок кылып жатышпайбы. Ошонун айынан чынында канча акча алынганы белгисиз болуп жатат. Бакиевдерге жакын адамдардын бири чет өлкөдө берген маегинде “АУБдун өзүндө эле жүз миллион доллар акча болгон" деп билдирбеди беле. Ошон үчүн мында күмөн саноого негиз бере турган жагдайлар өтө эле көп болчу. Иш жүзүндө акча мыйзамсыз алынган. Мыйзамга таянганда жөн гана банк кутучалары бекитилип, мөөр басылып, анан тергөөдөн кийин гана соттун чечими менен конфискациялап, мамлекетке өткөрүш керек эле. Иш жүзүндө банктардагы кутучаларды аңтарууда 17-жылдагы большевиктердей иш алып барышканы көрүнүп турат.

Банктардын акча сактоочу жайларын тарткан видеонун катуу дискинин жоголушу жана ага кызыкдар адамдар туурасында тергөө материалдарында расмий маалымат жок. Ошондуктан жоголгон диск кылмыш ишиндеги өзөктүү жагдай экендигине карабастан, банктын күзөт кызматынын жоопкерчилиги тууралуу маселе да көтөрүлгөн эмес.

Бекназаров: Карандай каралоо

Ошол эле кезде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бекназаров менен Сариев аталган коммерциялык банктар аркылуу 6-7-8-апрель күндөрү эле 200 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айрым маалымат агенттиктери аркылуу жарыялашкан. Ошондон улам алар банк кутучаларында катылган миллиондордун кайсы бир бөлүгүн таап чыгып, мамлекетке өткөргөн прокуратура кызматкерлерине айып тагуу аркылуу убактылуу бийликти каралоо аракети болуп жатат деген жүйөлөрдү келтиришет.

Ошол кездеги Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана укук коргоо органдарын тескегенАзимбек Бекназаров банк уячаларын ачууга байланыштуу айыптоону жасалма токулган кылмыш иши катары баалады:

 

​​- Байболов баш прокурор болору менен бакиевчилердин акчасы сыртка чыгып кеткендигинин бетин ачабыз деп кыйкырып чыкпады беле. Бир жылга жакын отуруп, мына ошону аягына чыга алган жок. Анан шаардык прокурорлордо эмне айып? Алар мына ошол акчаны таап чыкканда рахмат айткандын ордуна “кызматты бошоткула, болбосо иш козгойм” деп коркутуп, жумуштан четтетип атпайбы. Байболов өзү канча акча тапты? ИИМ, УКМК канча акча тапты? Алар таба алышкан жок. Мына эми азыр ак жеринен айыпталган шаардын прокурорлору акталып жатышат. Аларда оперативдик мүмкүнчүлүктөрү аз экендигине карабастан мына ошол жашырылган акчанын кандайдыр бир бөлүгүн таап чыгышпадыбы.

Ошол учурда башкы прокурордун милдетин аткарып турган Байтемир Ибраевдин айтымында, банк кутучаларын ачуунун мыйзамдык тартиби бузулган эмес. Ошол себептен ал бул ишке тартылган прокуратура кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы болушу мүмкүн эмес деген ойдо.

Учурда башкы прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары болуп иштеп жаткан Байтемир Ибраев күмөндүү банк кутучалары мыйзамдын чегинде ачылганын тастыктай турган жагдайлар сотто далили менен келтирилгенин белгиледи:


- Бизге бул боюнча маалымат берип турган адамдар болгон. Алардын аты-жөнүн ачыкка чыгара албайбыз. Эгерде коомчулукка белгилүү болуп калса, аларды өлтүрүп кетиши мүмкүн. "Мына бул банк кутучасы тигиге тиешелүү, ал болсо буга таандык" деп берилген маалыматтын негизинде гана биз ошол банк кутучаларындагы акчаны таап чыктык.

Анан аларды ачуу тартиби кандай? Биздин кызматкерлер жөн эле бастырып барышып, талап-тоноп алгыдай баштары экөө эмес. Ошондуктан сырттан калыс адамдар, банк кызматкерлери, финполиция, тергөө тобунун мүчөлөрү чакырылып, бирге акт түзүп, кутуларды ачып, акчаны мамлекетке өткөрүп беришкен. Мунун бардыгы тастыкталып, бул боюнча иште тиркелип турат
.

7-апрелдеги элдик толкундоолордон кийин Убактылуу өкмөттүн атынан Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган Туратбек Мадылбеков күмөндүү деп жабылган банк кутучаларын шашылыш ачып, андагы миллиондорду алууга негиз жок болчу деп эсептейт.
 

​​Чынында эле банк адистери камак салынган банк эсептерин башка жакка которуп, же мүлктөрдү чыгарып кетүү коркунучу болгон учурда да аны токтотуп калууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин  белгилеп келишет.

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков козголгон кылмыш ишине чекит коюлбай жатканы иштин бара-бара бас-бас болуп жабылып кетишине кызыкдар күчтөрдөн кабар берет деп эсептейт:

Ага чейин эле бардык шектүү банк эсептери жана мүлк камоого алынган. Анан ага бара калып эле тергөө бүткөнчө эле мына ошол банк эсептерин камоодон чыгарууга эч кимдин акысы жок болчу. Бирок Бишкек шаарынын прокурорунун санкциясы менен барган тергөө тобу банк кутучаларын ачып, андагы акчаны чыгарып алып жатпайбы. Буга жогору жактан кимдир бирөөлөр буйрук бербесе, катардагы прокуратура кызматкерлери ага бара алмак эмес. Барган учурда да азыр алар жооп берип отурушмак. Алар акталып чыгып  жатышкандан кийин демек бул иш атайын сүйлөшүлүп, жогору жактан колдоо болгондугун түшүнсө болот.

Иштин кечеңдешинин ири себептери

Банк кутучаларынан табылган миллиондордун мыйзамдуулугу боюнча иш алгач өзүнчө кылмыш иши катары козголгон болчу. Бирок кийин ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык, Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштери менен чогуу тиркелип, сотко өткөрүлгөн.

Ушуга чейин ачылган банк кутучаларынын ичинен бирөөнүн ээси гана аныкталган. 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев мамлекеттин пайдасы үчүн өз эсебиндеги алты миллион доллардан баш тартаарын билдирген. Калган миллиондордун тагдыры эмне болгону азырынча белгисиз.

Байтемир Ибраев бул ишке чекит коюлбай жатышын аны менен бирге карала турган кылмыш иштеринин сотто кармалып жатышы менен байланыштырды:

 

​​- Андан башка дагы эки банк кутучасынан алынган акча Максим Бакиевдин айыбына угузулуп, иш жанагы каралбай жаткан “Мегакомдун” иши менен бирге сотто жатпайбы. Аны эми сот чечиш керек. Андан башка банк кутучаларынан алынган акча башка бир эки кылмыш иши боюнча сотто турат. Талапка ылайык ар бир иш боюнча бөлүнүп-бөлүнүп тергелип, чекесинен сотко өткөрүлүп жаткандары бар. Калган акчалардын тагдырын ишти караганда сот чечиш керек да. Анан азыр Максим менен анын айланасындагыларды соттото албай кыйналып жатпайбызбы. Анан ошол себептен берки алынган акчалардын тагдыры да чечилбей  турат.

Анткен менен банк кутучаларынан коопсуздук чараларына деп ырасмийлештирилип алынган акчанын чыгымдалышы боюнча кыйла мыйзам бузуулар катталганын 2011-жылы атайын депутаттык топ иликтеп чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов 2010-жылы май-июнь айларындагы Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалды турукташтырууга жумшалган каражаттан сырткары алынган акчалардын эсеп-кысабын берүүдөн тиешелүү жетекчилер качып жатканын айтты:

Мына ошол акчанын кайсы бир бөлүгү башаламандыктарды басууга, коопсуздукту бекемдөөгө кетти дейли. Бирок андан бир канча убакыт өтүп, тынчып калган учурда деле, шайлоонун алдында 700 миңден ашуун долларды алып жатышпайбы. ИИМге 300 миң, УКМКга 400 миң доллар берилген. Алар биз сурасак “чарбалык керектөөлөргө жана башка чыгымдарга жумшалды" деп так жооп бербей жүрүшөт. Биз мына ошол фактылардын баарын Башкы прокуратурага берип, укук жактан баа бергиле деген элек. Мына ошондон бери бир жылдан бери бул суроого эч кандай жооп жок.

 

​​Жакында парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин алдында банк кутучаларынан алынган миллиондор боюнча депутаттык комиссия ишке киришти. Парламенттик оппозициянын демилгеси менен түзүлгөн ал комиссияга беш фракциянын ар биринен өкүлдөр кирди.

Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков комиссия бир айдын ичинде ишин жыйынтыктап, топтолгон материалдарды коомчулукка жарыялай тургандыгын белгиледи:

Каржы министри Акылбек Жапаров “ошол акчанын тагдырын чечип берсеңер” дегенинен жана буга байланыштуу чуулгандуу маалыматтардын жыйынтыгы жок болуп жаткандыгынан улам мына ушул комиссияны түздүк. Себеби ошол акчанын кайсы бир бөлүгү Улуттук банкта жатат. Банк кутучаларын ачууга байланыштуу бир катар табышмактуу жагдайлардын бети ачылбай келе жатат. Биз топтолгон маалыматтарды тактап, иликтеп чыгабыз.

Буга чейин банк уячаларынан алынган миллиондорго байланыштуу видеотасма “Ата Журт” партиясынын жетекчилеринин биринин колуна түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган болчу. Бирок Акматбек Келдибеков ал кабарды жокко чыгарды.

Буга чейин кайсы бир банктын сактоочу жайындагы иш-аракеттерди тартып алган видео тасманын күңүрт үзүндүсү интернетке жарыяланып кеткен эле. Айрымдар анда банк уячаларынан акча алуу аракети болгон деген жүйөлөрүн жарыялашкан. Ал эми прокуратура органдары тасманын аныктыгын далилдебей туруп, ага комментарий бере алышпастыгын айтуу менен чектелишкен.

Мына ошондон бери аталган видео тасма саясий күчтөр ортосундагы өз ара соодалашуунун предметине айланып жатабы? - деген суроо кабыргасынан коюлуп келет.


"Азаттык"

 
 
Бишкек, “Саясат.kg”. Кандай болгон күндө да, энергетикалык кризис жетер чегине жетип, бүт кыргыз эли анын туткунунда калып олтурат. Бийликтин алмашканына канча убакыт болду, а бирок, энергетикадагы көйгөйлөр эски бойдон калып, аткаминерлер куру убада менен курсак тойгузганын коюшпады.
 

Бишкек, “Саясат.kg” – Г.Турдалиева. Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков мекеменин штабынын мурдагы жетекчиси абакта каза тапкандардын өлүк денелерин айтылуу анатом Гюнтер фон Хагенге сатууну уюштургандыгын билдирди.

 
Шейшенбек Калильбекович маалым кылгандай, Тургунбек Токтосунов №27 кургак учук колониясынан 59 адамдын жана 31 колониядан 70 адамдын денесин ташып кетүүгө түздөн-түз катышкан. Атайын жайлардын экөө тең Чүй облусундагы Молдовановка айылында жайгашкан. Бечара абактагылардын денелери жана органдары Бишкектен Германияга жөнөтүлгөн. Ал жактан белгилүү профессор Хаген алардан илимий-коммерциялык максаттагы анатомиялык скульптураларды жасаган. Ал эми буга чейин 2004-жылы Токтосунов кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн жана медициналык корутундуларды жасалмалагандыгы үчүн соттолгон.
 
“Мурда соттолгон офицер Жаза-аткаруу штабынын жетекчиси өңдүү жоопкерчиликтүү кызматты ээлей албайт жана ээлөөгө да тийиш эмес, ошондуктан, ал кызмат абалынан четтетилген”,- деп билдирген генерал-майор Байзаков.
 
Эске салсак, бул окуянын таржымалы 1997-жылдарга такалат. Дал ушул жылы Кыргызстанда доктор Гюнтер фон Хагендин ортомчулугу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдында Пластинация борбору ачылган. Айтмакчы, бул КМШ өлкөлөрүндөгү жападан жалгыз борбор болгон. Немис тарап долбоорду каржылап, ал эми биздин өнөктөштөр анын ордуна сырт жактагы Хагендин институту үчүн өлгөн кыргызстандыктардын денелерин жөнөтүп турушкан.
 
2003-жылы денелер мыйзамсыз чыгарылып жаткандыгы капыстан белгилүү болгон. Процесстин бүтүндөй коррупциялангандыгы, бузук жыттангандыгы билинип, жогорку кызматтагы көптөгөн фигуранттардын төбөлөрү көрүнгөн. Иш депутаттык иликтөөгө чейин жеткен. Жогорку Кеңештин экономикалык саясат жана ишкердүүлүк боюнча комитетинин мүчөлөрү бир нече жылдын ичинде Гейдельберг шаарындагы пластинация институтуна 35 тонна өлүк дене жана адамдын органдары жөнөтүлгөндүгүн жар салган! Булардын ичинде жаш балдар менен карыган адамдардын денелери болгон. Кыргызстан Германия Федеративдик республикасына адамзаттын денесин ташуу менен шугулданган негизги өлкө болуп саналган.
 
Ал гана эмес Бишкектеги парламенттик кыл чайнашууларга чет өлкөдөн герр Хаген жеке өзү келген. Ал пресс-конференция өткөрүп, 1983-жылдан бери иштеп келаткан донорлордун программасына ылайык денелерди дүйнө жүзүнүн кайсы булуңунан болбосун алып ала тургандыгын айтып чыккан. Бирок, иликтөөлөрдүн материалдары боюнча, ташылгандардын арасында өз эрки менен денелерин курмандыкка багыштагандардын эмес, өз сүлдөрү менен кийин эмне кылыша тургандыгынан эч шеги жоктордун: ооруканалардын, психикалык ооруканалардын мурдагы бейтаптары, аты-жыты жок тентимиштердин жана денелери таанылбай калган курмандыктардын денелери болгон. Мунун ичине Кыргызстандын зоналарын жана түрмөлөрүн байырлагандар да кирген.
 
Дал ушул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын башчысы Байзаков эске салды. Анын токтоосуз иштен кетүүсүн талап кылган мурда кол алдында иштегендердин бүтүн бир тобу тарабынан жүргүзүлгөн маалыматтык прессингине карата жообу болду. Генералдын каршылаштарынын арасында полковник Токтосунов да бар.
 
Гюнтер фон Хаген 1945-жылы Польшада туулган, өлгөн дененин бардык суусун латекске, полиэстерге, резинага алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген пластинация ыкмасынын белгилүү ойлоп табуучусу. Мындан тышкары, өлүк денеге ар түрдүү температуралар менен таасир этилет, ошондой эле ткандарды өзгөчө химикаттар менен менен иштетишет. Натыйжада ткандар бузулбайт, тирүү кезиндегидей сакталат. Ошол эле учурда өлгөн үлгүлөрдүн өлүк жыты толугу менен жок болот. Ал эми биоматериалдар тулуп бойдон эч кандай бөлүп-жарылбастан 500 000 жылдан ашык сакталат! Новатор эсепсиз интервьюларында: “Менин колумда дээрлик өлбөстөр бар”, - деп айтуудан такыр чарчабай келет. Ал бара-бара Гейдельбергдеги менчик институтун ачкан. Эч убакта башынан кара шляпасы түшпөгөн, эксцентрлүү окумуштуунун Кайра жаралуу доорундагы  анатом-кесиптештеринен айырмасы дүйнө жүзүнө Денелер дүйнөсү көргөзмөсүн азыркы тапка чейин көрсөтүп келаткандыгында. Бул жерде адамдын үрөйүн учурган нерселер бар. Мисалы, денеси жети айлык баласы ичинен көрүнүп тургудай тилинген боюнда бар аялдын денеси же колуна төбөсүнөн бутунун манжаларына чейин сыйрылып алынган өзүнүн терисин өзү кармап турган эркектин денеси. Денелер дүйнөсүнүн башкы каарманы Апокалипсис чабандеси: териси сыйрылган чабарман колуна өзүнүн баш сөөгүн кармап териси сыйрылган атка минип атканы...
 
Окумуштууунун гениалдуу эксперименттери экинчи он жылдыгында коомчулуктун, илимдин, юристтердин, дин өкүлдөрүнүн бүтпөгөн талаш-тартыштарын жаратып келет. Алар бир канчалаган соттук талаштарга алып келген. Мисалы, 2004-жылы Новосибирскте соттук медициналык экспертизанын жергиликтүү бюросунун жетекчиси В.Новоселовду денелери таанылбаган өлүктөрдү Германиядагы Хагендин лабораториясына ташып өткөндүгү үчүн күнөөлүп чыгышкан. Анткени менен мындай жаңжалдардын баардыгы профессорго жана анын прозектордук скульптуралары коюлган көргөзмөлөргө кызыгууну гана жаратат. Көргөндө көңүлдү айныткан көчмө вернисажды Азиядагы, Европадагы жана Америкадагы 30 миллиондон ашык адамдын буту баш багып, Ажал докторун жомоктогудай байыткан. ХХI кылымдын Фаустунун чыгармачылыгы тууралуу бардык китептери, дисктери сыяктуу эле бул сүлдөрдүн кээлерин сатып ала алышат. 
 
Герман генийинин дареги интернеттен оңой эле табылат. Расмий сайты аркылуу Гюнтер фон Хагендин ФРГдагы штаб-квартирасынын жетекчилиги менен байланышып, өлгөндөн кийин заманбап Кунсткамерага өз денесин калтыргысы келсе, билдирүү жөнөтүшөт. Элдин буга көз карашы ар кыл: бири илимге пайда келтиргиси келсе, экинчиси түбөлүк тирүү бойдон калууну каалайт, дагы биринин өлгөндөн кийин койгонго каражаты жок, башкасы өлгөндөн кийин кремациялангысы келбейт же курттарга жем болууну каалабайт ж.б. Ал эми донорлор канча жашта экендигине карабайт, оорусу барбы, буту-колу кесилгенби айырмасы жок экен. Айткандай, пластикалык консервациянын түптөөчүсү герр Хаген жана анын жубайы да өлгөндөн кийин табигый скульптураларга айланууну каалашат.
 

Бишкек, “Саясат.kg”. Лейлек районунун Андарак айылында 2011-жылдын 29-октябрында орун алган окуянын чоо-жайын өкмөттүк, парламенттик комиссиялар иликтеп, адатынча, “анчалык деле кооптоно тургудай абал жок”,- дегени менен, эл ичиндеги көз караш башка. Андарактыктар бул кагылышуунун кайра кайталанышынан чочулагансып турушканы эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, өкмөттүн ортодо пайда болгон тирешүү отун өчүрүү жаатында так аракети керек болуп турат. Себеби, жаздын келиши менен суу, жайыт талаш маселеси кайра күн тартибине коюлат. Ансыз деле ызырынып турган калкты андайда эч ким токтото албай калат. Демек, суу, жайыт маселесин бийлик тез арада жөнгө салышы абзел.

 
Андарактагы окуя эмнеден башталганын негизги каармандардын оозунан уксак.
   
Нурмухамед Ташбеков, Манас атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу:
 
- 29-декабрь күнү Андарак айылындагы тажик улутундагылардын сүрөтканасына сүрөт чыгарууга барганбыз. Биздин дагы үч досубуз ошол жактагы дүкөнгө барган. Алар бизди көрүп, токтоп туруубузду суранган. Ошол учурда бир машинада өтүп бараткан тажик туугандар «Силер не  керсейип басасыңар?» - деп сөз баштады. Биз да унчукпай койбостон «Биз өзүбүз билебиз, кантип бассак, силерден сурабайбыз» дедик. «Силердин тилиңер чыгып калганбы?» - деп, ортого алып токмоктой баштады. Алар 20дан көп болчу, биз 6 бала элек. Тепкилеп, таштар менен ургулап, эки тараптуу болуп кетти. Менин башыма таш тийген соң эсимди жоготуп койдум. Оозу-мурдуман кан токтобогондуктан ооруканага келип жаттым.  Азыр жакшымын, негизгиси эки элдин тынчтыгын, ынтымактуулугун тилейм!
   
Матияс Асан уулу, Манас атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу:
 
- Мен да Нурмухамеддин жанында болчумун. Ошол күнү сүрөтканага барганбыз. Алар тараптан ур-токмок, сокку болгондуктан, биз жараат алып  ооруканада  дарыланып чыктык. Келишпестик биринчи алардан келип чыкканына мен күбөмүн.  Эми азыр жарашып, жакшы мамиледебиз деп ойлойм.
    
Баймурат Бекмуратов, Искра айылынын тургуну:
 
- Мындай тирешүүлөр социалдык маселелердин тең чечилбегендигинен чыгып жатат. Андарак айылында 2 стандарттуу тажик улутундагы  мектеп бар.  Бизде бүтпөгөн Манас атындагы мектеби бар.  Экинчиден идеологиянын начардыгы себепкер, Кыргызстандын мыйзамы Андаракта иштебейт. Ага жер жетишсиздиги кошумча.  Азыркы күндө абал стабилдешип калды. ЖК депутаттары, КР өкмөтү түзүп жөнөткөн комиссиянын төрагасы Алик Мамыркулов баш болгон мүчөлөрү тажик туугандар тарапка «Силер жабыр тартканыңарды өндүрүп беребиз» деп бир тараптуу сүйлөшкөн. Бул жагдай элдин кыжырдануусун жараткан. Булардын арасынан Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, полковник Раззаков эки тарапка тең бирдей ынтымактуулук, биримдүүлүк багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаңжалды баскан. Ыраазычылык билдирем.
      
9-январда Лейлек райондук кеңешинин кезексиз сессиясында болуп өткөн окуяга саясий, административдик баа берүү жөнүндө маселе каралды.  Анда 2011-жылдын 29-декабрында Андарак айылында жаштар арасында болуп өткөн окуя улуттар аралык коопсуздукка коркунуч келтирүүчү өз ара келишпестик, бири-бирин басмырлоо, атайын белгилүү экстремисттик топтордун уюштуруусу болгон эмес экендиги белгиленди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук ички иштер бөлүмү жаштар арасындагы башаламандыкка жол бергендиги, аймактык идеологиялык иштерди начар жүргүзгөндүгү үчүн саясий жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленип, тиешелүүлүгүнө жараша административдик кечиктирилгис чара көрүү жагы акимдин милдетин аткаруучу Н.Сайдуллаевге тапшырылды.
 
Лейлек районунун Сумбула айыл округунда статистикалык маалыматка таянсак, учурда 13932  киши жашайт. Алардын ичинен 6500 тажик, 2230 кыргыз улутундагылар Андарак айылынын тургундары. Илгертен бир жерде, бир сууну ичип, кудалашып, кыз берип, келин алып ынтымакта, биримдикте жашап келишкен.  Сумбула айыл округунун айрым тургундары бул окуяга байланыштырып, өкмөт башчыны иштен четтетүү, аны сессияга, андан координациялык кеңешмеге салгандыгы туура эмес экендигин айтып, негизгиси башка күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууну суранышууда. 
 
    
 
 
 
 
 
 
 
 
 
  
 
 
 
Бишкек, “Саясат.kg”. Атамбаевдин президенттикти шайлоодо ыплас технологияларды колдонуу жолу менен багындырганы баарына белгилүү. Тарых тастыктагандай, адилетсиздикти башкы планга коюп, бийликти багындырган жетекчилердин Кыргызстандагы жашоосу көпкө деле созулбайт. 
 
 
 

Өткөн жумада башкаруучу коалицияны куроо, өкмөт башчылык менен спикерлик кызматтар үчүн жумшак рейтинг өткөрүү менен алпурушкан Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаттары, бул жумада спикерди шайлоо, өкмөттүн программасын, структурасын, курамын, өкмөт башчысынын өзүн бекитүү менен алек. КСДП фракциясынын депутаты Д.Ниязалиеванын сунушу менен кечээ спикерди шайлашып, мына бүгүн өкмөт маселесин чечкени жатышат. “Спикерлик менен өкмөт башчыны эки бөлүп, ар башка күндө кароодо “бир балээ бар”, КСДПчы Асылбек Жээнбековду шайлап алышкандан кийин, канагаттанган социал-демократтардын башка маселелерге келгенде кол-жолу байлоодон бош болот, өкмөт маселеси боюнча пикирлер кескин өзгөрүшү мүмкүн, азыр, тек гана маселебиз чечилгенче “республикачыларды” үркүтүп албайлы”, деген ойлор үстөмдүк кылып бараткандай. Мындай пикир асмандан түшкөн жок. Бул курулай сөз эмес экендиги жумшак рейтинг өткөрүү маалында ачык байкалып, “өкмөт башчы болом” деп турган Өмүрбек Бабановдун муундары бир топ дирилдегени байкалды.


Ошентип, Чыныбай Турсунбеков жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын ийгиликтүү аткарганга жетишип, КСДП, “Ар-намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” фракцияларынан башкаруучу коалиция түзүлүп, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун, спикерликке Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги сунушталды. Курама ичинде, спикер боюнча талаш жок болгон менен өкмөт башчылык тууралуу ар кандай кептер чыгып, туруктуу позиция жок экени ачык байкалууда. Ал абал, жумшак рейтинг өткөрүү кезинде ачыкка чыгып, курамага кошулган фракциялардын абийирин да төгүп кеткенсиди.

Ө.Бабанов боюнча маселеде “Ар-намыс” фракциясынын демарш жасаганына, анча деле маани бербей, “сойкуланып көнүп алган немелер да, бирдемке үмүт кылып, талапкерди “раскощеливать” эттириш үчүн оюн салышты” дешип, андан көрө, берки “атамекенчилердин” жоругун тамшанып, талкууга алышууда.
Төбөлсүздүк менен бирге жаралып, жалпы журтка адилеттүүлүк үчүн талбас күрөшүүчү катары таанылган “Ата Мекен” партиясын дагы саясый сойкулуктун эпидемиясы каптаганын, алгачкылардан болуп Өмүрбек Абдырахманов жар салды. “Ак карга” аталган апенди чалыш “атамекенчи” депутат, бас-канга жараша ажыдаардын куйругун басайын дегенби (?), айтор, тикелей эле лидерине кол салып, “Өмүрбек Текебаев Бабановго сатылды” деп балп эттирип, “атамекенчилер” эле эмес, бүткүл кыргыз журтчулугун ШОК кылды. Кызыгы, андан кийин болду. “Ак карга” каркылдап “текеге” жугундуну аябай куюп жатканда, өзүнүн көчүгү да “кызыл жаян” болгону тууралуу маалымат сайттарга таркатылып, “ак карганын” жаагы жап болуп, океандын ары жагына уча качты.
Адегенде, “республикачыларга”, анан Р.Жээнбеков чуу салгандан кийин, КСДПнын лидери Ч.Турсунбековго ишеним кат менен добушун өткөрүп (же сатыппы?) бергенин талдоого алган партиялаштары “ак карганы”: “сатылды, саясый сойкуларга кошулду” деп бир беткей эле баалашууда. Натыйжада, кимиси, Тулеевге, кимиси Бабановго сатылганын тактай алганга чамалары жетпеген “атамекенчилер” чак-челекей түшүп, саясый сойкулукка кабылгандарын кантип танаарын билбей дендароо абалда.

Ошентип, “парламенттик системага өтүп, ачык айкындуулукту, саясый атаандаштыкты камсыздадык, оңолоор жагына түштүк” деген кыкеңдер, ойго кирбеген балээгэ, саясый сойкулуктун эпидемиясына кабылып, четинен көрүнө да, көмүскө да сатылып, моралдык-нравалык нормалар тепсендиде калууда.

Адеп-ахлак көзгө илинбей калгандан эмне деген империялар кыйраганын эске салган коомдогу аттуу баштуулар, “балык башынан сасыйт” дегендей, коомдун ичтен ирүүсү бийлик башынан ЖКдан башталганын өтө иренжүү менен кабыл алып, “бул дарттын эпидемиясы чукул арада, министрликтерден, регионалдык башкаруу органдарынан, ылдыйкы деңгээлге чейин тарап, мамлекеттин кыйрашына алып келет” деп кабатырлана баштады.

А кеп чынында, буга ким күнөөлүү? Серепчилер бир ооздон: “адеп, “Ар-намыс” фракциясындагы он депутаттан турган өзгөчө топ Атамбаевге керек болгондон улам түзүлгөн. Үч буттуу “табуреткада” отуруу өтө опурталдуу болгондуктан, бийликтен ыргып кетпөө амалын кылып, Рим цивилизациясы жараткан, “разделяй и властвуй” деген принцип менен оппозицияны бөлүп-жарып, саясый сойкуларды жандандырган, ошо кездеги премьер-министр, азыркы президент күнөөлүү” дешүүдө.

Азыр болсо, сойкулардын болушу маселе чечкеңге өтө ыңгайлуу экенин бийлик башындагылардын баары эле сезип жактырышып жаткандай. Чын да. Акчаң болсо “илибою” жатып берип жатса жаманбы? Мына, “Ө.Бабанов да, ошолорго ишеним артып, калтасын ачты” деген кеп тароодо. Эми, бүгүн өкмөт башчылыкты Ө.Бабановго сатышса, эртең дагы башка кызматтарды сата башташса, акыры барып, кен-байлыктарды, жер сууну, акырында мамлекетибизди түп орду менен сатып жиберсе кантебиз? Же эмне, акчага абийирин сатуу көнүмүшкө айланган жагдайда, “андай болбойт” дегенге кепилдик барбы? Анан ошол мамлекеттүүлүгүбүзгө олуттуу коркунуч туудура турган кесел, “эл багат” деп “ишенген кожобуз” тарабынан болуп жатса, өмүр бою “Бабанов коррупционер” деп айгай салып келген “атамекенчилерибиз” бор сугунуп алганы аз келгенсип, сойкуларга кошулуп кетип жатканы кандай ыя? Эмне кылышыбыз керек эми?

Бийлик башындагылар болсо табына келип, күндөн-күнгө алган багыты боюнча арымын артырууда. Ушу тапта, саясый сойкулардын эмгеги бааланып, бийликке (башкаруучу коалицияга) тартылууда. Ал үчүн мыйзамга туураламыш болуп, Феликс Кулов менен элдештирип, “ЖКдагы моссовет атыккан” “арнамысчылардын” сойкуканасын жаап (себеби, коалицияга группа боюнча кабыл алууга мыйзам жол бербейт эмеспи), бирок сойкуканасыз “иш чатак” экенин сезип калган сутенорлор саясый сойкулуктун вирусун “Ата Журт” фракциясына көчүрүп тынышты. Ал жакта да өтө ыңтайлуу кыртыш бар бейм, Коркмазов баштаган сегиз-тогузу тизиле калышты, “коалицияга киребиз” дешип. Саясый сойкулардын зарылчылыгын ушундан билиңиз, мыйзамга каршы келерине карабай, үч күн, үч түн Ө.Текебаевдин колун бурап, акыры тажашканда, атайын келишим дегенди ойлоп табышып, ошого кол койдуруп тынышты окшойт.

Жаңы коалициянын түзүлгөнүнө байланыштуу фракция лидерлеринин кол коюу аземинде саясый сойкулардын (төрт эркек, бир ургаачысы, башкалары уялганбы?) “Биримдик” башкаруучу коалициясынын лидерлер менен бирге сахнага чыгарылып, алар менен тең-ата болуп, бир катарга тизилип турушу, “жаңы коалиция – Кыргызстандын жаңы бийлиги, саясый сойкулукту колдойт” дегендей эле элес калтырды. Б.а. жаңы бийлик сойкулукту мыйзамдаштыруу процессин баштады десек деле болчудай.

Эки ортодо, Камчыбек Ташиев “Ата Журт” фракциясынын оппозициялык аракеттерин баштагандыгын расмий жарыялады. “Атажуртчулар” башкаруучу коалициянын алгачкы кадамдарын кескин сынга алып, алардын коалициялык келишиминин алты беренеси Конституцияга, мыйзамдарга каршы келерин кан какшоодо. Беркилер болсо моюн толгоп, өз билгендерин улантышууда.

Оппозициялык маанайдагы ЖМКлар көнүмүш оппозиция бийликтин короосуна көчүп кетип, ордуна “атажуртчулардын” көчүп келип жатышын кандай кабылдаарын биле албагандай болуп (азырынча кеңири талкууга ала элегинен улам болсо керек), жаңы оппозиция тууралуу тигиндей-мындай деген кепти баштай элек. Айрымдар гана, “көрө жатарбыз, жасаган иштерине карата мамиле кылабыз, татыктуу кадамдарга бара алышса колдойбуз” деген сөздөрдү айтышууда.

Регионалдык платформага таянуу менен бийлик сересине көтөрүлгөн “Ата Журт” фракциясынын жалпы улуттук деңгээлдеги оппозицияга айланып, түштүк эле эмес, түндүктүктөрдүн да колдоосуна ээ болуу шансы жок эмес. Бакиевдердин кланына текөөр көрсөтүп, министрлик кызматты өткөрүп берип, акыркы президенттик шайлоодо карапайым калктын колдоосун (негизинен түштүктөн) таба алган Камчы мырза, “атажуртчулардын” катарындагы, алты айда бир сүйлөсө да саз сүйлөп, принципиалдуулугунан кайтпаган Мыктыбек Абдылдаев, Садыр Жапаровдор менен бирге, эл талабын ылгай билип, саясат жүргүзүп, бийликтин кетирген каталыктарын талдап, сынга алып, туруктуу саясат жүргүзүп, парламенттен сырткаркы оппозиция менен бириге алса, жалпы элдик колдоого ээ болору ажеп эмес.

Анүстүнө, бийлик да эмитен эле минтип моралдык-нравалык жактан аксап жатканда, ал колдон келчү эле иш. Тек гана талбай аракеттенүү керек. Ал үчүн толук шарттар бар. Баягыдай ач-жылаңач көчөдө жүрүү кажет эмес, жетинчи кабатта кабинетиң, маянаң, унааң бар. Мындай жагдайда эл таламын талаша албай, жалпы элдик оппозицияга айлана албай калуунун өзү уят иш.

Эгер “мындай иш колдон келбейт” дешсе, азыртадан эле моюнга алып, башкаруучу коалициянын талапкери Ө.Бабановдун колтугуна кеткен оң эмеспи? Жок дегенде, элибиз да эртерээк эсине келип, парламенттик оппозицияга ишенип отурганча, көнгөн адатынча көчө оппозициясын курап алсын да…
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ,
"Учур" гезити

Кошуна Тажикстандын жарандарына мыйзамсыз сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууга мамлекет каражат бөлүп, иш башталды.

 
Мындай иштер алгач кошуна өлкө жарандарына үй жай көп сатылып жаткан Баткендин чек арадагы Таш-Тумшук айылында башталып, беш үй мамлекет эсебине кайтарылды. Бул үйлөр эми социалдык мекемелерге айландырылууда.

Жылжыган жылма миграция

Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан айылдарында үйлөр кошуна өлкө жарандарына тынымсыз сатылып келгени көптөн бери эле айтылып келет. Мындай жараян айрыкча 2000-жылдары күч алып, азыр деле токтой элек.

Алсак Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө мурда 60 үй сатылган болсо, 2007-жылы 7, 2008-жылы 8 үй тажикстандыктарга соодаланып кеткен.

Баткен районундагы чар тарабы тажик конуштары менен курчалган Таш-Тумшук айылында турмуш тиричилик кыйынчылыктан, анан да кошуна өлкө тургундарынын кысымчылыгынан үй-жайлар чет өлкө жарандарына көп сатылган . “Чек аралаш айылдарда кошуналардын кысымчылыктары күчөп, үй-жайыбызды сатууга мажбур болуудабыз, эгер мамлекет алчу болсо сатып алсын”, - деп аталган  айылдын 7 тургуну бийликке кайрылып келген. 

Өткөн жылы облустук акимчиликтин демилгеси менен чек ара маселеси оор, жашоочулардын абалы кыйын бул айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип, ага ылайык мамлекет тарабынан кошуналарга сатылып кеткен үйлөрдү кайтаруу үчүн 10 млн. сом каражат бөлүнүп, башталгыч мектеп ашар ыкмасы менен курулган. Тажикстан атуулуна сатылып кеткен үйлөрдүн бири кыргыз өкмөтүнүн эсебине кайрылып, милиция бөлүмчөсү ачылган. Бүгүнкү күндө ошол бөлүнгөн каражатка 5 кишинин сатылып кетээр алдында турган үй-жайлары кайтарылып, акчасы төлөндү.

Бул маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Салижан Хамрабаев Кыргызстанда буга чейин мындай тажрыйба болбогондуктан кантип кайтаруу маселеси кыйла убакытты алганын айтат:

- Он жылдан бери ушул аймактагы жергиликтүү калк шартыбыз оор деп райондук, облустук бийликке жана өкмөткө кайрылып келишет. Ушул маселени чечүү үчүн өкмөт чараларды көрүп, 10 млн. сом акча бөлдү. Акчасы мурдараак эле чечилген. Бирок ушу тапта берилди. Анткени буга чейин практикада мындай иш чара жүргөн эмес экен. Кантип мыйзамдуу жолдо муну ишке ашыруу деген маселеде бир аз кармалып калды да.

Азга көнбөй, көпкө көнүп...

Чек аралаш айылдагы сатылып алынган үй-жайлар эми социалдык мекемелерге айланат. Балдар бакчасы, спорттук мекеме, милицянын кызматтык үйү болот. Бирок буга чейин сатылып кеткен үй-жайларды кайтарып алуу маселеси оор бойдон калууда. Анткени Тажик атуулдарына сатылган тамаркалар эч жерден каттоодон өтүп, кагаз иштери жүргүзүлбөгөн. Кыргызстандын эсебинде турганы менен ээси Тажикстандын атуулдары.

Жергиликтүү тургундардын пикиринде, эгер мамлекет учурунда ушундай чара көрсө азыркыдай көпкө түшмөк эмес. Эми ал сатылган үйлөрдү кайра алуу да бир топ кыйын.

Азыр кошуна тараптан чек арадагы кыргыз үйлөрүнө талап күч болгондуктан анын баасы да кыйла жогорулап кеткен. Маселен, эч кандай шарты жок делген ушул Таш-Тумшук айылында бир үйдүн баасы орто эсеп менен бир миллион сомдон (25 миң доллардын тегегерегинде) жогору экен. А ошол эле учурда облус борбору - Баткен шаарындагы сатыкка коюлган үйдүн орто баасы андан эки эседей төмөн, 500 миң сомдун атарабында. Чек арадагы тургундар тажик кошунасына кымбат баага үйүн сатып жиберип, өзү облус борборуна, же башка жакка баса беришине ушул акча маселеси да себеп болууда.

Канткен менен бири үйүн сатып, бир алып жаткан эки өлкө жарандарынын ортосунда эч кандай юридикалык документ түзүлбөйт, ага мыйзам да жол бербейт. Андыктан үй кыргыз жаранынын атында эле кала берип, анда жашап жаткан тажик жарандары кокус бийлик тараптан текшерүүлөр болуп калса "ижарада турабыз" деп коюшат экен.

Облустук бийликтин өкүлү Салижан Хамрабаев эмки маселе ошол үйлөрдү кайтаруу үчүн өкмөттүк деңгээлде, мыйзам чегинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана ишке ашчудай деп белгилейт:

- Мурда Тажикстан жарандарына сатылып калган үйлөрдү сатып алуу маселесинде оор маселеге туш келдик. Анткени, алар каттоого алынбаган жана Кыргыз Респубикасынын жарандарынын атында эле турат. Бирок кошуналар жашап жатканын көрдүк. Бүгүн облус жетекчилигинин демилгеси менен кошуна мамлекеттин тийиштүү министрликтерине кат жөнөттүк. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары бир пикирге келгенден кийин чогуу маселе чечишибиш керек. Мыйзам чегинде иш жүргүзүшүбүз керек.

Айылдагы абалдын оордугунан ушинтип үй-жайын тажик атуулуна сатып жиберген тургундардын бири - Самидин Каримовдун үйүн 1 млн. 350 миң сомго мамлекет кайра сатып алып, милиция бөлүмчөсүнө берген. Ал көнгөн турагын сатпай коюуга айла калбаганын айтат:

- Канча арызданып бийликке кайрылганбыз. Маселе чечилбегенден кийин анан айла жок биз да үйдү Тажикстан атуулуна сатканбыз. Эми мына, өкмөт аракети башталды. Ушундай кылса Таш-Тумшукту сактап калып, элге да дем болот. Калгандар да эми сатпайт ушундай кылса. Мурда эле ушинтиш керек болчу.

Баткен облусунда жалпысынан 150дөй там Тажикстан атуулдарына соодаланып кеткен. Азыркыдай аракеттен улам аймак тургундары эми мурдакы сатылган тамдардын да кайра кайтарылышынан үмүттөнүп турушат.

Мындай көйгөй Баткендин чек арадагы бир топ айылдарында бар. Айрым байкоочулар Кыргызстан бул маселеге эчак эле чекит койсо болмоктугун, эми да эртелеп чечпесе кийин чоң проблемага айланаарын айтууда. Алардын пикиринде, азыр бул үйлөр Кыргызстандын эсебинде болгону менен ушинтип отурса кийинчерээк  бул жерлер да талаштуу деген аймактардын катарын толукташы мүмкүн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери болсо созулгандан созулууда. Маселе талаштуу делген жерлерге келгени такалып, ордунан жылбай турат.
 
«Азаттык»

Чыгыштын ойчулдардын биринен “жер бетиндеги жашообуз качан оңолот”,- деп сурап калышса, ал эч бир кебелбестен, “жердеги акыркы саясатчы өлгөндө турмушубуз өйдөлөйт” таризинде жообун берген экен. Ошол сыңары, Кыргызстандагы да адам өмүрлөрүн алган тополоңдордун айынан ташбака минген боюнча 20 жылдан бери келатабыз. Буга албетте, ойчул айткандай, мупрдунун учунан алысты көрө билбеген кыргыздын саясатчы сөрөйлөрү күнөөлүү. Маселен, былтыртан бери эки шайлоо өткөздүк, анын ортосунда парламентте не деген гана талаш-тартыштар болду. Буга референдумда элди мажбурлап жатып кабыл алдырышкан баш мыйзамдын төп келишпестиктери себепкер. А анын автору – Текебаев Өмүрбек Чиркешович. Негизи, ар бир сөзгө басым жасап, тандап, тактап сүйлөп, ар баскан кадамынан жаза кетирбей жүргөнгө канча кылдат аракет кылганы менен «Конституциянын атасы» сактыгынан эмес, суктугунан, ары айлана-тегерегиндеги адамдардын айынан ар балээге кабылып жүргөнү байкалат. Бул сыяктуу бир катар жагдайлар Текебаевтин саясаттагы рейтингин ошого жараша улам төмөндөтүп, адамдык сапаттарын да даана ашкерелебей койбойт. Өмүрбек Чиркешовичтин бет кабын сыйрып, анын саясаттагы чыныгы жүзүн көрүү үчүн ишмердүүлүгүндөгү анын ары жеке инсандыгына, ары партиясына кымындай да кадыр-барк алып келбеген фактыларды келтирүү эле жетиштүү.

 
Кызматтык машина үчүн жарым миллион сом
 
KG сериясындагы мамлекеттик номурларды берүү жөнүндөгү чуудан улам анын демилгечиси Текебаевке байланышкан жагымсыз окуянын жиги чыкты. Арийне, парламентарийлер көтөрүп чыккан KG сериясындагы мамномурларды жүйөсүз берүүгө байланыштуу маселе кеңири иликтеп-жиликтөөнү талап кылбай койгон жок. Номурларды жана парламенттин автопаркына мамлекеттик чыгымдарды обу жок таратууга баарысынан көбүрөөк күйгөндүгүн көрсөтүп, нааразылыгын билдирген Өмүрбек Текебаевке да тийиштүү бир катар жагдайлардын бети ачылды. Айткандай, адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр дегендей эле кеп.  
 
Биздин колубузга алчы-таасын жеп, мыйзамдын атасын окуткан саясатчынын жана анын кызматкеринин мыйзам алдында жоопкерсиздигин күбөлөгөн документтер тийди.
 
2006-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Тергөө башкармалыгы тарабынан ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаевтин коомдук жардамчысы - KG 0030 мамлекеттик номурлуу «Мерседес-Бенс S-500» үлгүсүндөгү автоунаада баратып жол кырсыгына кабылган Ядигоржан Абдрамановго карата кылмыш иши козголгон. Айтмакчы, автоунаа кырсык катталган он үч күн мурун эле 637 926 сомго сатылып алынган. Бишкектеги Свердлов райондук соту КРнын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын арызы менен иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ядигоржан Абдырамановдон 455 524 сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толуктоо чечими кабыл алынган.  
 
Аталган ишкананын директору А.Камбаров «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кат жүзүндө да кайрылып, анын жардамчысы тарабынан келтирилген зыяндын ордун толуктоо үчүн мыйзамдын алкагында бул маселени чечүүнү өтүнгөн. Бирок, Текебаевтен эч кандай жооп болгон эмес.
 
Андан ары Г.Саргалдакова төрагалык кылган соттун чечиминде, Бишкек шаардык ИИБнын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн токтому менен Абдрамановго карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Буга анын иши азыркы тапта коомго коркунуч жаратпагандыгын жана ал адам коомго коркунуч келтирбей тургандыгын себеп кылышкан. Ошентсе да, сот доогердин – КРнын Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгынын автотранспорт ишканасына жогоруда аталган сумманы жана ошондой эле 45 552 сом өлчөмүндө мамлекеттик пошлинаны мамлекеттин пайдасына төлөөнү чегерген. Мындан тышкары, 2009-жылы ЖКнын төрагасынын орун басары А.Турсунбаев зыяндын ордун толуктоо жөнүндө комиссия түзүү тууралуу буйрук чыгарган. Ошону менен бирге кырсыктын күнөөкөрү болгон адамдын өз колу менен аталган иш башкармалыктын наамына дээрлик жарым миллион сомду кайтаруу жөнүндө милдеттенме жазылган.
 
Ал аралыкта 2007-жылы Өмүрбек Чиркешович ошол кездеги ЖК төрагасына автотранспорт бөлүп берүүнү, 2006-жылы автокырсыктан натыйжасында автоунаасыз калып, жөө жүргөнгө аргасыз болгондугун айтып, жазуу жүзүндө кайрылат. Бир нече айдан кийин Текебаев кат жүзүндө шаардын райондук сотуна кайрылып, анын жардамчысы Ядигоржан Абдрамановго карата соттук отурумду кийинки айга жылдырууну суранат. Себеби, Абдраманов депутаттын коопсуздук кызматынын кызматкери болгондуктан аны кызматтык иш сапарында коштоп жүрүшү керек имиш.
 
Белгилеп кете турган жагдай, азыркы тапта Өмүрбек Текебаев анын өтүнүчү менен бөлүнүп берилген KG мамлекеттик номурлуу автоунааны пайдаланат, бирок, анын мурдагы жардамчысы келтирген материалдык чыгым али күнчө толуктала элек.
 
«Ата-Мекендин» үгүт иштери «Манас» аэропортунун эсебинен каржыланганбы?
 
2010-жылдын апрелинен кийинки мамлекеттик башкаруу системасында кандай окуялар болгондугун карап көрөлү. Эки партиянын лидерлеринин - Текебаев менен Бабанов кармашы мамлекеттик мүлктү бөлүштүрүүдөн улам келип чыккан. Текебаевтин вице-премьер министрге катаал чабуулу эл аралык «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгынын кызматынан «Ата-Мекендин» өз «кишиси» - Абдрахманов Болот Борисовичти (ал «Ата-Мекендин» экинчи лидери Эркин Алымбековдун жээни) алып ыргыткандан кийин башталды.
 
Муну демейдеги саясий күрөшкө же башка нерсеге байланыштырууга болбойт эле. Көрсө, «Ата-Мекен» партиясы өз «кишисинин» кызматтан кетиши менен президенттик шайлоого үгүт иштери үчүн каржы каражаттарынан кол жууган экен. 2010-жылдагы «Ата-Мекендин» шайлоо компаниясына «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Болот Абдырахманов 3.500.000 АКШ долларын бергендигин азыркы күнгө чейин айрым билермендар сөз кылып журүшөт. “Ата-­Мекен” мындай майлуу-сүттүү жерден айрылгандан кийин, өзүнүн шайлоо компаниясын каржылай албайт эле да, Текебаевдин президент болуу кыялын ишке ашыра алмак эмес.
 
Абдрахманов Болот Борисовичтин «Манас» аэропортундагы ишмердүүлүгүн иликтөөдө кийинкидей жагдайлар ачылган.
 
Биринчиден, Болот Абдрахманов «Манас» аэропортуна таандык 5 гектар аянтты бетон түйүнүнүн курулушуна (кубаттуулугу транзиттик жүк ташуулар борбору үчүн учуп-конууларга мүмкүндүк берген бетон өндүрүштүк ишканасы) бөлүп берүү үчүн келишим түзгөн. Мамлекеттик ишкана үчүн бул эч кандай пайда алып келүүчү курулуш эмес экендиги айкын эле. Бирок, ошол эле учурда Эл аралык «Манас» аэропорту мамлекеттик ишканасынын жеке бетон түйүнү бар болчу. Мамлекет үчүн пайда көздөө аракети болбогондугуна Борис Абдрахмановтун ишкана куруу үчүн чет өлкөлүк жаранга ижарага берип, Абдрахманов өзү жетектеген мамлекеттик ишкананын буйрутмаларын алып, атаандашууга түрткөндүгү айныксыз күбө. Бул маселени чечүү үчүн Абдрахманов 500 000 доллар өлчөмүндө сый пул алган имиш. Мындай имиштер тегин жерден айтылбайт, анткен менен, колунан кармап албагандан кийин так даана айтуу кыйын.
 
Экинчиден, Транзиттик жүк ташуулар борборунун самолетторун Текебаевтин адамдары тейлешкендиги билинген. Буга 2 компания тартылган: «Handling.kg» жана «HS&BA» ЖЧКлары Транзиттик жүк ташуулар борборуна хендлингдик (авиасуддарды борттук тейлөө) кызмат көрсөткөн. Калган компаниялар четтетилип, натыйжада бул фирмалар монополдошкон тейлөө укугунан колдонушкан. Бир америкалык борту тейлөөнүн баасы бир айга 10 миң АКШ долларын түзөт. Аталган эки компаниянын тең иш жүзүндөгү кожоюну «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын экс-төрагасы Абдрахманов Борис Иванович жана «Манас» ЖАКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Грязнов Геннадий Владимирович. Киреше теңме-тең бөлүнүп алынган. Абдрахманов иштеп аткан учурда Жүк ташуучу транзиттик борборду тейлөө боюнча иштин наркы 1,5 миллион долларга бааланган.
 
Үчүнчүдөн, жүктөрдү таңуу кызматы. Эл аралык рейстин учуу залында жүк таңуу кылуучулардын жеке командасы түзүлүп, алар аэропорттун залынан атайын аянтты ижарага алып турушкан, алар Абдрахмановдун сол чөнтөгүнө ай сайын 30 миң доллар өлчөмүндө сый пул берип турушкандыгы имиш болуп айтылууда. Ошондой эле Абдрахманов жетектеген аэропорттун бул секторунан айына 550 доллар жеке капчыгына киреше түшүп турган.
 
Төртүнчүдөн, эл аралык «Манас» аэропортунун Оштогу филиалынын директорлугуна 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин Өмүрбек Текебаевтин карачечекей жээни – Каратаев Сулайман Садыкович келген. Ал дагы өз кезегинде мамлекеттик ишкананын менчигиндеги жерди ижарага берип, жеке кызыкчылыгын көздөгөн бир катар алдамчылык иштерин жүргүзгөндүгү айтылууда. Мунун негизинде «Манас» аэропорту өз кардарларын жоготкондугу аныкталган.
 
Бешинчиден, «Ата-Мекен» кызматка алып келген дагы бир адам Ысык-Көлгө эс алуу жолдомолорун өз кишилерине суткасына 70 сомдон саткандыгы айтылууда. «Манас» эл аралык аэропоротунун алдындагы«Асыл-Таш» пансионаты Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан. Алдын ала жең ичинен сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2010-жылдын 15-июлунда пансионаттагы жайлар жеке адамга ижарага бир суткага 70 сомдон берилген. Рыноктук басы суткасына миң сом экендигин эске салсак, мамлекетке 3 700 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Алтынчыдан, Кыргы
зстан эч качан Евробиримдиктин кара тизмесинен чыкпайт. Жогоруда ысымы аталган Борис Абдрахманов «Манас» аэроптортунун башкармалыгынын төрагасы кызматын ээлеп турганда «Транс Аэро» техникалык компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барган. «Транс Аэронун» иш жүзүндөгү кожоюну – «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү Грязнов Г.Н. ага таандык ИЛ-18 самолетун эксплуатациядан чыккандыгы боюнча чечим чыгарган. Анткени менен бул самолетко ЕХ-18005 деген жараксызга чыгарылган идентификациялык номур тагылып, натыйжада, бүгүнкү күндө Түндүк Африкага Кыргызстанга таандык идентификациялык номур менен эки самолет каттап жүрөт. Грязновдун мыйзамсыз аракетинен улам Кыргызстан Евросоюздун кара тизмесине киргизилген.
 
Айтылып бүтпөгөн «Кыргызнефтегаз» чатагы
 
Асылбек Текебаевтин июнь окуяларынын башкы күнөкөрү Кадыржан Батыров менен байланышы бар экендиги тууралуу массалык маалымат каражаттарынын бири калбай басып чыкты. Ал агездеги Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов менен биргеликте Сузак районундагы Бакиведердин үйүн өрттөөгө катышып, бирок, суудан кургак чыга келген. Ошондой эле түштүктөгү бир катар мамлекеттик ишканаларды өзүнүн «калкалоосуна» алган.
 
Бирок, оппозицияда жүргөн учурунда Өмүрбек Текебаев мурдагы президенттердин үй-бүлөлөрүн мамлекеттик башкарууга катышы бар экендигине айыптап чыккан эмес беле. Айрыкча, Акмат Бакиевти Жалал-Абад облусунун «көмүскө» кожоюну экендигин, анын майлуу-сүттүү бизнес орундарын «крышовать» эте тургандыгына күнөөлөгөн. Анткени менен, апрель окуяларынан кийин саясатчы мурдагы жетекчилердин жолуна түшүп, өз иниси Асылбек Текебаевти ооздуктай албай калды. Депутат И.Пирматов бир тууган Текебаевтер “Кыргызнефтегаз” ишканасынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкендиги жөнүндө коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан айтып чыккан. Анын айтымында, революционер аталган жетекчилердин кийлигишүүсү менен жетекчилик алмашылганда, жүздөгөн миллион сомдор кумга сиңген суудай изсиз жок болгон. Буга анын фактылары жетиштүү.
 
«Ата-Мекен» шайлоо алдындагы программасын «уурдап» алган
 
Эң кызыгы, «Ата-Мекен» шайлоо программасынын тезистерин украиналык социал-демократтардан уурдап алгандыгын социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары айтып чыкты. Ал гана эмес партиянын тезистери сөзмө-сөз көчүрүлгөн. Виктор Медвечук жетектеген партия менен Текебаевтин партиясынын программасынын окшоштугу тууралуу «Украинская правда» жазып чыккан.
 
Ошондой эле, 2010-жылдагы парламенттик шайлоо өнөктүгүндө Ө.Текебаев башында турган «Ата-Мекен» партиясы карапайым калкка ооз толо убадаларды беришкен. Булардын ичинде экс-президентттер өлкөдөн чыгарып кеткен алтындарды кайтаруу убадасы да бар болчу. Бирок, ата-мекенчилер бир дагы убадасынын өтөсүнө чыккан жок. Бир гана жеке кызыкчылыктары, керт башынын мүдөөлөрү үчүн бийликке умтулгандыктарын далилдешти.
 
Соңку сөз ордуна
 
Биз бул жерде Текебаевдин кыргыз элине жасаган кыянатчылыгынын бир четин гана иликтедик. Мына ушундай адам учурда парламент спикерлигине жулунууда. Бийлик берсек, “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” болбостугуна эч ким кепил боло албайт.
 
Булак: "Майдан.kg" гезит
 

 

 

Сөөгү Ата-Бейитке коюлган ар бир азаматтын аты-жөнү, элестери кара мраморго түшүрүлгөн. Ал жерди көрүү үчүн баргандар алдыңкы катарда кара мраморго жазылган “Белгисиз жаран” деген жазууну окушат. Бул “Белгисиз жаран” ошол 7-апрель күнү каза болуп, ушул кезге чейин аты такталбай жаткан киши.


 
Ал алгач Максымбеков Маралбек Сатылганович деп эсептелинип келген. Маралбектин тирүү экенин, Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүргөнүн “Азат.kg” гезитинин журналисттери тактабаганда, бүгүнкү күнгө чейин “Белгисиз жаран” Максымбеков Маралбек Сатылганович болуп кала бермек. Кара мраморго да Маралбектин ысмы жазылмак. Ак үйдүн алдындагы мемориалдык тактага жазылгандай болуп. Ал жазуу азыр да эч өзгөрбөстөн ошол бойдон турат.
 
Кандуу жол менен бийлик алмашуу болгон күнгө бир жылдан ашык убакыт өтсө да кимдер күнөөлүү экени тактала элек. Убактылуу бийликке келгендер “күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышат” деп айтканы менен анысын иш жүзүндө көрсөтүшкөн жок. Болгону өз милдетин аткарган аскер кызматкерлерин сот жообуна тартуу менен алек. Акаев учурунда Аксыда 6 азамат окко учканда дагы ушундай көрүнүш болгон. Ал окуяга дагы деле чекит коюлбай, күнөөлүүлөр жазалана элек. 7-апрель окуясы дагы ошол эле жол менен баратат. Бакиев бийликке келгенде Убактылуу бийликтин мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Башкы прокурор болуп турганда Бакиевге Аксы окуясы боюнча сурак жүргүзүү керектигин айтып, ал тургай Бакиев алгач макул болгонун, кийин баш тартканын да билдирген. Туура Аксы окуясы болгон кезде Курманбек Бакиев Өкмөт башчысы болчу. 7-апрель дагы саясий окуя болуп жатат. Тактысын бошотууга даярданып жаткан президент, жаңыдан ишке киришүүгө шашып жаткан президент дагы өткөн жылдагы окуяга жооп бериши керек. Анткени, эл арасында ушулар уюштурган деген сөздөр азыркы күндө да айтылып жүрбөйбү. Жооп бериши керек дегеним буларды дагы суракка алуу зарыл. Болгондо дагы Эл аралык комиссия сурашы керек. Мүмкүн ошондо чечилбей жаткан түйүндүн бир учу чубалжып чыкмак. Мындай ойду кээ бирлер Бакиевди жактаган деп түшүнүшү ыктымал. Чындыгында андай эмес. Бакиевдин күнөөсү болсо алып келип сот жообуна тарта беришсин. Бирок, бийликти колдорунан чыгаргысы келбей жаткандар аны өлкөгө алып келүүдөн желмогуз көргөндөй эле коркушат. Анткени, өздөрүнүн да кыл жип менен бууп койгон (азырынча, учуру келгенде алар да өзүнөн-өзү чыгат) кылыктары ачыкка чыгып калбайбы деп коркушууда.
 
Сөздү көбөйтө бербестен “Белгисиз баатырга” келсек. Аты-жөнү дайынсыз болгон 50-55 жаштагы азият улутундагы адамдын денеси 7-апрель күнү кечинде саат 23:00 чамасында моргго келип түшөт. Бул тууралуу соттук-медициналык экспертизада:
 
“В представленном постановлении изложено, что 07.04. 2010г. примерно в 23:00 часов в морг РБСМЭ МЗ КР с площади “Ала-Тоо ” доставлен труп неустановленного мужчины азиатской национальности 50-55 лет с признаками насильственной смерти (огнестрельное ранение) за №56.
Опознан родственниками как Максымбеков Маралбек Сатылганович 1963 г.р.”- деп жазылып турат.
Түнкү саат 23:00 чамасында белгисиз адамдын денеси моргго “Ала-Тоо” аянтынан түшүп жатканы да ар кандай ойго түртүп жатат. Себеби, кечки саат сегизден кийин ок атуу токтогондой болбоду беле. Мурунку бийликте олтургандар менен Убактылуу бийликтин мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдү баштаган. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн убактылуучулардын айрым мүчөлөрү өздөрү айтып жүрүшпөйбү. Анан кайдан таанылбай жаткан жарандын өлүү денеси “Ала-Тоо” аянтынан чыгып жатат?
 
“Белгисиз баатырдын” материалдарын дыкат караган адам баш оорутчу суроолорго кабылат. Соттук-медициналык экспертизада 32 жыл иштеген Шарипов А.С. менен 15 жылдык стажы бар Асылбекова А.С. чыгарган жыйынтыгында “При судебно-химическом исследовании в крови из трупа гр-на Максымбекова Маралбека Сатылгановича 1963 г.р. обнаружен этиловый спирт в конц. 1,68 % , что при жизни соответствовало средней степени алкогольного опьянения. Не обнаружены алкалоиды опия.”- деп жазышат.
 
Өлүктү экспертизадан өткөрүп жаткан кезде спирт ичимдигин ичкендиги такталып жатса, эл арасында “Убактылуу бийликтегилер аянттагы адамдарга арак менен сууга кишини акылынан адаштырып койчу дарыларды кошуп беришкен” деген сөздөрдүн чындыгы бар окшойт деген ойго жетеленип да кетет экенсиң. “Калк айтса калп айтпайт” деп да коёт эмеспи. Чындап эле ошондой болгон эмеспи?
 
Түш көрсө түшүндө, ойгонсо оюнда бийликте олтурганда ойлогондор бийликке жетүү үчүн мындай тирукмуш көрүнүштү ойлоп чыгышпады бекен? Бере берчү суроолор абдан эле көп. 
 
Суроо демекчи, өлдү делген Максымбековдун тирүү жүргөндүгүн тастыктаган “Азат.kg” гезитинде азыркы убакка чейин ошол кезде баарына жооп беребиз дегендерге берилчү суроолор “Суроо көп. Жообу качан болот?” деген аталыштагы макалада берилген болчу. Ошондогу суроолор учурда дагы олуттуу бойдон калууда. Гезиттеги суроолорго үңүлсөк ашыкча болбос:    
 
2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдынан “каза болду” деп эсептелинип келген 48 жаштагы Максымбеков Маралбек Сатылгановичтин тирүү жүргөндүгү (өзү айткандай өмүрү узун болот экен) айныгыс чындык катары далилденип олтурат. Бул фактыны укук коргоо органдары кандайча мыйзамдаштырат, алардын укук-милдеттерине тиешелүү нерсе. Албетте, бул жерден “М. Максымбековдун өмүрүнө коркунуч келбейби?” – деген суроо коомчулуктун көмөкөйүндө турганын да айта кетишибиз керек. Биз өзүбүздүн журналисттик жана жарандык милдеттерибизди мыйзам чегинде аткардык. Эл алдында, тарых алдында жүзүбүз жарык. Ал эми “өмүргө коркунуч жагы” Маралбектин өзүнө “жана башкалардын” ыйманына жараша болоор...
 
А биз чыныгы журналисттик көз караштан пайда болгон ойлор менен суроолорду тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо органдарынын жетекчилерине узатмакчыбых.
 
7-апрель Аза күнү болобу же майрам күнү болобу?- деп талашкандын ордуна (аны келечек өзү аныктап алат) ошол күнү курман болгондор менен жаракат алгандардын тизмесине дагы бир жолу үңүлүп, тактап албасак болбойт окшойт?! Арадан бир жыл өтсө да “7-апрелде үйдөн кеткен бойдон дайынсыз” жана “7-апрелде мен дагы жабыркагам” деген адамдар аз эмес экен. Алардын баарын бүгүн өз ордуна койбосок, эртең кеч болот. Мыйзам алдында, тарых алдында бүгүнкүлөрдүн чоң жоопкерчилиги турат. Кийин дагы Маралбектин мисалындагыдай уят болуп жүрбөйлү!.
 
Эми М. Максымбековдун өзүнө келели. Анын бүгүнкүдөй ызы-чууга айлануусуна биринчи кезекте апрель окуясын тергеген прокуратура кызматкерлеринин өз ишине жасаган шалаакылыгы себеп болгон,- деп айтсак чычалабаса керек. Себеби, жабырлануучу катары Маралбектин баласы Эрланбекти Генпрокуратуранын тергөө тобунун тергөөчүсү Расулов жүргүзгөн сурак протоколунда “... Атабыз менен мен көп көрүшчү деле эмесмин”- деп жазылып турат. Тергөөчү Расулов “сен атаңды көп көрбөсөң анда башка дагы тууган-уруктарыңан чакыр, атаңдын документтерин, сүрөттөрүн алып кел”,- деген талапты коюш керек беле!? Негизи “менин атам” деп оозеки тааныган учурда дагы тергөөчү КРнын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык тиешелүү паспорттук бөлүмдөн М. Максымбековдун “Форма-1” карточкасын расмий суратып алып, андагы сүрөт менен каза болгон адамды салыштырып текшерүүгө милдеттүү болчу. М. Максымбеков бүгүнкү күнгө чейин Ала-Бука районунда каттоодо (тергөөчү “аныктагандай” Аксыда эмес) тургандыгын өзү айтып жатат. Анда неге Бишкектеги дарек тактоо бюросу бизге “не значится” деп маалымат берип жатат? Мындан бир жыл мурда баатырларча “курман” болгон М. Максымбековдун  өлгөндүгү жөнүндө билдирүү кандайча аларга жетпей калган? Айтмакчы, Бишкек шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн башчысы кантип М. Максымбековдун паспортун көрбөй туруп “Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк” жазып берди?...
 
Эң кызыгы М. Максымбековдун Апрель окуясынын Баатыры катары саналып жаткандыгында жатат (Биз апрель окуясында каза болгон канча адамга кандай наам берилгендигин сүрүштүрүп, бирок ал боюнча атайын Буйрукту жана адамдар тизмесин, дегеле аларга эмне деген наам берилгендигин так аныктай албай койдук). Генпрокуратура өкүлдөрү өкмөт тараптан каза болгондордун жакындарына берилген 1 млн сомду Маралбектин уулу Эрланбек Максымбеков алгандыгын айтып жатышат. Мамлекеттик бюджеттен (демек, элдин акчасы) берилген 1 млн сомдун ордун эми кимдин эсебинен толуктайбыз? Генпрокуратуранын өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөө башкармалыгынын начальниги Учкун Каримов М. Максымбековдун баласы атайылап жалган көрсөтмө берсе алдамчылык кылмышы үчүн жоопко тартылат,- маанисинде маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Мейли, ал калп айтса, мыйзамга туура келсе Эрланды соттой беришсин. Бирок, 25 жаштагы Эрланбек 1 млн сом акчаны кайтарып бере алабы?
Экинчи жагынан, Екатеринбургдагы М. Максымбеков эртең Бишкекке келип өзүн “өлтүрүп” койгон адамдарды сотко берип, моралдык-материалдык доого жыкса кантебиз? Албетте, доого жыгылган чиновниктер өз чөнтөгүнөн төлөбөстүгү түшүнүктүү. Анда дагы элдин акчасына күч келеби?
 
Өкмөттүк жардамдан башка дагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү апрелде каза болгондор менен жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүп келгенин билебиз. Эгер Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы жана башка мамлекеттик органдары М. Максымбековдун тууган-уруктарына мамлекеттик казынадан жардам берген болсо аны чөнтөгүнөн кайтарабы? Же алар дагы акчаны алган адамды сотко береби? Кандайча? Кантип? Өз ыктыяры менен берген акчаны кайра доолай алабы?
 
Айрыкча Ак үйдүн алдындагы мемориалдык тактада каза болгондордун катарында турган тизмеден М. Максымбековду алып салбасак уят го?! Анын фамилиясын сырдап же чукуп салабызбы? Жок, кайра баштан кара мраморго жазып чыгууга туура келет. Бул да тийиштүү каражатты талап кылат.
 
Анан дагы “7-апрель каармандары” китебинин түзүүчүлөрү китепке түзөтүүлөрдү киргизүү керек. Антпесе эл алдында, тарых алдында жоопкер болуп калаары турган иш. Ал эми элге таркап кеткен китептерди кантип чогултуп алат? Аларды М. Максымбеков сотко берсе кандай кылышат?- өздөрү чечишип алышсын.
 
Негизги суроо:
 
Маралбек тирүү болгондон кийин анын аты менен айтылуу Ата-Бейит көрүстөнүндө көмүлүп жаткан шордуу мекендешибиз ким? Аны издеген, сурамжылаган адам барбы?- деген чоң суроо дале ачык бойдон калууда.
 
Биз бактыга жараша М. Максымбеков катары таанылып-көмүлгөн ал адамдын моргдогу сүрөтүн таап чыктык. Өз кезегинде республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча коомдук телеканалдын “Кайдасың” программасы аныкталбай жаткан 2 адамдын өздүгүн тактоо үчүн көрөрмандарга кайрылган экен. Анын бирин азыр сиздер гезит бетинен көрүп турасыздар. Маралбек менен алмашып калган адамды таанып билгендер болсо гезиттин дарегине кайрылгыла!
 
Оозеки түрдө “менин атам” деп тааныган учурда өлүктү унчукпай берип жиберген тергөөчүлөр мүмкүн жогорку жактагылардын “баарын тез жоготуш керек” деген тапшырмасын аткарып жүрбөсүн? Балким Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө өлгөн адамдардын саны көп болушу гана керек болгондур? Ким билет ай ким билет?
 
Чындыгында ошол кезде баарын аз убакыттын ичинде жайгаруу Убактылуу бийликтегилер үчүн утушту алып келе турган. Күн өткөн сайын ар кандай сөздөр күчөп, жарадар болгондор менен каза болгондордун жакындары да бийликке олтургандарды кысымга алып, шаштысын алмак. Шашылышта кандай болоорун баарыбыз жакшы билет эмеспизби. Тирүү жүргөн Маралбектин каза болгондордун тизмесине кирип калышы да шашылыштан улам. Шашкалактаган бийликтин айынан азыр бир жердешибиз өз аты менен жерге берилбестен Ата-Бейитте “Белгисиз жаран” болуп муздак жер астында жатат.
 
Журналисттер өлдү деген адамды таап чыгып, жер алдында кайсыл кандашыбыз жатат?- деген суроону берип жатса да, бийлик тараптан үн -сөз жок. Өздүгү тактала элек адамдын тергөөчүлөр таппаган сүрөтү гезит бетинде турса да бүгүнкү күнгө дейре аны иликтеген адам же орган жок. Ошол сүрөт менен ушул кезге чейин анын ким экенин бийлик иликтемек турсун жиликтеп койсо болмок. Ишенген бийлигибиз аты-жөнүн тактай албай жатканына караганда бул баатыр эл арасындагы “үйүнөн биротоло безип кеткендер болушу мүмкүн” деп айтылган сөздөргө туш келип жүрбөсүн? Деги ал Кыргызстандын жараныбы?
 
Мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын кармап тургандар жабылуу аяк ошол бойдон калсын деген түрдү карманып турушат. Тескерисинче, кээ бир чиновниктер “көмүлгөн жерди казууга негиз жок” деген пикирлерин айтышууда. Кимдер экенин окурман өзү жакшы билсе керек. Бийликте тургандар буга кол шилтеп жаткан соң “Белгисиз жаран” белгисиз бойдон калабы?
 
Наралы Асанбаев,
“Жаңы Ордо” гезитинин журналисти,
атайын “Саясат.kg” сайты үчүн
 
 
 

Ушул кезге чейин “Өткөн жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдында октон каза болгондордун кимиси чыныгы баатырлык менен каза болду экен?” деген жүрөктү өйүткөн суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып келет.

 
Анткени, акыркы күндөрү 86 адамдын баарысы тең “Ала-Тоо” аянтында атылган октон каза болбогону белгилүү болуп олтурат. Баатырлардын арасында Бишкек шаарынан сырткары жерде каза болгондор да жок эмес. Муну бийликке келген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өздөрүнөн коркуп жаап-жашырышып келген. Аянтта жүргөн кээ бир адамдар спирт ичимдиктерин ичип алгандыгы ошол эле күнү белгилүү болсо да, бийликтегилер ушул кезге чейин мойнуна алгысы жок. Ошол учурда мындай фактыларды айтып чыгуу эле эмес, “Балдарга ичимдик менен кошо бир нерсе ичирип коюшкан эмеспи?” деген суроону берүү кыйын болчу. Мындай суроону берген адам 1937-жылдагы репрессиядагыдай “Эл душманы” деген атка конуп, “баатырлардын” тепкисинде калмак. Ак үй алдында каза болгондорду соттук-медициналык экспертизадан өткөргөндө алардын айрымдарынын канынын составында спирт ичимдигин ичип алгандыгы да аныкталган. Бул фактыны бийлик өкүлдөрүнүн бири да жокко чыгара алышпайт. Анткени, бул медициналык экспертизанын жыйынтыгы.
 
Ошол каргашалуу күнү борбордук аянтта октон каза болгондордун баары эле “тигиндей” болчу деп айткандан алыспыз. Ооба, “Бийлик башына мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койгон таза адамдар келсе экен. Кыргызстан да экономикалык жактан гүлдөгөн республикалардын катарына кошулса” деген максат менен келген мекендештерибиз да бар болчу. Октон коркпогон Алясбектей жана башка баатыр жигиттер болгонун эч ким талаша албайт. Муну эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Бирок..
 
Бирок, алардын таттуу ой-тилектерин бийликке жетип алгандар жокко чыгарып жатпайбы. Ошол күнкү болгон чындыкты бурмалабай факты менен беришкенде чыныгы баатырлар кимдер экени белгилүү болмок. Алар жоопкерчиликтен качышып, баарын “бийликтин огунан каза болду” деген жалган, такталбаган, такталса дагы чындыкты бурмалаган маалыматтарды ушул күнгө чейин уялбай-этпей айтып жүрүшпөйбү. “Бийликтин огунан каза болушту” деген сөз жалган, жалган, дагы бир жолу жалган. 86 баланын баарысы тең атылган октон каза болгон эмес экен. Ата-Бейитке сөөгү коюлгандардын арасынан эле төртөөсү башка куралдар менен каза болгондор болуп чыгууда. Тарых дайыма тактыкты талап кылат эмеспи. Өткөн жылдагы окуя кыргыз тарыхында кара тамга менен жазылып калаарында эч кандай шек жок. Бирок, ошол күнкү окуя али күнчө такталбай тарыхтагы ак барактардай болуп турат. Убактылуу Өкмөттөгүлөр бул фактыны канчалык жаап-жашырууга аракет кылбасын, баары бир бул чындык бир күнү чыгат. Мезгилдин соту Бакиевдин, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн бул кандуу окуяга канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенине сааты келгенде өз чындыгын айтат деп ойлойбуз.
 
 Сөзүбүз куру болбосун үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык соттук-медициналык ооруканасынын эксперттери каза болгон ар бир жарандын алган жаратын, эмнеден улам көз жумганын экспертизадан өткөзүшүп, өз жыйынтыктарын чыгарышкан. Ошол жыйынтыкты өзгөртүүсүз окурманга жеткирүүнү туура көрүп турабыз. Ушундан кийин окурман кимдин-ким экенин өзү аныктап алаар. 
 
 

 
ФИО
 
Алган
жарааттары
Өлгөн
убактысы
Кошумча маалыматтар
 
1
 
Максымбеков Маралбек Сатылганович
 
Сол жак көкүрөк клеткасына тийген октон өлгөн. 5,45мм ок табылган.
 
07.04.10-ж.23.00
 
Моргго “Ала-Тоо” аянтынан 7.04.10-ж. саат 23.00 дө алып келинген. Ким алып келгенин аныктоо керек. Канынан 1,68% этил спирти табылган. ”Орто” мас абалында.
 
2
 
Кулакунов Шабданбек Жолдошевич, 1961-ж.т. 524
 
Башына (баш сөөктүн сол тарабы) тийген октон өлгөн.
 
13.04.10-ж. Саат 01.05те өлгөн.
 
Каналдын багыты көрсөтүлгөн эмес. ”Ала-Тоо” аянтынан алып келинген. Кайсыл жерде, качан жараат алганын, ким алып келгенин, күбөлөр ким экендигин аныктоо керек.
 
3
 
Максутов Эдил Акматович
1981-ж.т. 485
Сол жак көкүрөгүнө тийген октон өлгөн.
 
07.04.10-ж. болжол менен саат 16.00 дө.
 
Жарааттын каналынын багыты алдыдан артка, жогортон ылдый. ”Ала-Тоо” аянтынан алып келинген. Кайсыл жерде , качан жараат алганын аныктоо керек. Канынан 1.63% этил спирти табылды. Орто мас абалда.
 
4
 
Жумаев Мырзабек Үсөнович
1956-ж.т. 55
Башына тийген октон өлгөн.Мээси жабыркаган. Жараат каналынын багыты аныкталган эмес.
 
07.04.2010-ж.Убактысы көрсөтүлгөн эмес.
 
Жараат алган жерин жана убактысын тактоо керек.Өлүктү морго ким алып келген? Канынан 2.9%этил спирти табылды.Оор мас абалында.
 
5
 
Жантаев Эрлан Касымович, 1986-ж.т. 480
 
Оң жак көкүрөк клеткасына жана ич көңдөйүнө тийген октон өлгөн. Сол жак өпкөсү, диафрагмасы, ашказаны жабыркаган.
 
07.04.10-ж. саат 20.35 Омуртка каналында 5,45 мм ок табылган.
 
Жараат каналынын багыты жогортон ылдый, солдон оңго.Улуттук госпиталга 15.30 да алып келинген. Жараатты кайсыл жерде жана качан алганын аныктоо керек. Ким көргөн?
 
6
 
Замир уулу Рустам, 1988-ж.т. 475
 
Оң жак көкүрөк клеткасына тийген октон өлгөн.Оң жак өпкөсү жабыркаган.
Денесинен металл предмет табылган.Ал жез-никель капталган металлдан жасалганы аныкталды.Төгөрөк формадагы бул предметтин узундугу 11мм, жоондугу 1мм.
07.04.2010-ж.Убактысы көрсөтүлгөн эмес.
 
Жарааттын багыты алдыдан артка, жогортон ылдый. Кайсыл жерде, качан жарадар болгонун аныктоо керек. Ким алып келген? Канынан 1.08% этил спирти табылды. Жеңил мас абалында.
 
7
 
Камчиев Махамаджан Абдрасулович,
1969-ж.т. 505
 Көкүрөк клеткасына тийген октон өлгөн.
 
07.04.2010-ж.Убактысы көрсөтүлгөн эмес.
 
Жарааттын багыты алдыдан артка, жогортон ылдый, алыс аралыктан атылган. ”Ала-Тоо” аянтынан алып келинген.Убактысы, ким алып келгени көрсөтүлгөн эмес.
 
8
 
Камаев Усөнбек Өмүр­беко­вич,
1957-ж.т.
Көкүрөк клеткасына ок тийип, өпкөсү, жүрөгү жабыркаганынын натыйжасында өлгөн.
 
07.04.10-ж. Сааты көрсөтүлгөн эмес.Кайсыл жерде, качан жараат алганын аныктоо керек.
 
Канында 4,68%промилле этил спирти табылган. Катуу мас абалда. РБСМЭнин моргуна 7.04.10-жылы болжол менен саат 17.00 дө белгисиз кишинин өлүгү алып келинген. Жараат каналынын багыты солдон оңго, алдыдан артка горизонталдуу.
 
9
 
Жамансариев Мирлан Султанбекович, 1985-ж.т. 469
 
Көкүрөк клеткасына жана ичине тийген октон өлгөн. ”Ала-Тоо” аянтынан алып келинген.
 
07.04.2010-ж.Өлгөн жерин жана убактысын тактоо керек.
 
Жараат каналынын багыты арттан алдыга, солдон оңго, жогорудан ылдый. Моргго ”Ала-Тоо” аянтынан 7.04.10-жылы саат 17.00 дө алып келинген.
 
10
 
Сагынаев Айбек Турусбекович, 1982-ж.т. 452
 
Көкүрөк клеткасына ок тийип, боору жаракат алганынын натыйжасында өлгөн.
 
07.04.10-ж.Сааты көрсөтүлгөн эмес.
 
Жараат каналынын багыты арттан алдыга, ылдыйдан өйдө, солдон оңго. ”Ала-Тоо” аянтынан алып келинген. Жараатты качан, кайсыл жерден алганын, моргго ким алып келгенин тактоо керек.
 
11
 
Кудайбергенов Жолдошбек Таалайбекович, 1974-ж.т.
 
Башына тийген октон өлгөн. 5, 45 мм ок табылган.
 
2010-жылы 7-апрелде болжол менен 22.30 да өлгөн.
 
Жарааттын каналынын багыты көрсөтүлгөн эмес. ”Ала-Тоо” аянтынан алып келинген. Кайсыл жерде, качан жараат алганын, ким алып келгенин, күбөлөр ким экендигин аныктоо керек.
 
12
 
Мамбеталиев Сыргак Зарлыкович 1963-ж.т. 471
 
Көкүрөк клеткасына тийген октон өлгөн.
 
07.04.10-ж.саат 19.30да “Ала-Тоо” аянтынан кийими менен алып келинген.
 
Экспертизанын тыянагында ок табылган- табылбаганы көрсөтүлгөн эмес. Кайсыл жерде качан жараат алганын аныктоо керек. Жарааттын каналынын багыты көрсөтүлгөн эмес.
 
13
 
Өмүрбек уулу Адыл, 1964-ж.т.
Сөөк эксперттин тыянагы жок эле көмүлгөн. 561
Ичине тийген октон ичке ичегиси жабыркаганынан, жүрөк-кан тамыр жетишпестигинин натыйжасында өлгөн.
 
10.04.10-ж.саат 21.00 дө биологиялык өлүм менен көз жумган.
 
Экспертизага № 1 ШКБнын мед.картасы көрсөтүлгөн. Түшкөн мезгили 09.04.10-ж. Өлгөн датасы 10.04.10.түнкү саат 01.00. 2010-жылдын 7-апрелинен 9-апрелге чейин стационардык дарыланууда болгон. Диагнозу - ичине ок тийген.
 
14
 
Эсенбай уулу Адыл,
1990-ж.т. 490
Башына ок тийип, мээнин сол жак бөлүгү жабыркаганынын натыйжасында өлгөн.
 
07.04.10-ж. саат 22.15
 
07.04.10-жылы саат 16.50дө “Ала-Тоо” аянтынан алып келинген. Жараат каналынын багыты арттан алдыга түз, горизонталдуу. Ок табылгандыгы тууралуу маалымат жок.
 
15
 
Актанов Чыңгыз Шар­шен­алие­­вич, 
1987-ж.т. 497
Башына жана көкүрөк келеткасына ок тийип өлгөн.
 
07.04.10-ж. Кайсыл жерден жараат алганын тактоо керек. Күбөлөр барбы?
 
08.04.10-жылы саат 00.10 до ”АлаТоо” аянтынан алып келинген. Ким алып келген? Жараат каналынын багыты алдыдан артка, бир аз жогорудан ылдый.
 
16
 
Сарыбаев Таалайбек Кадырович, 1966-ж.т. 58
 
Кежигесине ок тийип, баш сөөгү, мээси жабыркаганынын натыйжасында өлгөн.
 
12.04.10-ж. Сааты көрсөтүлгөн эмес.
 
Ок табылган, бирок кимге берилгени көрсөтүлгөн эмес. 07.04.10-жылы саат 15.30да БНИЦТиОнун реанимация бөлүмүнө алып келинген.
 
17
 
Белеков Бакытбек Карымшакович, 1978-ж.т. 652
 
Башына тийген октон өлгөн. Мээси жабыркаган. 08.04.10-жылы түнкү саат 03.00 дө батыш автобекети тарапта жараат алган.
 
13.05.10-ж. Саат 02.45. Жараат каналынын багыты алдыдан артка, солдон оңго, жогортон ылдыйга.
 
№ 1 ШКБнын реанимация бөлүмүнө 8.04.10-жылы түнкү саат 04.35те алып келинген.мед. карта №НГ МЗКР №10295-346. 5.45мм ок табылган. Жарадарды бир тууганы алып келген.
 
18
 
Алтынбеков Теңизбек Таабалдиевич,
1981-ж.т. 502
Көкүрөк клеткаларына ок тийип өлгөн.
 
07.04.2010-ж. Убактысы көрсөтүлгөн эмес.
 
Үч жараат каналы бар: 1жана2 өйдөтөн ылдый, бир аз оңго, бир аз алдыдан артка, 3-канал оңдон солго, жогорудан ылдый келип, көкүрөк-акырегине токтогон ок табылган. Моргго “Ала-Тоо” аянтынан алып келинген. Ким алып келгенин, кайсыл жерде, качан жараат алганын аныктоо керек.
 
19
 
Аракеев Алымбек Токтобекович,
1985-ж.т. 474
Сол жак көкүрөк клеткасына тийген октон өлгөн.
 
07.04.2010-ж.Убактысы көрсөтүлгөн эмес.
 
Ок арттан алдыга жана солдон оңго алыс аралыктан тийип, 5,45 мм ок табылган.”Ала-Тоо” аянтынан моргго ким алып келгендиги көрсөтүлгөн эмес.
 
20
 
Жангазиев Нурбек Мотрошкоевич
1958-ж.т. 55
Оң жак санына ок тийип, санынын артериялары жана веналары жабыркаганынан өлгөн.
 
07.04.2010-ж.Убактысы көрсөтүлгөн эмес.
 
Жараат каналынын багыты солдон оңго, горизонталдуу. ”Ала-Тоо” аянтынан саат 18. 00 дө ”Тез жардам” менен алып келинген. Канынан 1,93%этил спирти табылды. ”Орто” мас абалында.
 
21
 
Тойбаев Кайрат Александрович, 1987-ж.т. 57
 
Оң жак көкүрөк клеткасына ок тийип, өпкөнүн перенхимасы жабыркаганынын натыйжасында өлгөн.
 
07.04.10-ж. Сааты көрсөтүлгөн эмес.
 
Жараат каналынын багыты жогортон ылдый, арттан алдыга, солдон оңго.07.04.10-жылы саат 20.20 да БНИЦТиОнун реанимация бөлүмүнө алып келинген.
 
22
 
Турдалиев Мирланбек Орокмаматович, 1981-ж.т.
 
Мойнунун өйдөкү бөлүгүнө ок тийгенинин натыйжасында өлгөн.
 
07.04.10-ж. Сааты көрсөтүлгөн эмес.
 
Жараат каналынын багыты солдон оңго, 30 градус жогортон ылдый.”Ала-Тоо” аянтынан РБСМЭнин моргуна болжол менен саат 22.00дө алып келинген.
 
23
 
Шамбетов Рустам Дүй­шөн­ку­ло­вич,
1975-ж.т. 528
Башына ок тийип, баш сөөгү жана мээси жабыркаганынын натыйжасында өлгөн.
 
13.04.10-жылы саат 21.30 да өлгөн.
 
Жарааттарынын биринин каналы арттан алдыга, солдон оңго, сол чыкыйдан кирип, оң жак кежигеден горизонталдуу чыккан. Экинчи канал арттан алдыга, бир аз солдон оңго горизонталдуу.
 

 
 
Ата-Бейитке сөөгү коюлгандардын баарысы эле «баатыр» эмес тура
 

 
ФИО
 
Туулган жылы
 
Көмүлгөн жери
 
Өлүмүнүн себептери
 
1
 
Өмүралиев Эрланбек Жаныгулович
 
14.04.1983-ж.
10.04.10-ж.
Ата-Бейит
 
Ачык түрдөгү баш сөөк-мээ травмасынын натыйжасында мээси жабыркаганынан өлгөн.
 
2
 
Ашыров Кудруталы Мамирасилович
 
1959-ж, 25-сентябрь
 
Ата-Бейит
 
Болжол менен колдо жасалган ок атуучу куралдан өлгөн. Мас, оозунан арак жыттанып турат.
 
3
 
Табалдиев Нурсултан Токтоматович
 
28.06.1992-ж.
 
Ата-Бейит
 
Башына арматура тийген. Ачык түрдөгү баш сөөк-мээ травмасы. Ок тийген эмес.
 
4
 
Кадыралиев Мирлан Алиаскарович
 
1984-ж, 22-март
“Таатан-Секюрити” күзөт бюросунун бытыра огунан өлгөн.
Ата-Бейит
 
Денесинен төгөрөк формадагы металл табылган.Эксперизанын 08.04.10-жылдагы №496 тыянагы.
Көкүрөк клеткасына картечь (чачма)тийгенден өлгөн. Чүй обл.ооруканасына 08.04.10-жылы болжол менен 07.00дө ”Тез жардам” машинасы алып келген.
 

 
 
Наралы Асанбаев, “Жаңы Ордо” гезити, №38 (340)

9- декабрь устатыбыз Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Быйыл 49ка чыкмак. Шум ажал арабыздан алып кеткенине 87 күн болду.

Мелис Бишкекте - Кызыл Аскердеги №51 мектепте окуп, 5-классында эле КТРдин балдар берүүсүнүн алып баруучусу болгон. Журналистика "оорусун" жугузуп алганы ошондон. Жыйырма жылдан ашык чогуу иштедик. Ошондон ушуга дейре Мекечал "КТРдин башчысы болушум керек" деген көксөөсүн көп айтчу. Акыры көк-өжөр неме ошол максатына жетип тынды. "Карыпкуловдун кара жащиги" аталып кеткен КТР төрага катары реформалап баштаганда - КТРдин ичинде өзүнчө "кытыры" болуп алышкан Б.Бекешов, Н.Кочкоров ж.б. көзөлдөрдү иштен айдап, 300 адамды кыскартканда, оңбогур Бейшенбек көкүрөгүнө фанера тагып алып "Эшимканов кетсин!" деп үч күн кебээрсип ачкачылык жарыялаганы бар. Мелис эски берүүлөрдүн дээрлигин жаңылады. Өзүнөн мурда сөзүн жуткан дикторлорду алдыңкы кабар берүүлөрүнө чекти. Коомдук канал деген статус алууга жетишти. Мунун баары айтканга жеңил болгону менен, ар бир аракет идеялары оңойлук менен ишке аша койгону жок. КТРдин кошоматына жедеп жеттиккенче көнүгүп алган. Акүй да Эшимкановду көзүнүн төбөсү менен карап, эптеп ушул жигитти ээрден кулатсак деген топтор чыкты. Меке кыйтыр да, Бакиевдин көңүлүн тапканга жетишкен болчу.

Мекени реформатор деп айткан себебим - КТРден мурда бул жигит "Ленинчил жашты" алуунун амалын көрдү. Адеп "Комсомолец Киргизия" гезитинде жооптуу катчы кызматында иштеп, аз өтпөй АКЖС БКнын борбордук аппаратында бөлүм башчы болуп иштеп калды. Канча бир жылдардан бери башкы редактор болуп, жазган макалаларыбызды карандаш менен оңдоп, "ушундай болсо туура го" деп улук башын кичик кылып бөлмөгө өзү кирсе бетибиз табактай болуп Нуралы Капаров экөөбүз олтуруп калып, келген Акбар Рыскуловичти Мелис Асаналиевич комсомолдук чоң жыйында жыгып, "Ленинчил жашты" ээледи. Азыр "Сейтек" балдар уюму болуп калды, мурда бул имаратта саясий жыйындар гана болчу.

Ошентип, жыйын болуп атат - "Ленинчил жаштын" башкы редакторлугуна төрт атаандаш бар деп жарыялашты. Акбар Рыскулов, Абибилла Пазылов, Абдиламит Матисаков жана Меке. Ал шак эле "Мен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда туулгам" десе болобу. Адегенде төрт тараптан келген саанчы, малчы, жүгөрү эгип дыйкан болгон комсомолдордун мыкты алдынкылары комсомолдук конференцияга мандат алып келишчү.

Добуш берүүдө Мелис утуп кетти. Себеби ал ЛКЖС аппарат балдарын даярдап койгон болчу - ар бириңер өз аймагыңардан келген делегаттарга айткыла, мага добуш салсын деп. Ошондой болду. Көпчүлүк добуш менен Мелис Эшимканов "Ленинчил жаштын" башкы редакторлугуна шайланды.

Балекет анан башталды. Бир эле редакцияда туруп, бир эле туш ручке менен экиге бөлүнгөн редакция жамааты транспарант жазып, Акүйдүн күн чыгыш тепкичине туруп алышпадыбы. Башкы редактордун кабинетине жеңилген тарап балта алып келип, эшигин талкалаганга да аракет болду. Акыры Эшимканов тарап жеңди. ЛКЖС БК анда алдан тая баштаган болчу. Акылдуу жигит, кыздар "ушундан көрө коммерцияга кетем" деп куттуу жердин кутун учуруп турушкан. Ошолордун көбү кийин "подвал коммерциясынан" сыртка чыгып, ири бизнестерин түзүп, азыр саясаттын кайсы нукта, кандайынча агып баратканына сереп салып турушат.

Мелис КМУнун филфагынын үчүнчү курсунда "504-бөлмө" деген мыкты аңгемесин жазып, "Кыргызстан маданиятына" чыгарды. Агезде "КМга" чыгуу деген - космоско чыгуудай эле болчу. Ошол аңгемесинен кийин Мекечал КМУнун филфагынын комсомол комитетинин секретары сыпатында ак көйнөк, кара галстук тагынып, 38-размердеги батинкесинин башын теңкейтип чыга келди. Ошондон кийин Эшимкановдун бирдеме жазганын көзүм чалганы жок. Фиаского тушугуп калган окшойт. Жанагы алгачкы аңгемеси Кубатбек Жусубалиевдин стихин туураганын ошондо эле Мелисти көрө албаган катарлаштары айтышчу.

Кубат акенин эки килдик килтейген китебин Меке чыгарды. "Айылда жашап атасыз, үй салып атасыз" деп айлык чектеп, черепицасына дейре Алайга ташып барып берди. Бул жөн гана жазуучулук жан боордулук же кошомат эмес, а чыныгы берилген биртуугандык сезим болчу. Эгер чынын айтсак, эгемендүү өлкөбүздө басма сөздө алгач реформация жасаган Эшимканов менен Жусубалиев. Муну эч ким тана албайт.

Кыргыз совет басма сөзү калька деп коюшат го, ошол ыкта социалисттик рамкадан чыкпай, жалпы сөздөр менен жаза берчү эмес беле, Эшимкановго айтканбы же өзүнүн сергек акылы менен туйдубу, Кубат аке айтыптыр, Осмоналиев жыйырма жыл олтурган ушул олтургучту өрттөп, таза, элдин сөзүн гезитке киргизели дегенден соң, "Жаштык жарчысы", анын уландысы "Асаба" тоңгон сөздөрдөн элдин жумшак, турмуштук сөздөрүн жазып баштадык. Каныбек Иманалиев, Бакыт Орунбеков, тарыхчылар - Тынчтык Чоротегин, Кыяз Молдокасымов, Ибраимов, Калык, Осмон, бери жактан Эгемберди, өйдөтөн Салижан аке, Алым Токтомушев, Шайлообек - бүт кыргыздын бөгүлүп-төгүлө албай турган мыктылары Мекени колдоп кетишти. Өйдөгө атын атаган мыктылар кыргыздын акылдуу адамдары. Буларсыз кийинкилерди өстүрүү кыйын. Азыр Мекем жокто "Ушундай да болобу?" деп жүрөгүм ооруйт. "Эмнеге бизди таштап кетип калды?" деп сурайм. Суроомо жооп жок. Бүт өзү өстүргөн, коркутуп-үркүтүш болуп бүтүндөй бир плеяда өстү.

Меке чындык издеп эзелтен көксөгөн Тибетке да барып келди. Жогорку Кеңеште бир тал сакал өстүрүп алыптыр, өмүрү тагынбаган көзайнек илип алыптыр, "Кебетең монах болуп калыптыр го" десем, "Ыйманга кирбейсиңби" дейт. Журналистте кайсы ыйман болчу эле, ойнотуп сүйлөгөндүн да чеги болот да" деп депутаттык бөлмөсүнөн чыгып кетсем, кечке жуук байланышат - "Таарынган жоксуңбу?" деп. "Эмнеге, авантюрист, не таарынам, төрт жолу отпуска акча аларда көчүккө тепкен башкармага башкалар таарынар, орусча көп окуп алган мага окшогон койлор таарынмак беле" дегеним эсимде.

Үй-бүлөсүнө үйрүлүп түшчү. Уулун финансист кылбай, фортепианого окутту. Кызы Англияда окуду. Өтө билимдүү, эстүү өстү. Атасынын акчасына чалчактаганы жок. Неберелүү кылды. Ошол тойдо - "Дасмияда" - Чолпон Баекова баштап каңылдап ырдаганыбыз бар. Келинчеги Айгүл да журналист. Ал сыркоолоп калганда арак-шаракты унутуп, Айгүлдүн кирпиги менен жыгылып, аталык, эрлик кызматын кылды. Муну биз, Мекемди ичинен билгендер гана билебиз. Айтпайт элем, айтып атам.

Эшимкановдун эмгекчилдигине таң берсе болот. "Асаба" чакырышты - барсам Мелистин ручке жазган ортон сөөмөйүн бир элидей чор каптап калыптыр. Ошондо ушу кишиге чындап ичим жибиген. Кумурскадай эмгекчил эле, эзели жаны тынчу эмес. Ошол эмгеги менен "Асабаны", аны бийлик жаап салганда, үйүнө компьютерлерди чогултуп "Агымды" чыгардык. Тажаал, өткүр, акылдуу, өз көздөгөнүнө жетмейинче жаны тынбаган Мекем эле.

ЖК депутаты, Мелистин шакирти Каныбек Иманалиев Төлөгөн Карыкеев экөөбүзгө айтат. "Мен Мелис байкенин атын Октябрь районунун чоң көчөсүнө койдуруу маселесин көтөрөйүн, сиздер колдоп жазып бериңиздер" дейт. Колдойбуз. Эл да колдойт.

Келер чак, учур чак, өткөн чак дейт эмеспи кыргыздар. Өткөн чак менен сүйлөгөн жакшы эмес. Дайыма жаныбыздасың, Меке. Атаң 44 жашында компартиянын кордугунан кетти эле, сен 48иңде азыркы оомал заманды оңдойм деп түйшүктөнүп атып, жүрөгүң көтөрө албай калды.

Мекем - атбашылык. Мээси да атбашылык, акылы да атбашылык. Уругу - азык, тукуму - кыргыз. Ушундай бир тукумубуз 48инде жөнөп кетти. Атай менен Муса, Жолон менен Турар да 48инде кетти. Өкүт. Таланттуу адамдар бүт тиричилик, саясат маселелерин жакындарына айтпай, жүрөгүнө жыя берип, акыры жүрөгү жарылып кетет турбайбы.

Мекебиз да ошондой болуп калды.

Кайран Мелис. Өлбөй тирүү кал. Башка сөз айта албай турам. Ичти эңшерип бизди таштап кете бердиң.
 
“Де-факто” гезити

Парламенттик шайлоонун алдында УТРК аркылуу Бабановдун өмүр баянын камтыган кыска метраждуу тасма коомчулукка көрсөтүлдү. Бул көрсөтүүдө башынан-аяк Өмүрбек мырзанын өмүр-таржымалы баяндалып карапайым элдин көңүлү биз тааныган Бабановду эмес, шайлоонун шайтан оюндарын пайдаланып, бетине маска тагынган эч айыбы жок, апакай баланы тааныды.

Албетте, мындай мактоолорду карапайым коомчулук билип турса да, билмексенге салып, шайлоодогу марага анын “Республика” партиясын үчүнчү кылып илээштирди. Бир кездеги көмүскө аракеттери кеткен эки бийликте аз-аздап ачыкка чыга баштаган Бабанов Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн жыйырманчы жазында үчүнчү бийликке мына ушундайча аралашты. Парламентке келди, андан соң, ага өкмөттүк креслодон майлуу орун ыроолонду. Эми минтип, өлкөдөгү бийлик системасында экинин бири болуп, мамлекеттин тагдырын чече турган маселелер ансыз чечилбей турган деңгээлге жетти. Кечээ жакында маркум Мелис Эшимканов Ибрагим Жунусовдун 50 жылдык мааракесинде чогулган элдин көзүнчө “Эй, Бобик , экөөбүз абийир, тазалык жөнүндө сүйлөбөй эле койбойлубу, анткени коомчулук алдында экөөбүздүн абийирибиз бирдей эле” деген бетке айтылган фразасы Бабановдун ким экендигин кимге да болсо ачыктап берет.
 
Бизнестеги алгачкы кадамдар…

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган жылдардан баштап, базар экономикасынын шартына тез көнүп, бизнести тез өздөштүргөн адамдар бүгүнкү күндүн таанымал инсандары. Макалада биз каарман кылып алган Бабановдун бизнестеги алгачкы кадамдары да ушул кайра куруу мезгилине таандык. Башкача айтканда, Өмүрбек мырза “Мунайдан” орун тапкан жылдар Акаев бийликте турган маалга туш келип, ал жылдар биздин каарманга акча жагынан жалаң киреше алып келген мезгилдер болуптур. Маалыматтарды жазуудан мурда Өмүрбек Бабановго тиешелүү болгон бардык маалымат булактарын казып көрдүк. Биз белгилеген жылдар ал кездеги ханзаада Айдар Акаевдин “НК Альянс” күйүүчү май сатуучу станцияларын жаңыдан түптөп баштаган маалга туш келет экен. Демек, Өмүрбек мырзанын бизнес тармагында “мунай” бизнесин тандап алышынын бирден-бир себеби, ити чөп жеп турган падышанын уулу Айдар Акаевдин бул тармакта алгылыктуу бизнес баштап калышы менен байланыштуу болуп отурат.
 
Белгилеп айта кетүүчү жагдай, Бабанов Кыргызстандагы көзүрлөрдүн катарына кирүүдөн мурда анын Казакстан Республикасындагы түптөлүп калган “бензин” бизнеси ханзаада Айдардын “НК Альянсынын” ишин андан ары жылдырып кетишине чоң жардам болгон. Анын бирден-бир себеби, “бензин” тармагында сатуучулук чеберчиликке машыккан Өмүрбек мырзадай жаш улан ошол кезде Айдарга абдан зарыл болуп турганын эске алышыбыз керек. Эске сала кетүүчү жагдай “НК Альянстан” мурда “Датка” аттуу май куючу заправкалардын болгондугу тууралуу да маалыматтар бар. Бул бизнести баштаган адамдар Айдардын кысымына кабылып, керек болсо, ал ортодо таасирдүү адамдары эскертүү катары жок кылынып, компания рейдерлик жол менен тарттырылып алынган. Бул учурда Айдар менен кызматташуу жылдарына туш келгендиктен, Бабановдун да тиешеси болгон деген бүтүм чыгарсак туура болот. Муну менен биз Бабановду азыркы учурдун гана бактылуу адамы катары кабылдабастан, ошол кездеги жолуна арамдык менен тилегин кабыл кылгандардын катарына кошушубуз мүмкүн.
 
Ошол эле биз белгилеп өткөн жылдар аралыгында “НК Альянс” Орусиянын жогорку тепкичтеги элиталык чөйрөсүн, анын ичинде Владимир Путиндин көңүлүн өзүнө бурган компаниялар менен кызматташуу багытын тандап алган. Бул деген сөз КМШ мамлекеттеринин арасында соода жүгүртүүнүн очоктору болгон үч өлкөдө (Казакстан, Кыргызстан, Россия) кенен-кесири максатын ишке ашыруу дегендикке жатат. Мындай өңүттү колдон чыгаргысы келбеген ӨҮмүрбек мырза ал жылдарда Айдардын көмөгү менен мунай бизнесинен миллиондогон акча каражаттарын сапырды. Акаевдик башкаруу жылдарында “Ганси” авиабазасын күйүүчү май менен “Manas International Services Ltd” жана “Aalam Services Ltd” деген эки компания камсыздап турган. Бул эки компания тең Акаевдин жакын урук-туугандарына, жакындарына тиешеси түздөн-түз бар болчу. Андыктан, авиабаза жогорулатылган баада бул компаниялардан күйүүчү май сатып алып, мындан түшкөн пайда Акаевдик үй-бүлөнүн сол чөнтөгүнө түшүп турган. Бул убакытты биздин каарман Бабанов да куру бекер өткөргөн жок. Ал мезгилде Өмүрбек мырза “бензин” бизнесинин таасирдүү фигурасы катары, авиабизнеси менен шугулданганга өткөн. Натыйжада, Айдардын ишенимдүү адамы катары, түшкөн пайданын 50 пайызын алып турган.
 
1988-1999-жылдар аралыгында Өмүрбек Бабанов КРнын “Шымкентнефтеосинтез” Ачык акционердик коомунда атайын өкүл болуп турушу, бензин бизнесинин алга жылып, өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келди. Бул мезгилде коомчулукка анча аты угула элек Бабанов ушул өңүттөн пайдаланып, акча топтогонго баш оту менен киришкен. Мындан соң, 1995-98-жылдары Казакстан республикасындагы “Арлан” мекемесинде директор, 1999-2000-жылдары Бишкекте “ГППН “Мунайда” башкы директордун орун басары болуп иштеп турду. Өмүрбек мырзанын рейдерлик жол менен баскынчылык кылуу кадамы алгач 2000-жылы Жалал-Абаддагы “Кыргызхлопок” пахта иштетүүчү заводуна президент болуп келүү жылдарында башталды. Ал 2004-жылга чейинки бул жердеги кызматынын аркасы менен, ханзаада Айдар Акаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен заводду биротоло менчикке чыгарып алды. Заводду менчикке чыгарып алуу акысына Өмүрбек мырза Акаевдик система үчүн өзү туулуп өскөн Кара-Буура аймагында жашаган калкты ошол кездеги жүрүзүлгөн саясатка кыңк дедирбей ийгерип туруу болгон. Ушул мезгилде башынан пахтадан пайда таап, оокатын өткөргөн жергиликтүүлөрдүн бизнес кадамдары кыскарды. Анткени, Акаевдик система дыйкандардын пахтасын сыртка алып чыгарып сатууга уруксат бербей койду. Эмне кылар айласын таппаган пахта ээлери Бабановдун төмөнкү баада алган заводуна алып келип тапшырууга мажбур болушту. Бийликтин бул баскынчылыгы өз мээнети менен эптеп күн көргөн дыйкандарга жаккан жок. Натыйжасында, бөлөк элиталык баскынчылар сыяктуу эле Бабановдун заводдун күтүүсүздөн чыныгы ээси болуп калышы Акаевдик системанын кулашынын бирден-бир себептеринен болуп берди десек жаңылышпайбыз.

Бийликке карай жол Айдар кеткенде, Максим келгенде башталды…

Жогоруда айтылган өмүр-таржымал Бабановдун бийликке келишине жол ачты. Анткени, бир кездеги чектелүү кадамдар арымдап, акчанын күчү менен жогорку баскычтагы элиталык чөйрөнү азгырганга өттү. Муну менен катар, Акаевдик системанын кулашы, Бакиев заманынын келиши – бул адамга жаңы кадам жасоого чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ошол биз атаган 2004-2005-жылдар Бабанов үчүн элге алынуунун жылдары болуп берди. Бир кездеги жыйнаган акчалардын жарым-жартылай бөлүгү ушул мезгилдер аралыгында депутаттыкка баруу үчүн чачылып, Өмүрбек мырзанын андан ары кадамдоосуна курал болду. Жалпы коомчулук муну үстүртөдөн аңдай алышкан жок. Бийликке ийкемдүү болууну терең өздөштүргөн Өмүрбек мырза Бакивдин келиши менен ал бийликтин саясий жалпы мүнөзүн талдап чыкты. Ал кезде Айдар сыяктуу эле, Максимдин макулдугусуз эч нерсе бүтпөй турганын билген ал алгач жаңы ханзаада менен таанышканга үлгүрдү. Бул таанышууну коомдук ишмер ыраматылык, маркум Мелис Эшимкановдун кайсы бир гезитте берген интервьюсунан окусак болот. “Ал кезде мен Максим менен үка достой эле мамиледе элем. Өмүрбектин “мунай” бизнеси менен шугулданып жүргөнүн жакшы билем. Аны менен деле мамилем жаман эмес болчу, ал кезде. Анан бир күнү келди мага, “Мелис байке, Казакстан аркылуу жүргүзө турган бизнесиме Максимдин кийлигишүүсү керек болуп калды” деп. Мен жок деген жокмун. Максимге айтайын десем, “Жок, тааныштырыңыз” деди. Оюмда арамдык жок, аны менен Максимди болжошкон күнү жолуктурдум, экөө таанышышты. Сөздүн кыскасы, баягы маселе чечилди. Бирок, мен жардам берген Бабанов кийин мени карабай кетти, керек болсо, рахмат аке деп да койгон жок. Ошол күндөн, ушул күнгө дейре Максим экөө дос болуп келишет” – дейт ал интервьюсунда.

Бакиев заманында кезегиндеги Ак үйдөгү таасирдүү күчтөрдүн бири болгон Медет Садыркуловдун жалпы Кыргызстандын экономика багытындагы маселелери администрация кызматкерлери менен биргеликте жөнөкөй ийкемдүү депутат Өмүрбек Бабановдун кийлигишүүсү менен бүтүп турган деген маалымат бар булактарда. Кийин маркум Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнөн кийин аналитикалык изилдөөлөр боюнча, кырсыкка ошол кезде бизнес чөйрөсү менен байланышкан пикир келишпестиктен улам, Бабановдун да тиешеси болгондугун интернет желелеринен кезиктирсек болот.

Акаев заманынын кулашы менен Айдар баштап кеткен “мунай” бизнеси токтоп калган жок. Ал кетери менен жаңы ханзаада Максимге ал бизнести улантууга жол ачылды. Бул Бакиев президент болуп келгендеги алгачкы жылдары оңой ишке аша калган жок. Анткени, таасирдүү Россия сыяктуу өлкөлөргө Кыргызстанга жаңы бийликтин орношу анчейин жага берген эмес. Мунун аркасында оңой табактан жем жеп көнгөн эргулдар үчүн бир топ бизнес пландардын эшиги жабылды. Баштатан калыптанып калган “мунай” бизнесин андан ары улантуу үчүн Максим Бакиев Орусия менен мурда-кийин алака-катышы бар делген фигураларды колго алганга өттү. Ал ортодо кудай алаканга салгандай, Өмүрбек Бабановдун пайда болушу Максим үчүн көктөн тилегени жерден табылгандай эле болду. Анткени, “мунай” бизнесин андан ары жылдыруу ишин колго алган жагынан, орус бизнесмендери менен жең ичинен алака-катыш түзүү жагынан Бабановдон өткөн өнөктөш табылмак эмес. Ошол эле мезгилде Максимди убагында пайдаланып калуу менен, Россиянын бир канча шаарларында жеке бизнестерин ачканга үлгүрдү.
 
Тактап айтсак, Россиянын Пенза, Красногорск, Ленинград облусунда жана Беларуссияда жеке ишкана, заводдорун ачкан. Ошол эле Пензадагы цемент иштетүүчү заводдо өзүнүн экинчи жарандык жубайы Айнура Кыпчакбаева Алымбековна (мурда Акаев заманында барып,орун алып калган) директорлук кызматты аркалайт. Бул заводду ишке киргизиш үчүн, 500 млн. доллар көлөмүндөгү акча каражатын сарптаган. Булардан түшкөн акча каражаттарын Бабанов “авшордук аралчаларда” сактайт. Дегеним, биздин каармандын бүгүнкү күндөгү байлыгы коомчулукка белгисиз бойдон калуусу керек. Ал тургай, убагында жогорку баскычтагы элита чөйрөсү эмес, өнөктөшү Максим да мындай сырларды билген эмес. Ошентип, Максим – Өмүрбек кызматташтыгы ошол күндөн ушул күнгө уланып, Бабанов ханга салам бербеген абалга жетти. Учурда кудайын тааныбаган Бабанов премьерлик креслодо кийинки беш жылдыктагы президенттик тактынын канча доллар турарын боолголоп, ага камданып жаткан учуру.

Эң коркунучтуусу эки бизнесмен тандемде иштесе, Кыргызстанды мүлжүшөрүнө шек жок. Мындайча айтканда, Ө.Бабановдун бизнеси таза болсо бир жөн, эгерде бизнес чөйрөсүндө өнүккөнүн изилдесек, Ө.Бабановдун бизнесинде чырмалган криминалдык, саткындык, жүзүкаралык, паракорчулук, экономикалык кылмыштар ачык айкын көрүнгөнүн макалада камтыдык. Кыргызстанда таза бизнес кылууга эч качан мүнкүнчүлүк жок, себеби пара биринчи орунда турат. Демек, пара бар жерде кылмыштуулук да бар. Ошондуктан, Ө.Бабановго миллиондогон долларлар жөн жеринен келбегенин керектүү маалымат булактарынан алдык.

Дегинкиси, кыргыздар эң ыпластыгыбызды көргөзүп, уурулугубуз, зөөкүрлүгүбүз менен айырмаланып турабыз. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоонун алдында Таласка той берип, кырк жылкы сойгонго үлгүрдү. Ала-Тоодой эт тартып, Ала-Көлдөй чык берип, карды ач кыргызды бир тойгузду көрүнөт. Дегинкисин айтпаганда да, “призге” деп берилген миллион сомдор элди аябай ыраазы кылды деп уктук. Бирок, ошол эле маалда оруп жаткан акчасы жок дартынан айрылбай жаткан мусапырларга жардам берсе кандай жакшы болор эле деген кептер да айтылды. Алланын ыразычылыгына, тилекке каршы андай ой биздин Чөөлөрдүн ойлоруна дагы келбейт. Таластыктар шайлоо учурунда этке чыланганына ыраазы болуп, Алмаз Атамбаевге 96% добуш беришпедиби, кудай буюрса Таластагы алтын кендерин ачууга жол ачылды, бир убакта Алмаз Шаршеновичти таш бараңга алып кууп чыгышты эле. Көрсө элди дагы деле эт, акча менен алдаса болот турбайбы. Бирок, ушундай жат көрүнүштөн кийин элди убактылуу гана алдоого болот, Өмүрбек Бабановдун фокустары азырынча өтүп жатат. Качан, кайсы күнү бир жеринен жарылып чыгарын көрө жатарбыз, түбөлүк элди алдай албайт. Ушуну саясатчылар биле жүрүшсө.

Качкынбек БУЛАТОВ,
укук коргоочу
 

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Аз күндө Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаева кызматын тапшырат. Мамлекет башчысы болуш кыйын, кыйла чоң жүкту аял башы менен көтөрүп келгенин тана албайбыз. Отунбаева өзү дээрлик 1,5 жыл созулган президенттик мөөнөтү тууралуу эмне дейт? Бул тууралуу Роза Отунбаеванын британдык «Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтуна» (IWPR) маек берген, биз ошол аңгемелешүүнү толугу менен сунуштайбыз.
 
IWPR: Сиздин оюңузча качан өлкө жарандары жана өлкөнүн ар бир атуулу парламенттик башкаруунун үзүрүн көрө баштайт? Эмне үчүн сиз Кыргызстан келечекте да ушул жол менен кетиши зарыл деп эсептейсиз?
 
Роза Отунбаева: Ачык айтканда, карапайым жарандарды алар кандай башкаруу системасында жашап жаткандыгы анча деле кызыктырбайт, анткени аларга   эң башкысы тынчтыкта, барчылыкта, токчулукта, коопсуздукта жашаган маанилүү. Соңку 20 жылда биз абдан оор турмушту башыбыздан өткөрдүк: экономикалык, саясий кыйынчылыктар болду. Ошондой эле алдыбыздан «америкалыктардын секриктери» да кездешти, айтор бир топ эле кыйынчыктарды башыбыздан кечирдик. Соңку эки жылдын аралыгында эле элибиз эмне деген саясий окуяларды башынан кечирген жок: мамлекеттик бир башкаруудан экинчисине алмашуу жараянына күбө болуп эле тим болбостон, аны да өз баштарынан өткөрүштү. Бирок биз дүйнө жүзүнө бир нерсени абдан эле тез үйрөнө турганыбызды, ал тургай мындай «мамлекет таануу» деп аталган татаал сабакты деле тез эле өздөштүрө турганыбызды көрсөтө алдык. Ал аралыкта биз кандай башкарууда жашообуз керектигин жана жашай ала турганыбызды аныктап алдык. Натыйжада, бизде оппозиция жана коалиция түзүлдү.
 
Эсиңерде барбы, мындан беш жыл илгери Кыргызстанда «оппозиция» деген бирөөнү урушканда колдонулуучу абдан эле жагымсыз сөз эле. Бүгүнкү күнү «оппозиция» деген абдан татыктуу угулат. Учурда ири коалициягабы, же оппозицияга кирүү зарылбы деген маселе көтөрүлүп жаткан учурда, көпчүлүк саясатчылар, эмне үчүн мен коалицияга кирем, менде эки маанилүү комитеттер: бюджет жана укук тартип комитеттери оппозицияга тиешелүү, мындан сырткары оппозицияга спикердин бир орун басарлык кызматы жана БШКдан жана Эсеп палатадан мүчөлүк кызматтар берилет. Анын баары оппозиялык партияны түп тамырынан бери көтөрүүгө жардам берээри турган иш.
 
Ошондуктан, биз саясий системаны курууда саясий талаада боштук болбошу керектигине көзүбүз жетти. Анын баары бош болбошу керек экен. Ар кимдин өзүнүн дараметине жараша эмгеги бааланыш керек экендигин түшүндүк. Ошондой эле, мен да бийликтен кеткенден кийин, «мени талаага таштап салышты», деп айтпагандыгым үчүн, мага татыктуу орун берилиш керек деп ойлойм.
 
Мына Британияда лорддор Палатасы бар, же башка жерде башка түрү дегендей. Биз өнүгүп жаткан, жаш өлкөбүз. Телчигип келе жаткан демократия шартында да биз ушундай нерселерди эстен чыгарбашыбыз керек.
 
Менин оюмча биздин эл абдан тез үйрөнөт экен жана бардык жаңы нерселерди тез эле кабыл алышат. Силер өзүңөр окуялардын кандай тездик менен өнүгүп, коалициядагы фракциялар туура эмес иштешип, ал тургай бир коалициядагы фракциялар өздөрүнүн өкмөтүнө каршы иштеп жаткандыгына да күбө болдуңуздар. Бул жөнөкөй арифиметика эмес, бул саясий өнүгүүнүн алгебрасы жана мындай көрүнүштү өз мезгилинде анын оюнчулары да байкабай сыртта турган көрүүчүлөр кимдин кандай катачылык кетиргендигин ачык, даана көрүп турушту.
 
Менин оюмча бул абдан баа жеткис университет. Менин көз карашымда биз анын баарын көрүп эле тим болбостон, жакшылап таанып, билишибиз зарыл эле. Чындыгында биз көрдүк. Иш жүзүндө Европанын баары, Азиянын бир бөлүгү, Индия, Турция парламенттик демократияда жашап жатышат. Маселен, биз мындай жараяндардын баарын өзүбүз аркылуу, тарыхый шарттарга ылайык башыбыздан өткөрдүк. Биз башыбыздан өткөргөн жол биз үчүн абдан маанилүү. Аягында биз өзүбүз тандаган жолго түштүк.
 
Парламенттик башкаруунун жаман жакшы жагын ачык байкаш үчүн жок эле дегенде биз эки үч жолу парламенттик шайлоо өткөрүшүбүз зарыл. Ошондой болсо да, биз көрүп жатабыз, жаңы системанын көп нерселери иш жүзүндө өз жемишин берип жатат. Мен өзүмдүн парламенттеги өкүлүм аркылуу күндөн күнгө парламентте колдонулуучу механизмдер жакшырып жаткандыгын угуп жатам.
 
Иш жүзүндө парламентте беш фракция иштеп жатат жана алардын кандайдыр бир чечимге келиши абдан эле кыйындай сезилет. Чынында эле бизде абдан талаш-тартыштуу учурлар болду. Учурда менин столумда ОТРК, сот реформасы тууралуу мыйзам долбоорлору жатат. Өз мезгилинде парламент да бул маселе боюнча таптакыр эле башкача пикирде эле. Ошондой болсо да көпчүлүк маселер адегенде парламентте кызуу талкууга алынып, андан соң жалпы талкууга чыгарылып, акырында жалпы бир чечим кабыл алынып жатат.
 
Мунун баарын баштан өткөргөндөн кийин парламенттик жашоо анча деле тынч болбой турганына күбө болдук. Анткени президенттин мыйзам чыгарууга укугу жок болгондуктан, мыйзамдын баары парламентте кабыл алынат экен. Ал жөн эле кабыл алынбаары да турган иш.
 
Ошентип, биз ар кандай пикирлердин күрөшүнө күбө болуудабыз. Ар бир депутаттын артында ири топтор турат. Ар бир мыйзамдын артында да кызыктар адамдардын турушунун өзү кызыктуу. Парламенттик жашоонун өзгөчөлүгү анын ар бир адамдын энергиясын ойготуп, алардын ар бирин ойлонууга мажбур кылгандыгында экен. Биз эми республиканын ар бир жараны мындай жаңы башарууга өзүнүн салымын кошуусун каалайбыз.
 
IWPR: Тартип коргоо системасындагы актуалдуу проблемалар менен күрөшүүдө кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз жана бул жаатта өзүңүздүн мураскоруңузга эмнени сунуш кыласыз?
 
Отунбаева: Бул бир жарым жыл - кризистик мезгил болду. Коомдогу тынчтык, тартип бузулуп, биз мыйзамсыз талаага түшүп калдык. Кылмыштуу дүйнө баш көтөрүп, башаламандык, тартипсиздик башталды. Биз ушундай абалда жашадык.
 
Июнь окуясынан кийин биз акырындап, бирок туура жол менен өлкөдө тартип орното баштадык. Июнь айынан тартып, коопсуздук маселеси эң маанилүү маселеге айланып, биринчи орунга чыкты. Биз аны менен жума сайын, ал тургай саат сайын алектенип турдук. Ошондо мен катардагы жаран үчүн коопсуздук нандан да биринчи орунда тураарын түшүндүм. Ошентип, ал учурда биз үчүн коопсуздук маанилүү маселелердин да маанилүүсү болду.
 
Колдо бар күчтүн баарын бул маселени чечүүгө багыттадык. Натыйжада, биз милиционерлердин маянасын көтөрүүгө каражат таап, коопсуздук күчтөрүнө жүз пайыз көңүл буруп, жалпы эле тартип коргоо органдарынын ишин жакшырттык. Качан отту өчүрүү керек болсо, чогуу иш алып барып жаттык.
 
Ушул жылдын январь айында мен кылмышкерлерге карата согуш жарыяладым. Мен ойлойм, биз бул маселерде да белгилүү натыйжаларга жетиштик. Анткени өз убагында кылмышкерлердин өкүлдөрү бизге чыгышып: «Жеке менчикти жана саясий маселерди чечүүдө биз деле силердей ордубуз бар жана андай маселерди чечүүгө катышабыз» деген дооматтарын койгон учурлар да болду. Анткени буга чейин бийлик криминал менен аралашып кеткендиктен, алар мындай талаптарды айтып көнүп калышкан экен. Ошентип, мындай кылмыштуулукту жок кылууга туура келди. Бул жаатта милиционерлердин ишине баа бериш керек, анткени алар өз милдеттерин эң жогорку деңгээлде аткарышты. Натыйжада, уюшкан кылмыштуу топтордун эки жүзгө жакын ана башчылары жана өкүлдөрү кармалышты.
 
Менин оюмча биз бул таалааны тазаладык жана милициянын жөндөмдүүлүгүн алда канча көтөрдүк. Эми бул маселени акырына чыгарыш керек. Ал үчүн көптөгөн маселелерди чечүү зарыл. Биринчиден, жаңы бийлик прокуратурада реформа жасашы зарыл жана ал жаңы баш мыйзамдын талаптарына ылайыкталышы керек. Анткени Баш мыйзам боюнча орчундуу маселер алмаштырылды. Ошол эле мезгилде бул жерде коопсуздук кызматы тууралуу да сөз болууда. Жаңы бийлик бул кызматтын ишин, багытын түп орду менен өзгөртөт деп ойлойм.
 
Биз кризис-менеджердик кызматты аткардык. Биз үзүлгөн жиптин учун жоготпой кармап, кийинки жээке жеткирүүгө аракет кылдык. Ал эми азыр ар кандай реформа жасоого шарттар түзүлдү. Каалагандай жасай берсе болот.
 
IWPR: Кыргызстан дүйнө коомчулугун 2005- жана 2010-жылдары болгон ири революциялык окуялар менен таң калтырды. Ошондуктан чет өлкөлүктөрдө Кыргызстан дайыма эле талаш-тартышта болуп, оорчулукту башынан кечирип жаткан өлкө катары сыпатталып, мындай көрүнүш өлкөнүн товардык белгиси болуп калгансыды. Сиздин оюңузча чет өлкөлүктөрдө Кыргызтан тууралуу кандай имидж жаралыш керек жана кантип аны түзүү керек деп ойлойсуз? 
 
Отунбаева: Онунчу жылы Кыргызстанда эле эмес дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдө ушундай оор окуялар болду. Европада азыр евро кризиси жүрүүдө, анын алдында биз жөн эле эс ала берсек болот.
 
2011-жылы бир катар Жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө жанданган окуялардын бүгүнкү күнгө чейин арты көрүнө элек. Ал жакта абдан оор абал түзүлдү. Тунисте шайлоо өткөндөй болду бирок  Египетте кырдаал али күнгө чейин оор бойдон калууда.Биз алардан бир жыл илгери Кыргызстанда диктатордук режимди кулатып дүйнө коомчулугуна жөн гана адамдардын тобу бийликти алып алышып, баш аламандыктан башка эч нерсени жасай алган жок деген сөзгө калган жокпуз.
 
Дүйнө жүзүндө азыр саясий жетишкендиктердин таңкыстыгы орун алууда. Ага мисал катары, тез арада демократиялык өзгөртүүлөрдү жасоо абдан оор экендигин келтирүүгө болот. Ал эми эволюциялык өзгөртүүлөр дайыма колдоого алынат. Ошондой болсо да качан саясий режим сени ар тараптуу кысып, айлаңды кетирип, кесип, өлтүрө баштаганда башка айлаң жок болуп калат экен. Биздин ыңкылап (апрель) деле канга чөгүп, андан эч нерсе деле чыкпай эч нерсе менен бүтпөй калмак. Бирок биздин саясий эрк, биздин оюбузду бир жерге топтой алгандыгыбыз жана биздин элибизди эркин ойлонуп, эркин дем ала турган жашоого алып барабыз деген каалообуз башкача натыйжага алып келди.
 
Менин оюмча, биз Кыргызстандагы абаны тазаладык, биз оппозиция жана пропозиция үчүн да бардык шарттарды түзүп бердик. Биздин азыр чет өлкөлөрдө туруп алып бычагын кайрап жаткан элдешкис душманыбыз да жок. Учурда бизде күч менен эч кимди сыртка, чет өлкөгө чыгарбайбыз же качып кеткен учур кездешпейт. Мындай көрүнүштү бүгүн кездештире албайсыз. Бүгүн бизде мыйзам менен жакшы жашаш эле калды.
Менин оюмча, бул жаатта Кыргызстандын тажрыйбасы, дүйнө күткөндөй эле үлгүдө болду. Дүйнө коомчулугу өз мезгилинде жалаң эле жаман жаңылыктарды эмес, жакшысын да күтөт эмеспи.
 
Биз чынында эле референдумду өз убагында өткөрүп, парламенттик башкаруудагы Баш мыйзамды кабыл алдык. Андан соң парламенттик шайлоо өткөрүп, биз күткөндөй болбой оппозиция биринчиликти алды. Шайлоо сиздердин өз алдыңыздарда, экранда өттү. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.
 
Бул тарыхта биринчи жолу Борбор Азияда өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эркин шайлоо болду. Аны биз 2010-жылдын октябрь айында жасадык. Биз азыр президенттик шайлоону өткөрдүк. Эмне десек дагы болгону 60 арыз түштү. Ал арыздардын маңызы эч убакта шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт.
 
Ошентип, биз бүгүн бардык убада кылгандарыбызды ийгиликтүү аткарып бүткөн мезгилде турабыз. Биздин мындай кайра куруулар мезгилинде бизде ар кандай күмөн саноо, сарсанаа болуу да орун алды. Бирок эл бизге караганда акылдуу экендигин көрсөтө алды жана алар иш жүзүндө бийик экен. Биз түндүк түштүк, алар кантип добуш беришет деп ойлодук эле. Мына карагыла эл кандай добуш беришти. Саясатчылардын башында ар кандай туура эмес сандар боло берет экен. Ал эми эл чыныгы сандар кандай көрсөтсө, ошондой добуш беришти. Менин оюмча бул чыныгы жетишкендик. Эл аларды баштап бараткандардан алда канча жакшыраак ойлонушаарын далилдеди.
 
Биз Борбордук Азиядагы хандын урпактарынан экендигибизди биздин тарыхыбыз тастыктап турат. Ал эми соңку тарыхыбызда өлкөнү Раззаков, Усубалиев, Масалиев башкарышты. Ал эми Акаев менен Бакиевди эл өзү кууп жиберишти. Мен болсо татынакай шан шөөкөт менен бийликти өткөрүп берейин деп жатам. Эл муну сезип, өз көздөрү менен көрүп жана түшүнүүсү керек. Башка бардык мамлекеттер сыяктуу эмне үчүн биз муну жасай албайбыз?
 
Мен ушуну ойлонуп жатам. Бардык система иштеши керек. Мен сыяктууларга жана президенттик шайлоодо жеңилип калгандарга жана башкалардын баарына орун табышыбыз керек. Демек, коом ушундай жол менен өзүнүн саясий люстрациясын жасайт. Шайлоонун өзү эле кайсы бир адамдарды сыртка чыгарып коет. 
 
Ошону менен бирге биз азыр өнүккөн өлкөлөр менен баалуулуктарды алмашкан өлкөбүз. Биз азыр өзүбүздү өтө эркин жана текебер сезип жатабыз. Эгер бизге Европадан келишсе алар биз да алардын өлкөсүндөгүдөй эле мыйзамдар менен жашап жаткандыгыбызды көрүшөт. Бизде жаш демократия болгондуктан кээ бир нерселер биз ойлогондой жакшы жана кынтыксыз болбой жатат. Бизди мындан ары эч ким жибек жип менен муунта албайт.
 
IWPR: 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынан кийин түндүк менен түштүк бөлүнүп калган жокпу? Кайсы бир саясатчылар өз максатына жетүү үчүн өлкөнүн экиге бөлүнүшүнө алып келиши мүнкүнбү? Мындай нерселерди болтурбоо үчүн эмнелерди жасоо керек деп ойлойсуз?
 
Отунбаева: Башка өлкөлөр сыяктуу эле биздин, өзүбүздүн да белгилүү бир көйгөйлөрүбүз бар. Улуу Британияда жашадым. Ал жерде шотландыктар, уэлцтер жана англичандар жашашат. Ал тургай Ман аралында да көйгөйлөр бар. Америкада болсо канчалаган маселелер бар. Биз буга мындай болот жана муну өзгөртүүгө болбойт деген көз карашта болбошубуз керек. Бул дээрлик бардык мамлекеттерде болот. 
 
 Ооба, бизде түндүк-түштүк, анын эмнеси көйгөй? Бизде бир тил, бир маданият, бир дин. Көйгөйдүн баары социалдык-экономикалык өзгөчөлүктө. Түштүктөн келген канчалаган адамдар түндүккө отурукташышты. Ошол эле мезгилде түштүккө карай жылуу жок, анткени ал жакта жер тартыш, бирок түндүктүн элдери Фергана өрөөнү эмне экендигин билишпейт, алар түштүктүн атыр жытын сезип көрүшкөн эмес. Азырынча баары түндүк тарапка келип жатышат. Мисалы, түштүк тараптан келгендердин көпчүлүгү түндүктөн   жерлерди сатып алышты. Эгер биздин каражатыбыз болгондо, биз мындан да жакшы жашамакпыз жана туризм бизде дагы мыкты өнүкмөк. Бардыгы бири-бирине катташып, алыш бериш болуп турушу керек.
 
Бизде түндүктө канча кооз жерлерибиз болсо, түштүктө да ошондой татынакай жерлерибиз бар. Өзбекстандын туристтик компаниялары совет мезгилинде туристтерди өздөрүнүн Бухара жана Самарканд шаарларына, андан кийин бизге алып келишип, «эми биздин тоолорубузда эс алгыла», - деп айтышкан. Демек бул жердин мыктылыгын даңазалап турат. 
 
Биз ички туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Япония муну колдонуп жатат. Япондор жаштайынан тарта өз өлкөсүн поезд менен кыдырып чыгышкан.    Бизге албетте, өлкөнү алдыга сүрөө үчүн инвестиция керек.
 
Учурда өлкөнүн түштүгүндө көптөгөн алтын кендерин иштетүү иштери турат. Мындай көрүнүштөр түндүктө жок. Булардын баары жумушчу күчүн жана көптөгөн эксперттердин акыл-эсин, адискөйлүгүн талап кылат. 
 
Биз экономиканын алсыз тепкичинде турабыз. Бизге билимге, маданиятка негизделген , руханий жактан суугарылган экономикалык ишмердүүлүк керек. Учурда биз Ош шаарында жакшынакай көп жандуу фестиваль өткөргөнү жатабыз. Эгер ал жыл сайын өткөрүлүп турса, анда элдер ал жакка барууну пландаштырышат. Шаар да өсөт. Ал фестивалда өзбекче да, тажикче да ырларды угууга болот жана ал жерден атлас кездемелерин жана ылайдан, чоподон жасалган буюмдарды сатып алууга болот. 
 
Ал эми саясатта, тилекке каршы, бардык жерде ар кандай ушак айыңдар орун алууда. Анткени саясатчылар дайыма бир нерсени эксплуатациялап турушу керек. Шайлоодогу добуш берүүлөр көрсөткөндөй ошол эле Атамбаев добуш топтоо боюнча Ош шаарында биринчи, Жалалабадда экинчи, ал эми Баткенде үчүнчү орунду алды. Мындай көрүнүш ал жерде «өз кулундарыбызга гана добуш беребиз», - деген ойдун жок экендигин көрсөттү. 
 
IWPR: 7-апрелдеги жана июндагы окуялардан кийин негизги күнөөкөрлөр мамлекетке кайтарылган жок. Бийлик аларды жоопко тартууну убада кылса да, алар сот алдына алынып келинген жок. Алгач тартип коргоо органдары Бакиевдерди жана башкаларды өлкөгө кайрадан алып келипүү үчүн активдүү иштешти, бирок көп өтпөй андай болбой калды. Бул саясатчылар олуттуу кылмыштарды жасап, андан кийин өлкөдөн качып кетип башка мамлекетте жазаланбастан эле жашаса боло берет дегендей өкүнүчтүү тажрыйбанын башталышына алып келбейби? Сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай?
 
Отунбаева: Тарых өзү көрсөтүп жаткандай ондогон жылдар өтөт, баары бир жооп берчү күн келет.Бизде соңку бир жарым жыл баш аламандыктардын жана кооптонуулардын жылы болду. Негизги милдет тынчтыкты, бейпилдикти, туруктуулукту орнотуу болду. Бизде биригүү, же чогулуп акылды бир жерге топтоо аракети болгон жок. Бирок көп жумуштар жасалды.
 
Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча көптөгөн докладдар, иликтөөлөр, анын ичинде Эл аралык комиссиянын [Киммо Кильюни башында турган] иликтөөсү жасалды. Булар да Кыргызстандын жетишкендиги болду, анткени бул аймакта эл аралык комиссия иштеген эмес. Бизде кантсе да, ушул нерсе жасалды. Бизге миллиондорго сатып алгыс чындыкты, ушул комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы берди.
 
Биз экстрадиция сыяктуу тажрыйбаны өтө сейрек учуратканбыз. Бизде 7-апрель окуясы боюнча сот иши бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат. Ал эми июнь окуялары тууралуу айтсак, 2010-жылдагы окуяга караганда, 1990-жылда болгон окуядан кийин кылмыш иштери бир топ аз каралган, жана сотко бир топ аз кылмыш иштери жеткен эле. 
 
Биз кичинекей өлкөбүз, мындай кризистик, шашкалактаган убакта биз керилип жатып, же такыр эле алсыз болуп калган жокпуз. Биз бардык эксперттерди биримдикке чогулта алдык. ГКНБдан, ИИМден, прокуратурадан бирдиктүү изилдөө топтору түзүлүп биргелешип иш алып барышты. Алар Ош, Жалалабад облусттарында иштешти. 50 адам үзгүлтүксүз иштеп жатышты. Сот иштери негизинен өтө татаал иш. 7-апрель боюнча сот иши бүгүнкү күнгө чейин сөзулуп келе жатат. Менин билишимче, жаңы президенттин күн тартибинде бул дагы бар.   Биздин тарыхыбыз так жазылыш үчүн жана ага туура баа берилип, жалпы бир адилеттүү жыйынтык чыгарылыш үчүн да бул иш соңуна чыгарылат.
 
Биз бул маселе боюнча бир минут да ишти жайлаткан жокпуз. Туура, бүгүн бизге Англия Бакиев Максимди, же Белорусия Бакивди өткөрүп берген жок. Иштин баарын толук далилдеп берүү кыйынга турууда.
 
Ал эми Медет Садыркуловдун иши учурда аякталды, аны сотко өткөрүп берип жатышат. Сөз эми Бакиевдин өзү жөнүндө болуп жатат. Эмне үчүн Белоруссия аны бизге бербей жатат? Анткени алар Бакиевге саясий куугунтук жасалып жатат деп эсептешет. Учурда Садыркуловдун ишин соттон алып салуу үчүн чоң күчтөр аракеттенишүүдө. 7-апрелде 90 адамдын өмүрү кыйылды. Ал адамдар арабызда жок, жерге берилди. Биз муну далилдешибиз керек. Азырынча Беларуссия бул иштерди сасий куугунтук катары кароодо.
 
IWPR: Сиз 1,5 жыл президенттик кызматты аркаладыңыз. Эгер сиз толук кандуу президенттик мөөнөттө иштегениңизде дагы 4,5 жылдык мөөнөтүңүз калмак. Ошондой болгон учурда сиз дагы эмнелерди жасамаксыз? Сиз өзүңүздүн ушундай кошумча мөөнөтүңүздүн болбогонуна өкүнбөйсүзбү? 
 
Отунбаева: Мен өкүнөм же өкүнбөйм деп айта албайм. Анткени башынан эле мен расмий түрдө мындай чектелген мөөнөткө макул болгонмун. Бул бардык жетекчиликти колго алып, дагы андан ары жүрө турган кризистик жана күчтөрдүн биригүү сааттары эле. Мен эмне жасашым керек болсо, ушул 1,5 жылда анын баарын жасай алдым.
 
Көбүрөөк мөөнөт керек, үч жыл керек деп айткан адамдар да болушту. Бирок, чындыгында эле 1,5 жыл керек болгондугун мен бүгүнкү күнү сезип жатам. Анткени, андай болбогондо, өткөөл мезгил дагы 1,5 жылга чейин уланмак жана бул өлкөнү ушундай кризистен алып чыга алмак эмес.  
 
Кандай болгон күндө да, эгер менин бул кошумча мөөнөтүм болуп калса, анда мен бул иштердин баарын аягына чыгармакмын. Айрыкча 7-апрелден кийин бийликке келген баарыбыз, 7-апрелде курман болгон балдардын алдында, бул ишти аягына чыгарууга милдеттүүбүз, деп эсептейм. Бакиевдик бийликтин бардык ички сырын, эмне үчүн биз бул бийликке каршы барганыбызды коомчулукка көрсөтүшүбүз керек. 
 
Албетте, июнь окуялары мүнөзү жагынан өтө татаал окуя болду. Ошондуктан ушундай аппеляциялык жол менен кайрадан арыздана албаган айыптоолор орун алууда. Бирок, мен да бул окуянын себебин ачууга жана муну ким жана эмне үчүн жасагандыгын көрсөтүүгө өз күчүмдү жумшамакмын.
 
Мен сот реформасын аягына чейин чыгармакмын. Биз аны жаңы эле баштадык, ал башталышында эле токтоп калдык. Анткени шашылыш кабыл алынган мыйзам бар болчу. Ошондуктан, Сотторду тандоо боюнча Совет жемишсиз болуп калды. Жыйынтыгында, бүгүн да кайрадан эле соттук реформаларды жасоодо нөлдүк көрсөткүчтө турабыз.   Бийликтин бул бутагында реформа жүргүзүү – бул өтө чоң иш. Муну биз татыктуу жасашыбыз керек, анткени баарынын башында сот бийлиги турат экен. 
 
Бүгүнкү күнү парламент да, президент да, өкмөт да - бирөөсү да жеке адамдын, же кайсы бир уюмдун, тармактын ишинин натыйжасын чече албайт. Укуктук мамлекетте муну сот чечет. Бизде бул негизги маселе. Сот – бул бизди кармап турган бардык авторитардык, тоталитардык нерселердин топтолгон жери. Бул жерде бардык ачыткылар жана өткөндүн калдыктары сакталууда. Анын баарын кайрадан өзгөртүү зарыл.  
 
Соңку президенттик шайлоолордо шаарларды куруу, баарынын маяналарын, пенсия акыларын көтөрүү сыяктуу түрдүү убадалар берилип келген. Бүгүнкү күнү бул президенттин ыйгарым укугу эмес. Бул маселелерди чечкен өкмөт бар. Президент дем күч берип тура алат, ал өлкөнүн жалпы өнүгүү динамикасына жооп берет. Бул маселелер президент үчүн маанилүү артыкчылыкка ээ. Эгер менде мүнкүнчүлүк болсо, мен ушулар менен алектенмекмин. 
 
IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору Тимур Токтоналиев

 

Бишкек, “Саясат.kg” – Гүлзада Турдалиева. Республиканын экономикасын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү жана ачык-айкын стратегиялык программанын жоктугунан өлкө үчүн абадай зарыл болгон өндүрүш жаатында иш-аракеттер алымсындырарлык эмес. Бул көмүр өндүрүү тармагына да тийешелүү. Төмөндө республикадагы көмүр тегерегиндеги маселелер туурасында азыноолак кеп кылмакчыбыз. 
 
Кыргызстанда жер алдындагы көмүр кенинин запасы жетиштүү. Көмүр кендери геологдор тарабынан союз мезгилинде жеткиликтүү чалгынданган. Геологдор ассоцияциясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин баамында, өлкөдө жер алдындагы кара алтын 2 миллиард 300 миллион тонна, окумуштуулардын пикиринде 3-4 миллиард тоннага жакын. Сапаты жагынан көмүр стандарттарга жооп берет, аны казып алуу менен бирге нефть менен газды да алууга болот. Финансылык каражаттардын жетишсиздиген улам көмүр кендерин толугу менен иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошентип, учурдагы өлкөдөгү өнөр жай тармагынын акыбалы көмүр кендерин толук кандуу иштетүүгө мүмкүнчүлүк бербей келет. 80-жылдарга салыштырып караганда бүгүнкү күндө он эсеге: болжол менен жылына төрт миллион тоннадан 400 миңге чейин кыскарган.   
 
Орто Азиянын от жагары эмес белек?
 
Кыргызстанды бир кезде “Орто Азиядагы от жагаар (кочегарка)” деп аташкан. Карап көрсөк, геологиялык картада “көмүр” деп белгиленген бир топ жайларыбыз бар. Ошого карабастан таш көмүрдү учурда Казакстандан ташып келебиз. Суук түшкөндө казак боордоштор эмес, атүгүл Америкадан деле алып келүүгө даяр эмеспизби. Ошентсе да, бир учурларда “кара алтынды” импорттоону токтотуу маселеси көтөрүлүп чыккан. Маселе козголгону менен көнүмүшүнчө жылыш жок кала берген. Өткөн айда баарыга белгилүү Казакстандан биздин өлкөгө ууланган көмүрдү ташып келүүдөн улам чыр чыкты. Адистердин текшерүүсүндө ташылып келинген 30 чамалуу вагон кулан көмүрүнүн радиоактивдүүлүгү чектелген нормадан 9 эсеге жогору экендиги аныкталды. Дээрлик бир айдан ашуун ЖКнын депутаттарынан тартып жылуулукка муктаж карапайым адамдарга чейин бул тууралуу сөз болду. Акыр соңунда мыкчыгерлер баш калаадагы борбордук жылуулук берүү ишканасынын кампаларындагы, Кара-Балта шаарындагы вагон токтоочу жайда эксперттердин өкүмүн күтүп калган бир нече вагондордогу кара отунду мекенине кайтарды. Анткени менен калктын саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизүүчү жана сапаты төмөн көмүрдү ташып келүүгө күнөөлүүлөр жана жоопкерлер эмдигиче ачыкка чыкпаган боюнча.   
 
“Балык башынан сасыйт” деген кеп бекеринен эмес. Сүрүштүрө келгенде, кептин баары көмүр ташып келүү боюнча тендерге келип такалат экен. Тээ жайда эле премьер Атамбаев экономика тармагын жана калкты 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы маалына даярдоо жөнүндө токтомго кол койгон. Документте 1-июлга чейин “Электр станциялары” ишканасын “бюджеттик мекемелер үчүн отун ташып келүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендер өткөрүүнү” милдеттендирет. Анын аткарылышын Энергетика министрлиги көзөмөлгө алууга тийиш эле. Бирок, тендердин өтүшү, жеңүүчүлөрү жөнүндө “Электр станцияларында” дагы, “Энергетика министрлигинде” дагы ачык жарыяланбай, баардыгы жайында таризинде аткаминерлер бүдөмүк кептерди айтып тим болушат. Ошентип, сентябрдын экинчи жарымында маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде Энергетика министри А.Шадиев “Кулан кендеринен жана Шабыркүлдөн борбордук ТЭЦке көмүр ташуу боюнча келишимдер түзүлгөндүгү тууралуу” жарыя кылат. Ал эми сентябрдын соңунда өкмөттүн отурумунда Өмүрбек Бабанов каржы полициясына Бишкек ТЭЦине туура эмес сатып алууларды жүргүзгөндүгүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырат.
 
Энергетика тармагынын эксперт Расул Умбеталиев мындай пикирин билдирген: “Радиоактивдүү көмүрдүн Бишкектеги ТЭЦ ишканасына ташылып келинишине вице-премьер Өмүрбек Бабанов айыптуу. Кулан көмүр кени узак жылдар бою уран казылып алынган Казакстандын Ак-Суек, Мирный шаарчаларында жакын жайгашкан. Текшерүүнүн негизинде  тендерден жеңип чыккандыгы белгилүү болгон North Power Trade чектелген коомунун ордуна өкмөттүн токтому менен ТОО «Кулан ТБ» кирешелүү тендердин салтанаттуу жеңүүчүсү деп табылып, көмүр ташып келүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ортодо мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссиянын чечимдери жокко чыгарылып, бир катар мыйзамдар бузулган. Көз карандысыз эксперттердин, парламенттин депутаттарынын жана коомчулуктун арты менен гана радиоактивдүү көмүр ташылып келинип жаткандыгы тууралуу факты белгилүү болгон”.
 
Кыңыр иштин бети ачылгандыктан, атка минерлер жогорудагы ишкана ташыган көмүрдүн зыяндуулугун акыры моюндарына алууга аргасыз болушат. Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов Казакстандан ташылып келинген көмүр радиоактивдүү экендигин башта эле билишкендигин кабарлаган. Бажы кызматкерлери билишсе да, билмексен болушкан, ыйгарым укуктары жок болгондуктан, унчугушкан эмес. Анын үстүнө көмүрдү ташып ташып келүүчү тараптын колунда профилдик инспекциянын “стандарттарга туура келет” деген корутундусу болгон.
 
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөновдун айтымында, Казакстандан ууланган көмүр Бишкектин ТЭЦтерине быйыл эле ташылып келинген жок. Үстүбүздөгү жылы тендерди “Кулан ТБ” жеңип алган болсо, мурда ушул эле көмүрдү “Кулан-Көмүр” компаниясы ташып келчү. Бирок, буга эч ким маани берген эмес. Демек, мындай көмүр менен жылынып, зыянга учурагандар арабызда бар экендиги турулуу иш. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө жалпы кыргызстандыктардын саламаттыгына зыян келтирүүчү көмүрдү ташып келүүгө катышы бар адамдардын арасында белгилүү эле депутаттардын кулагы чыгып калды. Депутат Райхан Төлөгөнов алардын ким экендигин билээрин, бирок, азырынча айтпай тургандыгын жарыялады. Ал эми көмүрдү жагууда бардык зыяндуу заттар абага чыгып, радиациялык нурланууга алып келээрин, бул ТЭЦти көп миллиондук чыгымга тушуктураарын айтып чыкты. Анткени, андан кийин жагылган көмүр дагы радиоактивдүүлүккө учурайт экен. “Мындай болбошу үчүн ТЭЦтин жабдууларын толугу менен алмаштыруу зарыл,”– дейт ал. Эске салсак, эксперттердин корутундусуна ылайык, отун коопсуздуктун 3-даражасына туура келгендиктен, бул радиациянын тийешелүү деңгээлинен 15ке көп экендигин түшүндүрөт. Демек, көмүр иши менен аралашкандарды тез аранын ичинде медициналык кароодон өткөрүү зарыл. Радиоактивдүү нурларга кабылуу илдети – билинбей эле өлүмгө алып келет.   
 
 
Ал эми бизде абал кандай?
 
Өз алдынча көмүр казган адамдарды бизде «апачи» деп аташат. Мындай ат Советтер Союзунан калган. Көмүр шахталары мыйзамдуу иштеп турган доордо көмүрлөрдүн калдыктарын терип, адамдар от жагып жылынышкан. СССР тарап, кенчилер жумушсуз калган мезгилде өз алдынча көмүр казып, сатууга өтүшкөн. Кыргызстандын ар кыл аймактарында бул кесип менен шугулдангандар аз эмес. Алмалык, Таш-Көмүр, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кара-Кече жана башка көмүр кендеринде жергиликтүү тургундар таштуу адырлардын боорлорун 60-80 метрге чейинки тереңдикте 3төн 5 айга чейин күн-түн дебей казып чыгышат. Ал эми шахтага түшкөндө башына гана жарык берүүчү шаймандарын тагып алышпаса, газдан жана чаңдан коргоочу кийимдердин бирин да кийишпейт. Ошондуктан, көмүрдү казууда кырсыкка кабылып, өлүм менен аяктаган учурлар көп кездешет. Бирок, ушунун арты менен тирилик кылып, үй-бүлөлөрүн багышкандыктан, тобокелдик кылышат. Мисалы, Кызыл-Кыя шаарындагы көмүр кендеринин ичи 90-жылдардын башында кадимки шаарга айланган. Кино салон, ашкана, самсакана, чайкана, арак саткан дүкөндөр, жада калса сойку кыздардын да уюгу пайда болгон экен. Жумушсуздуктун айынын жаш-карысына, кесибине, билимине карабай ким кааласа, ошол иштей берген.
Ошентип, апачилер оюкту казып, ал жерден 45-50 килограммдык капты жондоруна көтөрүп жөрмөлөп чыгышат. Сыртка чыгаргандан кийин аны сатуу да өзүнчө иш.Өз кезегинде мыйзамдаштырылып, менчиктешип кеткен ишканалардын шахталарында деле коопсуздук чаралары сакталбайт.
 
Айталы, 400 миллион тоннага чейин көмүр жашырылган Кара-Кече кенинде бир нече менчик ишканалар көмүр казып, сатуу менен шугулданат. Алардын арасында "Шарбон", “Бешсары", "Ак Жол көмүр" "Демилге плюс" "Акулак" ишканалары бар. Мисалы, Кара-Кечедеги «Шарбон» жабык акционердик коомунун 36%ы «Мээрим» фондуна, 31%ы Максим Бакиевдин кайын журту Кененбаевдерге, калганы «Шарбондун» башкы директору Кумар Изабаевге жана директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Сабыровго таандык экен.
 
Көмүр кендеринен эң оор 40 тонна жүк көтөргөн кытайлык "Хобо" деген унаалардан баштап, арткы орундуктары алынып, жүк ташыгычка айланган "Москвичке" чейин кезиктирүүгө болот. Алар тизилген унааларды аралап өтүп, эптеп тоо боорундагы көмүр кендин учуна эле жетсе болду, жарым тоннанын ары-бери жагындагы кесек көмүрдү салып алып, артына кылчайбай, зуулдап жөнөйт.
 
Кеп соңунда
 
Көмүр башка кубат берүүчүлөрдөн айырмаланып, энергиянын эң арзан булагы болуп саналат. Маселен, анын наркы энергиянын бирдигинин эсебинде жаратылыш газынын наркынын үчтөн бир бөлүгүн гана түзөт. Жаңы технологияларга ылайык, көмүрдүн мунай импортун сүрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Аны синтетикалык бензинге, дизель же көмүртек отуну катары иштеп чыкса болот. Көмүрдү колдонуу масштабын кеңейтүү жана жаңы жылуулук станцияларын куруу учурдагы дүйнөлүк тенденция. Адистердин пикиринде, Кыргызстанда көмүрдү өндүрүү рентабелдүү деп эсептелинбейт. Кирешеси аз, чыгымы көп болгондуктан, чет элдик инвесторлорду тартып, жогорку технологияларды пайдаланмайынча мындай долбоорду ишке ашыруу кыйын. Ошентсе да, жакында Улуу Британиянын, Ирландиянын, Кытайдын компаниялары Кыргызстандын көмүр кендерине кызыгууларын билдире баштагандыгын жаратылыш ресурстар министрлиги жарыя кылды.
 
Геологиялык чалгындоолор боюнча, көмүрдүн запасы Кыргызстандын калкынын жан башына – 4,9 тоннадан тийет, ал эми Кытайда бул көрсөткүч – болгону 4,5 миң тонна. Кытай ошентсе да, бүгүнкү күндө көмүрдүн эсебинен калктын энергияга муктаждыгынын 75 пайызын камсыз кылат. Ал эми биз борбордук ТЭЦке өзүбүздүн көмүрдү жеткире албай, колдо бар кара алтындын баркын билбей, өзгөлөрдүн ууланган көмүрүнө көз каранды болуп жүрөбүз.

Ооба, кичинекей Кыргызстан мамлекети үчүн түндүгүсүз түштүгү, түштүгүсүз түндүгү болбой тургандыгын бардыгыбыз ички дүйнөбүздө өтө терең түшүнүп турабыз. Тилекке каршы, ички дүйнөнүн түшүнүгүн саясый оюн менен бийлик кумары курмандыкка чалып коюуда. Бешиктен бели бир аз чыга түшкөн кыргыздардын дээрлик 50 пайызы президент болгусу келсе, дагы 30 пайызы аларга кошомат кылып, бут кийиминин чаңын аарчып, колуна суу куюп, айтор болгон мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп губернатор же министр, такыр болбой калганда депутат болгусу келет. 10 пайызы митингдин атасын таанытса, дагы 10 пайызына эки дүйнө бир тең. Ошентип жалпы жонунан 100 пайыз калкыбыз бирдемелер менен алек.
 
Колго суу куюп жүргөндөр, кийин башка жакка деле суу куя беришет. Эл башкаргысы келген, өпкөсү казанбактай болгон көрпенделерибиздин эки сөзүнүн бири – түштүк, экинчиси – түндүк. Түндүктөн чыккан тың чыкма түштүктөн чыккан тың чыкманын башын жерге киргизе ургусу келсе, түштүктөн чыкканы деле ошону каалайт. Кокус эки тараптын бир жагынан лидер чыкпай калса, анда бир жагындагылар биринин башынан бири төөматек ала беришет. Ошол “төө матекчилер” деле түштүк менен түндүктү бөлүп койсоң, Кыргызстан жарым жан мамлекет болуп калаарын абдан сонун түшүнүшөт. Бирок, бийлик кумары акыл-эстен да артыкча иштеп жатканы тоскоол болууда.
 
Мындан бир нече жыл мурун орус басылмаларынын биринде СССРдин жана Россия Федерациясынын башында тургандар тууралуу бир чети таң калычтуу, бир чети күлкүлүү фактыларды келтирип жазышкан эле. Тилекке каршы ал басылманы азыр таба албай турабыз. Ошентсе да, анын кыскача мазмунунда СССР деген улуу державанын жана Россия Федерациясынын башына улам кезек менен чачы бар жана чачы жоктор келип жатканын жазган болчу. СССРдин карт тарыхын казып деле чыккан жокпуз, ошентсе да акыркы генералдык секретарь М. Горбачевдон баштасак чындап эле “өчүрөд” сакталып келатыптыр: Горбачев, Ельцин, Путин, Медведев. Орусиядагы күчтүү, ири саясый партиялардын бири “Единая Россиянын” кечээ жакында болуп өткөн курултайында айтылган сөздөргө караганда, кийинки президенттик таймашка аталган партиядан В.Путин аттанат. Бул улуттук лидер кайсы жакка аттанбасын, жеңишке жетишээрине Орусия гана эмес, бүтүндөй дүйнө бөркүндөй ишенет. Демек, жогорудагы “өчүрөд” дагы деле сактала бере тургандыгын алдын-ала эле билип алдык.
 
Ал эми биздин Кыргызстандачы? Кыргызстанда албетте, чач жагынан маселе, т.е. кезектешмей жок. Бизде чачтуудан кийин деле чачтуу, чачы жоктон кийин деле чачы жок келе берет. Маселен, Масалиев, Акаев... Андан кийин Бакиев, Отунбаева, Атамбаев. Биздеги маселе түндүк менен түштүк деген сөздөрдө турат. Мына ушул сөздөр менен биз кезектешип келгенбиз, акыркы шайлоого чейин. Ошол эле СССРдин акыркы ирмемдеринен бери эсептейли. Тактап айтканда бизге чейин эле белгилүү куудул Абдылда Иманкулов эбак эсептеп койгон. Турдакун Усубалиев түндүктөн, Абсамат Масалиев түштүктөн, Аскар Акаев түндүктөн, Курманбек Бакиев түштүктөн, Роза Отунбаева түндүктөн, анан Алмазбек Атамбаев... Мына ушул жерден “өчүрөд” бузулду. Эми Абдылда агабыз “Кезек менен эле болуп атыпсыңар, эмне эле ызы-чуу салып атасыңар” дей албайт. Себеби, “өчүрөд” бузулду. Түндүктөн кийин түндүк болуп кетти. Ырасын айтканда, минтип жазып элди экиге бөлөйүн деп жаткан жокмун. Болгону ушундан да кыйкым издегендер чыгаарын алдын-ала болгоолоп, ооздоруна кепич тыгып койгум келип турат. Себеби, биздин кичинекей, сүйгүнчүктүү мамлекетибиздин түштүгү менен түндүгүнүн көтөргөн түндүгү бирөө гана. Анын бирөөсү кыйшайса, демек көтөргөн түндүгүбүз кыйшаят. Андыктан эл башына жалпы Кыргызстандын түпкүлүктүү келечегин ойлогон адамдар келсе эле болду. Бирок...
 
Президент түндүктөн болду. Эми премьер-министр түштүктөн болуш керекпи?
 
Айрым мезгилдүү басылмалар мына ушул өңүттө жазып жатышкансыйт. Маселен, өткөн жумада “Ачык саясат” гезити академик Жамин Акималиев менен маек уюштурган экен. Ырасында Жамин ага ар дайым сөздүн туурасын айтып келген, кыргыздын белдүү инсандарынын бири. Жакында эле жыйынтыгы чыккан президенттик шайлоонун өтө ыпылас өткөндүгүн баса белгилеп, “Роза Отунбаева өзү Атамбаевдин административдик ресурсунун башында турду” дейт. “Реваншисттик күчтөр бийликти басып алабыз деп жатат. Ошондуктан аларга жол бербешибиз керек таризинде ММКлардан тынбай чыгып жатты”,- дегенин да мисалга тартсак болот. Бирок, “Президент түндүктөн болду, эми Өкмөт башчы да түндүктөн болуп калса, жалпы элдин бийликке болгон ишеничи кетет дешүүдө. Буга сиздин пикириңиз кандай?”- деген суроого “Сөзсүз элдин ишеними кетет” деп баштап, аягында жаш кадр Камчыбек Ташиевди бул орунга ылайык көрөөрүн билдирген. Албетте, айткан сөздө калет жок. Саясатка аралашкан аз эле жылдардын аралыгында коомчулукта опол тоодой кадыр-барк күткөн К.Ташиев эл жүгүн мойнуна көтөрө ала тургандай деңгээлге көтөрүлүп жетти. Бирок, бул жерде сөзсүз түрдө эле анын түштүктөн чыккан саясатчы экендигин баса белгилөөнүн кажети жок беле дейм. Анткени, Камчыбек мырза да Кыргызстандын бүтүндүгү, бекемдиги үчүн күйүп-жанган инсан. Ал жалпы Кыргызстандын белдүү саясатчысы, карапайым элдин таянаар тоосу десек да жаңылбаспыз. Албетте, мындай мактоолор анын буга чейинки жасап жүргөн мамлекеттик деңгээлдеги жана кайрымдуулук иштеринен улам айтылууда.
 
Асманда жалгыз канатчан куш учканын көрдүң беле? Албетте, көргөн эмеспиз. Бул биздин жыйынтык сөзүбүз болсун. Жалгыз бутчан адамды майып дейбиз. Жоого жалгыз аттангандын жеңгенин көрө элекпиз. Жалгыз уук менен түндүктү көтөрө албайбыз. Мурундун эки таноосунун бирөөсү бүтөлсө эле, жан алакетке түшөбүз. Эки кулактын бирөөсү сени “чанып” кетсе, каңырыш уга баштайбыз. Айтор күч бирдикте.
 
Дыйканбек Керимбаев,
атайын "Саясат.kg" үчүн
 

Шайлоо болду, шайлоонун эртеси да болду. Анын жыйынтыгы боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралды. Ачык эле административдик ресурстар колдонулганы байкалды. “Бөрк ал десе, баш алгандардын” акыркы аракети жасалды. Мындай “кошоматчылыкка кой союу” биздин демократияга багыт алган мамлекетибиздеги акыркы аракет деп ишенип туралы. “Ачык жана акыйкат шайлоо болгон жок” деп нааразы болгон адамдар Жалал-Абад жана Ош шаарларында митингдерге чыгышты. Ушундай кырдаалда карапайым элге жакын, алардын кызыкчылыгын кызматтан өйдө кое билген Камчыбек Ташиев элди ынтымакка, тынчтыкка чакырган кайрылуу жасады. Камчыбек Кыдыршаевичтин жасаган бул кадамы тууралуу өлкөбүзгө аттын кашкасындай таанымал инсандар өз пикирлерин билдиришти. 
 
Абдыганы Эркебаев, академик, коомдук ишмер:
 
“К.Ташиев жетилген саясатчы экендигин далилдеди”
 
- Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин шайлоо өнөктүгүндөгү жүргүзгөн иш-аракеттери, платформасы жана шайлоочулар менен болгон жолугушууларын сын алгы аркылуу көрүп, гезиттер аркылуу окуп аттым. Бул шайлоо өнөктүгүндө ал өзүнүн жетилген саясатчы экендигин көрсөтө алды. Гезитиңердин мурунку сандарында Камчыбек Кыдыршаевичтин бир аз шашмалыгы бар экендигин айтсам керек эле. Бул жолу андай шашмалыгы, кызуу кандуулугу байкалган жок. Шайлоо болуп өткөндөн кийин анын жыйынтыгы менен макул эмес экендигин айтып чыкты. Албетте, шайлоодо кемчиликтер болду. Айрым кошоматчылар бөрк ал десе, баш алып ийишти өңдөнөт. Андай мыйзам бузууларга барган бардык чиновниктер, чиновник эместери дагы жасаган мыйзамсыз иштери үчүн жооп бериши шарт. Ал эми жалпы жонунан алып караганда шайлоо тынч өттү. Шайлоо болуп өткөндөн кийин Жалал-Абадда, Ошто эл бир аз толкундап чыкты. Элдин митингге чыгуусуна мыйзам жол бергенден кийин, ага күчтөп каршылык көрсөтүүгө болбойт. Айрым чиновниктер митингге чыгууга болбойт деп да жатышат. Эмнеге болбосун? Бир учурда алар да митинг, пикетке чыгып жүрүшкөн. “Аларга уруксат, башкаларга болбойбу?” – деген суроо жаралат эмеспи. Мыйзам боюнча бардык жарандардын укугу бирдей. Ошентсе да, чындыгында митинг, пикет, күчтөп бийлик тартып алуулардан жамы журтубуз тажап бүттү. Андыктан Камчыбек Кыдыршаевичтин элди ынтымакка чакырган, тынчтыкка чакырган кайрылуусунан кийин дагы бир жолу урматтап, сыйлап калдым. Дагы бир жолу өзүнүн жетилген саясатчы экендигин көрсөттү. Мамлекет кызыкчылыгы үчүн күйгөн, терең ой жүгүртө билген саясатчы гана ушундай кадамга бара алат.
 
Чолпон Султанбекова, ЖК депутаты, “Республика” фракциясы:
 
“К.Ташиев конструктивдүү кадамга барды”
 
- Көптөн күткөн шайлоо да болуп өттү. Шайлоо таза өттү деп айта албайм. Бирок, 20 жылдан берки шайлоолорго салыштырмалуу бир топ туура багыттагы шайлоо болду десек болот. Шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам, айрым жерлерде элдер митингге чыгышты. Ушундай шартта К. Ташиев конструктивдүү кадамга барды. Элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин тынчтыгын ойлогон гана саясатчылар ушундай кадамга бара алышат.
 
Токон Мамытов, ЖК депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы:
 
“Өлкөдөгү абалга туура баа берди”
 
- Камчыбек Кыдыршаевич кыргыз мамлекетиндеги такшалган, алысты көрө билген саясатчы экендигин далилдеди. Өлкөдөгү абалга туура баа берип, митингге чыккан адамдарды тынчтыкка чакырып, бардыгы мыйзам чегинде болуусуна чакырганы колдоого аларлык чечим болду.
 
Куштарбек Айтматов, КР миграция министринин орун басары:
 
“Эң туура кадам жасады”
 
- Элди тынчтыкка, биримдикке чакыруусу эң туура кадам болду. Камчыбек Кыдыршаевич өзү да адамгерчиликти туу туткан инсан эмеспи. Өлкөдөгү абалды туура баалап, Мадумаровдон өзгөчөлөнүп, туура кадамга бара алды. Кудай буйруса кийинки шайлоодо Камчыбек Кыдыршаевичке ийгилик келет деп ойлойм.
 
Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:
 
“Эл ынтымагын ойлогон мыкты адам экендигин көрсөттү”
 
- Эл-журтубуз, бүтүндөй Кыргызстан ынтымакка чакырган сөздөрдү, аракеттерди күтүп жатышпайбы. Бардыгынын ойлогону жакшы турмуш, алдыга карай өнүгүү эмеспи. Анан жолду бууган, элди көтөргөн жаман өнөкөт. Алардын бардыгы өз учурунда болгон. Эми кайра-кайра эле элди дүрбөлөңгө салып, көтөрө берсек өнүгүү дегенди унутабыз го. Өзүбүздүн улуу тарыхыбызга кайрылып, Манас атабыздын доорундагы хан шайлоону мисалга тарталы. Ошондо хандыкка Саян тоолоруна мергенчилик кылган жаштардын атынан Манас, Манастын атасы Жакып, Айдархан бабабыз Көкчө баатырды көрсөтөт. Эл кадимкидей эле добуш беришет. Ошондо Манаска ишеним арткандар ак ташты белгиленген жерге салышат. Ал таштар дөбө-дөбө болуп үйүлүп кеткенде, атасы Жакып атынан оодарылып түшүп, “Кулдугум бар ханым” деп куттук айтат. Айдархандын Көкчөсү дагы атынан түшүп, Манасты жеңиши менен куттуктайт. Бул элдин ынтымагын бекемдөөгө эл башы болом деген адамдардын акыйкат аракети эмеспи? Андыктан К.Ташиев өзү айткандай, Кудайдын улуу күнү келип калган маалда элди ынтымакка чакырганы анын жетик саясатчы, эл ынтымагын ойлогон мыкты адам экендигин көрсөттү. Эми мындан ары конструктивдүү жолго түшүп, Кыргызстанды ар тараптан өнүктүрүүгө жалпыбыз бирге аракет жасайбыз деп ойлойм.
 
Жумакадыр Акенеев, Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти:
 
“Элде бөлүнүп-жарылуу болуп кетмек...”
 
- Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстандын элин ынтымакка чакырган кайрылуусу менен өзүнүн саясый деңгээлин жакшы жагынан көрсөтө алды. Абдан туура кадам болду деп эсептейм. Анын бүтүндөй келечеги али алдыда. Кийинки шайлоолорго чейин дагы да такшалып, сөзсүз ийигилик алып келчү күн келеринен күмөн санабайм. Ал эми шайлоонун кандай өтүшү тууралуу айтсам, албетте мүчүлүштүктөр кетти. Борбордук шайлоо комиссиясы да кемчилдиктердин болгондугун айтып атышат. Бул шайлоодо кетирилген катачылыктар кийинки шайлоолордо кайталанбайт деп ишенем.
 
Дыйканбек Керимбаев,
“Майдан.kg” гезити, 2011-жылдын 9-ноябры

Курманжан датканын феномени

 
Төртүнчү макала
 
Датка айымдын үчүнчү — саясий жана коомдук ишмердүүлүк деп аталуучу доору 1876-жылдан ХХ кылымдын башына чейин созулуп, Орус колониализминин мезгине туура келет. Ал мезгилде Курманжан датка орус колониялык бийликтери менен айлакер дипломатия жүргүзүүнүн натыйжасында түштүк кыргыздарынын басымдуу бөлүгүн туура жолго үндөп, алардын биримдигин сактоого, Ош вилайетиндеги бейпилдикти камсыз кылууга аракеттенген.
 
Курманжан датка алысты көрө билген көсөм
 
Эми датканын коомдук-саясий ишмердигинде жаңы өзгөрүүлөр болду. Түркстан чөлкөмүндөгү, Ферганадагы жана буга чейин жеке өзү бийлик жүргүзүп келген кең өрөөндөгү саясий кырдаалдын түп тамырынан бери өзгөрүшү анын абалына, тагдырына таасир этпей койгон жок. Датканын бийлиги чектелип, укуктары тарыды. Мындан ары Алай өрөөнүн башкарчу болуштар түздөн-түз Ош уездинин начальнигине жана Фергана областынын аскер губернаторуна баш ийип калышты. Бирок аталган мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, атүгүл Түркстан крайынын ар кайсыл жылдардагы генерал-губернаторлору дагы узак жылдар бою ага «Алай ханышасы», кыргыздардын атак-даңктуу жол башчысы катары ардактап мамиле кылышын уланта беришкен.
 
Ошто жана Алайда орус бийлиги орногондон кийин Курманжан даткага Оштогу Ак Ордону таштоого туура келди. Шаардагы бир катар имараттар, Алымбектин медресеси жана вакфы, айдоо чектери Датканын карамагында кала бергени менен Курманжан датка Ошко ири жолугушууларга же үй-бүлөлүк салтанаттарга гана катышуу үчүн келбесе, чынында шаарда сейрек турчу. Датка кышкы резиденциясы катары Мадыда, ал эми жаз, жай жана күз мезгилинде мурункудай эле Гүлчөдө туруп, коомдук жумуштарды аткара берген.
 
Алайдын башкаруучусу таанылган Курманжан датка орус төбөлдөрүнө коомдук жана мамлекеттик ишмер, билги катары кеңири белгилүү эле. Бекеринен аны К.П.фон-Кауфман баш болгон орус генералдары "Алай канышасы" деп атаган эмес. Курманжан датка өз мезгилинде Фергана облусунун акимдери М.Д.Скобелев, А.К.Абрамов, Г.А.Арандаренко, М.Е.Ионов, К.П.Кауфман, М.Г.Черняев, А.Б.Вревский, Н.А.Иванов, С.М.Духовский ал турсун Россиянын келечектеги согуш министри А.Н.Куропаткин сыяктуу адамдар менен дос, тааныш болгондугу маалым. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңы-Маргалан (Скобелев) шаарларына келип сүйлөшүп турган. Курманжандын иш билгилиги жана кадыры, Фергана чөлкөмүнүн тоолуктарын орус колонизаторлоруна каршы көтөрүлүштөрдөн, бекерге кырылып кетүүдөн сактап, элдин тынчтыгына жана башка элдердин өз ара ынтымагына оң таасирин тийгизген.
 
Кээде Курманжан датканын катышуусу менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болуп өтчү. Мисалы, 1876-жылы Түркстан генерал-губернатору К.П. фон-Кауфмандын (Жарым падыша) сунушу менен Мадыда кеңири сүйлөшүү расмийи өткөрүлүп, анда Датка дагы бир жолу Орус бийлигин тааныгандыгын билдирген жана “Ак падышага” каршы чыкпоого убадасын берген. (Караңыз: Өмүрзакова Т. Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002.-С.180.) 1884-жылы болсо 73 жаштагы Курманжан датка Скобелев шаарында (Жаңы Маргалаң) Түркстан генерал-губернатору Н.О.Розенбахтын кабыл алуусунда болуп, Алай чөлкөмүнүн тагдыры жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Генерал-губернатор Курманжанга баалуу кымкап чапан жапкан. (Караңыз: Туркстанские ведомости.-1884.-№ 40.).
 
Түркстан генерал-губернатору ж.б. бийлик өкүлдөрү Ош тарапка келгенде сөзсүз Курманжан даткага кезигип, айрым маселелер боюнча кеңешип турушчу. Мисалы 80-жж. Гүлчө-Талдык-Эркеч-там кара жолунун курулушун ашар жолу менен бүтөрүүдө Курманжан датка орус бийликтерине чоң көмөк көрсөткөн. Ошол эле учурда аталган курулушка 1884-ж. карата крайдын жергиликтүү каражаттарынан 25 000 сом жумшалып, Ош уездинин эле калкынан 7562 сом 80 тыйын жыйналган. Мындай жыйымдар элдин нааразычылыгын туудурбаш үчүн анын маанисин түшүндүрүүдө Датканын ролу чоң болгон.
 
1892-жылы 81 жаштагы курагында «Алай ханышасы» ошол учурдагы орус авторлору өтө таң калуу менен жазгандай Гүлчөгө 80 чакырым жерден ат үстүндө кебелбей жорго салдырып келип, генерал-губернатор барон А.Б.Вревский менен кезигишип, маектешкен. Датка айымдын кыраакылыгы менен темирдей бекем эркине таң калып, ыраазы болгон генерал ага сый көрсөтүп, чыгыштын салтын туурап, кымкап чапан жапкан. Ал эми Курманжан датка ата-бабадан калган кааданы бузбай мансабы бийик «жарым падышага» адатынча сары жорго тартуулаган. (Караңыз: Ювачев И.П. Курбань – Джань – Датха, Кара-киргизская царица Алая //Исторический вестник. 1907, № 12. 968-бет). Андан алты жыл өткөн соң, 1898-жылы Ошто Датка айым Түркстан крайынын кийинки генерал-губернатору С.М. Духовский менен жолугушуп, элинин ал-абалы, коомдук жана чарбалык турмушу тууралу аңгемелешкен.
 
Курманжан даткага жолуккан колониалдык бийлик өкүлдөрү ар дайым анын куюлуштуруп айткан таамай сөзүнө муюп, чукугандай сөз тапкан чечендигине, өткүрлүгүнө, терең акылына жана тубаса элчилик өнөрүнө таң калышчу. Жашы токсондорго таяп, улгайган чагында да анын көзүнүн курчу кетпей, карегинен жаш кезиндегидей учкун чачырап, сүйкүмдүү жана сүрдүү, сулуулуктун издери дагы деле сакталган каратору жүзүнөн мээрим төгүлүп турчу. Алайлык кыргыз ханышасы адамдарга жалаң гана жакшылык каалаган, кыйынчылыктарга моюн сунбаган өзгөчө касиеттери бар, бөлөк-бөтөн кишилерге эч сыр бербеген даанышман журт энеси эле.
 
Курманжан датка ишмердигинин үчүнчү доорунда Орус падышачылыгын Түркстанды бийлеген 8 генерал-губернаторунун баары менен байланыш түзө алган. Алардын ар бири Курманжанга байланышкан маалыматтарды жазып, эстелик катары белек калтыргандыгын тарыхый фактылар ырастап турат.
 
1880-ж. 16-декабрда Түркстан генерал-губернатору К.П. Кауфман Ош уездинин начальниги менен Фергана областынын аскер-губернаторунун сунушу боюнча Россиянын Согуш Министрине атайын кат жиберип, анда мындай деп жазылган: «…Курбань-Джань-Датканын кара-кыргыздардын арасында зор кадыр-баркка ээ экенин, ардактуу абалы менен таасирин жана улгайган курагын эске алып, мен Улуу урматтуу Сизден Өтө Бийик өкүмдар Императорго Мамлекеттик Казынадан ага жылыга беш жүз сом өлчөмүндө өмүр бою алгыдай пенсия чектеп берүүнү ыраа көрүүсүн сунуш кылуудан баш тартпасаңыз экен деп өтүнөм». Император финансы министринин тыянагына ылайык, 1881-жылы 1-апрелде Курманжан даткага жылыга 300 сомдон өмүрү өткүчө мамлекеттик пенсия чектөө жөнүндө жарлыкка кол койот. Бул ошол кезде өтө чоң суммадагы каражат эле. Алсак, В.О.Ключевскийдин изилдөөсү боюнча Россиянын Москва губерниясында 1882-ж. жылкынын баасы жайында 88-57 тыйын, күзүндө жана кышында 60-67 тыйын болгон. (Караңыз: Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду. (XIX ортосу - XX к.башы). – Б., 2003.-203-б.)
 
1893-жылы 82 жаштагы Курманжан датканын мурунку мусулман башкаруучуларынын тушунда көрүнүктүү роль ойногондугун, ал мезгилдерде кыргыздардын арасында Азияда аялдар үчүн болуп көрбөгөндөй кадыр-баркка арзыгандыгын, Кудаяр хандын аны өз тарабына тартууну каалап, датка (генерал) мартабасын ыйгаргандыгын, мындай бийик мансап-мартабаны аял кишиге ыйгаруу мусулман элдеринин тарыхындагы жападан жалгыз мисал экендигин, Орус аскерлери Алайга келгенде Курманжан датка жаңы бийликке сый-урмат көрсөтүп, тынчтыкты камсыз кылууга көп күч жумшагандыгын эске алуу менен Фергана облусунун ошол кездеги аскер губернатору М.Е.Ионов орус мамлекетинин салттуу жол-жоболорунан четтеп Андреев лентасына тагылган Алтын медаль менен сыйлоо жөнүндө сунуш кылгандыгы да маалым. Бирок, бул сыйлык бир катар шылтоолор менен берилбей калган.
 
Курманжан датканын аймактагы тынчтыкты жана бейкуттукту, Ош–Кашкар кербен жолундагы коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгегин эске алып, 90 жашка чыккандыгына карата 1901-жылы 1-декабрда Орус императору Николай II “Жогорку даражалуу өкүмдардын өз кабинетинин эсебинен кымбат баалуу шакек тартуулоо жөнүндө жарлыгын жарыялаган”.  Бул тууралуу Түркстан генерал-губернатору А.Н.Куропаткинге кабарлаган телеграмма Ташкентке 4-декабрда жеткен. Андан көп өтпөй Россия императору Алай каныкесине жаңы сыйлыгын - каухар чөгөрүлгөн алтын саат жөнөткөн. (Караңыз: Ювачев И.П. Аталган макала.-976-бет). Кай бир изилдөөчүлөр Курманжан даткага ошол жылы полковник наамы ыйгарылгандыгын жазышат. (Караңыз: Урстанбеков Б. У. Чороев Т. Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе. 1990. 91-бет.)
 
Курманжан датка орус бийлик өкүлдөрү менен кат жазышып, кеңири алакалашып турган. Кезегинде уулу Мамытбек ошол каттардын бир боосун сактап жүргөндүгү айтылат. Ал каттардын көбү алгач Ош уездинин начальниги болуп, кийин Фергана облусунун согуштук губернатору кызматында иштеген генерал М.Е.Ионовдо да сакталган. Кыргыз каникеси мезгил-мезгили менен Ош уездинин начальнигинен, областтын аскер губернаторунан, Түркстан генерал-губернаторунан кат алып, өзү да аларга кат жөнөтүп, ал жактагы жаңылыктардан үзгүлтүксүз кабар алып турчу.
 
Курманжандын инсандык турпатынын дагы бир орчундуу белгиси - анын терең интернационалдуулугу жана жалпы эли-журтка багытталган даанышмандыгы. Архивдерде сакталган анын орус генералдарына жазган каттарында жана башка тарыхый маалыматтарда датка өзүнүн пикирин, демилгесин, накылын, жалаң гана өз элине эмес, жамы журтка, жалпы элге багыштаган. Кудаяр хандын зомбулугуна каршы күрөштөбү, орус колонизаторлоруна каршы азаттык көтөрүлүштөрүндө болсун, түштүк Кыргызстандын Орус мамлекетине кошулгандан (1876-жыл) кийинки анын ишмердүүлүгүндө жалпы элге тең интернационалдуу инсан экендиги көрүнгөн. Курманжандын образынын улуттук белгилерден озуп чыккан кең образ экендигин тарыхый маалыматтар ырастап турат. Мисалы, белгилүү орус генералы барон А.Н.Таубе Курманжан датка жөнүндө: “анын акылмандыгы, энергиясы, адилеттиги жана келечекти көрө билген көсөмдүгү Жети-Сууга, атүгүл Ооганстандын, Ирандын жана Кытайдын чөлкөмдөрүнө чейин дайын болгон” деген пикирди айтат. (Караңыз: Таубе А. Н. Алайская царица. //Закаспийское обозрение// 1902, № 124.)
 
Курманжан Датканын келечекти көрө билген көсөм жана эл достугун бийик койгон интернационалдуу журт башы экендигинен кабар берген 1885-жылы 7-октябрда Курманжандын өз колу менен жазылып, мөөрү басылган каттарынын биринин текстин келтирели.
 
"Улуу урматтуу жана чексиз кадырлуу Фергана облусунун облусттук губернаторуна Ош оезунун кызматчысы Курманжан даткадан кат.
 
Терең, ардактуу Сизден кечирим суроо менен мен төмөнкүлөрдү билдиремин. Фергана мусулман өлкөсү Орусияга моюн сунбай турган мезгилде мен сиздер менен согушканмын жана каршылашканмын! Кийин Абдылдабек бир туугандары Мамытбек жана Асанбектер менен Ош аркылуу Кабулга качты. Куруган мен, кичинекей Камчыбек менен Алайда калдым. Ошол мезгилде Оштун начендиги Ионов төрө генерал менен Алайга келди жана мени генерал менен тааныштырды. Генерал Скобелев мени жылуу кабыл алды жана мага урмат менен мамиле кылды. Мен ага ыраазы болуп калдым.
 
Россия өзүнүн улуулугу жагынан Рим менен тең тайлашат. Мүмкүн, азыркы учурда дагы да кеңейүүдөдүр.
Азыр уулдарым кайрадан мага келишкен. Алар көп азаптарды тартышып, жеңиштен үмүттөрүн үзүшкөндө мен бирөөдөн мында келүүсүн буюруп кат жибергенден кийин гана алар бул жакка кайтышты. Кудайдын буйругу менен Абдылдабек ал жакта набыт болду. Мамытбек менен Асанбек эсен-соо келишти.
 
Андан кийин мен Туркстан генерал-губернатору Кауфман менен ал Ошко келгенде жолуктум. Ал дагы мага урмат менен кайрылып: "Эгер Сиз мени уксаңыз - анда Сизге эң жакшы болот жана Сиз ак падышанын кабыл алуусундай эле пайда көрөсүз" деп айтты. Маркум генерал-губернатор (К.П. фон-Кауфман 1881-жылы өлгөн) падышанын буйругу менен мага ар айына 25 сомдон пенсия төлөп турган. Мен ага жекече ыраазычылыгымды билдире албай турганыма азыр өкүнөмүн!
 
Кудайдын ракымы менен азыр үч уулум бар. Биз эч убакта мындай мамлекетти көргөн эмеспиз. Байыркы замандардан бери өлкө өзүнүн жетимдерине мындай боорукердик кылган эмес! Бул мамлекеттен бардык эл менен бирдикте биз өз туугандарыбыздай көрүп чогуу жашай беребиз! Эгер биз кокустан мамлекеттин аброюн таназар албастан: ага чыккынчылык ойлосок, анда бизге өмүр бою кечиргис күнөө жабылат! Мен, эгер бул мамлекетке кимде ким мындан ары бүт жүрөгү, чын пейли жана терең урматы менен мамиле кылса, анда кудай өзү мурунку кезде мамлекетке каршы жасалган бардык аракеттерибизди кечирет деп ойлоймун!
 
Азыркы тынчтык мезгилде мындан ары менин бүткүл эл-журтум, мен өзүм жана уулдарым, туугандарым эч качан силерге каршы көтөрүлбөйбүз деп мен Жарыя кыламын! Биз тараптан эч кандай жарамсыз иштер жасалбайт! Эгер менин элим кандайдыр бир жамандык издеп, мамлекетке чыккынчылык кылса, анда күнөөлүүнү эң оор жаза менен жазалаймын жана өмүрүмдүн акыркы күндөрүнө чейин өзүмдү кыйнап өтөмүн!
 
Ушул сөздөрүмдү бекитүү үчүн мөөрүмдү басамын!
 
Маматбай кызы Курманжан датка".(Караңыз: Өзбекстандын мамлекеттик тарых архиви.-Ф.19.-Оп.1.-1629-иш.-1-барак.)
 
Белгилүү француз саякатчысы Гийом Капю өз мекендеши Габриэл Бонвало менен бирге Туркстан жерине 1880-жылдары саякат жасап, Алайда болгон. Кыш мезгилинде Алай-Памир аркылуу Индияга өтүп кетишкен бул эки саякатчыга Курманжан датканын уулдары Батырбек менен Мамытбек жана небереси Мырзапаяс жакындан жардам көрсөтүшүп, ат-көлүк, жол көрсөткөн аткошчу жигиттерди таап беришкен. Саякатчылар «Дүйнөнүн чатыры» аттуу китебинде Курманжан-датка жашаган Жүсалы өрөөнүнө болуп Датканы мындай сүрөттөшөт: «Ал акылдуу жана баардыгы урматтаган аял. Курманжан даткага урук-туугандарынын бири калбай берилгендиги менен сый-урматы таңдантып, ага таазим кылдыруучу касиеттери бар эле. Чоочун кишинин көз алдында ал касиеттер аны бөтөнчө сүйкүмдүү көрсөтүп, жоокердин эрдигин баарынан жогору балаган ошол элди, андан соң акылдуу аялдын даанышмандыгын, кеменгерлигин ого бетер сыйлап урматтоого аргасыз мажбур кылат». (Караңыз: Строилов Л. Алай менен Памирден ашып.//Кыргыздар.-Б.1993.-С.329-349).
 
Курманжан датка энебиздин эл аралык мамилелерде да дасыккан дипломат катары өзүн көрсөткөн фактылары болгон. Орусияга караган жаңы жерлерди изилдөө үчүн көптөгөн чет өлкөлүк саякатчылар Алайга келишип, Курманжан даткага жолугуп турушкан. Мисалы, 1885-жылы Гүлчөгө англиялык тыңчылар – молдо Маджид менен сэр Артур келип, Алайды Англияга каратуу жөнүндө Курманжан датка менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Курманжан датка Улуу Жибек жолунун кербендери аркылуу эл аралык окуялардан да кабары бар эле. Англиянын Индияны басып алганын, Ооган аркылуу Орто Азияга жортуул уюштурууну көздөп жатканын да билчү. Бирок ал Орусия империясы менен бирге жашоо кыргыз элинин келечегине жакшы болоору жөнүндө небак эле жыйынтык чыгарып койгон эле. Ошондуктан Англиянын тыңчыларына сылык гана макул эместигин билдирген.
 
Курманжандын көз жашы
 
XIX кылымдын орто ченинде Курманжандын өмүр жолуна дагы бир өтө оор сынак туш болду. Чек ара контрабандалык кылмыш кылууда деген шылтоо менен “кылмышкерлердин тобунун уюштуруучусу” деп Курманжан-датканын уулу Камчыбек, кылмышты жаап-жашырган деген айып менен жеткинчек небереси Мырзапаяс камакка алынган. Камчыбектин жигити Ак-Балбан баш болуп, бул иш боюнча жалпы жонунан жыйырма төрт киши соттолгон. Кыргыз күбөлөрүнүн айтуусу боюнча чатакты орус бажы күзөтчүлөрү чыгарышкан. Алар чегарадан кербен жол менен келе жаткан жүктүү обоз коштогон кыргыздарга таңылчактарды чечүүнү жана сандыктарды ачууну талап кылышкан. Кербен менен келе жаткан Камчыбектин зайыбы Асел айым кароолдорго каяша айтып, чубалган узун чачынын учундагы чач учтугуна байланган ачкычтарды берүүдөн баш таркан. Бирок, орус бажы башчысы Асел айымдын чачын мыкчый кармап, ачкычы менен кошо олоң чачын кыя чаап кыркып алат. Көчмөндөр үчүн мындай шылдың өлүмгө тете иш эле. Натыйжада орус аскер соту Камчыбекти жана анын жигити Ак-Палванды өлүм жазасына тартууга, ал эми Мамытбекти, Мырзапаязды, 13 жаштагы өспүрүм бала Арстанбекти – Сибирге каторгалык иштерге иштетүү үчүн сүргүнгө айдоого өкүм чыгарган. (Караңыз: Өмүрзакова Т. Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002.-150-169-беттер.)
 
Камчыбек менен Ак-Палван 1995-жылы 2-мартта Ошто даргага асылган мезгилде Курманжан Датка элди баштап күрөшкө чыгууга дарамети жетет эле. Бирок, тишине чейин куралданган орус жазалоочуларынын элди бөөдө кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, унчукпай тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Сибирге сүргүнгө айдалган Мамытбек менен Арстанбек Иркутск губерниясындадагы Нижеудинск уездинин Тюмен волостуна караштуу Тумино кыштагында жашашкан.
 
Камчыбектин өлүм жазасына тартылышы, уулунун, небересинин жана жакындарынын сүргүнгө айдалышы, ошондой эле кийинки жылы дагы бир уулу Батырбектин көз жумушу Курманжан датканы катуу кайгага салды, бирок биротоло сындыра алган жок. Датка мүңкүрөбөдү.
 
Уулу Камчыбектин дарга асылышынан кийин Курманжан датка бир нече жылдар бою орус бийликтери менен мурдагыдай алака түзбөй калган. Рустам-Бек деген ат менен Алай, Памир тоолоруна көп жолу саякаттап барган орус офицери Б.Л.Тагеев 1896-жылы жайында Алай өрөөнүндөгү Курманжан датканын айылына кайрылып, ага учурашуу үчүн Датканын боз үйүнө киргенде уулунун өлүмүнө кайгырган эненин аянычтуу абалын боор ачуу менен сүрөттөгөндүгү маалым. (Караңыз: Тагеев Б.Л. На Востоке. Очерки и рассказы из жизни далеких окраин России.//Царица Алая.-Варшава, 1902.)
 
Ошентип турмуш өз нугу менен журуп жатты. Ал кездеги Фергана облусунун аскер губернатору М.Е.Ионовдун, Датканы сыйлаган башка орус чиновниктеринин, ошондой эле Курманжан Датканын өзүнүн Орус императоруна багышталган өтүнүчтөрүнүн натыйжасында көптөгөн кыйынчылыктардан кийин россиялык катаал аскер соту элеттиктердин дарамети күчтүү улугу – Курманжан датканын өтүнүчүнө жооп кылып, 1897-жылы 27-мартта Мамытбек Алымбеков менен Арстанбек Камчыбековго, ал эми ошол эле жылы 4 –июлда Мырзапаяз Жаркынбаевге Түркстан крайына жашоо үчүн кайтып келүүгө уруксат берди.
 
 
 
Курманжан датка эл тынчтыгынын жана достугунун данакери
 
1898-жылы жазында Анжиян аймагында жергиликтуу эл орус империясынын колониалдык эзүүсунө каршы көтөрүлүшкө чыккандыгы маалым. Кыймылдын демилгечилери Көгарт өрөөнүндөгү кыргыздар болуп, алардын көрүнүктүү жетекчиси Чыйбыл болуш Абдулла бий уулунун аракети менен 1895-жылы алгачкы жыйын уюштурулат да, ошол мезгилдеги Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы элет кыргыздарына кеңири белгилүү, тарыхта Дукчи Эшен атанган Мухаммад Али Сабыр хальфа Софуевге кыймылга жетекчи болуп берүү сунуш кылынат. 1897-жылы Мадали эшен макулдугун берет. Көтөрүлүшкө Фергана тургундарынын элетин гана эмес, шаар калкын да тартуу максаты коюлуп, кеңири даярдыктар башталат.
 
Кыймылдын идеологиялык жетекчиси ичкилик кыргыздарынын дөөлөс уруусунан чыккан, кезегинде Кокон ордосунда кызмат өтөп, Кудаяр хандын буйругу менен “Фергана хандарынын тарыхы” аттуу китеп жазган молдо Зиябидин Максым болгон. Дукчи эшен көгарттык, кетмен-төбөлүк, оштук, ноокаттык кыргыздарга, Кулу, Кува, Жеке-Тыт, Избаскан жана башка болуштуктарда жашаган кыргыз, өзбек, кыпчак, түрк тургундарына таянуу менен көтөрүлүштү 1898-жылдын 17-майында кечке жуук баштап жиберет. Ошол күнү Ошто, Ноокатта, Маргаланда, Асакеде, Көгартта уюштурулган аракеттер ишке ашпай калып, Миң-Дөбөгө чогулган 2000 чамалуу негизги топ Анжиян гарнизонуна кол салган, бирок жеңилип калган.
 
Анжиян-кыргыз көтөрүлүшү бир жумага жетпей басылган, анын негизги жетекчилеринен 22 адам дарга асылып, 500дөй киши Сибирге сүргүнгө айдалган. Алардын арасында көгарттык Чыйбыл болуш, кетментөбөлүк кадимки Токтогул Сатылганов да бар эле. Жергиликтүү элге 130556 рубль контрибуция салынган. Көтөрүлүштүн борбору болгон Миң-Төбө кыштагы Дукчи Эшендин мекени болгондуктан тыптыйпыл талкаланып, тургундары башка жактарга көчүрүлүп, бош калган жерге орус колониализминин “ыраакымы катары” келеке маанисинде Мархамат деп аталган село туруп калгандыгы тарыхтын оор фактысы. (Караңыз: Кененсариев Т., Авазов Э. Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар.-Б.,2002.)
 
Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүнүн көп улуттуу экендиги сурак берген жана соттолгон адамдардын улуттук курамынан көрүнүп турат. Суракка баары болуп 257 кыргыз тартылган. Бул сан бардык суралгандардын жарымынан ашык санды көрсөткөн. Суракка кабылгандардын арасында 112 өзбек, 20 түрк, 17 уйгур, 3 кыпчак, 5 тажик жана 1 каракалпак болгон. Бул сандар “Анжиян көтөрүлүшү” деп аталган кыймылдын иш жүзүндө “Анжыян-кыргыз көтөрүлүшү” болгондугун ырастап турат. (Караңыз: Кененсариев Т., Авазов Э. Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар.-Б.,2002.)
 
Көтөрүлүшкө алайлык кыргыздар да даярданышкан болучу. Бирок, орус аскерлеринин артыкчылыктарынан жакшы кабары бар Курманжан датка элин бөөдө кыргындан токтотуп калды. Жаманчылыкты сезген Курманжан датка өзүнүн болгон аброю менен алайлыктарды козголоңго катышуудан баш тартууга үндөдү. Антиорустук сезимге алдырып, газаватка ураан таштаган кыймылдын натыйжасы бейкапар элге оор зыяндарды алып келмек. Ошондуктан ошол кездеги Ош болуштугун башчысы Карабек Асанбеков урматтуу чоң энесинин кеңеши менен даярдалып жаткан көтөрүлүш жөнүндө Ош уездинин начальниги полковник Зайцевге билдирет. Уезддин начальниги ош батальонун кармашка даярдануусун буйрук кылып, Маргалаңга киши чаптырат. Өзү 1898-жылдын 16-майында Ноокат болуштугуна жөнөйт. Ноокат болушу Казыбай да Зайцевге утурулап, алдынан тосуп чыккан. Ошентип, Ошто жана алайда бөөдө кырсыктын коркунучу арттка калган.
 
Бул окуя Курманжан датканын элин куугунтуктоодон жана кандуу жазалоолордон сактап калууну артык көргөн көсөмдүгүнүн дагы бир күбөсү болгон.
 
Түркстан крайынын бийликтери жүргүзгөн орус колониалдык саясатына капа болгон Курманжан датканын көңүлүн көтөрүүгө Датка менен ымаласы жакшы орус төбөлдөрү бир топ аракет кылышканы менен Курманжан датка 1901-жылы гана кайрадан алар менен кат алыша баштады. Ошол жылдын 9-майында Түркстан крайынын жаңыдан дайындалган генерал-губернатору Н.А.Ивановго куттук айткан кат жазып, анда Ташкентке сизди куттуктоомду айтып баруу үчүн өз уулум Мамытбекти жибердим деп билдирет. Ошол эле айдын 22-күнү Н.А.Иванов Курманжан даткага ыраазылык билдирген жооп кат жазып, сый көрсөтүп, Мамытбектен Даткага чын дилден чыккан достук саламын айта барууну өтүнгөн. (Караңыз: Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду. (XIX ортосу - XX к. башы). – Б., 2003.-204-б.)
 
Курманжандын дагы бир мүнөздүү белгиси анын ыйыктыгы, такыбалыгы болгон. Жогоруда айтылгандай Курманжан жаш кезинен эле салттуу үй-бүлөдө тарбия көрүп, кийин чоң медресенин ээси Алымбектин жубайы болгондугуна байланыштуу, кезегинде элдин айтымында Оштук эшендерге кол берген адам эле. Белгилүү Хувайда эшендин урпактарынын бири Салахиддин эшендин мезгилинде, алар менен эң жакшы мамиледе болуп тургандыгы маалым. Ош чөлкөмүнүн билгиси, Анжияндын беги, Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери Алымбек датканын жогоруда айтылган медресенин болушу, ал медресеге чегерилген 1825 гектар чамасындагы вакф жери (Чын-Абад жана башка жерлер), аталган вакфта алгач Алымбек өзү андан кийин анын урпактары Жаркынбай, Абдылдабек, Батырбек, Асанбектердин мутавалий болуп турушу, 1865-жылдан баштап Оштун акими болуп турган Абдылдабектин Оштогу Шайтан-Төбө, Сарай-Көчө кварталдарындагы вакфтык участкалары, ошондой эле Асанбектин мезгилинде да бир топ вакфтык участкалардын болушу Курманжандын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү диний мекемелер жана "ыйык" адамдар менен байланышта экендигин маалымдайт. 1895-жылы кичүү уулу Камчыбек Оштун чоң базарындагы даргага асылган күнү Курманжан Салахиддин эшендин үйүндө намаз окуп олтургандыгы жөнүндөгү маалыматты азыркы кезде атактуу эшендин тирүү урпактары билишет.
 
Курманжан датка энебиздин ислам илими жазылган ыйык Куран жана Мухаммед пайгамбардын хадистери жөнүндө кенен түшүнүгү, өз көз карашы болгон. Курманжан датка Алай жергесине кадимкидей мектептерди салдырып, анда букаралардын сабатын араб алфавити менен ачып, билим алуусу үчүн шарт түзгөндүгүн замандаштары эскеришет. Датка салдырган мектептер 1960-жылга чейин бузулбай, кийин колхоздордо кампа катары пайдаланылып келгендигин жергиликтүү калк айтып келишет.
 
1906-жылы Курманжан Датка энебиз 96 жашка чыккан мезгилде Алай жайлоосунда Орус империялык Генералдык штабдын полковниги, барон Карл Густав Эмиль Маннергеймдин баргандыгы жөнүндө айтпай кетүү болбос. Бул окуя ары кызыктуу жана ары символдуу. Анткени, Маннергейм финлядиялык армиянын болочок башкы кол башчысы болуп, 1944-1945-жылдары Финляндиянын биринчи президенти кызматындагы эл аралык саясатчы. Финляндиянын улуттук баатыры катары атагы чыгып, дүйнөгө таанылган инсан болгон.
Россиянын согуш министрлигинин тапшырмасы боюнча Алай өрөөнү, Чыгыш Түркстан аркылуу Пекинге чейин узак жолду басып өтүп, Маннергейм 1909-жылы өзүнүн сапары жөнүндө жол баянын жарыялаган.
 
Курманжан датка менен Маннергейм 1906-жылы 13-августа жолугушат. «Алай ханышасы» XIX кылымдын жандуу тарыхы болчу. Ошондуктан аны менен жолугушуу окумуштуу үчүн өтө кызыктуу болушу табигый көрүнүш эле. Маннергейм эскермелеринде Датканын өргөөсүндө бир нече жолу фотосүрөткө тарткан соң, мен токсон алты жаштагы улгайган айымдан ат устундө сурөткө түшүү менен түбөлүк эстелик калтырууну өтүндүм деп жазат. Саякатчынын айтымында Тору аргымакка жарашыктуу татынакай ээр токулуптур. Ханыша небересинин илбериңки жардамы менен, өмүр бою ат үстүндө жургөндөй аргымакка ишенимдүү жана жеңил минди... Мунун өзү эрки күчтүү кажыбас энебиздин бейнесиндеги көөнөрбөс феномендик белги болгондугунан кабар берет.
 
Корутунду сөз
 
Кыргыз элине гана эмес, көп улуттуу Фергана тургундарынын тынч жашоосун камсыз кылуу башкы милдетим деп санаган тарыхый инсан Курманжан датка 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу айтылуу Сар-Мазарга, сүйүктүү уулу Камчыбектин күмбөзүнүн жанына коюлган. Оң миңдеген туугандары жана оштуктар атактуу Датка айым менен буркурап ыйлап коштошушкан. Орус колониалдык бийликтери бул окуяны бүткүл Түркстандык окуя катары кабыл алышып, 1907-жылы 16-февралда «Туркестанские ведомости» гезитинин № 2834 санына «Царица Алая» деген ат менен көлөмдүү некролог жарыялашкан.
 
Курманжан датканын артында көп сандаган уулдары, кыздары, неберелери жана чөбөрөлөрү калган. Анын 183 урпагынан 1907-жылы 2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чебереси урматтуу Датка Энесин акыркы сапарга узатышкан. Курманжан датканын урпактары учурда Алайда, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда, Ошто, Бишкекте турушат. Совет мезгилинин алгачкы жылдарында неберелери Кадырбек менен Жамшитбек алгачкы кызыл армиянын көрүнүктүү кол башчылары болуп, совет бийлигин чыңдоого активдүү катышкан. Кадырбек Камчыбеков кыргыздардан биринчи болуп Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Ошол эле учурда Курманжандын бир нече неберелери НКВДнын түрмөсүндө курман болушкан. Бирок алар 1953-жылы реабилитацияланган.
 
Курманжандын чебереси Муса Мырзаяпаясович Адышев Кыргызстандын ири геолог-окумуштуусу катары белгилүү. 1978-жылы ал Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Президенти болуп шайланган. Учурда академиянын геология институту, Ош технологиялык университети анын ысмын алып жүрөт.
 
Акыркы пикир катары макалабыздын аягында Курманжан датканын инсандык төмөнкү жети касиетин белгилөө зарыл деп ойлойбуз.
 
·                    тагдыр кошкон өмүрлүк жары Алымбектин жан шериги жана насаатчысы. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, азаттык менен эл биримдигин туу туткан пикирлеши;
·                    уул-кыздарынын мээрман энеси жана кеменгер тарбиячысы;
·                    тарыхтын тагдыр чечкен бурулуштарында “караңгыда жол тапкан” даанышман; элинин келечегин көрө билген көсөм, “тар жол тайгак кечүүдөн” аман-эсен алып чыккан улуу тарыхый инсан;
·                    жакшы менен жаманды иргеп, “кара кылды как жарган” адилет;
·                    татаал маселелерди чече алган коомдук жана мамлекеттик ишмер;
·                    азаттыктын тайманбас күрөшкери жана кол башчысы;
·                    эл аралык саясаттан жетик кабары бар дипломат.
 
Кыргыз элинин уникалдуу жана феноменалдуу кызы, улуу тарыхый инсан Курманжан датканын өрнөктүү өмүрү, коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмердиги кыргыз тарыхынын татаал жана драмалуу эпохасына туура келген. Курманжандын болочокту таасын баамдаган көсөмдүгү, азаттыкты туу туткан мекенчилдиги, кеменгерлиги, гумандуулугу жана адилеттиги, эл биримдигин жана тынчтыгын камсыз кылган акылмандыгы, эл достугун жогору койгон интернационалдуулугу, улуу даанышмандыгы кыргыз жаштарына, кыргыз саясий элитасына жана жалпы кыргыз элине көөнөрбөс улуу мурас катары кала берерине ишенүү азыркы муундардын тарых алдындагы парзы деп таануу абзел.
 
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,